17-мартта Бишкекте «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси 2002-жылкы Аксы окуясына арнап эскерүү жыйынын өткөрдү. Анда аталган бирикменин жетекчиси, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Мээрбек Мискенбаев учурда бийликте тургандарга бир катар талаптарды койду. Алардын бири «өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербөө үчүн президенттин иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун» деген талап болду.
Асылбек Жээнбеков 20-мартта журналисттерге Мискенбаевдин талабы боюнча кыска комментарий берди. «Мээрбек Мискенбаев – провокатор, ал президент Сооронбай Жээнбековдун жакшы иштерин көрө албай жатат. Мага депутаттык мандатты эл берген, эл гана кайтарып ала алат. Биз убада бергендей, президенттин ишине кийлигишүүгө эч качан барбайбыз. Бакиев менен Акаевдин мисалы жалпы элге жана келечекте бийликте боло тургандарга чоң сабак болуш керек»,- деди Асылбек Жээнбеков. Кыскасын айтканда, президенттин иниси депутаттык мандатты тапшырбай турганын билдирди.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg