Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«МЕН БАЙ КЫТАЙГА ТУРМУШКА ЧЫКТЫМ ДЕП ОЙЛОГОМ...» Кытайларга турмушка чыгып алданып калган кыздар

№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.


Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, былтыркы жылы 1394 кыргыз жигити чет элдик кыздарга баш кошкон болсо, 1141 кыргыз кызы башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыккан. Ал эми башка өлкөдө никеге турган жарандар тууралуу так маалыматтар жок. Мындан сырткары жарандык никеде жашап жаткандар да жок эмес.

«ЖАМАН УЛУТ ЖОК, ЖАМАН АДАМДАР БАР»
Эркектер башка улуттан аял алса унчукпайбыз, ал эми кыздарыбыз башка улуттун жигиттерине турмушка чыкса сындап жатып калабыз. Ооба, чет элдикке тийген кыздарыбыздын бактылуу жашап жаткандары да, өкүнүп, азап тартып калгандары да бар. Үй-бүлөдө жубайлардын бактысынан да улуту маанилүүбү? Бул маселе тууралуу кытай мырзага турмушка чыгып, Кытайдын Пекин шаарында жашаган Айгүл аттуу (аты өзгөртүлдү) кыргыз кызы төмөндөгүчө оюн билдирди:
– Менин кытай мырзага турмушка чыкканыма 10 жыл болду. Кытайда окуп жатканда таанышып, жактырып калгам. Бир уулубуз бар. Жолдошум нике кыйдыруу үчүн ислам динин кабыл алган. Ал мени ЖОЖдо окутту. Жакшы жашайбыз. Бирок 2 жылдан бери таарынышып жүрөбүз. Ага карабай азыр да ата-энеме, балам экөөбүзгө жардам берет. Баламдын мектебине эле жылына 1 миллион 800 миң сом төлөйт.
Кытай жигиттерине турмушка чыккан мен билген кыргыз кыздары бул жакта аябай жакшы, бактылуу жашашат. Анткени бул өлкөгө келүү менен алардын маданиятын, жашоо шартын жакшы түшүнүп калышкан. Ошентсе да башка улуттагы адамга баш кошуу кыйын. Алардын маданиятына көнүүдөн тышкары эки тараптан тең чет жерлик күйөө бала, келинди кабыл ала албаганы кыйынчылыктарды жаратат. Биз Кыргызстанга барсак, жолдошум кытай, баламдын атасы кытай болгону үчүн бизге жаман мамиле жасашат. Кошуналар таш ыргыткан күндөр да болгон. Ошол эле себептен бул Кытайда да бизге жаман мамиле жасаган кытайлар бар.
Кытайлар эмгекчил болушат, үй-бүлөнү сыйлашат. Ал эми Кыргызстанга барып иштеген кытайлардын көпчүлүгү билимсиз. Алар Кытайдан акча таба албагандыктан Кыргызстанга барышкан. Ар бир адам жөн жерден үй-бүлөсүн, баласын таштап кете албайт да. Андыктан бул жерде бизге көрүнбөгөн маселелер жатат деп ойлойм. Жаман улут болбойт, жаман адамдар гана бар.

«ТОВАРГА КЕТКЕН БОЙДОН ДАЙЫНСЫЗ»
Бай турмуш, жакшы жашоону эңсеп кытай мырзаларына турмушка чыгып алданып калган кыргыз кыздары да бар. Күйөөсү таштап кеткенден кийин кайда барып, эмне кыларын билбей кыйналган бул кыздардын айрымдары Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборуна жардам сурап кайрылышат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова айтып берди:
– Бизге башка улуттагы мырзага турмушка чыгып, ал никеден жапа чегип калган кыздар көп кайрылышат. 2016-2017-жылдары кытайларга турмушка чыккан 18-20 жаштардагы 6 келин биздин кризистик борборго кайрылган. Расмий эмес кайрылгандар, телефон аркылуу кайрылгандар дагы бар. Бул келиндер Ош, Жалал-Абадда кытайлардын колунда сатуучу болуп иштеп жүрүп эле кытайлар менен жакын мамиледе болуп турмушка чыккандар. 1 же 2 балалуу болгондон кийин күйөөлөрү дайынсыз кетишкен. Дегеним, алар көбүнчө соода-сатык менен алек болушат да. Товар алып келүү үчүн кеткен бойдон кайра кайрылып келбей коюшкан. Айрымдары «сени менен жашагым келбей калды» деп таштап кетишкен. Балдарын да талашышкан эмес. Үй-бүлөлүк жашоодо аялдарына жакшы мамиле жасашчу экен. Бир келинди күйөөсү Кытайга алып барып келиптир. Ал кыз мага «Мен кытайлардын байлары бул жакка келип иштешет деп ойлочумун. Кытайга жолдошумдун үйүнө барганда анын жашоо шартынын өтө начар экенин билдим. Талаа сыяктуу эле жерде жашайт экен. Ал кыштактын жашоочуларынын жашоо шарты өтө төмөн экен. Ал жактан кайра келип «Кара-Суу базарында» иштедик. Жакшы эле жашап жатканбыз. Бир күнү кезектеги товарды алып келүү үчүн кеткен бойдон дайынсыз. Эмне кыларымды билбей калдым» дейт.
Кыздар никесин каттатып расмий түрдө турмушка чыгышканы менен, нике каттоо күбөлүктөрү каякта экенин билишпейт. Бул кыздардын баары социалдык абалы начар үй-бүлөдөн. Айрымдарынын ата-энеси эмгек мигранттары. Ошондуктан алар акчага кызыгышып, жетиштүү турмушта жашайбыз деп ойлоп турмушка чыккандар.

«КҮЙӨӨЛӨРҮНҮН 2-3 ПАСПОРТУ БАР ЭКЕНИН КӨРҮШКӨН»
– Келиндер күйөөлөрү эмне себептен үйлөнүп, эмне себептен таштап кеткендиктери тууралуу себеп издеп таппай келишет. Айрымдары күйөөлөрүндө 2-3 өлкөнүн паспорттору бар экенин капысынан көрүп калышкан. Бирок бул тууралуу күйөөлөрү өздөрү ооз ачышкан эмес. Айрымдарынын күйөөлөрү Кыргызстандын жарандыгын алууга жетишишкен. Менин баамымда, кытайлар кыргыз кыздарына үйлөнүп Кыргызстандын жарандыгын оңой алып, биздин өлкөдө эркин жашап, эркин ишкерлик кылууну максат кылышкан. Ошол себептүү бул кыздарды пайдаланышкан окшойт.
Байкаганым, биздин кыздарды алган европалык, америкалык мырзалар үй-бүлөнү бекем сактап калууга аракет кылышат. Бизге көз жашын көл кылып кайрылгандардын арасында түрк улутундагы мырзага турмушка чыгып жапа чеккендер дагы көп. Кытайлар сулуулугуна, байлыгына карабай өз кызыкчылыктарын алдыга коюп үйлөнүп жатышса, түрктөр сулуу жана жаш кыздарга үйлөнүп Түркияга алып кетишет. Аларды убактылуу пайдаланып туруп таштап кетишет же сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашат. Алардын саналуусу гана турмуш куруп жашап калышпаса, көпчүлүгү ыйлап кайра келишет.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(80)
17.04.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишениш жок ошого.Бактылуу жашагандар аз.
17.04.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошондуктан кыздар төрткө бирди кошуп эле кыргыз жигиттеринен калбагыла.
17.04.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Терен ойлонуп турмуш кургула кыздаар.
17.04.2018. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бак айтса кайдан болсо да бактылуу жашашат. Бак айтпаса кыргызга эле тийип корбогон кордукту коргон кыздар жок эмес.
17.04.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кытайлар балдарын талашпайт,себеби алар ушул жол менен басып алышат,озубуздун кымыз жытуу жигиттерибизден койбосун,Бактылуулук байлыкта эмес, бактылуулук озубуздун динибизде,
19.04.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuri1988Elim2010, Кайдагы кымыз жыттуу кыргыз жигитти айтасын тууган, арак,пиво,тамеки жыттуу десен туура болмок. Аялдарын Россияга иштегени жонотуп жиберип оздору бала карамыш болуп аялы жоноткон акча менен аракка тойгон эркектер толтура. Кыргызстанды карасан аракты эн коп ичкен кыргыздар, озбектер, уйгур,дунгандар да анча ичишпейт. Жан талашып каражат таап бала-чака багалы,там салалы деп чуркап журушот,комок, кафе,клубдарда баягыле кыргызбайлар толтура.
17.04.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кедей жашасан да,озундун тенин менен,кып-кыргыз менен эле жашагылачы кыздар!Эн башкысы бактылуу болсонор болду да.
17.04.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздикилердин копчулугуно акчасы болсо болду,дальше эмне болот ойлонуп да койбогон кыздар коп.Бай экен акчасы бар экен-деп эле любой улуттун эркегин ээрчип кеткендер коп.Тийгенден кийин кыздарыбызды как тряпка колдонуп таштап койот ошол эле.Анан журот мени антип кетти,мени мынтип кетти деп.Ошон учун ойлонгула кыздар ойлонгула!!!
17.04.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кобурооок кытайларга турмушка чыккыла 20 30жылдан кийин Кыргызстан кытайдын ичине кантип кирип калганын билбей калабыз уйгурларга окшоп.
17.04.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мындай акча үчүн ойлонбой кадам баскандар бир эле бизде эмес бардык эле улутта табылат. Супер инфо ушундай макала жазып туура кылып жатат. Башка улутка тийип, жапа чеккендер жөнүндө кенен көп-көп макалалар жазылып турса биздин эже-карындаштарыбызга жакшы сабак болуп, турмуш кураарда ойлонуп кадам таштоосуна түрткү болоор эле.
17.04.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
былтыркы жылы 1394 кыргыз жигити чет элдик кыздарга баш кошкон болсо, 1141 кыргыз кызы башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыккан
деп жазылып турат. Кыздарга караганда эркектер башка уллуттан коп алышкан
17.04.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nuri_s,Ал алган эркектер башка улуттан алып кыргыз туудуруп,кыргыз санын кобойтуп жатат.А кыздар кытайдын 2млрд калкына кошуп дагы кытай тороп жатат,болгондо да кыргыз олкосундо копчулугу!Эртен кытай кыргызстанды басып кетпейт деп ким кепилдик бере алат?
18.04.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,Балдары таза кыргыз болбойт да,кыргыз кылып тарбияласан кыргыз эле болот.Басып алат деген кайдан чыкты,биздин балдар эмне башка олкону басып алалы деп уйлонуп жатышабы эмне
17.04.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанакы алданып калдым дегендерге рас болот
17.04.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыздар тиет кыздар акчаны ойлошот дешет; жигиттер эмнени ойлоп уйлонушот болду экен
17.04.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Турцияга келген коп улутту кордум... чынында биринчи жолу чет жакка чыгуум...арасында кээ бир кыргыз кыздарынан жийиркенесин...турктор м.н коргондо....ар бир адамдын озунон болот экен......ал эми биздин озубуздун кыргыз жигиттерине..байкелерибизден отоору жок го дейм.
17.04.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин да классташ кызым, куйоосунон кордук коруп, качан болсо козунон кок кетпейт эле, байкушту уруп олтургону калганда, ажырашып кийин туркко тийип кетти, баягы досумду тааныбай калдым, укмуш кийинген, жапжаш кыз болуп калыптыр. Албетте кыргыздын мыкты жигиттери коп.
17.04.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
окунучтуу ...ошон учун кыргыз жигиттери да тытытнып корей-кытайлардан да жанталашып иштеш керек
17.04.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кытайлар "жээндерди" атайы калтырып жатышат, ал бала эртең бизден жер алат, кийин ошол жерге ээлик кылып, башкаларды тартат. Ошентип отуруп уй түгүндөй көп кытай Кыргыз жерин басып алышат. Бул Кытай өлкөсүнүн программасы. Ошондуктан ойлонгула кыздар, Жеңишбек акын айткандай: кытайга биринчи болуп тийгиче, кыргызга экинчи болуп тийген дурус ко!
MIRBOLOT түзөттү 2018-04-17 15:00:58
17.04.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытай кыздар суйуп калдым андай мындай деп жабышса жигиттер деле уйлонуп алмак. Просто алар кыргыз жигиттерин тоготпойтта, а кытай жигиттер кыздарыбызды тоготушат, ошон учун уйлонушот.
19.04.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
traveler,э бизче любой улуттагы кызды чекесинен чертип алабыз, мм ооба.
А силер акча болсо баардыгына даярсынар.
Башка улутка тийгиле ошондон нары жок болгулада,анан быжыратып жээндерди ээрчитип келе бербей
17.04.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ушунун баарына келип келип эркектер күнөөлүү биздин эркектерде жоопкерчилик деген нерсе таптакыр жок болсо да болгусу келбейт жигиттерди мындай коё туралы атасында жоопкерчилик жок күйөөгө тийип же жакшы күн корушпойт кор болуп анан бактысын башка улуттан издешет түштөн кийин намыской болуп чыга келишет чычайышып колдорунан пок келбейт бакпайт аялдарын кыздарын келиндерин апаларын иштетип коюп талтайып үйдө жатат зеериксе көчөгө чыгып ичип келип кыйраткансып токмоктошот олгуло эркек болбой
Baku88 түзөттү 2018-04-17 17:27:57
17.04.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baku88,сизге 100% пайыз кошулам.
17.04.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Baku88,соц.тармактардан кыздар менен айтышып коюп жатышат. Урушуп, согушуп коюп.
17.04.2018. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Baku88,Салам.Эркексинерби же кызсынарбы билбейм.Эркектерде жоопкерчилик жок дейсинер.Биз эркек болуп кочодогу Кыргыз кызына тамеки чекпе же пиво ичпе дегенде эле :макул байке;деп калган кыз барбы.Кайра озунду беттен алат.Мен минтип айтып атканымдын себеби оз козум менен коруп,билип атам.Мен азыр Москвадамын канча тажиктер менен азерлер менен уруштук.Ошол Кыргыз кыздары учун.KFC сиде деле башка улуттун балдары менен отурушат.Парктарда деле журушот.Айткандарыма ишенбесенер келгиле Москвага.
18.04.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Farkhat07.05.89,oshol tamekini birinchi jolu chektirgen da erkekter kinodon korip ele jarabyz go tushyon kiiin cgekpe degende emne pivonu da oshol perehodnyi vozrost maalda uguttop ichiret erkekter zorduktagan erkekter uibulo bakpagan erkekter aialdar uibulo bagabyz dep bazarda ajyldak bolushtu erkekter uibulosun jakshykap baksa so.zu otumduu ele bolot da azyr uibulonu aialdar bagyp sozu otumduu betten alat
18.04.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Farkhat07.05.89, Ошо көчөгө чыгып тамеки чегип пиво ичкенине ким түртку болуп жатат атасы бакпаса бир туугандары бакпаса окутпаса тур акча таап кел деп коктойунон Москвага жиберишет элдин кыздарынча жоксунбу бар иште деп анан келет Ош мн Бишкекти көрбөй туптуз килтейген Москвага түшүп калган кыз кой кызым деген тыйган энеси жок үйгө эрте кел деген атасы жок каякта кимдер мн жүрөсүң деген агасы жок кыздын психологиясын элестетип атасынбы
Baku88 түзөттү 2018-04-18 01:11:20
18.04.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Farkhat07.05.89,Москвада биз деле журуп келдик кагылайын.Орус кыздар мн жашап алган кыргыздын жигиттерине эмне дейсин.Куноону кыздарга эле койбой суйлош керек.
19.04.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurhan2702,60тагы кемпирлер менен десен уйундо бекер жашаш тамак учун
18.04.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baku88,+ басуунун чеги жок болгондо канча болсода басмакмын ото ото туура айтканын.
19.04.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baku88,ХХХХХХХХ жарашат.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-19 11:54:06
19.04.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baku88, Туптуура айтасын, азыркы эркектер ушакты аялдардан бери ышыкрта айтып, кыз-келин,жада калса койнундагы аялы менен кундошундой айтышып ажылдап гана турушат, уй-було, багуу уул тарбиялоо деген жок,эрлуу болгун келсе мени бала-чака менен кошо бак деп милдет кылып отура беришет. Бир ишти жасап кой десен чалкаларынан бир кетишет.Ошондуктан кыздар мээнеткеч,табарман куйоо издеп башка улутка турмушка чыгышууда.Ким эле омур бою эр соройду баккысы келсин.
17.04.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силердин айынардан кыргыздын кыз келиндери кор болуп жатат башкасын айтпай эле коёюн.
17.04.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
"Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты,ошол элдин эрине кой айыпты" деген эң таамай айтылган сөз,аталарыбыз,жигиттерибиз (албетте бардыгы эмес) үй-бүлөсүн камсыздай албагандан,кордук көрсөткөндөн баары келип чыгып жатат.
17.04.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар башкадан алса Каны кыргыз ал кыргыз болуп торолот ал эми кыздар тийсе башка улуттун санын кобойтуп жатбайсынарбы бактылуу жашап кетсенерда и дейт элек кайра эле интернетте карасанар кыргыз кыздары жаман акыбалда корсотот.
20.04.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tynchtyk93,Коруп эле журбойбузбу, озбек улутунан уйлонгондордун балдары озбек болуп эле калышты,татар жана корей улутундагыларга уйлонгондордун балдары кыргызча суйлошту билишпей, кыргыз эмес же орус эмес ХХХХХХХХ эле болуп калышпадыбы
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-20 16:09:04
17.04.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзүңөр бактылуу кыла албагандан кийин жөн эле отургулучы кыйын экенсинер баккыла анда апанарды эженерди карындаш аялдарынарды иштетпей тентитпей талаада кыргыздын саны кобойсун деп коёт дагы эркектер катындарынын колтугунда жаткан кезде кыргыз кобоймок турсун азайып жок болот
17.04.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тийсин мен эч каршы эмесмин кааласа индеецке тийсин главный бактылуу болсо болду өз жеринен кыргыздан таппаган бакытты башкадан тапканы оң кыргыздын санын көбөйтот элем деп кыргызга тийип кор болгондон коро
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: