8-апрелде тамашоучу Жеңиш Майрамбек уулу баласы Алимдин тушоосун кести. Жеңиштин ага-тууганы, чыгармачылыктагы достору борбордогу ресторандардын биринде чогулуп, Алимге бата беришти. «Тойду жубайым экөөбүз уюштурдук. Чыгармачылыктагы досторубуз, туугандарыбыз келишип, жакшылыгыбызга күбө болушту. «Тамашоунун» келиндери күлүк экен, алдыңкы орундарды бөлүп алышты»,- дейт тамашоучу.
Биринчи келгендерге кызыктуу байгелер берилди.
Омурлуу, акылдуу бактылуу балдардан болсун
Көргөндө эле көңүлүң ачылат ак көңүл боорукер ичи таза баладай сезилеберет