БИР БҮРКҮМ. АЙБЕК КАЛИЕВ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ...
№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
-

Жогорку Кеңеш юстиция министри кызматына
АЙНУР АБДЫЛДАЕВАнын, өкмөттүк аппараттын башчысы кызматына
МУРАТ МУКАМБЕТОВдун талапкерлигин жактырды.
-
Футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын апрель айында жарыяланган рейтингинде Кыргыз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 75-орунду ээледи. Март айында 115-орунда турган.
-
2018-жылдын 1-январына карата КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНҮН жарандарынын саны 6 миллион 258,7 миң адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
-
АЖЫЛЫК ЗЫЯРАТКА төлөмдөрдү кабыл алуу 13-апрелде аягына чыгат. Бул жылы ар бир орун 2890 долларга бааланган. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
-
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы БОЛСУНБЕК КАЗАКОВ МАКСИМ БАКИЕВге таандык болгон «Идеал Хаус» компаниясынын VIP коттедждер шаарчасын реалдуу баасынан арзан саткан деп шектелип, камакка алынды.
-
Улуттук энергохолдингдин башчысы АЙБЕК КАЛИЕВ Бишкек ЖЭБиндеги авария жана аны жаңылоо маселесине байланыштуу жумуштан алынды. Жетекчилик милдетти буга чейин орун басарлык кызматты аркалап келген Эрали Козубаев аткарууда.
-
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жашоочулары «МАКМАЛ» АЛТЫН КЕНИНИН ишмердүүлүгүнө каршы митингге чыгышып, жаңы курулган «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтын ылгоочу имаратты өрттөп салышты. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1