Дасторкон
“Мырзалар жумуртка кууруп, “куксини” сууга демдеп жей бербей, даамдуу тамактарды жасаганды үйрөнүп алганы ашыктык кылбайт”,- дейт Добр. Анда Добрдун колунан даам сызалы.
1 ПОРЦИЯ ҮЧҮН КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Уй же кой эти – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Пияз – 1 даана
Таттуу калемпир – 1 даана
Бадыраң – 1 даана
Помидор – 2 даана
Сарымсак – 3 тишче
Сельдерей – 1-2 сабы
Крахмал – жарым чай кашык
Соя соусу
Татымына жараша туз, мурч, калемпир.

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
-
Алгач этти муздак суу менен чайкап алып, ичке туурайбыз. Эми этти чуңкур идишке салып, татымына жараша туз, мурч, чай кашыктын учу менен крахмал кошобуз. Этти аз жапкандай кылып минералдык суу куюп, 2 саатка маринаддап коёбуз.
-
Эт маринаддалганча калемпирди үч бурчтуу, бадыраңды кыя кесип, помидорду ичке, пиязды шакекче түрүндө туурайбыз. Сарымсак менен сельдерей майда тууралат.
-
Этти маринаддан алып чыгып, кызыган майга боорсок кууругандай кылып тез-тез аралаштырып 2-3 мүнөт кууруйбуз. Салат майлуу болуп калбашы үчүн ашыкча майды сарыктырып алабыз. Эми тууралган жашылчаларды салып, соя соусунан 1 аш кашык куюп, 2 мүнөт кууруйбуз. Аягында майда тууралган сельдерейди кошуп аралаштырып, оттон чыгарабыз. Салат даяр! Бул салатты кара нан менен жеген оң. Тамагыңыз даамдуу болсун!
Бахияна Сатылганова
kenesh@super.kg
Kettim,baryp jasayin.......
кара казандын тамагы таттуу болот дептир.
Малдеес омей АЗЗЗАМАТ!!!