Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АБАКТА ОТУРУП АЯЛЫНЫН КӨҢҮЛДӨШҮН ӨЛТҮРҮҮГӨ БУЮРТМА БЕРГЕН

№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.


«Мен сенден кетем. Башканы таап алдым». Бул сөздөр темир тор артында жазасын өтөп отурган адамдын дагы бир кылмышка баруусуна себеп болгон.
Жакында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту абакта жатып эркиндиктеги адамды өлтүрүүгө буюртма берген адам боюнча кылмыш ишин карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, буюртма берген адам жалпысы 19 жылга, ага жардам берген адам 6 жылга эркинен ажыратылды.

«АЯЛЫНЫН КӨҢҮЛДӨШҮН ӨЛТҮРҮП ӨЧ АЛМАКЧЫ БОЛГОН»
Бул кылмыш тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокурорунун улуу жардамчысы Мирлан Сооронкулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2016-жылдын август айында ЖАМКынын №21 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Максат Балбаев деген жаран Мадина аттуу жарандык никедеги жубайы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ошондо аялы башка мырзаны жолуктуруп калгандыгын жана мындан ары ошол адам менен жашай тургандыгын айткан. Бул кабарды уккан Максат аялынын көңүлдөшүн өлтүрүп өч алмакчы болот.
Сураштырып отуруп, аялынын көңүлдөшү Рамзан аттуу адам экенин жана ал Мадинанын эжеси Роза деген аялдын үйүндө жашап жаткандыгын билет. Мындан кийин Максат карындашынын жардамы аркылуу Роза менен байланышат да, аны өзүнүн күйөөсүн өлтүрүүгө буюртма берген деп көрсөтмө берем деп коркутат (ред.: Розанын жолдошу Бахтияр Закиров 2014-жылы киши колдуу болуп каза тапкан. Аны өлтүргөн деп Максат Балбаев табылып, ал 17 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Алгач ал Закировду өлтүрүүгө анын аялы Розанын катыштыгы бар деп көрсөтмө берип, кийин өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн). WhatsApp аркылуу ага Рамзандын сүрөттөрүн жиберип, анын эмне иш менен алек болуп жатканын айтып туруусун талап кылган. Роза талаптарын аткарган. 2016-жылдын октябрь айында Максат абактагы кадыр-баркын колдонуп өзү менен чогуу бир камерада отурган Мусабек Расимовго аялынын көңүлдөшүн
2000 АКШ долларына өлтүрүп бере турган киши табуусун тапшырат. Өлтүргөн адам Рамзандын өлүмүнүн далили катары анын кол саатын, паспортун, уюлдук телефонун жана алтын шакегин көрсөтмөк.
Мусабек эркиндиктеги досу Биналиев аттуу жаранга телефон аркылуу байланышып, ага Рамзанды өлтүрүүнү табыштап, аванс катары 100 АКШ долларын жана Рамзандын сүрөтүн берип жиберет. Бирок бул кылмыш ишке ашпай калган. Себеби Биналиев окуя тууралуу милицияга билдирген. Балбаев менен Расимовдун бул аракеттери боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карап, 2018-жылдын 31-январында Максат Балбаев менен Мусабек Расимовго карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, экөө тең киши өлтүрүүгө аракет кылуу кылмышына күнөөлүү деп табылып, Максат Балбаев 19 жыл, Расимов 6 жылга эркинен ажыратылды. Экөө тең күчөтүлгөн тартипте абакта жаза өтөмөкчү.

БУЛ КЫЛМЫШ БОЮНЧА СОТТО БЕРИЛГЕН КӨРСӨТМӨЛӨР:

Максат Балбаев: «АЯЛЫМДЫН КӨҢҮЛДӨШҮН КӨРҮП, АНЫ МЕНЕН СҮЙЛӨШӨЙҮН ДЕГЕМ»
-Аялым менен сүйлөшүү учурунда аны менен уруша кеткем. Ал менден кете тургандыгын, башканы таап алгандыгын айткан. Ошондуктан ал кезде маанайым жок болуп, тамак да жебей жаткам. Эртеси күнү Мусабек жаныма келип, эмне себептен маанайым жок экендигин сураганда аялым таштап кеткенин айткам. Ошондо Мусабек эркиндикте жүргөн достору аялымдын ким менен сүйлөшүп же жашап жаткандыгын билип бере ала тургандыгын айтты. Мен макул болдум. Эгер чын эле аялымдын көңүлдөшү бар болсо, телефонун алып ал адам менен сүйлөшкүм келди. Бирөөнү өлтүрүү тууралуу сөз болгон эмес. Ал адам тууралуу билүү үчүн аялымдын эжеси Розадан аялымдын көңүлдөшүнүн сүрөтүн сурагам. Андан башка эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин.
Свердлов райондук сотунда милиция кызматкерлери мени кыйноого алгандыгы боюнча процесс жүрүүдө. Алар арызымды албасам, каматып салышарын айтышкан.
Рамзандын сүрөтүн Роза тартып жиберген. Менин телефонум эски болгондуктан сүрөттү ачпай койду. Ошондуктан карындашыма сүрөттү чыгарып келүүсүн өтүнгөм. Биналиев болсо бизге азык-түлүк алып келмек. 100 АКШ доллары азык-түлүк сатып алуу үчүн болчу. Азык-түлүк менен кошо сүрөттү ала келүүсүн сурангам.
Мончодо жүргөнүмдө милиция кызматкерлери келип биздин камерада издөө иштерин жүргүзүшүп, мага тиешелүү блокнот, дептерлерди алып кетишиптир. Анан мени башкы тергөө башкармалыгына алып барышып, ал жактан мен тааныбаган Рамзан аттуу жарандын өмүрүнө кол салууга аракет кылганым үчүн айыпталып жатканымды айтышты.

Мусабек Расимов: «ӨЛТҮРҮҮ ТУУРАЛУУ СӨЗ БОЛГОН ЭМЕС»
-Мен тергөө абагына баңгизатын колдонгонум үчүн түшкөм. Балбаев менен чогуу бир камерада отуруп калдык. Баңгизатын колдонгонум үчүн сот мени айып пулга жыккан, соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө киришине аз калганда тергөө органдары мени "адам өлтүрүүгө аракет кылды" деп айыптап жатышат. Негизи окуя мындай болгон. Тергөө абагында отурганымда мага Биналиев чалган. Экөөбүз чогуу тергөө абагында отуруп калганбыз. Сүйлөшүп жатып ал азык-түлүк алып келерин айтканда Балбаев сүрөт да ала келүүсүн өтүнгөн. Биналиев Балбаевдин карындашынан сүрөт жана акча алмак. Кимдир бирөөнү өлтүрүү боюнча сөз болгон эмес.
Андан кийин Балбаев Биналиевден аялынын көңүлдөшү тууралуу билип, аны менен сүйлөшүп берүүсүн өтүнгөн. Телефон номерин да билип берүүнү суранган.
Тергөөдө жактоочум «эмне дешсе, ошону жаса» деп айтканынан макул болуп бардык документтерге кол коюп бергем. Алар мага күбө катары процесске катыша тургандыгымды айтышкан. Кийин гана мен аркылуу Балбаевге чыгууну пландашкандыктарын түшүндүм. Башында күбө катары суралып жаткам. Кийин кылмышты жашыруу, эми болсо Рамзан аттуу жарандын өмүрүнө кол салуу менен айыпталып калдым. Тергөө учурунда милиция кызматкерлери мага басым жасашты.

Жабырлануучу Рамзан: «МЕНИ ӨЛТҮРҮҮ ҮЧҮН КИШИ ЖАЛДАНГАНЫН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АЙТЫШТЫ»
-Мадина менен 2015-жылдын февраль айында таанышкам. Кийин жакын болуп кеттик. Мадина Макс аттуу жолдошу бар экенин жана ал киши өлтүргөнү үчүн абакта отургандыгын айткан. Ошол эле жылдын ноябрында Мадина аркылуу анын эжеси Роза менен таанышкам. Роза менен да дос болуп, 2016-жылдын сентябрь айынан баштап анын үйүндө жашап калдым. Октябрь айында болсо, борбордук мечит жактан мага милиция кызматкерлери келип, тергөө абагында отурган кайсы бир адамдар мени өлтүрүү үчүн киши жалдашканын айтышты. Ал адамда менин сүрөтүм да бар экен. Сүрөттөрдү ким тартканын билбейм. Мага билдирбей Розанын үйүнөн тартылыптыр.

Роза: «МЕНИ КОРКУТКАНДЫКТАН ТАЛАПТАРЫНА МАКУЛ БОЛДУМ»
-2016-жылдын сентябрь айында Максаттын карындашы чалып, жолугушууга чакырды. Үйдүн алдынан жолуктук. Ал мени Максат менен сүйлөштүрдү. Телефондон ал Рамзан тууралуу билгендерин айтып, Рамзан менен сүйлөшүп, андан Кыргызстандан кетүүсүн сурана тургандыгын айтты. Анан мени коркутуп Рамзандын сүрөттөрүн жөнөтүүмдү жана анын баскан-турганын айтып берип туруумду талап кылды. Баш тартсам, мени жолдошумдун өлүмүнө буюртма берген деп көрсөтмө берерин айтты. Талаптарын аткардым. Сүрөттөрдү WhatsApp аркылуу жибергем.

Мадина: «2 ЖУМАДАН КИЙИН ЖОЛДОШУМА КАЙРА ЧАЛЫП СҮЙӨРҮМДҮ АЙТКАМ»
-Максат менен 2005-жылдан 2014-жылга чейин чогуу жашаганбыз. Ортобузда уулубуз бар. Максатка дайыма колдоо көрсөтүп келгем. 2015-жылдын февраль же март айында Рамзан менен таанышып калдым. 2016-жылдын августунда кезектеги телефон сүйлөшүүдө жолдошума башка мырзаны таап алганымды айткам. Бирок Рамзандын аты аталган эмес. Бул сүйлөшүүдөн эки жума өткөндөн кийин жолдошумдун көңүлүн алып коюу үчүн кайра чалып, «сени сүйөм, сени менен гана жашайм» деп айткам. Бирок алдап койгом. Аны менен мындан ары жашоону улантууну ойлогон эмесмин.

Биналиев: «МЕН БАҢГИМИН. АКЧА КЕРЕК БОЛДУ»
-Мусабек менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда ал мага бир адамдын сөөктөрүн сындырып, денесине залал келтирүү керектигин айтты. Бул үчүн мага
2 миң АКШ долларын сунушташты. Кийин ушул эле акчага бул адамды өлтүрүп салууну айтышты да, мага ал адамдын сүрөтү менен кошо 100 АКШ долларын берип жиберишти. Бирок мен эч кимди өлтүрөйүн деген эмесмин. Мен баңгимин, акча керек болчу.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(17)
01.05.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Шумдугун кургур ооой,кудай башка салбасын мындайды, телефон менен абактагылар каалашынча суйлошуп жатканына кузот кызматвндагылар куноолу
01.05.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кино го озунчо эле! Эми кимисине ишенебиз?
01.05.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кино .Тооооба .17ж күтүп жүрмөк беле теюи чыкса тиет да ,түрмөдөгүлөргө тел бербеш кк эле да .Балээнин баары түрмөдө турбайбы.
01.05.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Санта барбара го.
01.05.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Уйгур,дунгандар окшойт.
01.05.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ар бир адамдын журогуно ыйман берсин АЛЛАХЫМ.
01.05.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой тооба, эмнеге турмого олтургандарга телефон берилет, тиги Биналиев милицияларга унчукпай олтуруп койсо эмне болмок, катыны Медина да ХХХХ керек эле, ойнош таптым дебей, жаман болсо да 3 баласынын атасы,
Модератор admin_media түзөттү 2018-05-01 12:51:00
01.05.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жагы голливудагы кинолорго кино тартыш керек экен тообо кылдым.
01.05.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чырмалышкан кылмыш экен го
01.05.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал го сындырып коркут дептир мен экоону тен олтуруп салмакмын. Элестеткиле турмодо отурсан пялын жыргап кайф кылып журсо
07.05.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nuriyaeljan,
Тообо десениз, абака тушпой эле коюнуз. Абакта отурса, аялы ойнош менен жыргап журср дейсиз да?! Как будто куйоосу бир жерде кыйратып иштеп жургондой жазыпсыз го. Адам олтуруп атат ал киши, кандай гана коркунучтуу ал адам
02.05.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тооба кылдым,кудай сактаа озунчо жле киного...
Турмодо отурган адамдар акчаны кайдан табат? Угушума караганда жаны келгендерди создон сындырып акса талап кылат экен,аларга сырттан туугандары алып келип берет экен.Анан эн кучтуу тааныш билиш ошол жакта экен кыйналып жаткан туугандарын ушундай озунчо кадыр барктуулардан суранышат экен карап койгула же карап койсун деп,за этого акча берет экен.Анада ушинтип алар ошол жерден эле сырьтагы адамдарды башка алат алат имиш оо суроттогу шахмат сыяк
02.05.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо биринчи куйоосун олтургон неме азыр экинчи куйоосу экен да. Эми учунчу куйоосун олтуройун дептир, кудай сакта
07.05.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gulzat878,биринчи бажасын олтуруптур жазылып турат го
03.05.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Побег из тьюрмы болуптурда
05.05.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даяар ценари. Кино болуп кетти го мунусу
07.05.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам олтургонго 17 жыл? Мм аз го. Аны да толук эмес кыскартып салышса керек иш эскирип калганда эл тынчып калышканда. Анан да абактагылар продуктыларын оз жанынан сатып жешеби ушуга тушунгон жокмун. Абакта туруп экинчи кылмышты пландап атса куураган экенбизго. Кормотмо бериштен да коркуп калсак керек. Баланчаны мындай кылган, мен коргом дей коюп эртеси ошонун артынан кетип. Тообо качан онугобуз деги? Жок дегенде кылмыштан артта калсак боло. Эхх, абакта телефонго балээ барбы деймда?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: