25-апрелде Ош шаарындагы ресторандардын биринде белгилүү ырчы Асел Кадырбекованын кыз узатуу тою болуп өттү. Баарыбызга белгилүү болгондой, Асел ырчы Нурлан Насип менен
бирге турмуш жолуна аттанды.
Аселдин туугандарынын көпчүлүгү Ош шаарында тургандыктан кыз узатуу да аталган шаарда орун алды.
Келген коноктордун кол чабуусунун коштоосунда Нурлан апасына, кайын энесине жана сүйүктүүсүнө гүл тапшырды.
Жаш жубайлардын үйлөнүү тоюна сахналаш достору жана жакындары күбө болушту. Аселди эл алдына Анжелика ырдап алып кирсе, Самара Каримова ырдап узатты. Ал эми
күйөө жолдош Аваз Акимов болду.
7 жылга созулган сүйүүнүн жемиши. Эми Нурлан менен Асел үй-бүлө аталышты.
Бакытка балкыган жаштар 26-апрель күнү Оштон Бишкек шаарына сапар алышты.
Нурландын башына баш кошулуп, кубанычы артып турган убак. Асел ак жоолугун салынып көшөгөнүн көркүн ачты.
Асел Кадырбекованын кыз узатуу тоюнан эксклюзивдүү репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Тойду коруп буттук давноо эле инстаграмм жана [moderated]тан.Мурун артистердин тойун кору учун Супер- Инфону андыйт элек.
Тойдо ар ким озу менен телефонун кармап,озун кошо видиого тартып жуктой калмай.Жылдыздар оздору ызылдап,телефондорун кармашып тойдун да кашасын чыгарыптыр,тойго конул койуп отурган адам жок.
Эки дуйно бактылуу болгула!!! Бакыт тынчтыкты суйуоорун озунор жакшы билсенер керек? Ошондуктан сыр боюнча калгыла эми заманбап тойунардан кийин. Ар бир кадамынар чыгып сил
Эл адамы болуш да кыйын жоолук салсада айтышат,салбаса дагы айтышат,озбеке окшойбу кыргызга окшойбу башынан ак жоолугу тушпой,суйуктуу жар,суйкумдуу келин,мээримдук эне болсун бактылуу болгула.
Менин оюмча ырчы жигиттер ырчы болуп кеткенден кийин класташтары менен катташпай калган сыякту сезилет.Кайсы ырчы жигиттин тойун корбо достору жанагы эле ырчы кесиптештери, жакын досу да ырчылардан болот,класташындан откон жакын дос барбы? "Жетсе да ьашын булутка класташынды унутпа" дейтко!