АДИЛЕТ АЗИМОВ КЛИП ТАРТАМ ДЕП КӨП ЧЫГЫМГА УЧУРАДЫ
№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.
Ырчы Адилет Азимов клип тартуу учурунда жагымсыз окуяга тушукту. Окуя тууралуу ырчы төмөнкүлөрдү айтат:
– 22-апрелде «Махабат» аттуу ырыма клип тартып жатып күтүлбөгөн окуя болду. Клиптин сценарийи боюнча сулуу кыз кымбат баалуу машинадан (lexus GX 470) түшүп, көп кабаттуу үйдөн чыгып келе жаткан мага кезигип калмак. Ал кыз клипке түшкүсү келип машина айдай албасын бизге айтпай коюптур. Тартуу учурунда газ менен тормозду алмаштырып басып алды. Жыйынтыгында унаа менен үйдүн алдындагы газондун тосмолорун, жарык бергичтерди сүзүп кетти. Жарык бергичтер кымбат экен. Машина да жабыркады, аны ижарага алган элек. Бардыгын ордуна келтирип берүүгө 4 миң доллардай каражат кетет экен, акырындык менен төлөп жатабыз. Ошентсе да клипти аягына чейин тартып жакын арада элге сунганы турабыз. Клипмейкер бала мени туура түшүнүп бекер тартып берди.
star@super.kg
Ырчы клибине тартылган кыз кырсыктап, 3 миңден ашуун долларга чыгым тартканын айтат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
Бир нече мин доллар коротуп кызыксыз клип тартышат, аны эч ким деле корбойт мин жолу реклама кылса да... Ал эми элдик таланттар эч кандай клиби жок эле жандуу ыр менен ырдаган видеолору интернетте (башка сайттардын атоого мумкун эмес экен) хит болуп журот...