1-2-май түндөрү Европада эле эмес, дүйнөдө беделдүү деп эсептелген Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюндарынын жооптук беттештери болуп өттү. Мадридде «падышалык» клуб немис машинасы аталган «Баварияны» кабыл алды. Бул оюндун биринчиси 2:1 эсебинде «Реалдын» пайдасына чечилген. Жоготор эч нерсеси жок коноктор баштапкы мүнөттөрдөн тарта эле чабуулга өтүп, Киммих эсепти ачты. Кубаныч көпкө узаган жок. Карим Бензема 11-мүнөттө эсепти теңеди. Бул чабуулчу Ульрайхтын катасынан кийин экинчи голун киргизди. Мындан улам «Бавария»чабуулдан башы чыкпай Навастын дарбазасына соккуларды жаадырды. Навастын мыкты оюну болбосо «Бавария» «Реалды» ири эсепте жеңип алмак. Бирок ондоп саналган мүмкүнчүлүктөрдөн бир эле гол жарата алышты. Эсеп 2:2. Коргонууда мыкты ойногон «Реал» ийгиликтин жылмаюусунан гана финалды көздөй бет алды.
«Рома» конокто «Ливерпулга» ири эсепте жеңилгени менен, өз үйүндө болгон күчүн көрсөттү. 90 мүнөт бою мыкты беттеш көрсөткөн римдиктер «кызылдардын» шайын алышты. Жеко жана анын командасы 4 гол киргизгени менен, өз дарбазасына 2 гол өткөрүп алышты. Эки оюндун эсеби менен жалпы эсеп 7:6 болуп, «Ливерпуль» финалды көздөй бет алды. Эми Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү Киев шаарында 26-майда аныкталат.
Только Реалдын айыбын таап башканы көрбөй.
берведиви судья Рамос Бейл
удаление болуш кк эле
Робертого жон эле красный берди
марселонун мыкты актёрдугу учун.
Барсанын болельшиктери эмнеге киресиңер деймда.
Барибир бир жериңер күйүп жататда Реал 3-жолу подряд лига чемпионду алып жатса. Барса испанияда чемпион Реал дүйнөдө чемпион.
Ошол Ернандес былтыркы чемпионатта Барса Бэтис оюнунда Суарестин голун эсептебей Барса чемпионаттан утулуп калган реалдан 3 очко калып ошону эсептегенде реал эмес барса чемпион болмок
Матео Лаоско соз жок ал реалдын воспитаниги