Балдар, жаныбарлардын 1,5 миллионго жакын түрү бар экенин билесиңерби? Алардын айрымдары тууралуу кызыктарды окуп койгула.

ТӨӨ
Төөнүн өркөчү болгону менен, омурткасы түз.
КРОКОДИЛ
Суу түбүнө түшүш үчүн крокодилдер таш жутушат.

ШИМПАНЗЕ
Жаныбарлардын ичинен шимпанзелер күзгүдөн өзүн тааный алышат.

АКУЛА
Акулалардын алдыңкы жаагында 6, үстүнкү жаагында 4 катар тиш жайгашкан. Тиштеринин жалпы саны 180-220га жетет.

ЖЫЛАН
Жыландар эмнеге тилин көрсөтөт? Алар тилинин сезгичтиги аркылуу тамагынын жытын биле алат.
Сүйүн Кулматова
balakai@super.kg