Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АБАКТАГЫ КИШИ ӨЛТҮРҮҮ. Абак кызматкери «мен жөн эле садага чабылып кеттим» дейт

№812 25-май -31-май, 2018-ж.


«Каралар» арасында да бийлик үчүн согуш дайыма эле болуп келген. Анын айынан көптөгөн адамдар өлтүрүлүп келгени белгилүү. ЖАМКнын кызматкерлери мындан 6 жыл мурда катталган абактагы киши өлтүрүү буюртма болгондугун жакында аныктап чыгышты.

АРМАТУРА ЖАНА МЫК СУУРУГУЧ МЕНЕН САБАП ӨЛТҮРҮШКӨН
2012-жылдын 12-июлунда Чүй облусуна караштуу Беловодск айылында жайгашкан №16 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адам өлтүрүлгөн. Анда абактын айып изоляторунун 4-камерасында жаткан 4 соттолуучу 14-камерада отурган соттолуучу Улук Жураевди сабап өлтүрүшкөн.
Бул факт боюнча ЖАМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Роман Золотарёв, Асанбек Урустамов, Урматбек Токтогонов жана Ильдар Хусаинов сот тарабынан бул кылмышка күнөөлүү деп табылып, алардын өтөп жаткан жаза мөөнөтүнө дагы мөөнөт кошулган. Контролёр Аман Молдоянов да күнөөлүү деп табылып, сот жообуна тартылган. Бирок бул кылмыш буюртма болгондугу кийин гана билинип отурат. Киши өлтүрүүгө буюртма берген деп шектелген адам эчак эле жаза мөөнөтүн аяктап, Орусияга кетип калган.

«КИШИ ӨЛТҮРҮШКӨНҮ ҮЧҮН 20 МИҢ СОМДОН БЕРҮҮГӨ УБАДА БЕРИШКЕН»
Бул кылмыш тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Рахатбек Абышов төмөнкүлөрдү айтып берди:
-Бул жыйынтык көп жылдык эмгектин үзүрү. Абактарда айтылган сөздөрдү тактап отуруп буюртма берген адамга чыктык. Андан сырткары арматураларды атайын кесип, мык сууругуч менен кошо даярдап, аларды алып барып берген адамдардын баарын таптык. Алар алгач коркуп айтпай жатышкан, кийин гана эмне себептен өлтүргөндөрүн айтып беришти. Ар бирине 20 миң сомдон беребиз деп айтып, бербей коюшкан экен.
Ушул убакта ал адамдар ар кайсы абактарда жазасын өтөп жатышат. 2017-жылдын ноябрь айында Роман Золотарёв суралып, ал кылмыш кылган буюмдарды – 2 арматура менен мык сууругучту алардын камерасынын терезесинен А.Титов аттуу соттолуучу бергенин айтып көрсөтмө берди. Ал эми №16 абактын «общагынын» лидери жана «смотрящийи» Асхатбек Орозбаев Улук Жураевди өлтүрүүгө буюртма берген экен. Сурак учурунда башка соттолуучулар да муну толук тастыктап беришти.
А.Титов деген соттолуучу күбө катары өтүп, ошол убакта айып изоляторунун «смотрящийи» болгондугун, Улук Жураев өлтүрүлөрдөн мурун ага Асхатбек Орозбаев келип №4 камерага арматура менен мык сууругуч алып барып беришин сурангандыгын айтты. Титов Орозбаев айткан буюмдарды камеранын терезеси аркылуу Жураевди өлтүргөн соттолуучуларга берген.
Ал эми контролёр Аман Молдоянов ошол күнү айып изоляторунда нөөмөттө турганын, түш ченде ага бир абак кызматкери келгенин, анын айтканы боюнча Улук Жураевди иш бөлмөгө алып келип берип, өзү сыртта күтүп турганын айтып берди.
Абак кызматкери ошол эле күнү кечки 7лер чамасында абактын «положенеци» Асхатбек Орозбаев жана анын жакындары болгон 7 адам менен чогуу дагы келген. Молдоянов аларга №4 менен №6 камералардын эшигин ачып берген. Орозбаев жана анын адамдары аталган камераларда отурган соттолуучулар менен 15-20 мүнөттөй сүйлөшкөндөн кийин кетип калышкан. Алар кеткен соң №4 камерада отурган Роман Золотарёв, Асанбек Урустамов, Урматбек Токтогонов жана Ильдар Хусаинов аттуу соттолуучулар «камерадагы унитаз иштебей калды, аны тазалайбыз» деп Молдояновдон эшикти ачышын талап кылышкан. Молдоянов камеранын эшигин ачкан соң алар күч колдонуп Молдояновдун жанындагы ачкычтарды алып, өзүн байлап 6-камерага камап коюшат. Анан өздөрү 2 арматура жана мык сууругучту колдонуп, соттолуучу Улук Жураев отурган 14-камеранын эшигин бузуп киришкен. Төртөөлөп Улук Жураевди арматура жана мык сууругуч менен катуу сабашат да, абак кызматкерлерине «Жураевди биз өлтүрдүк» деп барышкан. Улук Жураев алган соккулардан улам өзүнө келбей ооруканада каза болгон.

«КИШИ ӨЛТҮРҮҮГӨ АБАК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ШАРТ ТҮЗҮП БЕРИШКЕН»
-Улук Жураевдин өздүк делосу менен таанышуу учурунда №1 абактын жетекчисинин Жураевдин коопсуздугу үчүн аны №1 абактан №24 абакка которуу зарылдыгы тууралуу рапорту бар экендиги аныкталды. Себеби «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин адамы катары саналган Жураев №1 абакта «положенец» болуп турган кезинде башка бир «мыйзамдагы ууруга» ачык каршы чыгып, анын койгон талаптарына баш ийген эмес экен. Мындайча айтканда, Жураев Батукаевдин кишиси болгон, Батукаев кеткенден кийин ал Камчы Көлбаевге баш ийиши керек эле, бирок ал баш ийбей койгон. Аны ошол себептен өлтүрүшү мүмкүн, бирок азырынча далил жок. Ошондуктан №1 абакта «мыйзамдагы уурунун» тарапташтары менен Жураевдин тарапташтарынын ортосунда чыр чыгып кетүү коркунучу бар оор кырдаал жаралып, Жураев Нарындагы СИЗОго которулган.
Жураев 2012-жылдын май айында №16 абакка СИЗОдон этап болуп келгенде эле ага Асхатбек Орозбаев тарабынан кысым болуп келген экен. Ошондуктан Жураев абактын айып изоляторунда өзүнчө отурган, бирок аны өлтүрүүгө абак кызматкерлери шарт түзүп беришкен.
Асхатбек Орозбаев Орусиядан келер замат аэропорттон кармап келдик. Ал Улук Жураевди өлтүрүүгө «мыйзамдагы уурунун» атынан Бишкек шаарынын «смотрящийинен» тапшырма берилгендигин жана келген буюртманы аткарганга милдеттүү экенин гана айтууда. Бирок кайсы «мыйзамдагы ууру» жана кайсы «смотрящий» тапшырма бергендигин айтпай жатат, аларды аныктоо боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүүдө.
Ошондой эле киши өлтүрүүгө абак кызматкерлери да жардам бергени билинип, алардын үстүнөн прокуратура тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

«ЖӨН ЭЛЕ ТАГДЫРЫМА БАЛТА ЧАБЫЛЫП КАЛДЫ»
Ошол күнү Улук Жураевди өлтүргөндөрдүн эшигин ачып берген деп айыпталган Аман Молдоянов «бул алдын ала пландалган иш экен. Мен жөн эле садага чабылып кеттим» дейт:
– Ошол күнү негизи башка бир кызматкердин нөөмөтү болчу, экөөбүз иш күнүбүздү алмашкан элек. Абак жетекчисинин нөөмөттөгү жардамчысы экөөбүздүн мамилебиз начар эле, ал ошол күнү мени айып изоляторуна жөнөтүп жиберди. Түш ченде абак жетекчисинин оперативдүү иштер боюнча орун басары Сейталиев Жураев менен сүйлөшкөнү келип, экөө уруша кетишкен. Жураев эртеси этап менен башка жакка кетмек экен. Сейталиев Жураевге «мен сага эртең көрсөтөм» деп жаткан. Анан кечки 7лерде ал «общактын» 5-6 мүчөсү болуп келип камерадагылар менен сүйлөшүп кетишти. Ортолорунда кандай сөздөр болгонун билбейм.
Алар кеткенден кийин 10 мүнөт өтүп-өтпөй баары башталды. Камерада отургандар унитаздын ичине болгон нерселерди тыгып, андан суу агып кетпегендей кылышыптыр. Суу ашып, коридорго чейин агып кетти. Ошондо камерадагылар «эшикти ачкыла» деп кирди. Мен абак жетекчисинин нөөмөттөгү жардамчысына байланышып, окуя тууралуу билдирсем, ал «өзүң ача бер» деп койду. Негизи ал келип эшикти ачышы керек эле. Жаман нерсе оюмда жок, нөөмөттөгү жоокерди ээрчитип келип, камеранын эшигин ачып жоокерди киргиздим. Ошол замат камерадагылар чыгып, экөөсү колу-бутумду кайрып башка камерага киргизип, эшикти жаап салышты. Ал камерада отурган соттолуучу мага бычак такап кыймылдатпай кармап турду. Сыртта кыйкырык-өкүрүк чыгып ызы-чуу болуп жатты, эмне болгонун билген жокмун. Жарым сааттан кийин гана эшикти ачып мени бошотушту. Камерадан сыртка чыксам бирөө канжалап жаткан, көрсө Жураев экен. Аны өлтүрүп коюшуптур.
Кийин угушумча, Сейталиев Жураевге акча карыз экен. Жураев которулуп кеткенден кийин Сейталиевге кыйын болуп калмак, ошондуктан «общак» менен сүйлөшүп аны жок кылышыптыр. Мунун баары алдын ала сүйлөшүлүп, даярдалып, Жураев кеткиче жок кылышмак тура. Менин ордумда башка бирөө нөөмөттө турган болсо ал деле мен кылганды кылмак. Ортодо мен жөн эле садага чабылып кеттим. Анын айынан «шалаакылык» беренеси менен жумуштан айдалдым, 1 жыл шарттуу түрдө жаза алдым. Менин барымтага алынып, өмүрүмө коркунуч туулганы эске алынган жок.
«Общак» менен сүйлөшүп кылгылыкты кылгандар болсо кутулуп, дагы деле иштеп жүрүшөт. Алар мага «сен эле моюнуңа ала бер. Сага жардам беребиз» деп алдап башымды айлантып салышыптыр. Аягында жалгыз мен күнөөлүү болуп калдым. Ортодо жөн эле тагдырыма балта чабылып калды.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(13)
29.05.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кино го.
29.05.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Айланайын бир боевик коргондой эле болдум... Акырында жалгыз камактан чыгыып баратканга окшоп:)
08.04.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitun,koichu ai
29.05.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ноомоттогу жоокер эмне болду ошондо?
29.05.2018. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Китептерде кинолордо кездешчү окуялар го.
02.06.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belka,качып кеткендир.
29.05.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кино китеп жашоодон алынат
30.05.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба өтө кыйын СИЗОдо иштеген. Общактын сөзкн угушуң керек, болбосо өзүндүн эле коллеагаларын потстава кылып коёт.
31.05.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
коменттер ичти эзет го
31.05.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башымды айлантып салыптыр дейт го. Ырас эле бошотуптур. А то, общактар башынды чимирмек экен.
31.05.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Калп айтып жатат."жаман ою жок ,камераны ачыпмын"дейт.не циркте иштеп атыппы жаман ою жоктой.
01.06.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи арам ойлонбосон садага чабылмак турсун, жашоондо кетиргис так калтырасын. Адамдар кайда болсо да кичине арамыраак болуш керек окшойт. Заманын тулку болсо тулку бол, бору болсо бору бол!
02.06.2018. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино кино
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: