Эл аралык кылмышкерлер «Мегаком» компаниясынан каражаттарды чыгарып кетүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев парламентте депутат Марат Аманкуловдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Депутат андан «Мегакомдон» 500 миң доллар уурдалганы чынбы?» деп сурап, ага жооп кылган чиновник уюлдук компаниялардын эсебинен акча чыгаруу менен алектенип жүргөн кылмышкерлердин аракети үзгүлтүккө учуратылганын, териштирүү жүрүп жатканын айтты. Буга чейин парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов журналисттерге «Мегакомдон» 60 миллион сом уурдалганы боюнча жашыруун маалыматтарды алдык» деп билдирген эле. Кошумчалай кетсек, өкмөт «Мегакомду» 2015-жылдан бери жеке менчикке сата албай келет. 3 жолу аукцион өтүп, кардар табылган жок. Компаниянын баштапкы баасы 19 миллиард 700 миллион сом болсо, акыркы аукциондо 13 миллиард 500 миллион сомго чейин түшкөн. Кийин «Мегакомдун» 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечими кабыл алынган. Жакында компаниянын баасын аныктоо боюнча тендер жарыяланган. Өкмөттүн маалыматы боюнча, азыркы тапта компанияны сатып алууга чет өлкөлүк 4 компания кызыкдар болууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg