Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫЗ АЛА КАЧУУНУН АЯГЫ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ МЕНЕН АЯКТАДЫ

№813 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.


Бозоргон боз үй, ботосун жоготуп боздоп жаткан ата-эне... Каргашалуу окуя 27-майдан 28-майга караган түнү болуп, анда кыз ала качуунун аягы 20 жаштагы кыздын өлүмү менен аяктады.

«КЫЗЫМА «КОШ» ДЕЙ АЛБАЙ КАЛДЫМ...»
Кызын акыркы сапарга узатып жаткан Турдали Кожоналиев окуя тууралуу буларга токтолду:

– 27-май күнү кечки 10 жарымдар чамасында кызым Бурулайды «айран алып келе койчу» деп дүкөнгө жумшадым. Анан ызы-чууну угуп сыртка чыксам, кызымды менин көзүмчө машинага күч менен салып кетишти, артынан кууп жетпей калдым. Дароо милицияга чалып кабарладым. Милиция кызматкерлери келип, шаардын четине чейин кууп бардык.

Анан арыз жазыш үчүн Бишкектин Биринчи Май РИИБине алып барышты, ал жерде 2 сааттай кармалдык окшойт. «Бардык постторго билдирдик, бат эле кармалат» дешкен, көп узабай эле «баланы кармадык. Жайыл РИИБине келип калгыла» деп чалышты. Санаам чыдабай тергөөчүгө «кызыма берчи телефонду» деп, «кызым, эч жериң оорубай элеби, колу-бутуңду кайрып койгон жокпу?» деп сурадым. «Жок, ата, жакшымын» деген. Беловодскко жеткенибизде Бурулай апасына чалып «апа, жетип калдыңарбы?» деген боюнча телефону өчүп калбадыбы (жашып)...

Түнкү 3төрдө бизди Жайыл райондук ооруканасына алып барышты, «эмнеге ооруканага алып келдиңер?» деп чочуп кеттим. Бир кызматкер «ала качкан бала каршылык көрсөткөнүнөн кичине уруп коюшуптур, бала ооруканада, кошо ала кетели» деди. Мен ишенип алыптырмын, көрсө, кызымдын кекиртегине, жүрөк тушуна, ичине бычак сайыптыр да... Ошону мага угуза албай турушуптур.

Бул жерде тергөөчүнүн, ошол жерде турган милиция кызматкерлеринин күнөөсү болуп жатпайбы. Эмнеге тергөөчү кармалгандан кийин ал баланын колуна кишен салган эмес? Эмнеге бир бөлмөгө экөөнү кароосуз калтырышкан?

Кызымды майрам сууга алып жатып карасак, көкүрөгүнө бычак менен Н+Б=Х деп жазып коюптур. «Н» дегени кызыма сөйкө салып кеткен баланын атынын баш тамгасы. Башын бир нерсеге сүздүргөнбү, чекеси кыйшайып калыптыр. Ошончолук мыкаачылык менен өлтүргүчө кайда жүрүштү? Мыйзам боюнча адамды кармап келген соң чөнтөгүн текшерип, курун, бут кийиминин боосунан бери чечип алышы керек да!

Баланы мурдатан эле жакшы таанычумун. Маршрутка айдап иштечү. Бул анын биринчи ала качуусу эмес. Биринчи ала качканында кайра артка кайтаргам. «Кызымдан сурайын, эгер көңүлү болсо макулмун» деп. Кызым келгенден кийин сурасам, «ата, менин башка сүйлөшкөн жигитим бар. Мен окуудан чыгып келе жатсам эле 5-6 бала машинага салып кетишти» дегенинен, кызымды бербей койгом. Кийин бул бала ата-энеси менен дагы келгенде да «жигити бар экен» деп каршы болгом. Азыр эстеп жатам, ошондо эле «кызыңды бербесең өлтүрөм» деди эле.

5 кыз, 1 уулум бар. Бурулайым менин көкүрөк күчүгүм эле... Бобимди акыркы жолу тирүүсүндө бир көрүп, көкүрөк күчүгүмө «кош» дей албай калдым...

«БИР ЗАМАТТА БИР ТУУГАНЫМДАН АЙРЫЛЫП КАЛДЫМ»
Көз жашка муунуп турган Назгүл Турдали кызы сиңдисин эскерип отурду:

– Сиңдим аябай жоош, бирөөгө катуу айтпаган, тартиптүү кыз болчу. Эң кичүүбүз, эркебиз эле. Бир заматта мөлтүрөгөн бир тууганымдан ажырап калдым. Биз милиция кызматкерлерине ишенип, жардам сурайбыз да, чынбы? Карышкырга кой кайтартып коюшпадыбы...

Бурулай быйыл медициналык окуу жайды бүтмөк, алдыда жакшы пландары бар болчу. Аны менен сырдашып калганда «жигитим бар» дечү. Анан ошол жигити майдын башында келип сөйкө салып кеткен. Жакында үйлөнөбүз деп жүрүшкөн. Биз чакан ашкана иштетчүбүз, сиңдимди өлтүргөн бала иштеген 240-маршруттук таксинин айдоочулары биздин ашканадан тамактанышчу. Бурулай кичинесинен эле бизге жардам берип жүрдү да, баары таанышчу, тиги бала да сиңдимди көрүп-билип жүрүп, анан күч колдонуп ала качып жатпайбы...

«ЖИГИТ ӨЗҮНӨ КЕЛИП, СҮЙЛӨП КАЛДЫ»
Ооруканага түшкөн жигиттин абалы тууралуу Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери Болот Майканбаев төмөнкүлөрдү билдирди:

– Бычактан жабыркаган 2 жаран ооруканага 27-майдан 28-майга караган түнү саат 01:00гө жакын келип түшкөн. Экөөнүн тең абалы оор түштү, кыздын өмүрүн сактап калууга аракет жасадык, бирок каза болуп калды. Жигитке операция жасалды. Ал өзүнө 4 жолу бычак сайып, моюнунун күрөө тамырын да кесүүгө аракет кылган. Анын ичегилери эки жеринен тешилиптир, башка да ички органдары жабыркаган. Учурда анын абалы жакшырып, өзүнө келип, сүйлөп калды.

«ИНИМДИН АТЫНАН КЕЧИРИМ СУРАЙМ...»
Кызга бычак сайган соң өз өмүрүнө кол салган жигиттин агасына ооруканадан жолугуп, анын да сөзүн уктук:

– Иним токтоо, улууларды сыйлаган, бир туугандарынын айтканын эки кылбаган адам. Мурда-кийин эч кимден анын жаман жагын уккан эмесмин. Бурулай да токтоо, адамгерчиликтүү кыз эле. Экөө 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн билем, аны баары эле билишчү.

Кызды биринчи жолу ала качканы боюнча айтсам, иним кызды алып Таласка жетейин деп калган. Ошондо мен өзүм ачуу басарга келген элем. Мурда атасы менен бир маршруттук каттамда иштегенбиз, кийин ал башка каттамга которулуп кеткен. Жакшы тааныштарданбыз. Ачуу басарга барганымда атасы «кызымды алып келип бер. Ала качты дедирбей, 2 айдан кийин сөйкө салып, колдон алып кет» деп айтты. Мен дароо иниме чалдым «биз сүйлөштүк, кызды алып кел. 2 айдан кийин колдон алып кетебиз» деп. Иним менин сөзүмдү эки кылган жок, үйгө жетейин деп калганда кайра кайрылып түнү менен кызды алып келип койду. Кийин ата-энем барып колун сураса бербей коюшуптур. Бир ай өтпөй эле башка бирөө келип кызга сөйкө салыптыр.

Эми эмне дейм? Окуянын аягы ушундай бүттү... Ала качарын билген эмесмин. Кыз тарап «балаңар ала качып кетти» деп чалып айтышты. Иниме чалсам албай койду, анан эле кармалды деп уктук, аркасынан суук кабар жетти. Иним кандайча мындай жолго барганына түшүнбөй турам. Ата-энем да 60тан ашып калган адамдар, алардын абалы да оор.

Мен мында күнөөнү милицияга коём. Кармалгандан кийин дароо машинаны да, өзүн да эмнеге текшерген эмес? Эмне үчүн экөөнү жалгыз калтырышат? Эмнеге колуна кишен салбайт? Алдын алса болот эле бул окуяны.

Азыр инимдин абалы кандай билбейм, азырынча апам эле кирип чыкты. Мен «чын эле тирүүбү, бир көрүп алайын» десем да киргизбей коюшту. Азыр керектүү дары-дармектерин алып берип эле оорукананы айланчыктап жүрөм.

Кечээ апам, дагы башка туугандар болуп кыздын үйүнө барышты. Бирок кууп чыгышыптыр. Аларды деле түшүнөм, кызын жоготуп сыздап турушат. Сөз менен оңдоп койчу иш эмес. Айлабызды таппай турабыз. Дагы бир жолу инимдин атынан кечирим сурайм...

«БАЛА КЫЗГА 3, ӨЗҮНӨ 4 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН»
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев төмөнкүлөрдү билдирди:

– 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи Май РИИБине 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында уурдап кетишкени боюнча кыздын ата-энесинен маалымат келип түшкөн. Түнкү 12 чамасында Чүй ОИИББинин кызматкерлери Сосновка айылындагы посттон Субару Аутбек үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын ичинде Марсбек Б., Акмат С. жана Турдали кызы Бурулай болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Айткожоев кармалган унааны Жайыл РИИБине жеткирип, рапорт толтуруп жаткан учурда
Марсбек Б. менен Акмат Сны РИИБдин кызматкери карап калган.

Ал эми жабырлануучу жаран кабыл алуу бөлүмүнө киргизилген. Ошол учурда милиция бөлүмүнүн эшиги такылдап, 2 жигитти карап отурган кызматкер эшикти ачканы кеткен. Ошондо Марсбек Б. өзүнүн унаасынан алган бычак менен кыз отурган бөлмөгө кирип, ичинен бекитип алган. РИИБдин кызматкерлери эшикти сындырып киргенде экөө тең жерде канжалап жаткан. Бала кызга 3, өзүнө 4 жолу бычак сайган. «Тез жардам» унаасы менен аймактык ооруканага алып барышканда кыз каза болуп калган. Учурда шектүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Чүй ОИИББинин башчысы кыздын туугандарынын "кызыбыздын көкүрөгүнө «Н+Б=Х» деп бычак менен оюлуп жазылыптыр» деген билдирүүсүн четке какты. Сарчаевдин айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон.

«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»
Жайыл районунун прокурору Мамбетаалы Турдумаматов бул окуянын болуп кетишине жол берген милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголгонун айтты:

– Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери башталды. Биринчи жагдай боюнча, Жайыл РИИБи тарабынан киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин үстүнөн шалаакылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.


Асыл Орозбекова
koom@super.kg



Жигит ала качып бараткан кызын милиция бөлүмүндө бычактап өлтүргөн

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
SUPER.KG видео
30.05.2018. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз синдимдин классташы болчу. Аябай жакшы кыз эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Кунолуулор жазасын алышсын эми.
05.06.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
20-30 секундда болгон иш дейт интервьюсунда.Кантип бычак сайып,еще тамгаларды жазганга 30 секунд жетсин?Кантип?Бул милициянын кайдыгерлиги!Пофиг отношение кылышкан.Выговор бербей,камаш керек эле.Жаш омур соолуду,ата энесинин куйутун эч ким тушунбойт!!!
05.06.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куноонун баары ошол милицияда эле неге экоону бир камерага киргизет болок болок отургузбайбы,а экинчиден милиция баланы текшериш керек болчу эмнеге бычак алып кирди ошол милициялардын шалаакылыгынан ушундай омур кыйылды жаткан жери жайлуу болсун туугандарына сабыр тилейм
05.06.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Бой жеткен кызды туну неге магазинге чыгарат. Оздору чыкса болбойбу? Уйдон чыгарбай кайтарып отурганбыз дейт дагы
05.06.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
guli-1980, дукон менен уйдун аралыгын кордунузбу? 10,15 кадамдык жол экен. Кайдан билсин алып качаарын? Ата эне балдарын жумшабай, кимди жумшайт анан? Буга ата энесин, кечинде бой жеткен кызын кочого чыгарды деп куноолого болбойт. Милициянын эле шалаакылыгы!
05.06.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жайыл районунун милицияларына ишин түшпөй эле койсун. Даяр турган иштида жөндөй алышпайт. Көздөрү акчага тумандап калган.
Уурунүн изин таап көргөзүп кармагыла десеңда адвокаттын барбы дешет экен!
05.06.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жигиттин колуна кишен салып коюшпайбы жок дегенде, тушунбойсун биздин милицияга
05.06.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде закон деген иштебейт да ошол үчкн милициялар кош көнүл карап коюшту кантип ошол бычакты байпагына катып алганын көрбөй калмак эле текшеришсе. Өткөндө вокзалда баланы бычактап өлтүргөн баланы кармаганда да милицияларда кол кишен жок кур менен байлап коюшкан экен же эмне Кыргызстанда кол кишен түгөнүп калганбы?Урматтуу өкмөт 600$га ТЕЦге пласкогубцы алгандын ордуна ушундай кол кишендерди алып берип койгула. Кызга жаман болуптур 10 гүлүнүн 1 гүлү жок
05.06.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш ата кайдан гана айран иче койдум деп минут сайын сыздап аткандар, жакынын жоготкон адам гана акыбалдарын тушунот кайрат кылгыла. милицияларга ишибиз тушпосун Оо Кудай озун гана сактай кор.
05.06.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жагдай болгону бир гана кыз менен жигиттин ортосунда калды да эми жаткан жери жайлуу болсун.Бул ишти да эптеп септеп жабып салышат ошол менен иш бүтөт бир өмүр күнөөсүз кыйылган боюнча тарыхка жазылат не деген шалаакылык бүт дүйнөгө дастан боло турган болдук
06.06.2018. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажалы жеткен экен, не дейбиз. Бейиштен оорун алсын
06.06.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция кызматкерлердин оз ишин билбегендиги.Ата энесине сабыр тилейм.
08.06.2018. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуган сайын журогум эзилет, Бурулайды жаткан жери жайлуу болсун ((((
08.06.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун чырактай кыздын,жайы жаннаттан болсун!
09.06.2018. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Н+Б=Х деп жазганы чын болсо керек.
11.06.2018. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун Аллахым бейишин берген болсун аминь
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: