Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Элмира Касымбекова, Төлөгөн Касымбековдун жубайы: «ЖАЗУУЧУ ЖАЗЫП ЖАТКАН ЧЫГАРМАСЫН ЭМЧЕКТЕГИ БАЛАМ ДЕП АТАЧУ»№816 22-июнь -28-июнь, 2018-ж. Залкар жазуучу, тарыхый романдардын чебери Төлөгөн Касымбековдун арабыздан кеткенине жети жылдын жүзү болду. Жазуучунун бармактайынан баш кошкон жубайы 5 эркек, бир кыз төрөп берип, оорудан улам каза болгон. Кийин Элмира айымга баш кошуп, уул көргөн. Элмира эже менен баарлашып, жазуучу менен бирге өткөргөн өмүрүнө кайрылдык. – Ооба. Агайыңар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 7 күн жатып, 2011-жылы 16-июнь күнү саат 11де үзүлүп кете берди. Январдын 15инде 80ге чыккан эле. Жыл сайын 3 күн куран окутчумун, бул сапар өзүм да, балам да ооруканада жатып калдык. Ага карабай атасынын жакшы көргөн тамагы эле деп беш бармак, боорсок бышыртып келип, ооруканада жаткандар менен чогуу куран окуттук. Мурунку турмушунан 5 эркек, 1 кызы, менден бир уул калды. «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» дегендей, ар кимибиз буюрган күндү көрүп жашап жатабыз. Менин уулумдан башкасынын баары чоң ата, чоң эне, таята, таене болушту. Уулум азыр мектеп жашында. – Жок, катышкан жокпуз. Тарыхта өгөй деген нерсе болуп келген да, аны эч кимибиз тана албайбыз. Алар өз оокаты менен, биз өз оокатыбыз менен. Асылбек азыр кичинекей бала, кимди издеп барат? Мен ал үйгө балдарынын баары үй-бүлө куруп калганда бардым. Ал киши мени 69 жашында алды, мен 35 жаш куракта элем. Асылтайым эгиздин түгөйү. Түгөйү боюмдан түшүп, ысым коюп, жерге бердик. Бир күндөн кийин ичим ооруп калды, көрсө, боюмдан козголуп экинчиси да түшкөнү жатыптыр. Биринчи Кудайдын, экинчиси дарыгерлердин жардамы менен баламды сактап калдык. Менин да, агайыңардын да тукумунда эгиз төрөгөндөр бар экен. Бактылуу энемин. Кызым бар, неберелүү да болгом. Асылтайым чоңоюп келе жатат. – Менин тагдырым ушундай экен, кыз кезимден оорунун азабын тартып, бөйрөк оорусу менен алышып келем. Жылдап ооруканага жаткан күндөрүм болду. Турмушка чыгып, кыз таптым, алардан жамандык көргөн жокмун, оорум тоскоол болуп ажырашып кеттим. Мен ооруп жүргөндүктөн кызымды 4-5 жашка чейин таенеси карады. Кызым 12 жашка келгенде агайыңарга турмушка чыктым. Өкмөттө иштеген бир эже агайыңарга «өзү жаш, бирок жүрүм-туруму мастан кемпир биякта эле калат, бир кызы бар келин бар» деп тамашалап сунуштаптыр. Мени чоң энем, чоң атам баккан. Балдары да «атама 40 жаштагы келин керек» деп издеген экен. Бул киши мени угуп ата-тегимди, уруумду иликтеп чыгып, жактырып, ата-энемди көрүү үчүн үйгө барыптыр. Уулу Райканды ээрчитип, "көңүлгө туура келсе таанышканыбыз үчүн деп чепкен, тебетей берели, эгер чалпоо болсо "дагы байланышабыз" деп келе берели" деп ата-бала жөнөп калышат. Ата-энем Бишкекте турушчу, конокторду жакшы тосуп алышат. Атам китеп көп окуган адам эле. Автор менен окурман 3 саат маектешип, «Сынган кылычты» кайрадан иликтеп, жиликтеп чыгышат. Буларды кийин агайыңар өзү айтып берди. Дасторкон заматта түркүн тамак-ашка толуп, чакырылбай келген конокторду куда тоскондой тосуп алышыптыр. Апам бутунун учу менен сыртка чыгып, кайра басканын угузбай келип диванга отуруп, конокторду тейлеп, бир да үн катпаптыр. Анда Касымбеков 69 жашта болсо, атам 65те болчу. Бир убакта атам «келгениңизге жол болсун» деп эмнеге келгенин сурайт. «Сизде 40 жаштагы кыз бар экен, ошого келдик» дейт. – Мени сунуштагандар "1 кызы бар, 40 жаштагы келин" деп айтышыптыр. Ал кезде 4 баласы менен жесир калган 40 жаштагы эжем бар эле. Анан мен, менден кийинки 20 жаштагы сиңдим да бир баласы менен бой жүргөн. Атам эжемди сурап келди деп ойлоп «анын 4 баласы бар да?» деп Райканды карап калыптыр. Анткени атам уулуна жуучу түшүп жатат деп түшүнүптүр. Агай «Жок, 1 кызы бар кызыңызды мен өзүмө сурап келдим» деген экен. Ошондо 3 сааттай сүйлөп отурган атам далайга тилден калып калат. Анан агайыңар колунан келишинче атамды жайгарганга киришиптир. «Аксакал, мен кызыңызды акчага көпкөнүмдөн алганы жаткан жокмун, кызыңызды кеңешчи кылып алайын деп келдим. Мен Курманжанды жазган кишимин, батаңызды бериңиз» деп туруп алыптыр. Анан атам батасын берет. Ала келген кийитин жаап «Аксакал, кызды алыш үчүн мен өзүм келбейм. Мен ал курактан өтүп кеткем. Бирок созбойбуз, жуманын аягында алып кетебиз» дептир. Мен болгон окуяны укканда ыйладым, таарындым. Бирок атама эч нерсе дей алган жокмун. Анткени биз атабыздын сөзүн эки кылчу эмеспиз. Атам «Ушундай улуу адам келиптир. Мен макул дедим, артка жол жок. Ал киши сага "уул төрөп бер" деп да, "кыз төрөп бер" деп да айтпайт. Уулу да, кызы да бар экен» деди. Ошентип турмушка чыктым. Мен ал жерден бакыт таптым. Бакыт тапканым – уул таптым. Жакшы көз, жакшы маанай таптым. Элитадан орун алдым. Менин адамгерчилигим, адамдык парасатымдан улам ошол чөйрөдө калып калдым го. Эгер мен алтек-телтек болгонумда ошол чөйрөгө кошулат белем? Мен ошонума сыймыктанам, ошого кубанам. Корифейлер менен чай ичишем, «Төлөгөн акемдин байбичеси, жеңе» деп турушат. – Албетте, залкардын залкардай түйшүгү бар. 8-9 саат уктоо дегенди билген жокмун. Ал киши столдон турбай эле иштей берчү. Уйкусу келсе отурган ордунда 10-15 мүнөт жаагын таянып тук этип алчу. Бир да күнү эшиктен жалгыз келчү эмес, жанында сөзсүз 5-6 киши болчу. Кайсы убак болбосун дайыма тамагымды белендеп турчумун. Бир табак боорсокту ары-бери чайкай койчумун. Келген кишилер кээде таңда кетишчү, шахмат ойношчу. Өткөндө бирөө «жашарып алыпсыз» дейт. Ооба, убагында Касымбековдун деңгээлине жооп бергенге аракет кылдым. Анын жанында ашыкча боёнуп, кыска кийинип алсам ал кишинин фону бузулуп калбайбы, ал киши ким көрүнүп калат эле? Ал ак костюм кийсе ак көйнөк, көк костюм кийсе көк көйнөк кийип, ошол кишинин ыргагы менен жанында болдум. Ал киши кайтыш болгону деле өзгөргөн жокмун, болгону чачымды боёп калдым. Ошого жашыраак көрүнүп жатсам керек. – Жини келгенде зирпилдеп калчу. Уулубуз кичинесинде өтө тентек эле. Ал киши баланын оюндагысын кылчу. Нарында «өлүп кетпейби» деп сүйлөй беребиз да, бир жолу балабызды «өлүп кетчи» деп чакылдатып колго, көтөнгө чаап койдум эле, кабинетинен ыргып чыкты. «Баласын каргаган энени биринчи жолу көрдүм» деп мага капа болуп, бир апта сүйлөбөй койду. Дагы бир жолу ооруп төшөктө жатсам «Кыргын» чыгармасынын кол менен жазылган вариантын алып келип, «окурман катары пикириңди айтчы» деди. Окуп чыгып «Баары жакшы, бирок үтүрдү өтө көп коюптурсуз. Бул белгинин сурагы жок бекен?» деп тамашалап койдум. Мени ушундай жаман көзү менен карап, «ушу жашка келгени мени эч ким сындаган эмес» деп сүйлөшпөй койду. Бир күнү өзү «мен ойлонуп көрдүм, сиз туура айтыптырсыз» деп катасын моюнуна алды. Ал кишинин телефонунун жаны тынчу эмес. Мен алсам туура эмес болуп калабы деп алчу эмесмин. «Чалып жатат, албайсызбы» десем, «Менин эмчектеги балам бар, өзүң бирдеме деп кой. Менин күнүм аз калды, чыгарманы бүтүшүм керек» дей берчү. Жазып жаткан чыгармасын эмчектеги балам деп атачу. "Үйдө жок" же "бошобой жатат" десем чалган киши мен телефонду бербей жаткансып ачык эле жаман көрчү. Ошонун айынан да таарыныштык. – Кайсы жерге барбайлы, эстеликке сүрөткө түшөбүз деп бизди коё беришчү эмес. Азыр бир топ үй-бүлөдөн менде жок сүрөттөрдү көрүп калам. Чет өлкөлөрдү кыдырдык. Бир жолу Нурсултан Назарбаев менен жолугуштук. Ошондо президент «Жеңе, сиз арстан жүрөк экенсиз. Төкөмдүн көзүнүн шишигинен коркпой, чачынын агынан, жашынын улуулугунан жалтанбай, Төкөмдүн колтугунда туйлап туруп уул таап койдуңуз го. Сизге чоң рахмат, ушундай генийден тукум алып койдуңуз» деди. Күлүйпа Кондучалова эже да «кандай ийиктей имерилген келинсиң» дегени эсимде. Балама батасы тийсин деп эч бир улуу адамдын алдынан кыя өткөн жокмун. – Мен ал кишиге турмушка чыкканымда «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында иштечүмүн. Анан 8 жыл иштеген жокмун. Кийин дипломумдун үзүрүн көрөйүн деп Мамлекеттик тил комиссиясында иштеп калдым. Былтыртан бери жогорку окуу жайлардын биринде тил адиси болуп эмгектенип жатам. "Уулубуз кичинесинде өтө тентек эле. Агайыңар баланын оюндагысын кылчу".
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(8)
i-bilim
![]()
26.06.2018. 09:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Башкача ойдо калдым окуп алып, аялы чын эле тың болгонбу же эжеси айткандай "өзү жаш, бирок жүрүм-туруму мастан кемпир биякта эле калат" дегендейби?)
RuslanaG1
![]()
27.06.2018. 14:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i-bilim,Ошо мен да окуп интервьюсунан, озун жаман мактаптыр го, Эгер жакшы болсо балдары катташса керек эле, чон чон эле уйлу жайлуу неберелуу болуп калган кишилер тем более озулору алып берип жаткан болсо
voennyi88
![]()
26.06.2018. 10:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Генийден тукум алуу,бул сиз учун чон бакыт.Улуунуз атасынын жолун жолдосун.
monster_high_98
![]()
26.06.2018. 11:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тологон Касымбеков олгон жок, ал торолдуууууу!!
RuslanaG1
![]()
27.06.2018. 14:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдары озулору атасына аял алып берип жаткан болсо улуу эле неберелуу болуп калган кишилер копты коргон тем более инилуу болуп жатса кантип эле катташпай койсун, бул аялда да бар го, Эжеси айткандай: ОЗУ жаш журум туруму мастан кемпир биякта эле калат дегендейби
Jelezo
![]()
26.06.2018. 12:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Төлөгөн авабыздын балдары начар экен иниси менен катышбай, атадан кем бала төрөлөт деген сөз бекеринен айтылбаптыр.Менин атамдын 3 аялы болгон баардык бир туугандар ушунчалык ынтымакбыз өгөй деген бизде жок.
Eureka
![]()
26.06.2018. 16:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы маек болуптур. Зина Караева, Топчугүл Шайдуллаевадан интервью алгылачы
admin_media
![]()
26.06.2018. 16:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eureka, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|