Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АКШдагы мекендешибиз: «АКШда АЙДООЧУЛАРГА ТҮЗҮЛГӨН ШАРТТАРДЫ КӨРСӨ БИЗДИКИЛЕР ТАҢ КАЛМАК»

№817 29-юинь -5-июль, 2018-ж.


30 жаштагы Замир Шаршенов учурда Америка Кошмо Штаттарында жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштейт. «Кыргызстанда иштеп бутума турууга аракет кылып, бирок андан майнап чыккан жок. Айла кеткенде башка өлкөгө кетүүнү туура көрдүм» деген мекендешибиз Америкадагы жашоосу тууралуу айтып берди.

«ДҮКӨНДҮ ТОНОП, БАЙКЕМДИ МЕНИН КӨЗҮМЧӨ АТЫП КЕТИШКЕН»
-Кичинемден эле Америкага келип, тасмалардан көрүп жүргөн турмуштагыдай жашоону кыялданчумун. Кыргызстанда бир нече ирет өзүмдүн күчүм менен иш баштап, бутума турууга аракет кылдым. Бирок ишкердик кылууда бир катар тоскоолдуктарга туш болгондон кийин башка өлкөгө кетүү кыялым күчөдү. Башка өлкөгө аттанганга чейин Таласта дүкөндөрдү ачып иштеттим, базардан орун алып соода-сатык менен алек болуп көрдүм. Дүкөндөрүмдөн товарларымды уурдап кеткен учур көп катталган. Бир ирет белгисиз адамдар дүкөндү тоноп, менин көзүмчө байкемди атып кетишкен. Атып кеткендер кармалган. Андан ары эмне болду билбейм. Бирок бизде көпчүлүк учурда кылмышкер кайра эле кандайдыр бир жол менен эркиндикке чыгып кетет.

Эч ким жыргаганынан өз өлкөсүн таштап башка өлкөгө кетпейт. Жумуштун жоктугунан, айлыктын аздыгынан кетишет. Өнүккөн өлкөлөрдөгү шарттар, жакшы жашоо баарыбызды азгырат. АКШга келгенимде ишкерлерге түзүлгөн шарттарды көрүп таң калдым. Мисалы, жаңы иш баштаган адамга алгачкы жолу насыя алуу оңой жана ал төмөнкү пайыз менен берилет. Жылдык пайызы эң төмөнү 2, эң жогорусу 13 пайыз менен насыя берилет. Насыяны алгандан кийин атайын уюмдар ишиңди жүргүзүүгө жардам берет. Эч ким «башка улутсуң же териңдин түсү башка экен» деп бөлбөйт. Мен жогоруда айтып кеткен кылмыштарга бул жактан кабыла элекмин. Америкада адилеттүүлүк бар, адам укугу тебеленбейт. Адамдар бири-бирине сылык мамиле жасашат. Ушул сапаттары менен бул мамлекет мени өзүнө батырып, өзүн сүйдүрүп алды. Бирок, албетте, туулуп-өскөн жеримди эч бир жерге салыштыра албайм.

Кыргызстанда жубайым, эки балам бар. Аларды баскан-турган сайын ойлой берем. Үй-бүлөмдү жаныма алып келүү үчүн «Грин-кард» лотереясына тапшырып, утуп алдык. Жакында үй-бүлөм жаныма келип калат деп кубанып турам. Бирок айланып-тегеренип жүрүп баары бир мекенибизге барабыз.

«KG TALAS» ДЕГЕН КОМПАНИЯ АЧЫП ИШТЕТТИМ»
-2013-жылы, 26 жашымда АКШга келдим. Тааныштарым батир жана жумуш даярдап коюшкан эле. Алгач курулушта иштедим. Үйлөрдүн чатырын жаап, сайдинг жасачубуз. Бир күндө 100 доллар тапчумун. Кийин досум экөөбүз курулуш компаниясын ачып иштеттик. Өз компаниябызда ошол эле жумуштарды аткарчубуз. Бирок бирөөгө эмес, өзүбүзгө иштеп калдык. Бул учурда бир күндө жок дегенде 200 доллар таап калдык. Компания ачып жатканда патент, майда-чүйдө иш кагаздары керек эмес. Компанияны каттатып, кызматкерлерди камсыздандырып коюу жана мамлекеттен уруксат алуу гана жетиштүү. Анан тапкан пайдаңдан кеткен чыгашаларды кемитип, калган кирешенин 15-30 пайызын салык катары төлөп коёсуң. Акча түшпөсө салык да төлөбөйсүң. Компаниямдын атын «KG Talas» деп атап алгам. Биз иштешип жаткан айрым адамдар бизди алдап жатканын байкагандан кийин курулуш тармагын таштап, жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеп кеттик.

«ЖУМУШЧУЛАРГА ТҮЗҮЛГӨН ШАРТТАР ТАҢ КАЛТЫРАТ»
-Бул жакта жолдор таза, тегиз. Айдоочуларга шарттар жакшы. Мыйзам боюнча унааны 10 саат айдап, 10 саат уктайбыз. Май куюучу жерге токтогондо бекер душ, бекер тамак-аш даяр. АКШдагы кыргыз мырзалардын көпчүлүгү учурда жүк ташуучу унааларда айдоочу болуп иштешет. Анткени жумушу жеңил, акчасы жакшы. Жумушумдун арты менен Аляскадан башка 49 штатты көрдүм. Башында унаа ташычумун. Азыр 40 тонналык унаа менен азык-түлүктөн курулуш материалдарына чейин ар кандай жүктөрдү ташыйм. Унаабыз бузулуп калса, атайын кызматтар оңдоп беришет. Унаанын ичинде бардык шарттар бар, өзүнчө эле бир бөлмөлүү батир. Эс алуу үчүн токтогондо үйдө жүргөндөй болобуз. Телевизор, микротолкундуу меш, муздаткыч, шкаф, баары бар. Мындай шарттар Кыргызстандагы айдоочулардын түшүнө да кирбесе керек.

«ТААНЫШТАРЫМ БАШКА ӨЛКӨГӨ КАНТИП КЕТСЕК БОЛОТ ДЕП СУРАЙ БЕРИШЕТ»
-Алыста жүргөндө Кыргызстанга кантип өз салымымды кошсом деп ойлоно берет экенсиң. Өлкөм өнүгөт деп үмүт кыла берем. Азырынча Кыргызстанда бутка туруп кетүү кыйын. Тааныштарымдын көпчүлүгү «башка өлкөлөргө кантип кетсек болот?» деп сурай беришет.

Эл-жериме пайдасы тие турган иштерди кылгым келет. Мисалы, досум экөөбүз Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүчү завод ачууну ниеттенип жүрөбүз. «Дордой» базары жактагы тоо болуп кеткен таштандыны эстейм, ал азыр деле ошондой болуп турса керек. Таштандыны кайра иштетсек, андан пайда табуу менен бирге экологияны да сактап калабыз. Анан да баарыбыз күндөн энергия алуучу батареяларды колдонууга өтүшүбүз керек деп ойлойм.

«АЛДЫГА ЖЫЛУУ ҮЧҮН АҢ-СЕЗИМИБИЗ ӨЗГӨРҮШҮ КЕРЕК»
-Өнүккөн заманда айыл жергесиндеги калктын мал багып эле жашап жатканы ойлондурат. Бул турган жерибизден жылбай, өнүкпөй калганыбызды билдирет. Жаштарды чет жактарда окутуп, киреше табуунун башка да жолдорун үйрөтүшүбүз керек. Жаштарга колдоо керек. Бирок мунун баары кайра эле келип каржы маселесине такалат.

Бишкек-Ош трассасындагы кырсыктарды азайтуунун жолун табыш керек. Жаңылыктардан окуп алып, жаш кеткен өмүрлөрдү ойлоп жаман боло берем. Ал көйгөйдү жоюш үчүн эки жолдун ортосуна бордюрларды, атайын арматураларды орнотсок эки унаа бетме-бет сүзүшпөй калмак. Бул оюмду ишке ашырсам азамат болом. Ар бир оорукананын медициналык тик учактары болсо, кырсыктаган адамдарга убагында жардам берип сактап калышат эле. Ушул тармактардан өлкөгө жардам берүү ниеттерим бар. Негизи ар бир маселеге бийликти аралаштыра бербей, өзүбүз да аракет кылышыбыз керек. Биздин саясатчыларга ишеничим төмөн. Албетте, өнүгөрүбүзгө ишенгим келет. Бирок акыркы коррупциялык иштер тууралуу уккандан кийин бийликтен үмүтүм үзүлдү. Алдыга жылуу үчүн саясатчыларыбыздын да, элибиздин да аң-сезими өзгөрүшү керек.

"Алгач Америкага келгенде курулушта иштедим. Үйлөрдүн чатырын жаап, сайдинг жасачубуз".
"Жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеп жүрүп Аляскадан башка 49 штаттын баарын кыдырдым".


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(52)
03.07.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эч кандай мактанычты деле сезген жокмун, болгону алдыга койгон максатын, жашоо шартын айтыптыр. Молодец кыргызда ушундай инсандар кобойо берсин!
03.07.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Молодец!
03.07.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Адамдар жакшы менен жамандын, жакшы соз менен мактанган создун айырмасын биле албаса...Илгери го анча мынча кемпай адамдарыбыз эл алдына чыгып суйлой алышпаса, интернет чыгып азыр тантыраган ой пикирлерин жазышат.Мактаныптыр деген кемпайлар Замирдин айтып жаткан создорунун биринин да маанисин тушунбогон адамдар.Ушундай иш билги ,ишке ынтызаар адамдарыбыз кобойо берсин.Тилектери ишке ашсын.Мактаныптыр деген кемпайларды 100сом колуна карматып , мактап койсон кереги жок ар кимди колдоп пикетке чыгы
03.07.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгып салпактап журуп кун коргонду жактырган адамдар...
03.07.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Чын эле ан сезим томон окшойт деп калдым бизде жалан гана баланы уруп,катынды уруп,авария деген нерселерди коруп,угуп калдык…
А бул жигиттин маеги бир аз да болсо жакшы жашоого аракет кылуу жана мотивация берет экен(коро албагандар ушул жерде да негатив)
03.07.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакшы эле ниеттери мн болушуптурго, кантип кандай барганын, эмнеге жаман ойлойсунар, ыя?Чукуша берсенер, онугосунорбу, алдыга жыласынарбы? Бири бирибиздин артыбызды карап чукуй берсек...тооба
03.07.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мактанбай эле жашоосундагы болгон нерсени айтып берип ататта жаман эле коро албайбыз бирөөнү.
03.07.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Бул баланын ою азыр ар бир Кыргыздын оюнда бар.
03.07.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээ Америка сонун да. албетте озундун ата мекенине жетпейт. Биз да буйурса жакында барабыз. Жолдошум да трак драйве болом деп жатат.
Эл жер коруп барып иштеп келгенге неге болбосун жана кичине болсо да мамлекетке пайда алып келсек деген ой бар.
03.07.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эч кандай мактангандыкты сезген жокмун. Болгон эле нерсени жазыптыр. Чындыгында ошондой башка олкодо жакшы иштерде иштеп журсон ошентип ойлой бересин. Кр га барып ушундай иш кылам деп. Анан мекенибизге барганда эле биздикилердин отношениелерин коруп шагыбыз сынып кайра келе беребиз
03.07.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы нерселерди айтып бериптир,бизге деги эч нерсе жакпайт бироого сын айткандан астыга киши салбайбызго. Мактанбай эле маек куруп бериптир,кыйын болсонор ушунтип иштеп алсанар биринчи
03.07.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Molodets, ishti kyla ber, kayakta bolbo aman bol!!!! Biz da sendei ele talaada kor tirgilik kylyp jyrobyz!!! KGge barysh azyryncha "ne variant"degendei!
03.07.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жэрде эч кандай мактануу жок,мүмкүнчүлүк болсо ар бир туура ойлонгон адам чет өлкөгө кетсе керек Кыргызстандагы абалды көрүп алып.
03.07.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз, тынч болгула мекендештерим,
03.07.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын, азыркы бийликтеги саясатчыларга караганда ой жугуртуусу, суйлогону, максаты эн сонун, сендей кыргыз жигиттери коп боло берсин
03.07.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кандай Замир! Таластын кайсы айылынан болосун? Телефон номеринди жазып койсон.
03.07.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец Замир,иштей бер салымынды KGге кошо бер,сендей жигиттер коп болсун кыргызымда.
03.07.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу админ Грин картаны кантип алса болот,Америкага кантип жумушка орношсо болот,ушул тууралуу кененирээк маалымат берсениздер жакшы болот эле.
03.07.2018. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодец,онуп осо бериниз окуп чын журогумдон суйунуп ичим ысык укол алгандай жылыды. Туура бизде онугуу артта калган алдыга умтулушпайт чет мамлекетке барып келип КР ны коруп 50-60 жыл артта калып кеткендей сезилет. Туура башка мамлекетке окутканы ата энелер жонотпойт менталитет ушундай кой куйоого тий,кыздын бараар жери куйоо деп алдыга койгон максаттарындан кечтирет эркиндигинди чектейт,чын чынында башка мамлекетке окуш учун акча эмес оз кучун менен отосун бирок окутушпайт кыздарды куйоого
03.07.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Missing-u,чыгартат балдарды иштеп уй сал машина ал той кыл дешет неге?себеби тиги кошунанын баласы окубай мектепти бутоору м н иштеп чон там салып той кылды сен дагы ошентишин керек деген тушунук. Же ал уйдо жалчытып жашабайт же тойго келген эл ыраазы болбойт. Ушунчалык куйуп кетесин биздин элдин тушунугун коруп,эхххх
04.07.2018. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чындыкты айтыптыр,Америкага келип мен да тан калгамын шарттарына. Адамдын укугун ото бийик баалашат. Эч кандай мактанган эмес бул жигит. Мамлекет иш орун кылып бербесе жаштарга,ушинтип оз озубузду багып жургондорго дем беришибиз керек. Болунбойлу Кыргызым.
04.07.2018. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул илгерки форумчу Таллас эмеспи?
04.07.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да кетмекмин, Америкага.
05.07.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менимче байке туура айтат онуккон олкого чыксан ушундай шарттар бар
05.07.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанына тартсан боло биздин айдоочуларды дагы. Мисалы мен бармакмын. Кантип барыш керек, кандай шарт менен?
05.07.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соонун азаматсыз ойлогон ой максатынызга жетин.
06.07.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Квартира канча канча зарпат алат ошолорды айтип кетсе сонун болмок
06.07.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец! Иштеринде ийгиликтер боло берсин. Аракетчил жигит экенсин, чем "государство төлөп берет"- дебей!
06.07.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын! Бул жигиттин айткандары 100% чындык,менин тааныштарымдын иниси да фура айдайт Америкада,точно ушуларды айтып берген,ж.бдан угуп журом,ошондой эле
07.07.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа кыргызстанга пайдан тийсе жакшы экен тилегине жет
10.07.2018. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ ооматтуу жигиттер кооп арабызда.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: