Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Мирбек Атабеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "УУЛУМ ДА, КЫЗЫМ ДА МАГА ОКШОШ. АПАСЫН КИЙИНКИЛЕРИБИЗ САГА ОКШОШ БОЛОТ ДЕП СООРОТТУМ"

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.


– Мирбек, кандайсың? Телефон чалганымда «түнү менен барабан кагабыз» дедиң, эмне иштер менен алек болуп жатасың?

– Үн жаздыруучу студиямдагы иштер менен алекпиз. Сиз айткандай, буга чейин барабандын жандуу үнүн ырдын музыкасына кошо алчу эмеспиз. Интернеттен даярын таап кошчубуз. Анткени бизде сапаттуу үн жазган студиялар жок эле. Мисалы, барабандын таза, тунук чыккан үнүн жазуу үчүн 10 чакты микрофон керек. Азыр жок деген нерсени артта калтырып, сапаттуу, кымбат жабдыктар менен иш алып барып, аракет кылып жатабыз. Менин оюмча, коомдук телеканалдарга, музыкалык окуу жайларга деле сапаттуу студиялар керек. Ал иштерден сырткары эфирге чыкпай калган концерттеримдин үстүнөн иштеп жатам. Монтаждап, жазылбай калган жерлерин кайра жаздырып дегендей.

– «Чыгармачылыгымды өстүрүп, Европага чыгам» деген тилектериң бар эле, аракеттер болуп жатабы?

– Европага 23-июлда кетип жатам, концерттер бар. Швеция, Норвегия мамлекеттерин кыдырам, биздин диаспоралар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ырларыбызды Европа угуш үчүн англис тилинде ырдашыбыз керек. Бул жакта күнүнө 2-3 саат англисче окуганың менен, сыртка чыгып эле кыргызча сүйлөшөсүң. Англисче мыкты билиш үчүн англис тилинде сүйлөгөн өлкөдө жашаш керек экен деп ойлоп калдым. Учурда англис тилин мыкты билем дебейм, бирок күнүмдүк тиричиликке керектүү сөздөрдү билем. Эртеңки күнү Европага чыга аламбы, чыга албаймбы, сөз бере албайм, Кудайдын буйругу. Ал жактын шоу-бизнеси, албетте, биздикинен кескин айырмаланып турат. Биздин ишенгенибиз эле интернет. Өзүбүздү интернет аркылуу гана көрсөтө алабыз.

– Кыздуу болсом деп кыялданып жүрдүң эле. Сүйүнчү укканда сезимдериң бөлөкчө болсо керек?

– Кыздуу болгонумду мага кайнежем сүйүнчүлөдү. Көптөн күткөн кызым жарыкка келип жаткандагы кубанычымды, эмоциямды сүрөттөө мүмкүн эмес го. Анткени УЗИден кыз экенин билип, мен өзгөчө катуу күтүп жаткам. Укканда калдаңдап эле кайдадыр шашып, өзүмдү коёрго жер таппай калдым.

– Кыздуу болгону мурункудай элесиңби же өзгөрдүңбү? Өзүңө байкалган жокпу?

– Кыздуу болсом өзгөрөм го деп жаткам. Өзгөрөм деп жаткан Мирбек кыздуу болду, бирок ачыгын айтайын, өзгөргөн жок. Кандай болсом, кандай жашап жатсам, азыр деле дал ошондоймун. Мурун уулум бар десем, азыр кызым да бар деп калдым. Болгону жумушум көбөйүп, иш графигим өтө тыгыз.

– Уул бала атасын тартат дешет, сени туугандарың кимге окшоштурушат? Сага уулуң окшошпу же кызыңбы?

– Мага уулум дагы, кызым дагы окшош. "Буюрса, кийинки балдарыбыз сага окшош болот" деп апасын сооротуп жатам. Мени туугандарыбыз чоң атама окшоштурушат. Ал кишинин колунда өсүп калбадым беле. Ии, анан атамдын агасына да окшошуп кетем.

– Азыр кызың Ыйманга канча ай болду, кылыктары чыгып калдыбы?

– Кызым 3 айга толду. Жанына барып «кызым» деп койсом, түшүнгөндөй жадырап күлүп калат. Кызым бир күлүп койсо баарын унутуп, дүйнөдө менден ашкан бактылуу адам жоктой сезилет. Баламдын күлгөнү деле жакшы, ал өзүнчө ырахат. Бирок кыздын жылмайганы, күлгөнү табиятынан сулуу, көркөм болот окшойт. Азырынча кылыктары чыга элек.

– Жакшы күйөө бала деп уктум, өзүңө кандай сыпаттама бересиң?

– Туура угуптурсуз, аябай сонун күйөө баламын. Кайын журт мен барганда макташат, эркелетишет. Бул иштерим үчүн макташат деп аларды санасам, мактанчаак болуп калам. Чын айтам, бетиме эле макташат.

– Жашоодо эмнеден коркосуң?

– Адамзатынын баары Кудайдан корксок керек. Андан кийин эле адамдардын күнөөлүү болуп дүйнө салышынан корком. Алардын арасында мен дагы. Күнөөлүү болуп дегеним кандай? Бүгүнкү күндө туура эмес иштерге азгырык күндөн күнгө көбөйүп жатат. Мисалы, айрымдар сөгүнүп-сагынып, жылаңачтанып ырдап, клипке тартылып жүрүшөт. Ал көнүмүш адатка айланып, бара-бара кадимки көрүнүш катары кабыл алып баратабыз. Бузула турган нерселерге белчебизден малынып, сазга батып баратканыбыздан корком.

– Өзүңдүн жакпаган сапаттарың барбы?

– Өзүмдүн жакпаган сапатым - кандай нерсе болбосун бат тажап кетем. Мисалы, бир иш баштадым деп коёлу, аны аягына чыгарсам эле сонун болуп кетет деп ойлойм. Бирок аягына чыгаргандан кийин тажап кетем да, башка нерсеге кызыгуум ойгонот.

– Шылуундарга кабылып, алданып калган учур болду беле?

– Шылуундарга көп кабылам, бирок ага өкүнбөйм. Бирөөнү алдагандан көрө алданып калган жакшы деп ойлойм. Ырчы болуп жаңы чыгып келе жаткан кезде ресторанда иштечүмүн. Ошондо ошол ресторандын дайымкы кардары менен тааныш болуп калгам. Мени «жакшы ырдайсың, азамат» деп жүрчү. Ошентип ал адам менен дос болуп кеттим. Ал убакта компьютерлер сейрек, анан кымбат болчу. Ырларды компьютерге жаздыруу дегенди билчү эмеспиз. «Чет өлкөлүктөр компьютерге жаздырат» дегенди угуп алып, мен да ошондой эксперимент кылып көргүм келген. Баягы ресторандын дайымкы кардары, менин досум компьютер алып бермей болуп, менден 1000 доллар алган. Ошону менен ал кишини көргөн жокмун.

– Учурда коомдогу кайсы көйгөй ойлонтуп жатат?

– Акыркы учурда технологиянын заманы деп эле баарыбыз интернетте отуруп калдык. Интернеттин, албетте, жакшы жактары көп. Мурун кайда барбайлы, эмне иш кылбайлы өзүнүн талабы, чеги боло турган эле. Азыр чек жок. Бардык жерде демократия. Интернетте ким эмне видео тартып жүктөп жатат, ким кандай чакырык жасоодо эч көзөмөл жок. Адамды терс жакка үндөй турган нерсенин баары көрсөтүлүп, ал гана эмес, хит болуп жатат. Акыркы учурда ушул нерселерге капа болуп жүрөм.

– Жашоодо жакшы жаңылыктар көп болсун, маегиңе рахмат.

«Үй-бүлөм – менин байлыгым, чыгармачылыктагы демөөрчүм».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(43)
10.07.2018. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бактылуу бол! Кызын ыймандуу болсун..
10.07.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ылайым эле бактылуу болгула. Кооп балалуу болгула
Paprikafm түзөттү 2018-07-10 09:23:04
10.07.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-28
Европа укпайт мындай ырларды,кыргыздар угуп жургонуно суйунсон ,Мирбек!!!
12.07.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nanei,айты коой биякта эле болойун деп отура берген болбойт го.
13.07.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nanei,Кыргыз эле артка тарта бергенден өнүкпөйбүз да,тилегиңе жет деп коюш кыйынбы ээ ушунчалык?
13.07.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Moorjanka,мен болгонун ацттым,
10.07.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бактылуу болгула! Чын эле азыр эч нерсеге чек жок.бардак болуп баратабыз
10.07.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кайын журтум мактайт депсин какендер баарын мактап турушат далыга чаап)) анан аялына кийинкилери сага окшош болот дейсин,аялын экоон окшош болсон ага деле окшош да значит)))тамаша...
Чындыгында мактагандай эле уулсун,чыгармачылыгына ийгилик,уул-балан аман болсун.
10.07.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Омуру узуун уул кыздардан болсун
10.07.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Европада салтуу музыка бааланат: ооз комуз,комуз,кыл кыяк сыяктуу. Кыйшаландап ырдап бийлеген ырчылар ал жакта бир вагон и маленькая тележка. Кыргыздар эле укпаса Мирбекти ошол жактагы,жергиликтуу калкка кызыгы жок болот
11.07.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,сенделе укпай эле кой да!
13.07.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,Европага барып ырдап келгендей же шоу чөйрөсүндө иштеген кишиче сүйлөп коюптурсузго !?
13.07.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Moorjanka,барып келгем,ырдабасам да коп жерин коруп келгем,так что болгонун болгондой ацттым
14.07.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei,барып келип бироого пайданды тийгиздинби? Озун учун бардын да европаны коргонунду элге айта албай эмне эле кыйналып атасын Мирбектин Мсындай да ырдай албасан керек бечара
10.07.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирба кирасапчик
10.07.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Татыктуу уй-булоо. Мындай кылдык тигиндей деп озун пиар кылбайт. Орду орду менен жургон адам
10.07.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Админ суранаарым Аалы Туткучев Идирис Айтбаев деген токмолорубуздон интервью алсанар жакшы болмок,
10.07.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
monster_high_98, Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
10.07.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мирбек, үй бүлөңө бейкуттук, оомат, ал эми өзүңө жакшылык тилейм. Жакшы адамдан жакшы сөз чыгат, кубанасың... Уул, кызыңдын урмат-сыйын көргүлө. Айткан сөздөрүң орундуу, ырларың да маанилүү. Үй бүлөң таянар тооң,бактылуу болгула.
10.07.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анча мынча жалтырак ырчыларга караганда таланттуу ырчы.Кийингени да тыкан экен.Азамат.чыгармачылык ийгилик
10.07.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүрүн берсин Аллах таала! Админ Мандалакты ырдаган 60К менен Мурат Насыровдун ырларын кайдан көчүрсөм болот?
11.07.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aima94, саламатсызбы! 60К тобунун тизмесинен карап көрсөңүз болот.
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-11 09:52:21
10.07.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыланачтанып ырдап клипке тартылып койуп журушот деп сындап койуптур, бирок озу ошондой клип тартып башкаларга уйроттуго
10.07.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tina.kg,кайсы клипти жыланачтанып тартып элди уйротту эстей албадым
10.07.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыз кутуп жатабыз деген интервьюнузду окуганда комментарий жазган элем, бизда кыз кутуп жатабыз деп. Эми бул интервьюнузда уулум да, кызымда мага окшош депсиз, биздинда уулубузда, кызыбызда атасына окшош. Балдарыбыз жонундо айтып атканда , сырттагы адамга мындай эле катардагы соз болушу мумкун. Бирок ата энелер учун , айтып бере алгыс, сонун сезимдерди курчаган, озунчо бир керемет тууралуу соз.
11.07.2018. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле, 1 чи ошол жыланачтанып, уялбай клип тарткан ушул ырчы болгон. Англис тилинде ырдаган. Мирбектен кийин анан башкалары баштадыго.
11.07.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кезимден сыйлап ырларын суйуп баарын уккан жалгыз ырчым. Бактылуу болгула, балдарынар коп жашап бактылуу ден соолугу бекем, коп ийгиликтерди багынткан адамдар болушсун. Европага чыкчудай талантыныныз бар коп европалыктарга караганда. Ийгилик
11.07.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Mystery,койчу ошондойбу?
11.07.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек жакшы ырчы бирок ырлары акыркы кундору элге жакшы жетпей жатат.
11.07.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jakjakynas,наамды алды болду да!
11.07.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек менин жылдызым болчу. Жаны чыккандан баштап жакшы кором. Озун коро элекмин тушумдо коруп турам. Ошого да аябай кубанам. Ийгилик
11.07.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Необычный ысымдарды коюптурго))Адам,Ыйман))
11.07.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы талант
11.07.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы талант
11.07.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ош
11.07.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштардын номер 1ырчыларынын бириго
11.07.2018. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыныгы талант
11.07.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы эн таланттуу мыкты ырчы ырлары дагы нормальный короче наш гордость!
13.07.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмгек синирген артист наамын алганы дагы 10 жыл бар эле.Элестет концерт болуп Рахман менен Абдылданы жон эле аттарын атап,ал Эмгек синирген деп Мирбекти чакырса.Уялбагандан озун уяласында,меейли уну бар жакшы ырдайт аткаруучу деп билели бирок бир обон жазбаса чыгарма жазбаса эл оозго аларлык анан озу деле айтса болотда мага эрте деп.Эмгек синирген деген наамды Ырдын пири Ырысбай канчалаган эмгектин арты менен алды эле.Мирбек кайнатасынын арты менен алган дейт,просто уят уят дагы да миллион жолу
13.07.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Miroslav,Мирбек ырлырынын обонун өзү жазат. Башкаларга да обон жазып берет. Казак ырчылары да Мирбеке келип обон жаздырып кетет
13.07.2018. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наам алгандан кийин ырлары аябай соонун болуп баратат !
Наамды эрте берени жакшы ошол наамга татыктуу болууга аракет кылат жон эле телтендебей
16.07.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mirbektin yrlary jak4u emes, birok Narbaeva mn yrdaganda oto mykty yrdagan eken, kaitalap ukkandan tajabaim. Azamatsyn, ui bulon mn bar bol.
19.07.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага лично Мирбек Атабеков жагат.Учурунда анын ар бир ыры хит болгон.
Азыр да уккулуктуу ырларды ырдап чыгат.Ырларынын , клиптеринин үстүнөн жакшы иштегени көрүнүп турат, жеңил желпи эмес!
Мынча жакшынакай аттарды койгон балдарына! Атына ылайыктуу балдардан болушсун! Молодец!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: