Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АРТЫКБАЕВДИН ЖЭБДИН АФЕРАСЫНА КАТЫШЫ БОЛГОН ЭМЕС...№819 13-июль -13-июль, 2018-ж. 6-июнда УКМК тарабынан камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборуна которулду. Анын абалы оор экендиги жана ушул тапта жүрөк, кан тамыр жана башка ооруларын аныктап жатышкандыгы, анын жыйынтыгы менен жүрөгүнө операция жасалышы мүмкүн экендиги айтылды. Осмонбек Артыкбаев Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо кандай жүргөндүгү тууралуу маалымат берип жатып ал министр болуп дайындалганга чейин эле ЖЭБди жаңылоо боюнча сүйлөшүү бүткөн деп билдирген. Ал өзү аталган кызматка дайындалганга чейин эле ТВЕА менен ЖЭБди жаңылоо өлкө жетекчилиги тарабынан колдоо тапканын, Энергетика министрлиги сүйлөшүү саясатына гана жоопкер болгонун билдирген. «Министрлик тапшырмага ылайык жаңылоону карап чыкты. Ошондой эле президенттин аппаратынын позициясы менен Кытайдын министрлигинин нотасы эске алынды. Жетекчилик макулдук берген соң ведомстволор аралык комиссия бул компанияны алып келүү тууралуу маселени караган. Бул каттын негизинде мен өкмөт башчыга кайрылгам, андан соң өкмөттөн токтом даярдашты. Баары процедурага ылайык жүргүзүлдү»,- дейт Артыкбаев. Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтөө боюнча депутаттык комиссия 5 жыл мурда болгон окуялардын хронологиясын калыбына келтирди жана ар кандай деңгээлдеги чиновниктердин ортосунда болгон сүйлөшүү иштеринин бетин ачты. Расмий документтердин негизинде түзүлгөн хронологияда көмүскө иштер ачылып, эмне болгону белгилүү болду. 2013-жылы Сапар Исаковдун президентке жазган каты элге жарыяланды. Иликтөө чоң резонансты пайда кылды, коррупцияга байланышкан чатак кызыды. Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө беш ай ичинде айрым жогорку даражалуу чиновниктер жашырууга аракет кылган көптөгөн маанилүү фактылардын бети ачылды. Хронология боюнча Бишкек ЖЭБин жаңылоо жөнүндө демилге «Электр станцияларынын» башчысы Салайдин Авазов (балким, бул анын идеясы болгондур) тарабынан көтөрүлгөнү айкын көрүндү. Ал биринчи болуп энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго кат жазат. Катта Бишкектин жылуулук электр станциясындагы абалды баяндап жана ЖЭБди жаңылоо зарылдыгы тууралуу жүйөлөрдү келтирет. Андан соң ал ушул эле катты президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго жөнөтөт. Бул жерден көптөгөн суроолор келип чыгат. Эмнеге өкмөткө таандык болгон компаниянын башчысы Мамлекеттик мүлктү көзөмөлдөө фондунун башчысына жана өкмөткө кайрылбай, президенттик аппараттын бөлүм башчысына кат жазат? Бул бөлүм өлкөнүн энергетикалык тармагына жооп бербейт, бул өкмөттүн прерогативасы. Ал тургай сөз инвестиция тартып келүү тууралуу болуп жатса да, кат биринчи кезекте Тышкы иштер министрлиги менен өкмөткө жолдонушу керек болчу. Башкача айтканда, кат иерархиянын бардык тепкичтерин басып өтүшү керек эле. Ошого карабай «Электр станцияларынын» башчысы бөлүм башчы Сапар Исаковго кат жазат. Сапар Исаков өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаевге кызматтык кат жазат, анда Кытай тарап менен сүйлөшүү жүргүзүшкөнү, ал эми кытайлыктар баа сунушун айтканы дагы кошумчаланат. Бул жерден дагы бир катар суроолор пайда болот. Эмне үчүн президенттик аппараттын бөлүм башчысы ЖЭБди жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү? Эмнеге ал мындай чечимге келди? Бул маселе өкмөттүн иши экендиги тууралуу фактыны эске алганда анын укугу бар беле? Катта андан соң ЖЭБди жаңылоого инвестицияны кандайча тартып келиш керектиги тууралуу сунуштар айтылат. Мамлекетте акча жок болчу, ал эми Кытайдын ТВЕА компаниясы акча эмес, өз кызматын сунуштаган. Мамлекетте акча жок туруп эле, ал иш аткаруучу издеп жатат. Логика кайда? Цивилизациялуу өлкөлөрдө адегенде инвестиция тартып келишет, андан кийин гана иш аткаруучуну издей башташат. Ал эми ТЭЦте баары тескерисинче болгон, иш аткаруучуну табышкан, ал болсо акчаны кайдан алууну айткан. Бул нормалдуу көрүнүшпү? Жок, бул факты абдан олуттуу суроолорду пайда кылат. Бул жерде бир компаниянын кызыкчылыгын коргоо жүрүп жатабы деген суроо жаралат. Мамлекет эмес, ириде компаниялар долбоорду ишке ашырууга кызыкдар болушкан, тактап айтканда, көп миллиондук келишимдер зарыл болгон иш аткаруучу компаниялардын кызыкчылыктары болгон тура деген ой пайда болот. Мына ошондой компаниялар Кытайдын каржы институттарынан насыя алууну сунуш кылышкан. Бул жерде Кытай Эл Республикасынын позициясы дагы кызык. Улуу держава кимдир бирөөнүн көп жүрүштүү комбинацияларындагы чынжырчага айланып калгандай элес калтырат. Мындай нерсени улуу империя жактыра койбосу анык. Дагы бир маселе – кытайлыктар даяр баа сунушун кайдан алышты? Анткени каржы шарттарын даярдаш үчүн техникалык параметрлер зарыл, тактап айтканда, алардын колунда Бишкек Сүйлөшүүгө келели. Жогоруда аталган сүйлөшүү баскычында Салайдин Авазов менен Сапар Исаков биргеликте иштегени байкалып турат. Ошондой эле Айбек Калиевдин да аралашуусу бар, бирок ал тууралуу кийин сөз болсун. 2013-жылы 9-апрелде Авазов президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысына, өкмөттү кыйгап өтүү менен кат жазат, ал эми бөлүм башчы өз кезегинде 2013-жылы май айынын ортосунда президентке кат жолдойт. Анан калса Сапар Исаков кимди тартып келүү керектигин да сунуштайт. Сапар Исаковдун катында дагы бир маанилүү учур бар, ал катта керектүү сумманы 390 миллион доллар деп көрсөткөн, ал эми Авазовдун катында 396 миллион доллардык цифра көрсөтүлгөн. Эмне үчүн ар кандай цифра көрсөтүлүп жатат? Авазов компаниялар менен жолуккан эмес. Анда ким жолугуп бул компанияларды кароодон өткөргөн? Кайсы критерийлер боюнча аларды тандап алышты? Чарба иштерин дипломаттар чечип калган учурду улай президент өкмөткө кайрылбай туруп Энергетика жана өнөр жай министрлигине тапшырма берет. Эмнеге? Анткени Сапар Исаков менен Нурсулу Ахметованын катында аталган министрликке тапшырма бериңиз деп жазылган. Аталган министрликте бир аз мурда, тактап айтканда, 22-апрелде Автандил Калмамбетов кызматтан алынган. Эмнеге? Автандил Калмамбетов эмнеси менен жакпай калды? Анын тушунда ЖЭБди жаңылоо боюнча СМЕС, ТВЕА, "Интер РАО" менен сүйлөшүү жүрбөдү беле. Анан калса анын тушунда сүйлөшүү процесси аяктап калган, бир аз гана жумуштар – компанияны тандоо жана документти тез арада бүтүрүү калган. Балким, Калмамбетов көп миллион доллардык долбоорду алуучу компанияны тандаш үчүн кимдир бирөөгө тоскоол болгондур? Тагдыр чечерлик сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда министрлерди алмаштыруу сейрек болот. Ал эми бул убакытта Кыргызстанда бир ай бою энергетика министри дайындалбай, министрдин милдетин бир ай бою Айбек Калиев аткарган. Бир ай бою Сапар Исаков, Айбек Калиев, Салайдин Авазов ЖЭБ боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүшкөн. 2013-жылы 22-майда энергетика жана өнөр жай министри болуп Осмонбек Артыкбаев дайындалган. Жаңы министр жумушу менен тааныша электе, ишке келгендин экинчи күнү, 24-майда президент Сапар Исаковдун каты боюнча ЖЭБди модернизациялоо тапшырмасын берет. Артыкбаев бул ишти өзүнүн орун басары Айбек Калиевге табыштайт. Бинго, пасьянс түзүлдү! ЖЭБ боюнча кайрадан Сапар Исаков, Айбек Калиев жана Салайдин Авазов иштей баштайт. 2013-жылы 28-майда Артыкбаев министр болгонунан беш күндөн кийин министрлер жыйын өткөрүп, ТВЕА`нын сунушун карашат. Жыйынды Айбек Калиев өткөрөт. Артыкбаев ТВЕА`нын сунушун артка кайтарса болот беле? Мүмкүн эмес эле, биринчиден, тапшырма жогору жактан берилип, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы аракет кылган, анан калса Калиев менен Авазов Артыкбаевге баш тартууга жол бермек эмес. Чечим жамааттык негизде кабыл алынган. Иш аз эле калган, болгону процедуралык учурлар эле. Министр президентке жана өкмөт башчыга мамлекет башчысынын тапшырмасы менен президенттин аппаратынын позициясын эске алуу менен ТВЕА`нын сунушун кабыл алганын жазат. Жетекчилик өз макулдугун берет. Андан соң өкмөт башчы тиешелүү тапшырманы берет. 4-июлда «Электр станциялары» 390,2 миллион көлөмүндөгү ТВЕА`нын баа сунушун кабыл алуу боюнча токтомду кабыл алат. Май айында Сапар Исаков президентке жазган катта 390 миллион доллар тууралуу сөз болгон. 200 миң кайдан чыгып калды? Дагы дал келишпей жатат. 2013-жылы Энергетика министрлиги долбоордун баасын 386 миллион долларга чейин арзандатууну макулдашат. Долбоордун баасы төрт миллион долларга арзандайт, кимдир бирөөнүн үлүшү баары бир азайып кетти деп жоромолдоого болот. Бул процессте Сатыбалдиев, Артыкбаев жана Лаврованын ролу кандай болгон? Дагы арзандатууга болот беле, Артыкбаев жагдайды өзгөртүшү мүмкүн беле? Андай болбойт эле, ага чейин эле баары сүйлөшүлгөн жана президенттик аппараттын деңгээлинде чечилген, ага болгону кызматтык милдетин орундатууга гана уруксат беришкен. Анда эмне үчүн депутаттык комиссиянын айрым мүчүлөрү Артыкбаевди күнөөлүү кылгылары келип жатат жана ал кандай документтерге кол койгон? Эч кандай. ЖЭБди жаңылоо боюнча ТВЕА менен болгон келишимге «Электр станцияларынын» башчысы Салайдин Авазов кол койгон. Авазов министрлерди кыйгап өтүп бул келишимге кол коё алат беле? Ооба. Анткени компаниянын акциялары ал кезде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык болчу. ММБФ өз кезегинде буга макулдук берген. Кол койбоптур, колдоо кылбаптыр, кызматка сүйлөшүүлөр жүрүп бүткөндөн кийин келиптир. Балким, модернизацияга катышкандыр? Жок. Артыкбаевди 2014-жылдын соңунда кызматтан алышкан. Эмнеге? Жообу эң жөнөкөй, 2014-жылдын декабрь айынан баштап модернизациялоо иштери башталган. Артыкбаевдин ордуна Кубанычбек Турдубаевди дайындашкан жана бир нече айдан соң Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюп салышкан. Улуттук энергохолдинг түзүлүп, «Электр станцияларынын» акцияларын жаңы компанияга беришет. Жаңы Энергохолдингдин башчылыгына, албетте, ошол эле Айбек Калиев дайындалат. Модернизация башынан аягына чейин Калиевдин жетекчилиги астында өткөн. Дал ошол Калиевдин ЖЭБге сатып алынган кычкачтар жана башка сатып алуулар боюнча маалыматы болгон. Эгерде Артыкбаев катуу ооруп калса, аты аталган адамдар суудан кургак чыгып кетүү коркунучу бар, ошондуктан түшүнгөн адамдар Артыкбаевдин сакайып кетишин каалап турушат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Kyialbek.89
![]()
17.07.2018. 23:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артыкбайев жакшы адам еле ман айта алам
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|