Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТҮШТҮКТӨГҮ КАН ТӨГҮҮГӨ ТҮРТКҮ БОЛГОНДОР КИМДЕР?

№398 18-24-июнь, 2010-ж.


Мезгил үнү

Жыйырма жылдан кийин Ош окуясы экинчи ирет кайталанды. Бул жолку коогалаңдын мурдагыдан айырмасы эмнеде? Жаңжалга кимдер кызыкдар? Кан төгүүгө улуттар аралык чыр-чатак себепкерби же чагымчылардын ишиби?

17-июнь саат 9:00дөгү расмий маалыматтарга караганда, Ош жана Жалал-Абад облусундагы баш аламандыкта 191 киши каза болду. Жаракат алгандардын саны 2000ге жакын. Айрым маалыматтар боюнча, көз жумгандар мындан да көп. УӨнүн төрайымы Роза Отунбаева: “700 киши каза болду десе да ишенмекмин. Анткени көз жумгандарды убагында каттоого мүмкүн болбогондуктан, так санын эч ким билбей жатат”,- деди.

ОШ ОКУЯСЫ:
4-ИЮНЬ, 1990-ЖЫЛ
1990-жылы 4-июнда Ош облусунда өзбек жана кыргыз улутунун өкүлдөрүнүн ортосунда жаңжал башталган. Бул өзбектердин “Адолат” жана кыргыз жаштарынын “Ош аймагы” деген биримдиктеринин кагылышуусунан чыккан. Кыргыз жаштары Ош шаарында жер тилкесине ээ болууну каалашкан. Ал эми "Адолаттын" өкүлдөрү Кыргызстандын аймагында автономия түзүүнү, өзбек тилине статус берүүнү талап кылышкан. Расмий маалыматтарга караганда, Ош окуясында 1200 киши каза болгон(расмий эмес маалыматтар боюнча, 10 миңге жакын адам көз жумган).

ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОКУЯСЫ:
11-12-ИЮНЬ, 2010-ЖЫЛ
Ош шаарында 11-июнга караган түнү агрессивдүү маанайдагы жаштар топтоло баштаган. Алардын колунда арматура, жыгач таяк жана курал болгон. Жаштардын тобу эки улуттун тирешүүсү үчүн туш келген адамдарды мейли өзбекпи, мейли кыргызбы, атып, мекемелердин имаратына жана үйлөргө өрт койгон. Милиция кызматкерлеринин жана окуяга күбө болгон адамдардын айтымында, топту тишине чейин куралданган 5-6 адам жетектеген. Алардын артында 30-50дөй арматура жана жыгач таяк көтөргөндөр жүргөн. Ошондой эле бул топтун ичинде снайперлер да болгон. Бир эле учурда эл арасында “өзбектер атып жатышат, кыргыздар өлтүрүп жатышат” деп таратылган жалган маалыматтар эки улуттун ортосундагы жаңжалдын уланышына себепкер болуп калган.

ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН КЕЗЕКТЕГИ ОЮНУБУ?
Түштүктө башталган кан төгүү ушунчалык тез жана масштабдуу болгондуктан, кагылыштын чыгышына кызыкдар тараптын дыкаттык менен даярданганы байкалат. БУУнун укук коргоо боюнча комиссары Нави Пиллэй дагы түштүктөгү кан төгүү алдын ала уюштурулганын билдирген. Кыргызстан Борбор Азиянын чордонунда турат, ошондуктан дүйнөлүк державалар биздин өлкөгө кызыкдар экенин жашырбай келет. Ага биздин өлкөдө бир учурда Орусия менен АКШнын аба майдандары жайгашкандыгы мисал боло алат. Саясатчы жана дин таануучу Орозбек Молдалиев: “Интернеттеги маалыматтарга таянсак,
"чоң өлкөлөр өз ара сүйлөшүп алып Кыргызстанда жарандык согушту баштоону каалашат. Эгерде ал ишке ашса, мамлекет экиге бөлүнөт" деген сөз чындыкка айлануусу мүмкүн”,
- дейт.
11-июнга караган түнү башталган Ош шаарындагы коогалаң Ташкенттеги Шанхай кызматташтык уюмунун саммити менен дал келип калгандыгы жагынан да кооптондурат.

КУРМАНБЕК БАКИЕВ ЭМНЕ ДЕЙТ?
УӨнүн төрайымы Роза Отунбаева "түштүктөгү окуяга экс-президент К.Бакиевдин тиешеси бар" деп билдирүү жасады. Буга Максим менен Жаныш Бакиевдин үнүнө окшош адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүсү факты катары каралышы мүмкүн. Анткени анда июнь айында кайрадан бийликти тартып алуу чаралары жөнүндө сүйлөшүү болгон. Бирок Курманбек Бакиев "бирдеме болсо эле мага шылтай беришет, токтотушпайбы" деп "РИА-Новости" агенттигине билдирген. Саясатчы Марс Сариевдин айтымында, Ош шаарындагы окуя чагымчылардын иши жана ал референдумду үзгүлтүккө учуратууга багытталган.

СЫРТКЫ КҮЧ – ТЫШКЫ БАШКАРУУ
12-июнда Роза Отунбаева түштүктөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн Орусияга аскердик жардам сурап кайрыл­ган. Бирок Орусиянын президенти Дмитрий Медведев "түштүктөгү окуя бул – өлкөнүн ички чыр-чатагы" деп аскер киргизбөө жыйынтыгына келди. Ал эми эл аралык баяндамачы Аркадий Дубнов Орусиянын аскерлери Кыргызстанга киргизилерине ишенет. “Эгерде Жамааттык коопсуздук келишим уюму Кыргызстанга аскерлерин киргизсе, алар менен кошо тышкы башкаруу кирет”,- дейт О.Молдалиев. Кан төгүү башталганда "Өзбекстан дагы өзбек этникалык топту коргоо үчүн өз күчүн киргизет" деген сөздөр чыккан. Бирок УӨнүн төрайымы Роза Отунбаева Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен байланышканда, ал Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалды туура түшүнөрүн жана ага чейин жабык болгон чек араны ачууга макулдугун билдирген. Эч кандай күч киргизүү жөнүндө сөз болгон эмес.

ЧАГЫМЧЫЛАРДЫН ЖАККАН ОТУН ТУТАНТПАЙЛЫ
Ош жана Жалал-Абад облустарында үйлөр, дүкөндөр, мекемелер жана мектептер өрттөлдү. Оор кырдаалдан пайдаланып, талап-тоноочулар да жүрүшөт. Алар өз элинин байлыгын тоношууда. Эртең эле талкаланган имараттарды оңдоп-түзөөгө туура келет. Ошол талап-тоноочулар “тазалап” жаткан ишканалар мамлекетке салык төлөшөт. Ал каражат пенсия жана жөлөк пулга сарпталат.
Азыр үрөйдү учурган атайын бир кызыкчылыкты көздөгөн ушак-айыңдар көбөйдү. “Күчтүн көбү түштүктө болгондон пайдаланып, бүгүн-эртең Бишкекти басып алышат экен” деген сыяктуу сөздөр айтылууда. Бирок чагымчылардын сөзүнө ишенүү, алардын артынан ээрчүү туура эмес. Алардын сөзүнө ишенгендер анын курмандыгына айланышат. Буга түштүктөгү окуя күбө болду.
Ошондуктан чагымчылыкка жана эмоцияга алдырбайлы. Манас бабабыздан калган Ала-Тоонун тынч болушу жана балдарыбыздын келечеги үчүн өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактайлы.


ТҮШТҮК ОКУЯСЫ: КАНТИП БАШТАЛЫП, КАНДАЙЧА УЛАНДЫ?

11-июнга караган түнү башталган Ош окуясы жана эртеси Жалал-Абад шаарында болгон кагылышуу жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алып кетти, миңдеген мекендешибиз жарадар болушту.

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуялардын кыскача хронологиясы:

10-июнь, 2010-жыл

23:00 Ош шаарынын "Алай" мейманканасынын жанында жаштар тобунун арасында жаңжал чыккан.

11-июнь, 2010-жыл

02:00 Ош, Өзгөн шаарларында жана Араван менен Кара-Суу райондорунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилди. Коменданттыкка ИИМдин 1-орун басары Бактыбек Алымбеков дайындалды.
06:45 Түштүктөгү кагылышуунун алгачкы курмандыктарынын саны белгилүү болду. ИИМдин маалыматы боюнча, 4 киши каза таап, 40тан ашуун адам жарадар болгон.
07:30 Ош шаарында жергиликтүү тургундар өздөрү жашаган көчөгө баррикадаларды курушту.
08:00 Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева теле аркылуу элге атайын кайрылуу жасады.
08:15 Ош шаарында облустук филармония, Өзбек драмтеатры, “ОшТВ” телекомпаниясы, “Алай” мейманканасы жана типографиянын имараты өрттөнгөн.
10:00 Ош шаарында жаратылыш газын берүү токтотулду.
14:00 Оштун чет жакасында жайгашкан Фуркат айылында кагылышуу болду. Анда Ош шаардык Кеңешинин депутаты Аскар Шакиров өлтүрүлдү.
14:30 Ош мэриясынын суранычы менен жергиликтүү “ОшТВ”, “МезонТВ”, “Пирамида” жана DDD телеканалдары берүүсүн токтотту.
19:30 Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев менен Исмаил Исаков Фуркат айылына келгенде чогулган эл курал берүүнү талап кылды.

12-июнь, 2010-жыл

09:05 Түнү менен Ошто талап-тоноочулук болду. Араван районунда Ички иштер министрлигинин райондук бөлүмүнө кол салышты. Андан сырткары Кара-Суу районунда дүкөндөр талкаланды.
10:30 Жалал-Абад губернаторунун биринчи орун басары Жумагул Эгембердиев облуста кырдаал тынч экендигин маалымдады.
17:00 Оштун мэриясы нан бышыруучу жайларды иштетип, шаар ичинде элге нан таркатууга өттү.
17:50 Жалал-Абадда ок атышуулар болуп өттү.
18:30 ИИМдин академиясы, Нарын жана Талас облустарынын Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 4 учак менен улуттар аралык жаңжалды токтотуу үчүн Ош шаарына жөнөтүлдү.
21:05 Жалал-Абаддын К.Батыров атындагы Кыргыз-Өзбек университети өрттөнө баштады. Жалал-Абадда курман болгон алгачкы 6 адам жөнүндө маалымат таркады.
21:30 Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп Өмүрбек Суваналиев дайындалды.
21:40 Белгисиз адамдар Жалал-Абад шаарындагы аскердик бөлүктү басып алышып, курал, форманы алгандан тышкары БТРди айдап кетишкен.
23:35 Жалал-Абадда ЖТР компаниясынын имаратын өрт чулгады. Ушул убакка чейин милиция кызматкерлери аталган шаарда көрүнө беришпеди.

13-июнь, 2010-жыл

02:00 Ошто белгисиз адамдар “Өзбекстан Кыргызстандын аймагына аскердик күчтөрүн киргизип жатат” деген маалымат таркатышты.
09:00 Буга чейинки эки түнгө салыштырмалуу Ош шаарында бул түн тынч өттү.
10:00 Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка облустарында карапайым калк түштүккө гуманитардык жардам чогулта баштады. Ушул эле күнү учак менен 50 тонна азык-түлүктүн алгачкы партиясы Ошко жеткирилди.
10:45 Жалал-Абад шаарынын ипподромунда 2000ге жакын жаштардын чогулгандыгын шаардын мэри Максатбек Жээнбеков билдирди.
15:30 “Ош шаарынын Жийделик жаңы конушу жана ХБК районунун аксакалдары кезигип, жарашууга макулдашышты”,- деп Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов кабарлады.
17:45 Ошто ок атышуу токтоду. Мэриянын маалыматы боюнча, миңдеген адамдар гуманитардык жардам көрсөтүүнү сурап, коомчулукка кайрыла башташты.
18:00 Жалал-Абад шаарында кыргыздарды да, өзбектерди да атып жаткан беш-алты топ бар экендиги аныкталды. Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Кубатбек Байболов кыргыздардан, өзбектерден турган элдик кошуун түзүүнү сунуштады.
19:00 Базар-Коргон районунун Ички иштер бөлүмү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда белгилүү адамдардын тобу келип, токмоктой баштаган. Милиция кызматкерлеринин айтымында, алардын арасында снайперлер да жүрүшкөн.
21:30 Жалал-Абад шаарынын Красин көчөсүндө жайгашкан №8-орто мектептин имараты өрттөлдү.
23:30 Комендант Бактыбек Алымбековдун айтымында, кагылышууда Кара-Суу районунун Ички иштер бөлүмүнүн начальниги каза болду.

14-июнь, 2010-жыл

08:05 Республиканын жөнөкөй жарандарынын, мекемелер жана уюмдардын каражатына алынган азык-түлүк, дары-дармектен турган кезектеги гуманитардык жардам Ошко жөнөтүлдү.
11:10 Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 2000ге жакын адам чогулду.
12:00 Оштун Он-Адыр, Нариман жана аэропортко жакын айылдарында жашаган эл жарашуудан баш тартып, айылдын жака-белине жакындагандарга ок атышты.
13:00 Жалал-Абад шаарындагы бир канча кафе, дарыкана жана дүкөндөр өрттөлдү.
15:30 Ошто троллейбустар токтогон жайдагы 30 тонна күйүүчү майдын запасын белгисиз адамдар басып алышты.
22:40 Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна милиция кызматкерлери менен УӨнүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев барып түштү.
23:00 Ош шаарында буга чейин эки улуттун өкүлдөрү тарабынан барымтага алынган кишилерди алмаштыруу башталды.

15-июнь, 2010-жыл

08:30 Ош жана Жалал-Абад облустарында буга чейинки күндөргө салыштырмалуу түн тынч өттү. Ош шаарында, Фуркат жана Нариман айылдарында гана кырдаал башкарууга алына элек. Ал эми Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун айтымында, Жалал-Абадда кээ бир дүкөндөр иштей баштады.
11:00 Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 2000ге жакын тургундары Өзбекстан менен чектешкен чек ара постунан кайтып келишти.
11:30 Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү тазалана баштады.
14:50 Жалал-Абад шаарында гуманитардык жардам таратыла баштап, ар бир үй бүлөгө 2 кг ун жана 1 бөтөлкө суу берилип жатты.
15:30 Ош шаарындагы кээ бир райондордо гуманитардык жардам көрсөтүлө баштады.

16-июнь, 2010-жыл

09:00 Ош жана Жалал-Абад облустарында түн тынч өттү. Укук коргоо органдары тарабынан баш аламандыкты уюштургандар кармалууда.
12:30 Жалал-Абад шаарынын Спутник районунда гуманитардык жардам таркатылды. Ош шаарында да гуманитардык жардам берилип, тамак-аш таркатылууда. Кыргыздар жана өзбектер бири-бири менен азык-түлүк бөлүшүүдө.

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Көптөгөн ММКлар алгач окуянын чоо-жайын толугу менен түшүнбөй, “улуттар аралык кан төгүү болуп жатат” деген маалымат таркатышты. Биз Жалал-Абад жана Ош шаарында жүргөн көз карандысыз кабарчы Улар Оморов менен кабарлашканда, ал эки тарап тең улуттар аралык жаңжал эмес экендигин түшүнүшкөндүгүн билдирди. Анын айтымында, кыргыздар дагы, өзбектер дагы кандуу кагылышууну чагымчылар уюштурганын так билишти. Анткени куралданган топтор кыргыздарга да, өзбектерге да ок атып, абалды курчутушкан. Ушуга окшош эле маалыматты УӨ да таркатууда.

Сүрөт жана хронологиялык маалымат интернет булактарынан алынды.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КЫРГЫЗСТАНДЫН БҮТҮНДҮГҮН САКТАП КАЛУУ ҮЧҮН
КАНДАЙ АРАКЕТ КЫЛУУ КЕРЕК?

Айзада,
32 жашта, лаборатория адиси:
– Элибиздин бүтүндүгү өзүбүздөн көз каранды. Кыргызмын деген атуул акчага сатылып, чагымчыларга алданбаса, биздин биримдигибизге жарака кетпейт. Анан Бакиевге окшогон саткындарды кармап, элдин алдында жазасын бериш керек.

Таалай,
24 жашта, студент:
– Улуттардын биримдигин кетирип жаткан чагымчыларды жазалоо керек. Чыныгы элим деген патриотторго бут тосууларды азайтуу кажет. Эл ичинде биримдикке чакырган үгүт иштерин көбөйтүү, бул багыттагы плакаттарды илүү зарыл.

Гүлмира,
44 жашта, сатуучу:
– Өлкөнүн бүтүндүгүнө акчага сатылгандар, бузукулардын тилине киргендер жана мародёрлукка баргандар шек келтиришүүдө. Аларды соттоо кажет. Өлкөнүн биримдигин сактап калууну түшүндүргөн үгүттөрдү көбөйтүү зарыл.

Таалай,
38 жашта, айдоочу:
– Атайылап улуттар арасына от жагып жаткандарды, бийликти көздөп кан төгүүгө аралашкандарды өлкөдөн айдап чыгуу керек. Ар бир кыргыз элим, жерим деп күйүп, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн колунан келген салымын кошуусу кажет.

Атыркүл,
62 жашта, пенсионер:
– Кыргыз эли кыйын кезеңдерде деле биримдик менен баарын жеңип келген. Болгону, учурда Убактылуу өкмөткө баш бербей жаткандар көп. Темирдей тартип жетишпегенден улам башаламандыктар чыгып жатат деп ойлойм.

Адилет,
17 жашта, окуучу:
– Өлкө башында тургандарга элдин ишеними кетип калбадыбы. Ошондуктан ар ким өз билгенин кылып жатат. Андыктан элди ойлогондорго колдоо көрсөтүп, жеп-ичкендерди сөзсүз түрдө жазалоо кажет.

Айнура,
53 жашта, мугалим:
– Бири-бирин алдап, акча менен бардык маселени чечип, ыймандан кеткендер көбөйүүдө. Алар менен күрөшүүнү күчөтүп, идеологиялык иштерди оң жолго коюу керек.

Бахияна Сатылганова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(17)
21.06.2010. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укук коргоо органдары тарабынан баш аламандыкты уюштургандар кармалууда.
Emi achiktashbaybi alar kimdin(rossiyanin?amerikanin?) adami ekenin.
Eger kamera bar bolso andan karap maraderlordon algan nerselerdi zakonduu turdo kayrip alish kerek.
21.06.2010. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевтердин бул ишке эч кандай тиешеси жок окшойт калп эле аларга тонкой берген да болбойт! Ош милитция начльниги Болот Нишановтун айтканы далил болуп туратко! Ошто канча адам олсо канча имарат талкаланса кыргызстан канча акчага чыгым болсо ошонун баарына ошол 10-июнь куну 22.45 чогулган озбек (жигиттери) ошонун баарына кунолуу!!! Карагылачы эмне учун алар туну чогулуп чыгышты наразычылыгы болсо кундузу чогулуп айтышса болбойт беле, алардын ою туну тынч уктап жаткан кыргыздарды кыргыздын мекеме
21.06.2010. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош Милициянын начальнигин созу.
- 10-июнь күнү саат 22:45те мага күзөт бөлүмүнөн телефон чалышып, “Алай” мейманканасынын алдына келишимди сурашты. Ал жерде өзбек улутундагы миңден ашуун жаран чогулуп, тополоң чыгарып жатышат деген маалымат келди. Анан мен орун басарларымды алып, ошол жерге чыктым. Барсам бир-бир жарым миңдей өзбек жигиттер топтолуп алыптыр. Аябай агресивдүү болуп алышкан. Мен сw
21.06.2010. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сүйлөшкөнү бардым. Бирок кыргыз экенимди билип калып, өзбек жигиттер кол салышты. Бирөө бычагын көтөрүп жүгүрдү. Анан менин орун басарларым (өзбек) сиз алыс эле туруңуз, биз өзүбүз сүйлөшөбүз деди. Ошондо эки-үч саат сүйлөшүү жүргүздүк. Бирок өзбек жигиттер кепке келбей, агрессивдүү
21.06.2010. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок өзбек жигиттер кепке келбей, агрессивдүү боло беришти. Кыйкырып-өкүрүп, чабуул жасай беришти. Колдорунда арматура, союлдар, бычактар бар эле. Биз барганга чейин эле “Алай” мейманканасынын тегерегиндеги имараттарды өрттөп жиберишкен. Биз студенттердин баарын чыгарып кеттик. Ошол күнү болгон окуяга кыргыз жигиттердин эч кандай тиешеси жок. Кечинде болгон
21.06.2010. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечинде болгон окуяны угуп алып, анан чыгышты алар. Анан “Алай” мейманканасынын айланасында эмне күйгөн болсо, баарын өзбек жигиттер өрттөгөн.

Болот Нышановдун айтымында, кыргыз жигиттер ошонун эртеси, 11-июнда гана көчөгө чыккан.
22.06.2010. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору баарын баштап алып эми ар кандай маалымат каражаттарынан биз эч кандай куноолу эмспиз бизди олтуруп жатат деп амалкойлулук менен бул окуядан камырдан кыл сууругандай чыккылары бар.
Жогорудагы Ош милициясынын начальниги айткан создор кимдин биринчи баштагандыгын ачык айкын билдирип турат.
Ошол урушту пландаштырып баштагандарга мамлекет тарабынан чечкиндуу чаралар колдонууга тийин.
22.06.2010. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош Жалал-Абад Озгон Араван Кара-Суу ж.б озбек мектептерди кескин турдо кыкартуу аларга мажбур турдо кыргыз тилин уйротуу боюнча иш аракеттериди аткаруу керек. аларга Озбекстанды эмес кыргызстанды(кыргызстанда жашап жаткандан кийин)суйдуруго жада калса кыргыздаштыруу саясатын жургузуу керек.
22.06.2010. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темирбек эн туура айтасын,эми теледен тим эле ким бечара озбек бечара,кимдер олду озбектер олду деген маалыматтарды берип жатышат.Коруп алып аябай зеенин кейийт экен.Баарына азыр баягы эле кыргыз куноолуу болуп жатат.
22.06.2010. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек улуту баарын баштап прессага кыргыз кылды деп кыргызымды каралайт ушунча болду озбек улуту кандай экенин мен билем булар хамалион калк озбектун иши там айлангича деген соз бар кыргызды каралабай озбектин да кылгын кылымышын жазгыла Темирбек жана Айжан жана кыргыздардын оюна менда кошулам Кыргызстанда бир гана кыргыз тили болуш керек озбектерге айтарым тушунорда кирбесин силердин тилинер расмий тил эч качан болбойт
23.06.2010. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 жыл срок коюп орус тилин созсуз алып салышыбыз керек.ушундай кагылышууларда чыкпайт.биз озубузду сыйлабасак бизди эч ким сыйлабайт. болбосо ушинтип акыркы сорт болуп журо беребиз
23.06.2010. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин ойумча бул нерсеге бир адам гана турку жана тиешелуу деген туура эмес ко ар бир адам менин оюмча озуно ылаыктуу кунокор табып алат деп ойлойм бул коптон бери Кыргыз-Озбек улутунун бири бирине тирешип очошуп келе жаткан нерсе го анан тигил кунолуу деген болбой
бирок менин абдан кыжалат кылылганы бул Кыргызстанда Жакшы адам олко башы болбогону
мисалы эки Экс президенттер же болбосо азыркылар Барына ишене албадым ( бардык КЫРГЫСТАНдын тарыхындагы бардык олко башчыларына ишен
23.06.2010. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оздору кылып коюп кыргыз кылды деп дуйного кыргызды жырткыч кылып корсотконуно жиним келип жатат. А кыргыздын бейкуноо балдар кыздары, энелердин коз жашы эсепке алынбайбы... Бактылуу турмушту энсесе оз мекенине кете берсин эшиктен кирип тор меники дебей.
24.06.2010. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агата Кристb Туура айтасын созуно кошулам.
25.06.2010. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызыстан жалпыбыздын уйубуз деп башынан бардык башка улуттагыларга кудай берип калган да.Оз Ата Мекенибизди,улутубузду алакандай кичине жерибизди сакташ учун бир аз нацист болушубуз керек.Тилибизди оркундотушубуз керек,айыл башчыларынан баштап ханыбызга чейин таза кандуу кыргыз болушун козго алышыбыз керек.Кыргыз улутун,мекенин сакташ учун ынтымак болушубуз керек.Озубуз кыргыздар урушуп ынтымаксыз болсок албетте башка улуттар бизди жок кылгылары келет да.Журогу жок коркок,эки жуздуу озбектер-
25.06.2010. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ди ордун,акесин таанытып кое турган кыргыз жигиттери каякта?Баары эле бийлик талашып журо бербей улутту,мекенди сакташпайбы.Орустар,амекикалыктар жада калса озбектер акча берсе эле тилин-дилин,улутун сата берген эл башы мырзаларыбыз калганбы?Бизге,Кыргыздарга Манас Атабыздай,Чынгыс Хандай Каардуу намыской,эли-жеринин эртенин ойлогон таза кандуу кыргыз баатыры керек.Элибиз да аны колдоп жардам берип бул вечный кризистен чыкпасак башка жол жок.Военный силди кучотуу остуруу керек.Солдат керек.
25.06.2010. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле бул мурдатан озбектер тарабынан даярдалып жургон нерсе болсо керек болбосо ошондой адам олуп жаткан тополондо камерага тартып алуу кимдин ойуна келет.Камерага жалан гана озбектер тартышкан ал тургай интернетке киргизгенге да үлгүрүшкон.Демек бул даярдыктын натыйжасы экенине толук кошулам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: