БИР БҮРКҮМ. ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 38 182 АДАМ СҮЙҮНЧҮ ПУЛ АЛДЫ...
№821 27-июль -2-август, 2018-ж.
-

Бишкектин мурдагы мэри
АЛБЕК ИБРАИМОВго мыйзамсыз жер сатуу боюнча “коррупция” беренеси менен дагы бир айып тагылды. Ал буга чейин башка кылмыш иши боюнча камакка алынган.
-
2018-жылдын 6 айында өлкө бюджетине 1 миллиард 103 миллион сом ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН ФАКТЫЛАР боюнча Каржы полициясы 479 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлү Сагынбек Абдылдаев билдирди.
-
6 айда ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУДАН бюджетке 260 миллион сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы билдирди.
-
Өкмөт "КООПСУЗ ШААР" долбоорун ишке ашыруу үчүн 2 миллиард 552 миллион 706 миң 240 сомго тендер жарыялады.
-
Экс-депутат АИДА САЛЯНОВАнын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген үчүнчү жаран кармала электигин ИИМден билдиришти. Буга чейин кылмышка шектелип 2 адам кармалган.
-
УЗАРБЕК ЖЫЛКЫБАЕВ Ош облусунун башчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусун жетектеп келген.
-
Быйыл февралда Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты ДАМИРБЕК АСЫЛБЕК УУЛУН камакта кармоо мөөнөтү 15-августка чейин узартылды.
-
Парламент депутаты, Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча кылмышка шектелип кармалган ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВ ооруканадан УКМКнын тергөө абагына которулду. Депутатка жакында операция жасалган.
-
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Нуржан Алапаеванын айтымында, жыл башынан бери 38 182 адам СҮЙҮНЧҮ ПУЛ алды. Бул үчүн 155 миллион 800 миң сом төлөнгөн.
-
Жыл башынан бери өлкөдө 80 адам СУУГА ЧӨГҮП КАЗА БОЛГОН. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Рысбек Жолдошбаев билдирди.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0