
23-29-июль күндөрү Таиланддын Паттайя шаарында студенттер арасында тайбокс боюнча Дүйнөлүк чемпиондук болуп өттү.
Матысаев мелдеште 67 килограммга чейинки чен бирдикте күч сынашты. Бекжан алгачкы беттешинде венгриялык Курд Истванды 30:27 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда Словениянын намысын коргогон
Сасо Воркапичти 2-раундда нокаут абалына келтирип, финалга кадам таштады.
Чечүүчү беттеште таиланддык Суксангуан Ситтисакка каршы чыкты. Биринчи раундду Матысаев 10:9 эсебинде жеңип алды. Экинчи раундда беш калыстын төртөө кыргыз мушкерге жеңишти ыйгарганы менен, башкы калыс чечимди өзгөртүп, жеңишти таиланддык спортчуга берип койду. Акыркы раундда 2-раунддагы кырдаал кайрадан кайталанып, негизги калыстын адилетсиздигинен улам Матысаев чемпиондуктан куру калды.
Дагы бир кыргыз спортчусу Арген Керимбеков бул мелдеште үчүнчү орунду ээлеп, коло байгеге ээ болду.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg