БИР БҮРКҮМ. ЭКИ АЮУ КОЛ САЛЫП, 67 БАШ КОЙДУ ЧАЙНАП ӨЛТҮРДҮ...
№822 3 - 9-август, 2018-ж.
-

Бишкек шаарында №2-жаңы
ТРОЛЛЕЙБУСТУК КАТТАМ ачылды. Ал Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттайт.
-
Каракол шаардык кеңешинин депутаттары мэр ДАНИЯР АРПАЧИЕВге ишенбөөчүлүк
көрсөтүү чечимин кабыл алды.
-
КОРРУПЦИЯЛЫК ИШТЕРДЕН өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке 234 миллион сомдон ашык каражат түштү.
-
III ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА билеттин баасы 400 сомдон 5000 сомго чейин жетерин өкмөттүк аппарат билдирди.
-
Президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ 30-июлда бир жумалык эмгек өргүүсүнө чыкты. Өлкө жетекчиси Ысык-Көлдө эс алат.
-
Президенттик аппараттын алдында БАЛДАР ҮЙЛӨРҮ системин жана интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.
-
"Балдарга 6 айга чейин эмчек эмизүү ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ӨЛҮМҮН 25 пайыздан 40 пайызга чейин азайтат",- дейт Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев.
-
Кара-Кулжада короодогу койлорго ЭКИ АЮУ КОЛ САЛЫП, 67 баш койду чайнап өлтүрдү.
-
Президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ 1654 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, ошондой эле 1170 адамды Кыргыз жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
-
Өлкөдө учурда 1171 бейтап ГЕМОДИАЛИЗ жабдуусунун кызматын пайдаланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
-
Ысык-Көлдө таксист ОРУСИЯ ЖАРАНЫН 7 жаштагы кызы менен кошо сабады. Облустук милиция билдиргендей, кылмышка шектүү кармала элек.
-
Бишкекте Ленин райондук сотунун имаратында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокери ӨЗҮН-ӨЗҮ АТЫП каза болду.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0