Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
6 ЖАШАР КЫЗДЫН АПАСЫ: «КЫЗЫМДЫ ӨГӨЙ АТАСЫ КОРДОП ЖҮРҮПТҮР»№822 3 - 9-август, 2018-ж.
Кызынын абалына жүрөгү чыдабаган апасы “ыплас аракеттер жасалган болсо, күнөөлүүлөр эркиндикте жүрбөшү керек эле” деп нааразы: – Мен биринчи турмушумдан ажырашып, кызымды жетелеп экинчи ирет турмушка чыктым. Экинчи күйөөм кызыма жакшы мамиле жасачу. Бейбаштык кылса гана бир аз катуу сүйлөгөнү болбосо, кол көтөргөнүн көргөн эмесмин. Ушул жылдын жаз айларында күйөөм экөөбүз таарыныша кетип, ал иштегени Москвага кетти. Ошондо гана анын кызыма ыплас аракеттерди жасап жүргөнүн билип жатам. Кызым бир күнү өзү теңдүү бөлөлөрү менен ойноп жатып, “мен ооздон өпкөндү жакшы көрөм” деп айтыптыр. Муну угуп, “сага ооздон өпкөндү ким үйрөттү?” деп сурасам, айтпай койду. Эртеси күнү тамак ичип отурганда кызымды алдап чакырып сурай баштадым. Кызымдын “атам үйрөткөн” дегенин угуп алып нес абалда калдым. Ушундай кантип болмок эле деп ишене албай, башка суроо бере алган да жокмун. Эртеси күнү гана дагы эмнелерди кылып жүргөнүн сурасам, үч уктасам түшүмө кирбеген нерселерди айтып берди. “Сиз жумушка кеткенде мени урчу. Уят видеолорду коюп берип, “жакшылап үйрөн, апаң жумушка кеткенде сен экөөбүз ушундай кылабыз” дечү” деп айтып берди. Андан башка да ыплас аракеттерин айтып берди. Каршы чыкса, урчу экен. Бир ирет башка чапса, башы сандыкка тийип катуу ооруптур. Байкушум, кордук көрүптүр. Качып кетейин деп караңгыдан, иттерден коркчу экен. “Апаңа айтсаң, сени, апаңды кошо өлтүрүп көмүп кетип калам. Силерди эч ким таппай калат” дептир. Мындай аракеттер жарым жылдай уланыптыр. Байкабай жүргөнүмдү карасаң. Ошол маалда кызым мектепке чейинки даярдоо классында окучу. Мугалими "кызыңыз башында активдүү болчу. Азыр маанайы суз болуп, сабактарга көңүл бурбай калды" деп айткан эле. Анан 20-мартта Сокулук РИИБине арыз жаздым. Соттук-медициналык экспертиза даярдалды. Бирок анда кызымдын денесинин баары таза чыкты. Бул көп убакыт өтүп кеткендиктен болушу да мүмкүн. Психологго көрүндүк. Кызымдын документтери жок болгондуктан соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрө элекмин. Кызым төрөлгөндө паспортумдун мөөнөтү өтүп кетип күбөлүк ала албай калгам. 30-июлда күбөлүк алдым. Эми экспертизадан өткөрөбүз. – Бул иш боюнча күйөөмө карата “14 жашка толо элеги белгилүү болгон адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттерди жасаган” деп кылмыш иши козголгон. Май айынын аягында 2 жарым жашар балам кайнак сууга күйүп каза болуп калды. Уулун жерге бергенге 18-июнда күйөөм учуп келип, аны милиция кызматкерлери аэропорттон кармап кетишти. Баламды акыркы сапарга узатуу үчүн аны 2 кызматкердин коштоосунда бир күнгө коё беришмек. Бирок эмнегедир кайра өзүн жалгыз эле 3 күнгө коё беришиптир. Жолдошумдун айтканына караганда, ал милиция кызматкерлерине 15 миң рубль берип, 3 күнгө уруксат алыптыр. Анан ошол убакытта ал качканга аракет кылды. Өзүнүн документтери милицияда болчу, инисинин паспорту менен Казакстанга өтүп баратканда кармалып калды. Ошондо анын үстүнөн “документ жасоо”, “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен кылмыш иши козголуп, камалган. Кийин кайра эле бошоп кетиптир. Күйөөмдү эркиндикке коё бербеши керек болчу. Азыр кызым экөөбүздүн коопсуздугубуз мени ойлондуруп жатат. Үйгө баргандан коркуп, тааныштарымдын үйүндө жашап жатам. Күйөөмдөн көп нерсени күтсө болот. Анткени ал мага үйлөнгөнгө чейин 2 жолу абакта отуруп чыгыптыр. Адам өлтүргөндөн кайра тартпайт. Ал өзү “бул берене менен камалганча, адам өлтүрүп отурганым жакшы” деп айткан. Жабырлануучу кыз 2 жарым ай ЮНИСЕФтин зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунда реабилитациядан өткөн. Аны менен иштешкен психолог Наргиза Субаналиева кыз эч нерсени оюнан чыгарган эмес дейт: – Мен ал кыз менен 2 жарым айдай иштедим. Башында баланын психикалык абалы оор болчу. Депрессияга кабылган, корккон абалда, түнт болчу. Аны депрессиялык абалдан чыгаруу оор эле. Алгач кыз отургучка отургандан да коркчу, жамбашы ооручу экен. Кыздын айтканына караганда, ага өгөй атасы кыйнап порно тасмаларды көрсөтүп, анан көргөндөрүн кайталоону талап кылыптыр. Зордуктоо да болгон. Кыз болгондорду майда-чүйдөсүнө чейин айтып берди. Чоңдор үйрөтүп коюшкан же кыз оюнан чыгарып жаткан жокпу деп атайын психологиялык оюндардын жардамы менен да текшерип көрдүм. Жок, кыз алдабаптыр. Эгер бирөө тарабынан үйрөтүлгөн болсо, кыз мынчалык майда-чүйдөлөрдү айта албайт болчу. Өгөй атасынын мындай аракеттери жарым жылдай уланган. Атасы бирөөгө айтса өлтүрүп коёрун айтып коркутуптур. Анан атасы Москвага кеткенде гана коопсуздукту сезип, апасына айта алган. Үйүнө коноктор келип, ал кыз конокко кошо келген жаш балдар менен чоң адамдардай болуп оозунан өбүшкөн экен. Ошондо аны чоңдор байкап калып, сурап башташканда билинген. Соттук-медициналык экспертиза муну тастыктай албаганы таң калычтуу эмес. Анткени окуядан кийин 2 айдай убакыт өтүп кеткен, жарааттар айыгып калган. Азыр кыздын абалы жакшырып калды. Эми кайрадан анын жараатын козгобош үчүн соттук процесстерге өзүн катыштырбаганга аракет кылабыз. Бул окуя тууралуу сурап кыздын өгөй атасына да байланыштык: – Келинчегим экөөбүздө келишпестиктер уулум каза болгондон кийин башталды. Ушуну менен экинчи ирет баламдан айрылып жатам. 2010-жылы да уулум ооруп бизди таштап кеткен. Баламды жоготконумда ачууга алдырып келинчегиме “баланы күйгүзүп алгандан көрө өзүң өлүп калсаң болмок” деп айткам. Ата-эне баланы карашы керек. Бирок кайра катуу сүйлөп алдым го деп ичимден жаман болуп калгам. Кудай берди, кайра өзү алды деп өзүмдү сооротуп жүргөм. Келинчегим минтип силерге кайрылып, өзүн-өзү актап, менден качып жаткан болсо, анда кандайдыр бир күнөөсү бар. Демек, баланы ал өлтүргөн. Же үйгө камап кетип калган. Бул тууралуу ар кандай варианттарды угуп жатам. Бирок аныгын билбейм, ошондуктан күмөн санап аялым менен урушуп жаткам. 133-берене эмне экенин да билбейм. Сиздерге жеткен маалыматтар жалган. Андай эч нерсе болгон эмес. Сиз айтып жаткандай иш болсо, анда мени камап коюшмак да. Бирөөгө жамандык кылган эмесмин. Жакшы эле жашап келатканбыз. Акча таап, үй-бүлөмдү багайын деп Москвада иштеп жүргөм. Үй-бүлөмдү да Москвага чакырып алайын деп жаткам. Кызым менен мамилем жакшы болчу. Сүйлөшүп турчумун. Мен үй-бүлөмө карата катуураакмын. Мени уруп коёбу же башка нерсе кылып коёбу деп коркуп, келинчегим мага жалаа жаап жатат окшойт. Уулумдун каза болгонун укканда дароо эле келе калгам. Орусияда бүтпөй калган иштерим бар эле. Аларды бүтүрүп келейин деп, качпай эле кетип бараткам. Ал эми документтерге келсек, өз документтерим менен ал өлкөгө кире албай калыптырмын. Каттоодон ката кеткенби же Москвада жасалма каттоо менен жүргөнмүнбү, билбейм. Ошол себептүү инимдин документтери менен барып келе калайын дегем. Бирок кармалып калдым. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери Нургүл Нусупова буларды айтып берди:
2018-жылдын 21-июнь күнү ушул эле жаран “Ак-жол” көзөмөл өткөрүү пунктунан жасалма документ менен кармалган. Сокулук РИИБи анын үстүнөн “жасалма документтер менен чек арадан мыйзамсыз өткөн” деп кылмыш ишин козгоп, соттун чечими менен ал 1 айга камакка алынган. Бир ай өткөн соң тергөөчү айыпкерди камакка алуу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн келтирген. Бирок сот тарабынан өтүнүч канааттандырылбай, ал үй камагына чыгарылган. М.К. буга чейин баңгизатын сактоо жана сатуу беренеси боюнча 2 ирет соттолгон. Кыз менен иштешкен психолог кыздын зордук-зомбулукка кабылганын тастыктап жатат. Бирок кыздын өздүгүн тастыктоочу документтердин жок болгонуна таяп милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзбөй жатышат. Бул окуянын жыйынтыгына дагы кайрылабыз. Перизат Музуратбекова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(22)
kadam
![]()
07.08.2018. 10:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Бул эмне деген маскарачылык?! Кыздын документи барбы, жокпу, ага карабай жашы жете элекке кылган иши үчүн кылмыш иши козголуш керек болчу! Тиешелүү мамлекеттик органдар тыкыр контролго алыш керек.
Stervamyn
![]()
07.08.2018. 11:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошол кызды зордуктап жургондо,кок мээ энеси кайда жургон?Кантип кичинекей кыздын журум турумун байкаган эмес?
kenje-888
![]()
07.08.2018. 11:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Энесинде да тоодой куноо бар кызына кунуно конул бурса байкамак да. Балдарын карабаган эне окшойт 2чисин куйгузуп алса... кудай сактасын балдарды куйуктон
Dembele84
![]()
07.08.2018. 13:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азыр эрди катын уруша кетсе, биринчи эле кызымды зордуктаптыр,антиптир,мынтиптир деп эле даттана калчу нерсе модага айланды.Себеби ошол шылтоо менен куноо коюу оной болуп калды.Экоонун ортосунда башка нерседен жанжал чыгып,катыны кызын ортого тыгып,куйоосун каматайын дегендей туюлуп жатат.Куйоосун да ак дебейм,жакшылап текшериш керек!
Dembele84 түзөттү 2018-08-07 13:50:10
ikitaidesu
![]()
07.08.2018. 14:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
1-турмуштан бала менен ажырашкандар башка турмуш курбай эле койгула... Балдарды тарбиялап жакшы жашагыла!
Biinura
![]()
08.08.2018. 10:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ikitaidesu,туура! Баштан отту. Уулум жер коз болуп калды.
monster_high_98
![]()
07.08.2018. 14:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Далилден дагы документ бийик турабы? Бизде качан мыйзам иштейт,адам адамды олтуруп жатса дагы документ деген нерсени шылтоолоп жинди деген справкасы бар экен чыгарыш керек деп бошотуп салышат.Документи барбы жокпу,далилге таянбайбы, психолог деле тастыктады,бангилер озу ХХХ болот да
Shahrizaada
![]()
07.08.2018. 15:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыз чонойтуш ото эле коркунучтуу болуп баратат го кундон кунго.
Guli.89
![]()
07.08.2018. 17:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тооба кылдым озун сактай кор кудай..кандай заман болуп кетти...
kolyn
![]()
07.08.2018. 17:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балдарга интим асылгандар уже касал адамдар...,тооба,тооба
Bayanova
![]()
07.08.2018. 18:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай педофилдерге каттуу мыйзам чыгабы же жокбу? Жок болсо эл озу эле ХХХ ХХХ Кызды чонойтуп турмушка узатыш кыйын болуп бара жатат! Милиция, газета, прокуратура болуп журуп же ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-08 10:45:23
admin_media
![]()
08.08.2018. 10:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bayanova, этика нормаларына туура келбеген, провокация жараткан билдирүү калтырууга тыюу салынган. Билдирүү түзөтүлдү!
Tiken
![]()
08.08.2018. 00:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ Ушинтип балдарындын тагдырын извращенец огой атага кордоткуча эрге тийбей так откон жакшы...
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-08 10:46:43
admin_media
![]()
08.08.2018. 10:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tiken, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз!
Biinura
![]()
08.08.2018. 10:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 жолу соттолгонун билип неге тиет? Озундо да бар.
pomposh
![]()
08.08.2018. 10:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тобоо кылдым. Эркектерге ыйман берсин.
Aisle
![]()
08.08.2018. 16:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мен дагы кичинемде кабылдым ушундай окуяга балдарынарды бироого ата эненерге дагы таштабагыла..бироо баары бир бироо..экинчи турмушка чыкпай эле койгула аялдар эгер баланар боло турган болсооо..
faraon312
![]()
10.08.2018. 20:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткандын жазасынан кутула албас...
dina
![]()
11.08.2018. 00:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жасалма документ менен чыгып кетем деп кармалгандарга эч кандай жаза жокпу?
nuriwka
![]()
12.08.2018. 00:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каждый третий педофиль болуп кеткенби эмне... оо Аллах эки баламды ата энеме таштап чет жака барып иштейм деп коем дагы. Минтип мага окшоп 2 бала сы мн ажырашкандар кантебиз анан????? Эххъъ.......
nargiza1986
![]()
12.08.2018. 18:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо энесинде! Кантип кызынын журум-турумун байкабайт. Демек жакшы караган эмес.
AKCAHAT
![]()
13.08.2018. 17:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балалуу айрыкча кыздуу энелер кайра кайра турмушка чыга бергенди койгулачы. Канчалаган бобок кыздар запкы жеп жатат. Бир аз кызынар чонойгондо деле тийип улгуросунор.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|