Масато Утисиба 2004-жылы Афиныда жана 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында чемпион аталган. Ал 2011-жылы «студент кызды зордуктады» деп шектелип камакка алынган. 2013-жылы сот Утисибанын күнөөсү далилденди деп, спортчуну 5 жылга эркинен ажыраткан. Бул окуядан кийин Япониянын дзюдо федерациясы анын мурунку эмгектерине карабастан өзүнүн курамынан четтетип салган.
Дал ошол Масато Утисиба Кыргыз өлкөсүндөгү дзюдо клубдарынын бирине машыктыруучу болуп дайындалды. Япониялык дзюдочу өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кыргыз дзюдочуларына 2020- жана 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарында ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүүгө жардам берет. Азыркы тапта Масато Утисиба Кыргыз өлкөсүнө келип, келишим боюнча август айында жумушун баштамакчы.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg