Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «ФРАКЦИЯДАН ЧЫГАРЫЛГАНЫМ МЕНЕН, МИҢДЕГЕН ЖАШТАРДЫ САЯСАТКА КЕЛҮҮГӨ ШЫКТАНДЫРА АЛДЫМ»

№824 17-23-август, 2018-жыл


Өзү бийликте туруп бийликти көзгө-башка чаап камчылоо, сындоо, кемчилигин тайманбай бетке айтуу эскиден Текебаев, жаңыдан Жанар Акаев өңдүү депутаттарга куп жарашат. Бийликтин табияты сынды жактырбайт. Андыктан бул депутаттарды бийлик бат эле сүрүп чыгарып салды... Жанар мырза менен депутаттык ишмердүүлүк, мурдагы жана азыркы бийлик менен мамилеси, пландары тууралуу баарлаштык.

– Жанар мырза, президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы катуу күрөш болот деп жатат. Бир топ экс-чиновниктер УКМК тарабынан кармалып, тергөө жүрүүдө. Азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү купулуңузга толуп жатабы?

– Мен ким гана бийликте болбосун коррупция менен чечкиндүү күрөшүүнүн тарапкеримин. Азыр бийлик коррупцияга каршы күрөштү баштады, бул күрөш эч качан солгундап калбашы керек. Эң башкысы, бийлик коррупцияны шылтоолоп өзүнүн саясий атаандаштарын камабашы зарыл. Элибиз азыр саясатты мыкты түшүнөт, ким ууру, ким таза, баарын беш колдой билип турат. Соңку убакта камалган чиновниктерди карап көрүңүз, өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп топтогон байлыгын карап көргүлө, эл катары жупуну турмушта жашаган бирөөсү жок. Буларга болушуу мүмкүн эмес, болушсаң эл кечирбейт. Бишкек ЖЭБин, Тарых музейин жаңылоодогу былык иштер ачыкка чыгып, мамлекетти карызга батырган кредит, гранттарды уюшкан саясий топ талап-тоноп жүргөнү билинип калгандан кийин эл президент Жээнбековдон коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү күтүп жаткан. Азыр башталган коррупцияга каршы өнөктүктү толук колдойм жана бул багытта президент Сооронбай Жээнбековго колдон келишинче көмөк көрсөтүүгө даярмын.

– Бийлик чиновниктерди четинен коррупцияга айыптап, камай бериши мүмкүн. Бирок андан коррупция жоголуп кетеби? Эмне үчүн коррупцияны жаратуучу жагдайларды жойбойт?

– Азыркы камоолор депутаттарды, чиновниктерди бир топ чочулатып койду. Уурдап байыганы менен, бир күнү түрмөгө отуруп калышы мүмкүн экенин сезип, өзүн-өзү тыйып калышты. Ал эми орто жана чакан деңгээлдеги коррупция дагы деле гүлдөп жатат. Мисалы, тендер өткөрүү, бирөөнү жумушка коюп акча алуу өңдүү иштер азыр жок эмес. Негизи, «уурдаба, таза иште» деп талап кылардан мурун кызматкерге жакшы маяна төлөп берүү керек. Өткөндө 10 миң сом пара алып жаткан университет мугалимин террорист кармагандай куралчан топ барып кармап, аны "коррупция менен күрөш" деп мамлекеттик телеканалдан эртеден-кечке көрсөтүштү. Көрүп уялдым. Күрөшө турган башка иштер толуп жатат. Коррупция менен күрөш жүрсүн, бирок ал элдин курсагын тойгузуп, мамлекетти байытып жибербейт. Он чакты чиновникти түрмөгө отургузуу менен бүтөт. Президент коррупцияга каршы күрөш баштады, бирок өкмөт күрөштү колдоп-коштоп кете албай жатат. Элди иренжиткен чиновниктер дагы деле өз ордуларында камырабай отурушат.

– "Өткөн бийликтин сунушу, оппозицияныкы же биздики" деп бөлбөй туруп коррупцияны жаратуучу жолдорду бууй турган таза коомду курсак болбойбу?

– Кыргыз саясатында жеке таарынычтардын, кызганычтардын айынан көп жакшы идеялар ишке ашпай калат. Былтыр жапайы айбанаттарды атууга мораторий киргизүүнү сунуштап чыксам, мен Атамбаевге каршы болгонум үчүн эле өкмөт мыйзамды колдобой койду. Мисалы, Сапар Исаков экөөбүздүн саясий көз карашыбыз, Атамбаевге болгон мамилебиз таптакыр башка болчу. Бул маселеде биз эки ача пикирде элек, мен аны катуу сындап да жүрдүм. Бирок ачык айтып коюш керек, Сапар Исаковдун азыркы өкмөткө караганда бир топ амбициялуу пландары бар эле. Азыркы өкмөт мындай кашаң иштесе эл ичинде "буларга караганда Исаков түзүк болчу" деген сөз айтылат. Исаковдун «Таза коом» долбоору сөз жок ишке ашышы керек. Бул Сапар Исаковдун эң амбициялуу, Кыргыз коомуна пайдасы тие турган долбоорлорунун бири.

– Мурдагы бийликти «реформа жасоого жөндөмү да, эрки да жетпейт» деп сындадыңыз эле. Жаңы бийлик келгенине 1 жылга жакындап баратат, азыркы бийликте андай эрк бар бекен?

Алмазбек Атамбаев президент болгон соң 2-3 жыл убактысын бийлигин бекемдөөгө, өз өкмөтүн куроого жана парламенттин тилин табууга кетирген. Жээнбековдун убактысы да, энергиясы да «эски досторунан» арылууга кетип жатат. Бул аралыкта өкмөт башчы президентке жардам берип чоң өзгөрүүлөрдү баштап жибериши керек эле. Тескерисинче, булар реформанын маңызын түшүнбөй жатышат. Азыр президент Жээнбековдо элдин ишеним кредити бар, өкмөт өзүнүкү, оппозиция жок, парламент, саясий элита 100 пайыз аны колдоп жатат. Буларда кийин актанганга эч негиз же шылтоо жок. Дагы 1 жылга жетпей бийлик кандай жол менен кетет, өлкөнү жакшы жагына өзгөртүүгө жөндөмү, дарамети жетеби, билинип калат.

– "Күзүндө өкмөт отставкага кетиши мүмкүн" деген сөздөр айтылууда. Жогорку Кеңеште бул маселе күн тартибине коюлуп калышы мүмкүнбү?

– Бул президенттен көз каранды, анткени парламенттин табияты белгилүү эле да. Эгер президент "Абылгазиевди колдоп тургула" деген белги эле берип койсо, анда парламент макул болот, муну жашырганда эмне? Эгер президент болушпаса, Абылгазиевге парламентте сын өтө көп болот. Өкмөттү тез-тез алмаштырууну трагедия катары көрбөш керек, иштей албайбы, үмүттү актай албадыбы, эмне үчүн "убакыт берели" деп кармап отура беришибиз керек? Негедир бийлик премьер дайындоодо дайыма амбициясы жок, президент болом деген планы жок жоош-момун кишиге токтолот. Менин фонумда чабалыраак болуп турсун дешет сыягы. Бул туура эмес, өкмөткө күчтүү бирөөнү алып келсе жакшы болот эле.

– Парламентке келгениңизге 3 жыл болду. Шайлоочуларга берген убадаларды канчалык аткарып жатасыз?

– Мен дайыма башымды эл ичинде тике көтөрүп басып жүрөм, шайлоодо акыйкаттык принцибинен кайтпайм деген убадама туруп келатам. Депутаттын иши системди башкаруу, өкмөттү иштетүү. Бирок, албетте, аймактардагы элдин күнүмдүк көйгөйүнө да кайдыгер карабайбыз, менин демилгем менен курулган социалдык объекттер, жол, мечит сыяктуу элдин кайрылуусун ишке ашырган учурлар көп эле. Арзан ипотекалык үйлөрдү берүү идеясы да мага таандык, азыр миңдеген жаштар үйлүү болуп келатат, бирок бул дагы жетишсиз, албетте. Ондогон пайдалуу мыйзамдарга авторлош болдум. Бирок өтө көп мыйзам чыгарууну туура эмес көрөм, мисалы, былтыр кыргыз парламенти 150гө жакын мыйзам чыгарыптыр. Ал эми парламентаризмдин атасы делген Улуу Британияда 25тей эле мыйзам жазылган. Мыйзам кабыл алынса эле өнүгүп кетебиз дегенибиз туура эмес.

– Системди фракциядан чыгарылган эркин депутат өзгөртө алат бекен? Же эркин депутатты систем соруп баратабы?

– Мен фракциядан чыкканым менен, жүз миңдеген жаштарды саясатка келүүгө, калыстык принцибин туу тутууга шыктандыра алдым деп ойлойм. Эгер мен да бийликтин сөзүн сүйлөп, алар жазып берген текстти парламентте окуп коюп жүрө берсем, жаштар сынып, саясатка келем деген миңдеген жаштардын үмүтү өчмөк. Мен азыр 31демин, бирок өзүмдү жашмын деп айтпайм. 40тан ашып калган депутаттар «биз, жаш депутаттар» деп сүйлөгөндө абдан таң калам. Мисалы, Жусуп Абдрахманов, Ыманалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов өңдүү чыгаандар Кыргыз мамлекетин түптөгөн кезде болгону 20 жаштын тегерегиндеги балдар болушкан. Фракциядан чыгарылганыма такыр өкүнгөн жокмун, анткени мага ошол кездеги президенттин командасы «Атамбаевден кечирим сура» деген талап коюшту. Чындыкты сүйлөгөнүм үчүн кечирим сурашым керек беле? Мен кечирим сурап жалдырай турган киши эмес экенимди дароо айттым.

– Эл, масса саясатты саясатчылар көрсөтүп жаткан тарабынан гана билет. Көшөгө артында кандай былыктар жана жакшы иштер болуп жатат? Эң олуттуу, урунттуусун айтып бере аласызбы?

– Андай окуялар абдан көп, албетте. Мисалы, Сапар Исаков өкмөт башчылыкка сунушталганда «Атамбаев бүт жерге өзүнүн адамдарын коюп Кыргызстанды каалагандай башкарып жатат, буга каршы турушубуз керек» деп айрым фракция лидерлери менен түн ичинде жолугушуп, "Исаковдун премьер болушуна каршы чыгабыз" деп эркекче кол алышып, жигитче келишкенбиз. Исаковду өткөрбөй коюуга 63 добуш алабыз деп санадык. Эртеси Исаковдун өкмөтү парламентке келерде Атамбаевдин таасирдүү эки адамы депутаттардын кабинеттерин бир сыйра кыдырып чыгып койгон экен, жанагы фракция лидерлери заматта теңирден тескери кетишти. Түндө эле "Исаковду өткөрбөйбүз" деп жаткандар, тескерисинче, Исаковду колдоп, мактап бийликке ооп кетишти. Ошондо мен, Аида Салянова, Каныбек Иманалиев өңдүү 3-4 депутат жалгыз калып калдык. Мен ошондо парламенттеги жигитче кол алышуу эч нерсеге арзыбай турганын, азыр бирди айтып, 2 сааттан кийин пикириңди өзгөртүү кадимки иш болуп калганын түшүнүп, этият боло баштадым. Албетте, мындай нерсе жигиттикке жатпайт.

– "УКМК, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы президенттин кол алдында турган учурда бийликтин башка бутактары президенттин эркине каршы чыга албайт". Ушундай сөздү бийликке ичтен аралашып жүргөндөр өздөрү айтып калышат. Сиз кандай ойдосуз?

– Бизде парламенттик-президенттик башкаруу дегени менен, иш жүзүндө толук түрдө президенттик башкаруу орноп калды. Анткени кылмыш ишин козгоп, камай турган органдар, башкача айтканда, УКМК менен Башкы прокуратура кимдин колунда болсо, өлкөнү ошол башкарат экен. Жакында "УКМКга президент эле эмес, парламент да көзөмөлдүк кылсын" деген демилге сунушталганда бийлик да, УКМК өзү да аябай каршы турду, анткени алар таасирин жоготкусу келбейт. Парламенттик өлкөлөр сыңары Жогорку Кеңеште деле УКМКны тескей турган укуктар бар, бирок биз ага даап бара албайбыз. Анткени парламент депутаттарынын 70-80 пайызы бизнестен келгендер, алардын бизнесин кысып коюу оңой эле. Аларды текшерсе сөзсүз бир илинчек табышат. Бизнесин кыса баштаганда эле алар багынып беришет.

– Сизди аткаруу бийлигинен көргүсү келгендер бар. Өкмөттө иштөө сунуштары түштүбү?

– Туруктуу өкмөт болсо аткаруу бийлигине барууга каалоом бар. Азыр парламенттен баргандан кийин 3 ай иштетип туруп, эптеп бир шылтоо таап кызматтан алып коюшу толук мүмкүн. Азыркы шартта менин Жогорку Кеңеште турганым коомго көбүрөөк пайдалуубу деп ойлойм. Буюрса, кийинки шайлоодо парламентке келип калсам, жаңы өкмөт түзүлсө барып иштегенге даярмын. Элде «бул сындаганды гана билет» деген ой калыптанбашы үчүн сөзсүз жакынкы 5-10 жылдын ичинде өкмөткө барып өзүмдү жакшы жагымдан көрсөтөм деген оюм бар.

– Быйыл үчүнчү ирет Көчмөндөр оюну өткөнү турат. Сиздин оюңузча, бул ири долбоор кетирилген чыгымды актайбы?

– Актабайт. Бул кредит алып үйлөнүү той өткөргөн үй-бүлөдөй эле көрүнүш. Бизге экономикалык пайдасы жок долбоор. Бюджетте акча жок, азыр тойлой турган заман эмес эле. Көчмөндөр оюну – бул ысырапкорчулук. Эң негизгиси – өкмөт облустагы, райондогу ишканалардын баарын "Көчмөндөр оюнуна боз үй тигип, жылкы союп, дасторкон жаясың" деп байлап койду. Боз үйдүн ижара акысы 150 миң сомго чейин экен. Мисалы, оорукананын жетекчиси бул акчаны кайдан табат? Бул "оорулуу адамдардан акча жыйна дагы, боз үй тик" деген эле сөз да?! Бул чыгымды өкмөт атайын токтом чыгарып, "бюджеттен бөлгүлө" деп жазган эмес. «Каралар» салык салгандай эле өкмөттүн өз элине салган «салыгы».

– Келерки парламенттик шайлоого даярдана баштадыңызбы? Эмитен "куда түшүп" жаткандар да болсо керек?

– Келечекте жаш, таза, билимдүү команда куроо ниетим бар экенин жашырбайм. Бирок алдыдагы шайлоого өз партиябыз менен чыгабызбы же жокпу, азыр абдан ойлонуп жатабыз. Азыртан эле «биздин партияга келип кошулбайсыңбы» дегендер бар. Шайлоого кайсы партиялар аттанат, кандай биригүүлөр болот, байкап көрөбүз. Мен шайлоого сөзсүз партия лидери болуп барышым керек дегенден алысмын. Жаңы күчтөр, таза адамдар бириккен күчтүү команда болсо мен командам менен аларга кошулууга даярмын. Парламентте күчтүү 40-50 адам болсо жана ошолор өкмөттү кураса өлкөдө чоң өзгөрүүлөрдү жасаса болоруна көзүм жетти. Бир убак келип, мамлекетти өргө карай жетелөө бизге буюруп калаттыр. Баары Кудайдан эмеспи.

Автандил Добулбеков
Адилет Бектуров
politika@super.kg



Жанар Акаев: "УКМК менен Башкы прокуратура кимдин колунда болсо, өлкөнү ошол башкарат экен"

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  16 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: