Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
БУРУЛАЙДЫН ИШИ СОТКО ӨТТҮ. МАРКУМДУН АТАСЫ: “ЭКСПЕРТТЕР КЫЗЫМДЫН ДЕНЕСИНДЕГИ ЖАЗУУНУ КӨРБӨЙ ЖАТЫШАТ”№824 17-23-август, 2018-жыл
Ушул жылдын 27-майында 20 жаштагы Бурулай Турдали кызын Марсбек Бөдөшев аттуу жаран ала качып кеткен. Кызды салып бараткан унаа Сосновка айылындагы посттон кармалып, унаанын ичиндеги Марсбек Бөдөшев, Акмат С. жана Бурулай Турдали кызы Жайыл РИИБине жеткирилген. Дал ошол Жайыл РИИБинен Бурулайга 3 жолу, Марсбекке 4 жолу бычак сайылып, алар «Тез жардам» унаасы менен аймактык ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракаттарынан улам каза болуп, жигит болсо Бурулайдын өлүмүнө шектелип камакка алынган. Учурда ал ооруканадан чыгарылып, абакка которулган. Турдали Кожоналиев кызынын денесинин сүрөтүн элге жарыялагысы келген эмес. Бирок соттук-медициналык экспертиза кызынын денесине бычак менен тилинип жазуу жазылганын тастыктабай жаткандыгына нааразычылык билдирип, кызынын денесинин сүрөтүн коомчулукка жарыялоого аргасыз болду. – Сүрөттү карасаңар эле баары көрүнүп турат. Кызымдын денесинде “Н” жана “+” деген жазуулар көрүнүп турат. Кызыма сөйкө салып кеткен жигиттин аты Нурлан болгондуктан, “Н” тамгасын жазган окшойт. Баарына эле көрүнүп турган жазууларды милиция менен эксперттер кантип көрбөй жатышат, түшүнбөйм. Негизи эле эксперттердин ишине нааразымын. Адам өлүп жаткандан кийин абийири менен кызмат кылышса болмок. Алгачкы экспертизанын жыйынтыгында жадакалса күндөр туура эмес жазылган болчу. Кызым 27-майда каза болсо, экспертизанын жыйынтыгында датасы 19-25-май деп жазылып турат. Анан милиция бөлүмүндө каза болгонун жазышыптыр. Кызым түнкү саат 12:50дө ооруканага түшүп, ал жактан 1:20ларда каза болгон. Жыйынтыгына нааразы болуп экинчи ирет экспертиза дайындатсак, кайра эле ошондой жыйынтык чыкты. Эксперттер даталарын оңдоп, ооруканага баргандагы убактысына дал келтирип, "ооруканада каза тапкан" деп корутунду чыгарып беришти. Бирок "денесинде жазуу жок" дешти. Кызымдын денесинин сүрөтүн чыгарбай эле коёюн дегем. Айла жок сүрөттү таратууга туура келди. Мен айткан жазууларды эксперттер дефибриллятор аппаратынын издери деп жатышат. Аппараттын астында тамга түшүрө турган бир нерсеси бар бекен? – Башында тергөөчү видеобайкоо бар экенин айтып, “баары бар, акырында сизге көргөзөм” деген. Кийин дал ошол күндөгү жаздыруу өчүп кеткенин айтышты. Эмнеге дал ошол күндүкү өчүп кетет? Мага “камера видеожазууларды 2 күн гана сактайт” дешти. Милиция бир нерсени жашырып жаткандай. Ал бөлмөнүн ичинде эмне болгонун билбейбиз. Биз ал күнү Жайыл РИИБине кызыбызды көрүү үчүн кире албай, 3 сааттан ашык сыртта турганбыз. “Кызыңыз арыз жазып жатат” деп бизди сыртта күттүрүп коюшкан. Ошондо кызымды ала качкан унааны кайра-кайра бир кыз келип сүрөткө тартып жатканын көргөм. Ошондо эксперттерди алып келген окшойт. Азыр ойлосом, баарын тазалап бүткөндөн кийин гана мага угузушкан окшойт. Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору менен сүйлөштүм. Ал “кабинетте эксперттерге “таза иштегиле” деп айтам. Бирок кабинеттен чыкканда аларга жооп бере албайм” деди. Директорлор ошентип айтып жатышса, анан кантип акыйкаттыктын бар экенине ишенебиз? Кызымдын өлүмүн президент, премьер-министр, башкы прокурор, ички иштер министри, баары билип, көзөмөлдөп жатышат. Мындай учурда иш акыйкат иликтенеринен күмөн санаган эмеспиз. Бирок жогорудагыдай жагдайлардан улам акыйкат иликтенерине ишенбей калдым. Өлкөнүн башындагы адамдар көзөмөлгө алган иштер ушул деңгээлде жүрсө, анда башка иштер кандай иликтенет? Президентке да кат жазгам. Президент премьер-министрге, ал ички иштер министрине тапшырма берди. Ал ММКларга “Кожоналиевди кабыл алдык” деп маалымат берип жатат. Мен ички иштер министрин көрө элекмин. Жактоочум экөөбүз акыркы үмүт менен президентке дагы бир кат жазалы деп жатабыз. Айлам кетти. Тергөөгө таасир берип туура эмес жыйынтык чыгарган эксперттер мыйзам алдында жооп бериши керек, камакка алынышы керек. Аймончоктой кызымды өлтүрүүгө шарт түзүп берген милиция кызматкерлери күнөөлүү. Аларга “шалаакылык” беренеси менен иш козголду. Бул туура эмес. Алар кылмышка шериктеш болгондугу үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Кызым менен шектүүнү бирге калтырып, төшүнө тилип тамга жазгыча эмне кылып отурушту? Каякты карап отурушту? 23 милиция кызматкерин жумуштан айдадык деп мактанып жатышат. Аларды кайра 6 айдан кийин эле кызмат ордуна кайтарып келет да?.. Кызынан айрылып, акыйкаттык издеген атанын нааразычылыгына Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча экспертизалык комиссиясынын башчысы, республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун директорунун эксперттик иштер боюнча орун басары Эрнис Акунов Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы аркылуу жооп берди: – Бул иш боюнча экинчи экспертиза 11-июль-3-август аралыгында жүрдү. Комиссиянын курамында менден башка Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын соттук-медицина кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Мукамбет Мукашев жана жогорку категориядагы врач-реаниматолог, дефибрилляторлор менен иштөөдө тажрыйбасы бар №3 Улуттук оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Т.Текебаев да катышкан. Маркумдун туугандарынын кыздын денесинде чийилген жазуулар бар экендигин айтып, экспертизанын жыйынтыгына нааразычылык билдиргенин эске алып, биз тергөө органдарына эксгумация кылууну сунуштап кат жөнөткөнбүз. Бирок бул сунушка Бурулайдын ата-энеси каршы чыгышты. Кайрадан экспертиза жасоо бардык суроолорго жооп таап бермек. Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн врачтары да өз көрсөтмөлөрүндө кыздын денесинен жазууларды байкабагандыктарын айтышкан. Жазуу бар экендигин кыздын денесин 2 ирет: жандандыруу бөлүмүндө жана өлүк сактоочу жайда иликтеген эксперт Бакыт Касымбаев да четке кагууда. Сүрөттөр колубузда. Ал дефибриллятордун электроддорун койгондон калган издер. "Кызымдын денесинде жазуу бар экенин тастыкташ үчүн сүрөтүн таратууга аргасыз болдум".
Шектүү Марсбек Бөдөшев.
Бул арада Бурулайды бычактады деп шектелип кармалып, учурда СИЗОдо жаткан Марсбек Бөдөшевдин апасы Гүлийпа Бөдөшева редакциябызга байланышып, анын оюн уктук:
Кийин жумуштарым менен 3-майда Бишкекке келгем. 4-майда Марс чалып, “Бурулайды үйүндөгүлөр башкага бергени жатышыптыр. Ошондуктан аны алып Таласка баратам” деди. Ошондо Боби менен сүйлөшкөм. Маанайы жакшы болчу. Халат алайын деп кийиминин өлчөмүн жана кандай түстөгү халат аларымды сурадым. Ал “кызыл өң эле жакшы го” деп күлүп жооп берди. Менин жанымдагы балдарым “жыргап баратышат го” деп күлүп калышты. Туугандарымды чогултуп, ачуу басарга жөнөттүк. Атасы Турдали башында жакшы тосуп алыптыр. Анан Жолдошбек деген уулум Боби менен сүйлөштүрөйүн деп телефон чалып берсе, эжеси телефонду алып кызды урушуп салыптыр. Бурулайды бере турган жигитти ошол эжеси таап жаткан окшойт. Ошондон кийин атасы “Улуу кызымды ала качып кетишкенде калтырып койгом, ал азыр да өкүнөт. Кызымды артка кайтаргыла. Колумдан узатышым керек. Эки айдан кийин келгиле” деди. “Жолго чыкканда артка кайтпайт” деген ишенимге таяп, “Турмуш жолуна аттанган жаштарды кайрыбай эле койгулачы” деп жалдырадым. Атасы болбой койду. Балдар кайрылып түнкү саат бирлерде келип калышты. Бурулайдын атасы “кызым менен сүйлөшүп, эртең менен саат 9дарда жообун берем” деди. Ал жооп бергенче эле эртең менен алчубузду алып, туугандар менен үйүнө барып алдык. Бобинин апасы “Кызыбызды бербейбиз. Аны кечээ кыйнап эле алып кетишиптир. Нес абалында жатат” деди. Мени менен жакшы маанайда сүйлөшкөн эле да. Анан "кызды көрмөйүнчө кетпейм" деп туруп алдым. Көрсөтүштү. Өңү бопбоз болуп эриндери дирилдеп калыптыр. “Мен Марс акеге турмушка чыга албайм” деди. Өзү назик кыз болчу. Атасы да “кызды зордоп алып кетиптирсиңер, токтоткула” дептир. Бирок ошол эле күнү Боби Марска чалып, “чыгам, мени алып кеткиле” дептир. "Анда “өз көңүлүм менен кеттим” деп тил кат жазып чыксын" дедим. Бирок чыккан жок. Менин жолдошум менен Турдали маршруттук такси айдап чогуу иштешкен. Ошондуктан уулум атасын Таластан чакырды. Үчөөбүз кайра үйүнө бардык. Атасы бизди жактырбай, чыгып кетүүбүздү суранды. Биз "кыз менен сүйлөшөлү" дедик. Ага чейин Марс шакек алып берген окшойт. Боби колундагы шакегин чыгарып балама сунуп, “сизге турмушка чыга албайм” деди. Аны кыйнап жатышканы көрүнүп турду. Шакекти алган жокпуз. Кетип калдык. Ошондо балам ата-энесине карап, “мен баары бир алып кетем” деген. Андан кийин балам мени менен мурункудай сүйлөшпөй, кыжалат болуп жүргөнүн сезип жүрдүм. – 27-май күнү кечке маал Жолдошбек деген балам менен сүйлөшүп, Бобиге башкалар сөйкө салып кеткенин уктум. Анан эле 10 жарымдарда Марс менен чогуу бир батирде жашаган жигит телефон чалып, “Турдали байке мага чалып, кызын ала качып кеткенин айтып жатат” деди. Анан уктап кетиптирмин. Түнкү 2лерде ойгонуп, ооз бекитип, күйөөм бирөөнү жайлоого көчүрүшмөк, аны жөнөттүм. Таңкы саат 5те Жолдошбек уулумдан суук кабар уктум. Кыздын үйүнө 2 ирет бардык, киргизишкен жок. Уулум андай ишке бара албайт. Он сүйлөсө бир жооп берген, бир сырдуу бала. Ооруканадан да, СИЗОдон да уулумду көрсөтүшкөн жок. Ооруканадан тергөөчүгө жалдырап бир жолу кирдим. Анда да жакын жолотпой коюшту, кайтарып тургандар бар экен. Кирсем, Марс мени тааныбай койду. Врач “уулуңуз сологой беле? Бычак сол кол менен сайылыптыр” деди. Менин балам сологой эмес. Мен көргөндө моюнуна эки ирет бычак сайылган деп ойлодум. Анткени “+” белгисине окшош так карт болуп калыптыр. Анан оң жак көкүрөгүнө бычак 4 жолу бирдей калыпта кириптир. Муну врач айтты. Бурулайдын атасы денесине жазыптыр деп жатат. Аны билбейм. Балам жазса, “Н” дебей, “М” деп жазбайт беле?.. Башка бирөө жазды дейин десек, алар Нурлан тууралуу кайдан билмек эле? Окуя кандай болгонун билбейбиз. Ал эми Бурулайдын атасы кызынын Марсбек Бөдөшев менен сүйлөшүп жүргөнүн четке кагат. “Бурулай ал бала менен сүйлөшкөн эмес. Биринчи ирет ала качып кеткенде артка кайрып, “кызымдын өзүнүн көңүлү болсо берем” дегем. Бирок кызым аны зордоп эле ала качып кетишкенин жана башка сүйлөшкөнү бар экенин айткан” дейт. Перизат Музуратбекова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|
Азыр байлыгына, тууганына таянып жаап- жашырып жаткандардын башына келип, козуно корунуп калсын!