Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Түркияда иштеп жүргөн мекендешибиз: «КАЙСЫ ЭЛДЕН ЖҮДӨӨ КӨРСӨҢ ЗАЙЫПТЫ, ОШОЛ ЭЛДИН УУЛУНА КОЙ АЙЫПТЫ»

№825 24-30-август, 2018-жыл


Ош облусунун тургуну 43 жаштагы Гүлшайыр Рахманбердиева жашоого жетишерлик каражат таба албай, Түркияга барып өз балдарынын ордуна башканын балдарын карап акча табууга мажбур. Ал чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин турмушун кенен баяндап берди.

«АЛГАЧ БАЛДАРЫМДЫ САГЫНЫП КАТУУ СТРЕСС БОЛДУМ»

- Мен 4 жылдан бери Түркияда иштеп жүрөм. Алгач кемпир карадым. Кийин бала багуучулукка өттүм. Кыргызстанда өзүмдүн балдарымды кароосуз калтырып, акча табуу үчүн минтип башканын баласын кароого мажбур болдум. Анткени 4 уулумду багууга Кыргызстанда банкта иштеп тапкан акчам жетпейт эле. Жолдошум менен ажырашып кеткенден кийин жалгыз бой балдарымды багып кетүү оор болду. Түркияга келип бактымды сынап көрүүнү туура көрдүм. Ал кезде улуу уулум 8-класста, эң кичүүсү 2 жашта болчу. Төртөөнө 2 айга жетерлик азык-түлүк алып берип, өздөрүн эле батирге калтырып кетүүгө мажбур болгом. Анткени аларды ишенип таштап кете турган туугандарым жок болчу. Ата-энем да жок.

Оюмда 2 ай иштеп көрүп, болбосо кайра кайтмакмын. Кудайга шүгүр, кыйынчылыктардын баарын көтөрүп, иштеп кеттим. Ал кезде мындай тобокелчиликке барбасам, азыр да балдарымды бага албай кыйналып, аз айлыкка иштеп жүрө бермекмин да. Башында аябай кыйналдым. Бөтөн жер, бөтөн элге тил билбей келип, өзүмдү кургак чөлдө кумдардын арасына ыргытылып калгандай сезгем. Айланамдагы адамдарды түшүнбөйм, жалгызсырап, балдарымды ойлонуп, катуу стресске кабылгам. Бирок өзүмдү колго албасам, балдарымдын келечеги бүдөмүк экенин түшүнүп баарына чыдадым. Бул өлкөдө калуу үчүн эмне документтер керек экенин деле билчү эмесмин. Мыйзамдуу иштөө үчүн документ жасатайын десем, асмандын башындай сумманы айтышкан. Ошондуктан жасатпай коюп, каттоосу жок 3 жыл жүрдүм.

2 айдан кийин атасынан балдарды убактылуу карап берүүсүн сурандым эле, карап берди. Кийин балдарымды да жаныма алып келдим. Улуулары азыр иштеп мага жардам берип жатышат. Кичүүлөрү окушат. Балдарыма ижарага батир алып берип койгом. Аларга бир жумада бир жолу барып турам. Тапкандарыбыз өзүбүзгө кенен жетип жатат.

«ТҮРКИЯДА АЯЛДАРДЫН УКУГУ ЧОҢ»

- Байкашымча, Түркияга келип иштеп жаткан аялдардын 80 пайызы ажырашкандар. Бул бизде үй-бүлө институтунун өтө алсыз болуп баратканынан кабар берет. Бизде эркектер жоопкерчиликтен качып жаткандай. Түрктөр «силерде эмнеге ажырашуу көп?» деп сурай беришет. Түрктөрдө үй-бүлө ыйык, ал бекем сакталат, ажырашуу оор. Соттор да ажыраштырбай 5 жыл күтүшөт. 5 жылдын ичинде күйөөсү аялына, балдарына тиешелүү шарттарды түзүп бергенден кийин гана ажырашууга мүмкүн. Бул өлкөдө аялдардын укугу чоң, аялдар сыйланат. Негизи идеалдуу коомдо эркек жоопкерчиликтүү, намыскөй болушу керек, аялдар сыйланышы керек. Аял баркталган коомдо гана алдыга жылыш болот деп ойлойм. Бизде жаш кыздардан баштап мага окшогон апалар да үй-бүлө багалы деп тентип жүрбөйлүбү.

Жаш кыздар билим алып, ата-энесинин төрүндө эркелеп отургандын ордуна акчанын артынан түшүп, ар кандай тагдырларга туш келип жатканына ата-энелерден мурда мамлекетти күнөөлөйт элем. Мамлекет жарандарына татыктуу билим берип жана ал билимди өздөрү колдонуп калышы керек эле. Жок, азыр врачтар, мугалимдер, милиция кызматкерлери чет жерде бала багып, мейманкана тазалап иштеп жүрүшөт. Ата-энелер «баланчанын баласы чет жакта иштеп үй-бүлөсүн багып жатат. Сен да бар, биз да алдыга жылалы» деп бири-бирине атаандашып балдарын жиберишет. Ошондуктан ата-энесинин да күнөөсү бар. Мырзаларыбыз «кыргыз кыздар баланча жакта бузулуп кетишти» деп намыстанышат, «Орусияда, Түркияда иштеп келиптир» деп үйлөнбөй да коюшат. Бул жан кейитерлик жагдай. Кыргызда «кайсы элде жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты» дешкен.

«КОШ БОЙЛУУ КЫРГЫЗ КЫЗЫНЫН 9 АЙ ТАШТАНДЫДАН ТАМАКТАНГАНЫН КӨРДҮМ»

- Мен Орусияда да иштеп келгем. Ал жактан селсаяк болуп кеткендерди, ичкиликке берилип кеткен мырзаларыбызды, көчөдө калган, байлыкка азгырылып улуу кишилер менен жашап алган, боюнан алдырган жаш кыздарды көрдүм. Бир окуя эсиме түштү. Жалал-Абаддык жаш, жакшынакай кыз Орусияда өзүнүн айылдашы менен сүйлөшүп жүрүп кош бойлуу болуп калган. Ошол маалда анын жигити кандайдыр бир себептер менен камалып кетти. Анан ал кыз 9 ай бою дүкөндөрдөн чыккан таштандылардан тамак таап жеп жанын багып жүрдү. Кыз ата-энесине, эч кимге билдирбей жигитин күтүп бардык кыйынчылыкка чыдап жашай берди. Жигити абактан чыккандан кийин ал кызга үйлөнбөй коёбу деп кабатырланчумун. Бирок экөө үйлөнүп, дагы балалуу болушту деп уктум. Бактыга жараша, окуя бактылуу аяктады. Бирок кыргыз кызынын таштанды аңдып калганы жүрөгүмдү ооруткан.

Түркияда деле акчага азгырылып улуу кишилер менен достошуп алган кыздар жок эмес. Бир кыргыз кызына боорум ооруган. Ал өзү жетим өскөн экен. Кыргызстанда жигити сөйкө салып коюптур. Ага карабай кыз Түркияга келип, өзү иштеген жердин үй-бүлөлүү кожоюну менен мамиле куруп кетти. Анан баягы эле жагдай: кыз бир күнү боюнан алдырды. Турмушка чыга элек татынакай кыздын ушундай тагдырга кабылганына ичим ачышты. Өз жигитине турмушка чыгып бактылуу жашай берсе болбойт беле?

Кыздарыбызды мындай абалда көргүбүз келбейт. Бирок чет жерде иштеген кыргыз кыздарынын баары жаман жолго түшүп кетти деген туура эмес. Турмуштан жаңылышкандар бизде эле эмес, бардык улутта, бардык өлкөдө бар.

Ал эми сойкулук менен алектенген кыздарды, баамдашымча, атайын агенттиктер даярдап жиберишет. Айрым учурда гана жаңылышып ошол жолго барып калгандар болот экен. Бир ирет бул жактагы тааныш кыргыз байке мага телефон чалып, бир кызга жата турган жер керек экенин айтты. Барып, алып келдим. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп калдык. Ал келиндин Кыргызстанда 5 баласы бар экен. Жолдошу экөө кафе иштетип, жакшы жашашчу экен. Кыргыз байыса катын алат болуп, күйөөсү экинчи аял алып алыптыр. Ошондо аялы ызаланып Орусияга кетип, андан кийин Түркияга келиптир. Москвадан Түркияга учуп келсе, аэропорттон бирөө белгисиз тарапка алып кетип калыптыр. Барган жери сойкукана экенин байкагандан кийин тиги байкеге чалып жардам сураптыр. Биздин социалдык тармактарда да топторубуз бар. Бул кызга окшоп жардам сурагандарга жапа тырмак жардам бергенге аракет кылабыз. Чет жакта жашаганда бири-бирибизге күйүмдүү болуп калат эмеспизби.

«ТҮРКТӨРДҮН МИГРАНТТАРГА БОЛГОН МАМИЛЕСИ ӨЗГӨРҮП БАРАТАТ»

- Түркияда Орусияга караганда мигранттарга жакшы мамиле жасашат. Мисалы, Орусияда формачандардан качышат го. Бул жакта полиция кызматкерлери жардам беришет. Түрктөр сөздүн ыгын таап, жакшы сөз айтканды билишет. Кагып-силкпейт. Кызматчыны үй-бүлө мүчөсү катары көрүшөт. Мен деле ошол жакшы мамиледен улам көнүп кеттим. Бирок акыркы жылдары мигранттардын саны өсүп кеткендигине байланыштуубу же бизден орой мамиле кылганды үйрөнүп жатышабы, бир аз катуу мамиле кылып калышты.

Бул жакта кыргыздар эле эмес, Союздун 15 мамлекетинин баарынан келген мигранттар бар. Түркия бийлиги мигранттардын санын азайтууга аракет көрө баштады окшойт, документ жасатууда кыйынчылыктар жаралды. Азыр иштөөгө уруксат кагазы бар адам же түрк жаранына турмушка чыккандар гана бул жакта кала алат. Мурда туристтик виза менен бир жыл каттоого туруугу мүмкүн болчу. Азыр антип каттабайт. Анан АКШ санкция киргизип, доллардын баасы көтөрүлүп кетти. Түрк лирасы менен айлык алгандардын маянасы азайып жатат.

Иштетип туруп акчасын төлөбөй койгондон коркушат. Анткени мыйзамдар иштейт. Жумушчуларына ашыкча жакшы мамиле кылгандар да бар. Бир кыргыз эже түрк үй-бүлөнүн баласын багат. Кожоюну ал аялга ижарага батир алып берип, эмерек, азык-түлүгүнө чейин киргизип берди. Кыргызстандан балдарын алып келгенге жардам берип, бир баласын жумушка алды.

Түрк элинен жөнөкөйлүктү жана сабырдуулукту үйрөнүшүбүз керек. Бул жакта бийлиги бар адам да карапайым калк менен учурашып, сылык мамиле кылат. Биздей болуп бири-бирин жаман көрүп, сөгүп, уруша беришпейт. Булар элди алга жылдыра турган сапаттар.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(77)
28.08.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Молодец эже ушинтип таглырын айтыптыр ачык коомго
28.08.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молодец ушинтип коомго айтып чыккан ото эрдик. Биздин ары жок "эркек сымал" немелерге эч конул болбонуз. Аман болунуз эжекеси. Бирок туркко тийген бекен тушунбой калдым аягын??
28.08.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ары жок эркектер туз жалагыла!
Бирок кудайга шугур менин жолдошум иштетпей козумду карап багып келе жатат.
Балдарыбызды болсо алаканына салат.
31.08.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aytur,Эмнеге жолдошун иштесе, сен иштебейсин? Тен укуктуулук кайда? Аялдар да иштеш керек, эркектерден кем калбай. Силер озунор тен укуктуулук деп айтасынар, демек бут баардык нерседе тен укуктуулук болуш керек. Армияга да жонотуш керек кыздарды.
Ал эми пенсияга да бирдей жашта чыгыш керек.
02.09.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
progresskg,сен биринчи аялдардай болуп торочу,хотябы бир Баланы,анан кором суйлогонун
28.08.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Куноо озунон кетип ажырашкан аял болуп журбосун.кыргыз аялдары чыдамсыз сабырсыз болуп бараткандай..Ажырашуу оной нерсе эмес экенин жакшы билесинер..Анан Туркияга барып барып алып гезит бетине эркектерди жамандабай..Беш кол тен эмес.жакшылары да бар.
01.09.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
trabzon11, куноо кимден кеткен кундо да бала жалгыз аялдыкы эмес да, эркек да багыш керек балдарын. Эженин ажырашкан куйоосу балдарын эч нерседен кем кылбай багып турса менин оюмча Туркияга кетмек эместир.Бизде негизинен 90% ошондой, ажырашкандан кийин балдарды багуу аялдын милдети болуп кала берет. Сиз айткан жакшылар калган 10 эле пайызына кирет. Окунучтуу
28.08.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жогорудагы комменттерди окусам мурдунун учунан алысты коро албагандар ызылдап, эркектерге асылып жатып калыптыр...

Биринчиден, ал эжен эмне болуп ажырашкан, озу куноолуубу же куйоосубу, бизге карангы. Балким ойнош куткону учун куйоосу ажырашып кеткен чыгаар. Ошондуктан чындыкты билбей туруп куйоосуно асылбай кое тургула...

Экинчиден бул эжекен Туркияда "таза" журобу, кимин коруп келдин?!! Туркторду бекер жеринен мактап жатпагандыр бул эже соройунор...
30.08.2018. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
CEO1, иий ары жок эй ары жок суйлосон эми бир ай ааламды курутуп сүйлөйсун иши кыл аман эле бол
28.08.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Кайсы элден жудоо корсон зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты" деп турмушта жудомуш, былжыраган адам ойлоп тапса керек бул созду. Апасынын тарбиясы ошол болуп, уй-тиричилигин тын кыла албай, шалтактап жургон бири болсо керек. Эми ошондо куноону оздорунон эмес, эркектерден издешет, мээси жоктор...

Мени бир нерсе тан калтырат, эмнеге туркторду мактап калды?!! Турктор "ыраазы" кылып жатабы?!! Болбосо турктор мактай турган калк эмес го...
28.08.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Турктор алдамчылыкка, калпка, эки жуздуулукко жакын келишет. Иштетип иш акысын берет эмес эле, при малейьшем возможности кидала кылгысы келет кобунун. Аялдарын укугу коп жерде басмырланып келет. Ал эми шаарларда аялдар уйду башкарып куйоолору подкаблучник. Аялдарын сыйлайт, мыйзам коргойт деп Американы ача бербесин эженер...

Жогоруда бири Турктор шариятты катуу карманышат деп жомок жазыптыр. Турктордун арасында динге берилгендер болгону менен, кобу атына эле мусулман.
28.08.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айрыкча турк эркектери астынан жаш, сулуу кыз коруп калса, шилекейи куюлуп артынан мойну кыйшайып калгыча жалдырап карашат. Анан "сойку" деп суйлонуп коюшат, как будто ошол кызды сойкуоук кылган жеринен кармап алгансып. Колдон келсе коздору менен болсо да "эметип" жибергиси келет кызды. Бир соз менен турк эркектеринин 90% бабник. Анан такыба мусулман имиш. Такыба мусулман никесиз бироого коз артабы?!!

28.08.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туркторду как будто корбой жургонсуп суйлоптур эженер. Эженер озу "соо" эмес, ошол эденердин тапабын алгандар ойлонуп суйлогуло, "чымынынар" болбосо...

Туркторду Кыргызстандан, Россиядан, Туркиядан коруп эле журушот. Турктор менен журуп, "ойноп", алданып калган кыргыз кыздары канча. Бирок зынаа жолго басып алданып калса да туркторду мактап бутушпойт. Уят эмеспи, зынаага батканын аздай туркторду мактаганынар. Мактоого татыктуу болушса бир жон...
28.08.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
CEO1, сен озун тапптаза сынбы? Бул Эже ал жакта куйоого тийеби жокбу сенин ишин эмес. Бир эркектей болгулачы катындай болуп эле ушакчы болбой. Турктор кыйын чынында эле мен да фотограф болуп иштеп келгем бир жылдары, жакшысы бар жаманы бар. Эркектер бала силерге ойунчукпу озунорду эле ойлой бербей уй булону ойлогулачы сураныч. Катуу тийсе кечиргиле
SIMA_kg түзөттү 2018-08-28 22:05:50
28.08.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
SIMA_kg, мен тазамын. Эмне дегин келет... Эжен тагдыр экен, кор тирилик деп Туркияга барыптыр. Ажырашуусуна ким себепкер экенин билбеген сон жазганда эмне...

Бирок эжен турктошо баштаптыр, туркторду мактап... Демек, турктошо баштаса же женил ойлуу же турктор менен жакындыгы болгон. Болбосо адам жон эле мактай бербейт. Россияда 10 жыл иштеп жашап да, орустарды мактабай эле журушот, болгонун болгондой айтышып биздин мигранттар. Болбосо орустар турктордон алда канча адамгерчиликтуу, и
28.08.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
CEO1, Эже туркторду мактаса эмне туз эле жатып калган болобу? Же оз козун менен кордун беле? Колун менен кармап алдынбы? Макул ажырашышты дейли эмнеге анда 4 баласынын азабын жалгыз тартыш керек? 50% каны куйоосунонго, ал дагы жоопкерчиликти алышы керекда. Ушундай аялдан алсыз эркек болгондон коро, юбка кийип алса жарашмак куйоосуно. Эми 4 баласын багам деп талаалап алыска кеткен энени ушундай жаман создор менен жеригенче дуа кылып койсон жакшы болмок, жок дегенде колундан эч нерсе келбесе.
28.08.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
CEO1, Сен баары учун жооп бербеда, орустардын дагы жакшылыгын коргон мигранттардын ыраазычылыгын уккам. Ар элдин озунун жаман жакшысы болот.
30.08.2018. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
CEO1,ушу эженин куйоосу эмессинби деги, шумдук эле жамандапсын да.Не анчалык, куйуктун?
30.08.2018. 05:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ice-creme, мен да ошентип ойлоп калдым алынын жетишинче жамандап жатат бага албай калып анан таштап кеткен го чыыычалап эле жатып калганына караганда
30.08.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baku88,

Былтыры Атамбаевдин кошоматчысы элен, кааласан былтыркы билдируулорунду таап, козуно сайып далилдеп берууго даярмын, калп десен...

Быйыл Сокенин кошоматчысысын. Муну да далилдеп берем. Ар бийликтин камчысын чаап, мактап, кошомат кылуу учун да адам эки жуздуу болушу керек. Сен ошондо кимсин, озун жооп берчи...

Эжен туркторду мактаса, туура дейинби?!! Сен озун кимсин, озун "соосунбу"?!!
Же бийликтегилерден ойношторун барбы, болбой эле
30.08.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ice-creme, мен мындай эжене уйлонбой калайын, бул эжен вообще менин табитимде эмес.....

Сен менен Баку88 ушул катындын синдилери же "коллегалары" эмессинерби?!! Баштабайсынарбы силер да туркторду мактап?!! Уяты жок арсыздар...
30.08.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
CEO1, зато турктор кыздарын тентитпей багып жатат
30.08.2018. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Baku88, дагы жомогунду баштадынбы?!! Турктор 60-70 жж тентип жургон, кобунесе Германияга тентиген, эркеги, аялы баары. Бугун Германияда бир нече миллион турк жашайт. Ошону билбеген сон суйлоп эмне кыласын?!!
29.08.2018. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
СЕО1дин да айтканы чындык бар. Бир мезгилдерде мен да турктордун кассасында иштегем. Айткандай эле кыз корсо шилекейлери агып оздорун жоготуп койушат экен. Ночальнигибиз строгий киши болгону учун бизге даап суйлой алышчуу эмес.Бизге строгий болгону менен ошо начальник, озу да кочодо сулуу кыз корсо шилекейи чубалып калчуу. Катындарын иштетпей катуу кармаганы менен аялынын ар бир короткон тыйынына чейин эсеп учётур алчуу. Биздин аялдар андай катуу тартипке конбосо керек.
29.08.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бироонун акысын алдабай толоп берет дептир. Ар бир элде бар жакшы да жаман да. и ошол эле турктордо да бар иштетип акысын бербей койгон. Иштеп жургон мезгилде иштен кетип турмушка чыкканы атам десем, ошол ночальнигим айткан созу али эсимде. Бир жаш кыргызга тийип омуруну жокчулук турмушта откоруп жаштыгынды кор кылгыча, бир бай туркко эле тийип ал. Кошунам бар жаш семья аялынын козунон когу кетпейт тапкандары кв.тасына жетпейт, эртен сенин да жашоон ошондой болот деп акыл уйроткон кыйын болуп.
29.08.2018. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошондо мен да эмне силерде катын урбайбы кинолорунарда антип квартиралап эптеп кун коргондор,эринен токмок жегердер толтура го деген элем. Кудайга шугур дешибиз керек. Топук кылбай асмандагы айды алпер, болбосо озум алам деп алкына берсек эркектерибиздин дс баркы кете берет да. Сабыр кылыш керек.Мен жолдошума тийгенде уруп чыгаар ити да жок болчу кудайга шугур баарына акырындык менен жетип келе жатабыз.Ооба жоопкерчиликсиз эркектер да бар, акыркы мезилдер андайлар да кобойуп баратат.
baku24 түзөттү 2018-08-29 00:34:30
29.08.2018. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Турктор аял жандуу экенин баары эле билсе керек.Кыздарга жакшы мамиле кылат.Озуно кондуруп алгандан кийин каалаган нерсесин кылат.Дагы сулуу кыз алып алат да,сен бошсун деп коет.Турк эркектер турк аялдарды гана жакшы мамиле кылышат.Башка улуттун аялдарын торотуу учун алат.Мамлекет торолгон балдарды атасына алып калуу учун жардам берет.Турктон торогон аялдар ажырашса эч качан мамлекеттен алып чыга албайт.
29.08.2018. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Негизи эже туура айтат, сөздөрүнө кошулам, турктор менен журдуруп койгон туугандар этияттап жазгыла, балдары чоңоюп калыптыр, окуп калышса катуу тиет.
29.08.2018. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Chaki2795, эжен ойлонуп интервью бериши керек эле, туркторун реклама кылбай...
30.08.2018. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
CEO1,эжем башынан өтүп жатканын айтып бериптир
30.08.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
CEO1, эжеден айланып садага кет
29.08.2018. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түркияга кыз келиндер күйөөсү жогу келет же күйөөсү лох болсо келет.
Ачуу чындык .Чындык ушинтип чыркыратат Базарга иштегени да Аялдар,үйдө да Аял сыртада ,талаада аялдарбыз .Апанар эже карындаштарынар,келинчегинер салган акчаны жеп коюп инетти чукулап ушакчы катындардай болуп жата бергиле.Ар бир аялзатын басынтып тээп тепселеп ,балдарды төрөтүп таштап коюп.Качан кыз келини коргоолуп ,баркталган заманга жетебиз .Улуу урматтуу Кыргызымдын намыска бек туруктуу Жигиттери.Үй бүлөөнөрдү коргооп,ко
Feiza1982 түзөттү 2018-08-29 03:32:07
29.08.2018. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Feiza1982, ХХХ ХХХ ХХХ
Закондо эмне деп жазылыптыр, шариятта эмне деп айтылыптыр?!! Аял киши бутун эки жака керип коюп жата бериш керек уйдо деп айтылыптырбы?!! Же апан ошондой беле?!!Туркияга барган кыз-келиндердин 90-95%ти же ажырашкан же турмушка чыга электер. Ошолордун арасынан сойку болуп жургондору канча... Эл сураса нянка же сиделка болуп иштеп журом деп коюшат. Чындап нянка же сиделка болуп иштегендердин да турктордон ойнош куткондору канча...
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-30 09:19:09
29.08.2018. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ар бир Жигиттин, шариатта деле үй бүлөөсүн коргооп багып караш милдеттиго Эркектин.Законго баш ийбесенерда шариатка моюн сунсанар боло Аллах үчүн.
29.08.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектен кучтуу болсон да анын жанында кучтуулугунду корсотпогонго аракет жасаш керек экен. Сага таянып алса бутту жукту моюнуна аласын. Амалкойлукко салып, сен кучтуусун деген кубатточу создорду айтып уйронбосок башка айла жок,акыркы убактарда чынында эркектер алсыз болуп баратат же аялдар кучтуулугун коргозуп, психологически басынтып коюп жатабызбы.
29.08.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rayana18, эн туура мен кыйынмын,мен чечем деп шымалана берсек эркетер да жоопкерчиликтен качып жалкоо болуп аялдарына ишенип жата берет да. Берсен жейм бербесен ачка жата берем деп мойнуна илиш керек. эгер ичпеген эркек болсо. А ичкен эркеке даба жок
29.08.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Tawboor betin temir kyz ekensiz dagy bul dagy az tawtandy terip jurso kantip chydap jurdun eptep jumuw taap bir tuuram nan taap berip koygongo jarabagan kaysyl betin menen suylop jatasyn
29.08.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Күнөөнү эркекке коёо бербегиле да, жеңил ойлуулар, оңой акча тапкысы келгендер сойку болуп кетип жатышат... Же биз Түрктөрдүн алдына салып берип жатабызбы?
30.08.2018. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кандай тагдыр буйруп ажырашса да, балдарынын ырыскысын таап багып жатат, талаалап. Кыргыздын эркегинен айланам деп, отура берсе уйдо, торт баласын кайсы кыргыздын эркеги багышып бутуна тургузуп коет эле.Карачечекей атасы багышпагандан кийин. Жыргаганыман койчу болупмунбу дегендей, жыргаганынан темселеп талаалап жургон жок да. Турк мн жургонун коруп койгонсуп жамандагандан уялсанар кичине .
30.08.2018. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Макул аял затын сыйлай албайт экенсинер, торт баланы торогон энелик статусун сыйлап койсонор. Энеден жаралган макулуктар!Жакшы соз ыраа коруш колдон келбеген сон, жаман соз айтып журогун оорутпай эле койгулачы *монитор геройлор*
30.08.2018. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эже тууралуу айтсам бир жагынан карап боорум ооруйт албетте жалгыз бой эне 4 баланы багам деп бирөөнүн баласын карап чет жерде жүрөт бир жагынан азаматсыз дейт элем анча мынча лох колунан катын бала чака бакмак тургай өзүн эптеп багып жүрө албаган эркектерге караганда тузуксуз элдин сөзүнө көңүл бурбаныз айрыкча ушакчы эркектердин алар колунан пок келбей сүйлөй беришет
30.08.2018. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Эркектер аял жөнүндө ушак болсо болду атаң гору. Өткөндө бир таксиге түшүп калдым эми шофер деле жанындагысы деле улуу эле байкелер нормальный солидный кишилер экөө сүйлөшүп баратат шофер айтат паланча аялын уруп коюптур бети башы көгөрүп кетиптир корбодунбу десе ( ага байкеси айтыптыр өзү корбоптур) койчу анан не болуптур дейт анан тигиси айтты кетип калыптыр деп десе отура бербептир дейт а тиги урган кишини эркек эле эркек деп мактап атышат мына биздин чыныгы эркектерибиздин жүзү ушакчылар
30.08.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baku88,CEO1,Feiza1982, жеке айтышууларга тыюу салынган. Ал үчүн купуя кат бар, билдирүүлөр өчүрүлдү.
30.08.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озу кыргыздар (баары эмес) бактылуулукту акча менен эле олчоп калыпсынар! Баары эле байып кетсем деп журушот. Акчанын кулу болдунар)
31.08.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Турктор кыз жандуу,катынпоздугун илгери эле Султан Сулайманжан далилдеп койгон. Алардын артыкчылыгы Уй булосун таштап кетпей аялды тентитпей баардык шартты тузуп анан башкаларга жугургону. Эгер биздин кээ бир кукук эркектер дагы уйун жайын камдап,балдарынын керектуучулорун которуп,аялына жашап кетуусуно шарт тузуп берип койуп,башкаларга мойну эмес башка жагы кайрылып калгыча караса дагы эчким кой дебейт.Бизде эркектердин орду жоголду,бак тиккен да,Уй салган да,бала тороп бала чонойткон да аялдар
AKCAHAT түзөттү 2018-08-31 00:19:05
03.09.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,оппоооо эми...Бүт шарты жетиштүү Чубак ажыны эмне кылып жибердиңер?Бокко чейин теңеди го биздин акылдуу айымдарыбыз.Эми болсо эч ким кой дебейт дейсиң.
31.08.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздан аял албай эле койгон туура. Мен муну мурда эле тушунгом, азыр инилериме де айтам ошону. Мен озум кыргыз кызды да албайт элем азыр, чынын айтсам. Анткени алар балдарына жана кыздарына начар тарбия беришет, копчулугу. Анан анча деле сулуу эмес. Бул менин жеке оюм. Балким мен чет жерде коп жашап, ушинтип ойлоп калдымбы, билбейм.
progresskg түзөттү 2018-08-31 19:38:23
01.09.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
progresskg,Туура менда ушинтип ойлойм мамама да айтам балдарыңарга келинди башка улуттан алып бергиле деп.Кыргыздар аябай майдаланып кетиптирбиз кийинки муун чын эле тарбиясыз,акылсыз сулуу дагы эмес башка улуттан алса кичине метис болуп жакшы болмокда бул менин жеке оюм!
01.09.2018. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ayzada_asanakunova,Кыргыздын кыздарынан айланып тегеренип кеткиле озубуздун кыздарыбызды баалап барктай албаган башка улуттан жакшылык коруп жыргамак белен. Ушу дооруп суйлогондор тажатты.
03.09.2018. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
progresskg,сен Кыргыз аялдарын, башкача айтканда Апанды кемсинтипсин. Уят! Эненерди сыйлагыла! Апан сени торобосо, бул жашоого келмек тургай, экрандын артында ар кайсыны былжырап жазып отурмак эмессин.
01.09.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туркторду СССР учурунда бизге жаман корсотуп коюшкан, ошол бойдон билип билбей эле жаман коргондор толтура. Ооба, эркектери кыз жандуу келишет, бирок кыз озунун ар намысын бийик коюп журсо эч нерсе кылышпайт, тескерисинче ото сыйлашат. Бизге ошончо турк мигрант келип колубузда иштеп турганда биз басынтып, ит эле кылмакпыз. Туркияга барып жургондой эле жазыптырсынар комментерди, эжени жамандап, бир жолу барып келгенден кийин ой-пикирлеринер ушул эженикине окшоп калмак.
02.09.2018. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tram-lam,эй жомокчу, сен жомок жазсан эле эл ишене береби?!!

СССР убагында туркторго карата каршы агитация болгон эмес бир, азыркы жаштар Союздун тарбиясын алмак тургай, Союздун озун да корбой калышты, бул эки. Элдин турктор боюнча ойлору реалдуу жашоо, чындык экенин моюнуна алышын керек, бул уч!!!

Бизде канча кытай ж.б.иштеп жатат, Кытайларды басмырламак турсун, кайра оз жеринерде кытайлардан токмок жеп журосунор го, калппы?!!

02.09.2018. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайдардан Озгондо, Чуйдо, Чаткалда толтура жолу токмок жеп калып кеттинер го, милициянарды баш кылып сабашты, Бишкектин чок ортосунда...

Кыргызстанда турктор как будто Туркияда жургондой журушот. Кыргызстанды мазактап мыскылдаган туркко алынар жеттиби эмне?!!

Бир кыргыз Туркияда журуп Турккияны жамандаса, кыргыздын оозун Ошту карата коюшса керек эле турктор...

Кичине туркчо уйроно коюп, турктошо калган, турктордун адвокаты боло калган "акылдуулар" тойгузат да
CEO1 түзөттү 2018-09-02 04:19:24
03.09.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асмандан издегениңер жерден табылыптыр да.Эркектерди шыбап эле жатып калыпсыңар.Эркекти жакшы кылган да, жаман кылган да аял деп ыраматылык Чоң Энем көп айтчу.Чет жакты бир көрүп алып же чет сериалын көрүп мен да ушулардай болугум керек дегендей мамиле кыласыңар.Жаңжалдын 99% ы жетишпегендиктен чыгат.Эркек байкуштун тапканына каниет кылып жашасаңар эле баары жакшы болот.Жок, дагы болсун десеңер кол кабыш кылгыла.Баарында сабыр болуш керек.Анан эле эркектерибиз бакканда деп чыга келесиңер.Көчөдө
BarsBaatyr түзөттү 2018-09-03 22:14:17
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: