Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Түркияда иштеп жүргөн мекендешибиз: «КАЙСЫ ЭЛДЕН ЖҮДӨӨ КӨРСӨҢ ЗАЙЫПТЫ, ОШОЛ ЭЛДИН УУЛУНА КОЙ АЙЫПТЫ»

№825 24-30-август, 2018-жыл


Ош облусунун тургуну 43 жаштагы Гүлшайыр Рахманбердиева жашоого жетишерлик каражат таба албай, Түркияга барып өз балдарынын ордуна башканын балдарын карап акча табууга мажбур. Ал чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин турмушун кенен баяндап берди.

«АЛГАЧ БАЛДАРЫМДЫ САГЫНЫП КАТУУ СТРЕСС БОЛДУМ»

- Мен 4 жылдан бери Түркияда иштеп жүрөм. Алгач кемпир карадым. Кийин бала багуучулукка өттүм. Кыргызстанда өзүмдүн балдарымды кароосуз калтырып, акча табуу үчүн минтип башканын баласын кароого мажбур болдум. Анткени 4 уулумду багууга Кыргызстанда банкта иштеп тапкан акчам жетпейт эле. Жолдошум менен ажырашып кеткенден кийин жалгыз бой балдарымды багып кетүү оор болду. Түркияга келип бактымды сынап көрүүнү туура көрдүм. Ал кезде улуу уулум 8-класста, эң кичүүсү 2 жашта болчу. Төртөөнө 2 айга жетерлик азык-түлүк алып берип, өздөрүн эле батирге калтырып кетүүгө мажбур болгом. Анткени аларды ишенип таштап кете турган туугандарым жок болчу. Ата-энем да жок.

Оюмда 2 ай иштеп көрүп, болбосо кайра кайтмакмын. Кудайга шүгүр, кыйынчылыктардын баарын көтөрүп, иштеп кеттим. Ал кезде мындай тобокелчиликке барбасам, азыр да балдарымды бага албай кыйналып, аз айлыкка иштеп жүрө бермекмин да. Башында аябай кыйналдым. Бөтөн жер, бөтөн элге тил билбей келип, өзүмдү кургак чөлдө кумдардын арасына ыргытылып калгандай сезгем. Айланамдагы адамдарды түшүнбөйм, жалгызсырап, балдарымды ойлонуп, катуу стресске кабылгам. Бирок өзүмдү колго албасам, балдарымдын келечеги бүдөмүк экенин түшүнүп баарына чыдадым. Бул өлкөдө калуу үчүн эмне документтер керек экенин деле билчү эмесмин. Мыйзамдуу иштөө үчүн документ жасатайын десем, асмандын башындай сумманы айтышкан. Ошондуктан жасатпай коюп, каттоосу жок 3 жыл жүрдүм.

2 айдан кийин атасынан балдарды убактылуу карап берүүсүн сурандым эле, карап берди. Кийин балдарымды да жаныма алып келдим. Улуулары азыр иштеп мага жардам берип жатышат. Кичүүлөрү окушат. Балдарыма ижарага батир алып берип койгом. Аларга бир жумада бир жолу барып турам. Тапкандарыбыз өзүбүзгө кенен жетип жатат.

«ТҮРКИЯДА АЯЛДАРДЫН УКУГУ ЧОҢ»

- Байкашымча, Түркияга келип иштеп жаткан аялдардын 80 пайызы ажырашкандар. Бул бизде үй-бүлө институтунун өтө алсыз болуп баратканынан кабар берет. Бизде эркектер жоопкерчиликтен качып жаткандай. Түрктөр «силерде эмнеге ажырашуу көп?» деп сурай беришет. Түрктөрдө үй-бүлө ыйык, ал бекем сакталат, ажырашуу оор. Соттор да ажыраштырбай 5 жыл күтүшөт. 5 жылдын ичинде күйөөсү аялына, балдарына тиешелүү шарттарды түзүп бергенден кийин гана ажырашууга мүмкүн. Бул өлкөдө аялдардын укугу чоң, аялдар сыйланат. Негизи идеалдуу коомдо эркек жоопкерчиликтүү, намыскөй болушу керек, аялдар сыйланышы керек. Аял баркталган коомдо гана алдыга жылыш болот деп ойлойм. Бизде жаш кыздардан баштап мага окшогон апалар да үй-бүлө багалы деп тентип жүрбөйлүбү.

Жаш кыздар билим алып, ата-энесинин төрүндө эркелеп отургандын ордуна акчанын артынан түшүп, ар кандай тагдырларга туш келип жатканына ата-энелерден мурда мамлекетти күнөөлөйт элем. Мамлекет жарандарына татыктуу билим берип жана ал билимди өздөрү колдонуп калышы керек эле. Жок, азыр врачтар, мугалимдер, милиция кызматкерлери чет жерде бала багып, мейманкана тазалап иштеп жүрүшөт. Ата-энелер «баланчанын баласы чет жакта иштеп үй-бүлөсүн багып жатат. Сен да бар, биз да алдыга жылалы» деп бири-бирине атаандашып балдарын жиберишет. Ошондуктан ата-энесинин да күнөөсү бар. Мырзаларыбыз «кыргыз кыздар баланча жакта бузулуп кетишти» деп намыстанышат, «Орусияда, Түркияда иштеп келиптир» деп үйлөнбөй да коюшат. Бул жан кейитерлик жагдай. Кыргызда «кайсы элде жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты» дешкен.

«КОШ БОЙЛУУ КЫРГЫЗ КЫЗЫНЫН 9 АЙ ТАШТАНДЫДАН ТАМАКТАНГАНЫН КӨРДҮМ»

- Мен Орусияда да иштеп келгем. Ал жактан селсаяк болуп кеткендерди, ичкиликке берилип кеткен мырзаларыбызды, көчөдө калган, байлыкка азгырылып улуу кишилер менен жашап алган, боюнан алдырган жаш кыздарды көрдүм. Бир окуя эсиме түштү. Жалал-Абаддык жаш, жакшынакай кыз Орусияда өзүнүн айылдашы менен сүйлөшүп жүрүп кош бойлуу болуп калган. Ошол маалда анын жигити кандайдыр бир себептер менен камалып кетти. Анан ал кыз 9 ай бою дүкөндөрдөн чыккан таштандылардан тамак таап жеп жанын багып жүрдү. Кыз ата-энесине, эч кимге билдирбей жигитин күтүп бардык кыйынчылыкка чыдап жашай берди. Жигити абактан чыккандан кийин ал кызга үйлөнбөй коёбу деп кабатырланчумун. Бирок экөө үйлөнүп, дагы балалуу болушту деп уктум. Бактыга жараша, окуя бактылуу аяктады. Бирок кыргыз кызынын таштанды аңдып калганы жүрөгүмдү ооруткан.

Түркияда деле акчага азгырылып улуу кишилер менен достошуп алган кыздар жок эмес. Бир кыргыз кызына боорум ооруган. Ал өзү жетим өскөн экен. Кыргызстанда жигити сөйкө салып коюптур. Ага карабай кыз Түркияга келип, өзү иштеген жердин үй-бүлөлүү кожоюну менен мамиле куруп кетти. Анан баягы эле жагдай: кыз бир күнү боюнан алдырды. Турмушка чыга элек татынакай кыздын ушундай тагдырга кабылганына ичим ачышты. Өз жигитине турмушка чыгып бактылуу жашай берсе болбойт беле?

Кыздарыбызды мындай абалда көргүбүз келбейт. Бирок чет жерде иштеген кыргыз кыздарынын баары жаман жолго түшүп кетти деген туура эмес. Турмуштан жаңылышкандар бизде эле эмес, бардык улутта, бардык өлкөдө бар.

Ал эми сойкулук менен алектенген кыздарды, баамдашымча, атайын агенттиктер даярдап жиберишет. Айрым учурда гана жаңылышып ошол жолго барып калгандар болот экен. Бир ирет бул жактагы тааныш кыргыз байке мага телефон чалып, бир кызга жата турган жер керек экенин айтты. Барып, алып келдим. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп калдык. Ал келиндин Кыргызстанда 5 баласы бар экен. Жолдошу экөө кафе иштетип, жакшы жашашчу экен. Кыргыз байыса катын алат болуп, күйөөсү экинчи аял алып алыптыр. Ошондо аялы ызаланып Орусияга кетип, андан кийин Түркияга келиптир. Москвадан Түркияга учуп келсе, аэропорттон бирөө белгисиз тарапка алып кетип калыптыр. Барган жери сойкукана экенин байкагандан кийин тиги байкеге чалып жардам сураптыр. Биздин социалдык тармактарда да топторубуз бар. Бул кызга окшоп жардам сурагандарга жапа тырмак жардам бергенге аракет кылабыз. Чет жакта жашаганда бири-бирибизге күйүмдүү болуп калат эмеспизби.

«ТҮРКТӨРДҮН МИГРАНТТАРГА БОЛГОН МАМИЛЕСИ ӨЗГӨРҮП БАРАТАТ»

- Түркияда Орусияга караганда мигранттарга жакшы мамиле жасашат. Мисалы, Орусияда формачандардан качышат го. Бул жакта полиция кызматкерлери жардам беришет. Түрктөр сөздүн ыгын таап, жакшы сөз айтканды билишет. Кагып-силкпейт. Кызматчыны үй-бүлө мүчөсү катары көрүшөт. Мен деле ошол жакшы мамиледен улам көнүп кеттим. Бирок акыркы жылдары мигранттардын саны өсүп кеткендигине байланыштуубу же бизден орой мамиле кылганды үйрөнүп жатышабы, бир аз катуу мамиле кылып калышты.

Бул жакта кыргыздар эле эмес, Союздун 15 мамлекетинин баарынан келген мигранттар бар. Түркия бийлиги мигранттардын санын азайтууга аракет көрө баштады окшойт, документ жасатууда кыйынчылыктар жаралды. Азыр иштөөгө уруксат кагазы бар адам же түрк жаранына турмушка чыккандар гана бул жакта кала алат. Мурда туристтик виза менен бир жыл каттоого туруугу мүмкүн болчу. Азыр антип каттабайт. Анан АКШ санкция киргизип, доллардын баасы көтөрүлүп кетти. Түрк лирасы менен айлык алгандардын маянасы азайып жатат.

Иштетип туруп акчасын төлөбөй койгондон коркушат. Анткени мыйзамдар иштейт. Жумушчуларына ашыкча жакшы мамиле кылгандар да бар. Бир кыргыз эже түрк үй-бүлөнүн баласын багат. Кожоюну ал аялга ижарага батир алып берип, эмерек, азык-түлүгүнө чейин киргизип берди. Кыргызстандан балдарын алып келгенге жардам берип, бир баласын жумушка алды.

Түрк элинен жөнөкөйлүктү жана сабырдуулукту үйрөнүшүбүз керек. Бул жакта бийлиги бар адам да карапайым калк менен учурашып, сылык мамиле кылат. Биздей болуп бири-бирин жаман көрүп, сөгүп, уруша беришпейт. Булар элди алга жылдыра турган сапаттар.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(77)
28.08.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-30
Туркко тийип алып мактап журо бер.Бироо бар дедиби чет жерге.Ушу турк пуркко тийгендер тойгозду турктор маданиятту кыргыздан жакшы деп
28.08.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
Bars88, 4 бала тороп берген куйоосу жыргаттыбы? Же колуна аш берип уулдарын бактыбы? Бул эже кара жанын карч уруп балдарын багып жатат.
28.08.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Bars88,намысына тийдиби чырагым))) Бирок, чындякты суйлоптур эже, кыргызда бардык нерсеге аялдар биринчи бой таштап атпайбы?! Бир чон кызматтагы камалып калса да 5-6 аялды алдыга салып митинге чыгасынар го)
28.08.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Begimkyz.,Эркекти куноолу кылбай чындыкты айтпайбы.Ажырашса куйоосу эле куноолу эместир озу аппак эмес болуш керек
28.08.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Bars88,мен да турмушка чыга элекмин,1 жылдан бери Турцияда иштейм...кудайга шугур туз журом......бул жакта бузулганы да,бузулбаганы да бар!!!Тойуп кетсе эженин жооруда айткан созу силерге тиер..ойлонсонор.....айтканы туура,сылык,кичи пейил келишет.....мен да бала багам..айткандан уялбайм..баккан баланын ата энесине рахмат айтам..оз кызындай корот..кайда барышса болгон нерсени мага да алып чогуу алышат......бул жерде туркторду коргоо,алар тарапта болуу эмес...бир гана уй булоонун мамилесин айттым
28.08.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Bars88,туркко тийдим деген жери кана? Озу эле торт баласын багып жатыптыр го.
29.08.2018. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
HanTegin, случайно минус басылып кетти
28.08.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул жерде эркек же аял күнөөлүү дегени кошулбайм. Тилекке каршы кээ бир эркектер үй-бүлөгө жоопкерчилиги жок болуп, аялын кызын бакпай чет өлкөгө иштегени жөнөтүп жатышат. Аялын же кызын жөнөтүп ал жөнөткөн акчасын ак мээнет менен тапса да бул үйдө калып аны жеген эркек үчүн бул арам. А кээ бир кыздарыбыз аялдарыбыз ушул жашоого алымсынбай бай жашоо үчүн четке ата-энесинин жана күйөөсүнүн уруксатысыз баш бербей кетип жатканы өкүндүрөт. Күйөөсү менен барып иштегендерге каршы эмесмин.
28.08.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бизге дагы мыйзам киргизиш керек. Уйлонуп бир балалуу же андан коп болсо, эгер ажырашуу жонундо соз кылышса, кеминде 4-5 жыл дагы чогуу жашап, уй алып берип анан 1,000,000 сом толоп берип чыгып кете берсин. Эмне учун алсыз аял заты кордукту коруп балдарын багышы керек жалгыз. Ал эркектин дагы балдары. Эгер жогорудагы талап аткарылбаса 2-3 жыл турмого камалсын деген.
28.08.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эркектер деп тимеле, куйоон менен эмне себептен ажыраштын себебин айтып анан соз баштасан болмок.
28.08.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02,окусан турат экинчи аял алыптыр. ХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-29 09:17:27
28.08.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
love.me.again,ХХХ.сен туура оку.
Экинчи аял алыптыр ошого ызаланып Россияга кетип калдым деп бир кыргыз
Кыз бул эжеге айтып бериптир.
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-29 09:22:18
29.08.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,эркектер деппи эркек таштап кетиптир торт баласы менен сага дагы эмнени айтып бериш керек безответственный акмакда куоосу,
29.08.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Matahara1980, сен барып коруп келдинби таштап кеткенин. А балким аялы ойнош куткон чыгаар, ошого ажырашкан чыгаар. Балдарын аял озу бербей койгон чыгаар. Коруп, чогуу жашап журдун беле же?!!
30.08.2018. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
CEO1, а сен чогуу жашап көрүп журдун беле
29.08.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чычалабачы
28.08.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Намыстанышка койсо укмушсунар э эркектер.силер таштай бекем болуп,коргоп турсанар кызгыздын кыздары бактылуу болмок.озунор талкалап,озунор кулосунор.анан чет жактан ун катсале шер боло калат
28.08.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чындыкты сүйлөптүр, аялын жөнөтүп өзү олтурган эркектер лох, уят эле.
28.08.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айланып кетейин кыргызым, ушу келин сыяктуу кыргыз келиндери. Кудайым бизди колдосун, мамлекеттен үмүт жок. Өз намысыңарды тебелетпей, эрктүү болгула. Бири бирибизге күйүмдүү болуп жардам берсек, баары жакшы болор деп үмүт кылам. Кайсы жерде болбогула ыйман жана ынсабыңарды жогопогула,сураныч.
28.08.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
еркектер чычалабай еле койгула
28.08.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эже туура ой жугуртуп айтыптыр, мен да ошентип ойлоймун,
28.08.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээх кыргызым баардык жерде нан таап журосун мен дагы Туркияда бала багам 2жылдан ашты кудайга шугур жакшы масиле жасашат акча жактан жакшы жардам беришти аябай ыраазы болдум баары эле ушундай болсо кана чын айтат бул жакта ажырашуу аз аялдарды жакшы карашат
28.08.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3

бул жакта шариатты катуу карманышат ошол учун аялдарга аяр мамиле жасашат......
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: