БИР БҮРКҮМ. КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА 4 ӨЛКӨНҮН ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛЕТ
№825 24-30-август, 2018-жыл
-

Президент
СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ Апрель окуясына илимий баа берүүнү, Апрель баатырларын өлкөнүн окуу программасына киргизүүнү сунуштады.
-
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын ПРЕЗИДЕНТТЕРИ КАТЫШАТ.
-
“Ата Мекен” фракциясы акыйкатчы кызматына КАНАТБЕК АЗИЗдин талапкерлигин сунуштады.
-
Араван районунун Гүлбар айылындагы МЕЧИТТЕН ӨРТ ЧЫГЫП, 2 адам каза болду.
-
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда 28 МЕДИЦИНАЛЫК БРИГАДА кызматта болушат.
-
Бишкек шаардык кеңешинин төрагалык кызматына шаардык кеңештеги 5 ФРАКЦИЯ БИРДЕН талапкер чыгарат. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сагынов билдирди.
-
Милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапкан Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча АЛГАЧКЫ СОТТУК ОТУРУМ Жайыл райондук сотунда 5-сентябрда болот.
-
Кара-Кулжада 12 адам КҮЙДҮРГҮ ООРУСУН жуктуруп алып ооруканага жаткырылды.
-
Таш-Көмүр шаарында 21 жаштагы жоокер Нарын ДАРЫЯСЫНА ЧӨГҮП каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
-
Чүй облустук милиция башкармалыгы өткөргөн 1 жумалык рейдде Чүй облусунда кайыр сурап жан баккан 49 БАЛА аныкталды.
-
Жалал-Абад облусунда “Кара куурай-2018” аттуу операциянын алкагында 20,8 ТОННА жапайы кара куурай өрттөлүп жок кылынды.
- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы коррупцияга каршы күрөштөн өкмөт ачкан бирдиктүү эсепке дагы 7 МИЛЛИОН 410 МИҢ 504 СОМ которулганын билдирди.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0