БИШКЕКТЕ САТУУЧУ КАРДАРДЫ УРУП ӨЛТҮРҮП КОЙДУ
№826 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл

Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунда иштеген сатуучу кардарды уруп өлтүрүп койду. Окуянын жүрүшү соода борборундагы видеокамерага түшүп калган. Анда сатуучу ачуусу менен кардарды уруп жибергенин, кардар катуу соккудан улам кулап түшүп, турбай калганын көрүүгө болот. Адегенде бул кылмыш боюнча Бишкек шаардык милициясы аталган соода борборунун жер төлөсүндө бир жаран эс-учун жоготуп жыгылып, өзүнө келбей каза болду деп маалымат тараткан эле. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси – денеге атайлап оор жаракат келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү башталды. Каза болгон жаран Бишкектин 45 жаштагы тургуну болуп чыкты.
ЦУМда каза болгон жарандын ата-энеси жок. Өзү аялы менен ажырашып, батирде жалгыз жашачу
Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Жазасын алсын, адам олтуруу мал олтургондой эле болуп калдыго , тообо кылдым.