Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар маданият өкүлдөрү мамлекеттик наамдарды алышты. Алсак, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы Токтобек Асаналиев, Шахрезада Аскарова, Салима Балтаева, Насредин Дубашев, Марат Жанталиев, Айбек Карымов, Азиз Мурадиллаев, Тургуналы Нурматовго ыйгарылды. Сыйлык ээлерине кайрылып кубанычы менен тең бөлүштүк.
Салима Балтаева: – Азыр эле уктум. Рахмат сиздерге. Алгачкылардан болуп куттуктап жатасыңар. Ысык-Көлдө жүргөм. Документ топтоп жөнөткөм, бирок аларыма деле ишенбей жаткам. Анткени мындан мурун деле көп жолу документтерди өткөрүп көргөнбүз да. Бирок, Кудай буюруп, мамлекет, эл эмгегибизди баалап жатканы үчүн кубанып отурам. Тырбалаңдап кылган эмгегиңдин ушинтип акыбети кайтып жатса кубанат экенсиң.
Токтобек Асаналиев: – Жаңы эле уктум. Документтерди өткөргөнүмө 2-3 жыл болгон, быйыл алыптырмын. Маанай кадимкидей эле, эл эмгегибизди баалаганга эмне жетсин?
Азиз Мурадиллаев: – Жаңы эле уккандыктан азыр эмне сезим болуп жатканын деле билбейм (күлүп). Күткөнүмдү-күтпөгөнүмдү деле билбейм. Албетте, мен үчүн жакшы нерсе болду. Эң биринчи балдар чалып куттукташты.
star@super.kg
Каяктагы тааныбаган ырчыларга берип, наамдын кадырын кетирбей.
Азиз Мурадиллаев, сизди куттуктайм, ден - соолугунуз чын болсун, дагы чон-чон ийгиликтерди багындырып журо бериниз.