Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Жолдошунан кордук көргөн келиндин арманы: “АЯЛ САБАЛСА МИЛИЦИЯ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ИШ ДЕП КАРАБАЙТ ЭКЕН”

№827 7-13-сентябрь, 2018-жыл


Бактылуу үй-бүлөнү көрсөң суктанасың, ага карап түздөнөсүң, үлгү аласың. Алдымда сүйлөгөн сайын бүт денеси титиреп, көзүндөгү коркунучту ката албаган алсыз аялзаты отурду. Үй-бүлөлүк көшөгөнүн экинчи тарабын ачкан Мээримдин окуясы (каармандын аты-жөнү өзгөртүлдү) биздин коомдо аялдардын укугун коргоо дагы эле арткы планга да эмес, такыр эле планга кирбеген иш экенин айгинелейт.

“ЭРКЕККЕ “БАР, ЖОГОЛ!” ДЕП АЙТПАШ КЕРЕК”

– Учурда 35 жаштамын. Борбордогу университеттердин биринде окуп жүргөндө бир жигит менен таанышып, бири-бирибизди жактырып кыз-жигит болдук. Экөөбүздүн тең үй-бүлөбүз Бишкекте турушат, мамилебизди билишчү. Башында бардыгы идеалдуу болду. Кийин болбогон эле себептерден улам таарыныша кеттик.

Бир күнү университеттен чыгып баратсам жигитим алдымдан чыкты, ага көңүл бөлбөй эле өтүп кетмекчи болдум. Бирок ал “сен эмне карабайсың?!” деп келип бетке бир муштады. Ыйлап байкелериме телефон чалып мени уруп кеткенин айтсам, алар келип “сен эмне дедиң? Күнөө өзүңдө турбайбы. Эркекке “бар, жогол!” деп айтпаш керек” деп коюшту. Күнөө өзүмдө экен деп кала бердим.

“ТАШКА УРУНУП КУРСАГЫМДАГЫ БАЛА ӨЛСӨ КЕРЕК ДЕГЕМ...”

– Жигитим аны менен токтоп калган жок, дагы келип уруп кетти. Эки жактын туугандары чогулду. Акыры себепти кызганычка такап, “баары жакшы болуп кетет” деп чечим чыгарышты. Оңолот деп ишенип баш коштук. Бир күн жакшы жашасак, экинчи күнү урат. Бир жолу экөөбүз көчөдө баратканбыз, мен курбум тууралуу кызыктуу окуя айтып берип жаткам. Басып баратып эле себепсиз мени жерге бир уруп жыгып, чачтан кармап үйгө чейин чыңыртып сүйрөп келди. Ташка урунуп курсагымдагы бала өлсө керек деп ойлогом, эртеси ооруканага барсам бактыга жараша баары жакшы экен.

“ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МАСЕЛЕ ТУРА ДЕП АРЫЗ КАРАЛБАЙТ ЭКЕН”

– Кечинде жакшынакай уктайбыз. Эртең менен уктап жаткан жеримден эле бетке бир урат “тишимди чукуп жибердиң” деп. Ушинтип сабап баштаганда кайнатамдар мени апамдыкына качырышат. Ошентип жүрүп тун уулубуз жарыкка келди. Бирок жолдошумдун сабаганы токтогон жок, барган сайын мерез боло берди. Үй-бүлөдө 5 кыз, 1 эркекпиз, мен баарынан улуумун. Атам жоош киши, эч жерде иштебейт. Үй-бүлө жүгүн апам тартат. Менин абалым бул, менден кийинкилер бытырап майда эле. Кеткен менен, айла жок көзүмдү жылтыратып алып кайра жолдошумдукуна барам.

Милицияга арыз жазган жок дейсиңерби, бир нече жолу жаздым. Бирок арыз каралбайт, “келишип алаттырсыңар, үй-бүлөлүк маселе тура” деп кайдыгер мамиле кылышат. Кайненем келип арызды ал деп ыйлайт же кайнатамдын тааныштары аркылуу иш жабылат. Кайнатам мурда жакшы кызматта иштеп, тааныш-байланыштары көп.

“БИР ЖЕРИМ ООРУГАНЫН ДЕЛЕ СЕЗБЕЙ КАЛГАМ”

– Туугандарыбыздын аялдары “жолдошуңдун эмнеси жаман? Ичпесе, чекпесе, баланы жакшы көрсө. Ургандан башка кемчилиги жок тура. Биз деле ушинтип сабалып күн көргөнбүз. Чыда, төрөй берсең балага алаксып кетет” деп кулагыма куюшат. Оңолор деп жүрүп экинчи уулубуз, анан кызыбыз төрөлдү. Бул убакта мен өз көлөкөмдөн да коркуп калган элем.

Кайнатамдар бизди өзүнчө жашайсыңар деп батирге бөлүп коюшту. Бөлүнөрүбүздү укканда балээге калганымди билдим. Жолдошумдун кабагы бүркөлсө эле бир туугандарыма жалдырайм, “меникине келип түнөп кеткиле, ачуусу келип жатат, урат” деп. Алар деле кезектешип келе берип чарчашат.

Бир жолу түнү свет өчүп калды. Чуркап барып фонарь жандыргыча жаныма келип бычак шилтеди, колум менен тосуп калдым. Акыркы күндөрү бир жерим ооруганын деле сезбей калгам. Колумдан аккан кан токтобогонунан карасам бычак алаканымдан кирип, сыртына чыгып колум тешилип, шишип кетиптир. Ооруканага “идиш жууп жатып кесип алдым дейсиң” деп үйрөтүп барды. Ал шылтоого врач ишенген жок, бирок баш чайкап тим болду.

“БАКЛАЖКАНЫ ОРТОСУНАН КЕСИП КЕЛИП “УШУГА ЗААРА КЫЛ, ӨЗҮМ ТӨГӨМ” ДЕЙТ”

– Бара-бара эч жакка чыгарбай үйгө камап баштады “арызданасың” деп. “Арыздансаң жалгыз иниңди союп салам, анан өзүңдү” деп коркутат. Баклажканы ортосунан кесип келип үйгө коёт да “ушуга заара кыл, өзүм төгөм” дейт. Эмне айтса ошонусуна көнөм, башка аргам жок эле. Жакшы жагы балдарын жакшы көрөт, аларга кол көтөрчү эмес.

Бир жолу мен башка бөлмөгө чыгып кетсем жолдошум чакырып калды. Чуркап бардым. Балдарым шире төгүп алышып, кичинесинин жеңи суу болуп калыптыр. Жолдошум “эмне мени укпайсың чакырсам?” деп ызырынып барып эшикти бекитти... Баланы көтөргөн бойдон столдун алдына кире качтым. Келип баланы колумдан жулуп алды да, отургучту ала калып ура баштады. Колум менен тосуп жаткам, бир маалда эки колум тең сынып, башкарылбай эки жакка шалак деп түшүп калды. Андан кийин башыма уруп жатканда отургуч сынып калганын билем, эсимди жоготуптурмун. Кайним келип бети-башымды кандан жууп жатса жолдошум мага “өзүңө кел, автокырсыкка кабылдым деп айт” деди. Эптеп баш ийкедим. Кайненемдер келе калып ооруканага алып барышты. Врач көрүп эле “Кайсы айбан кылды бул ишти?!” деп кыйкырды, “күйөөм” дедим араң. “Андай күйөөнү атыш керек! Кантип карап турдуңар ушундай абалга келгиче?! Милиция чакыргыла” деп эле ызылдап жатышты...

“АПАМДЫН ЖАНЫН КОЙБОЙ ЖАТЫП АРЫЗДЫ АЛДЫРЫШТЫ”

– Манжаларым сынып, эки билегим тең бырчаланып калыптыр. Башымда соо жерим жок. Апам келип милицияга арыз жазды. Милиция кызматкерлери келгени менен жолдошумду кармашкан жок, 1 жума өтпөй кайындарым апама арызыңарды алгыла деп башташты. Апам “канчасына чыдадык, мунусун албайм” деп көшөрүп жаткан. Жанын койбой жатып акыры алдырышты. Жолдошум мурда милицияда иштеген, мыйзамды жакшы билет. Ал жактан жетекчиси менен уруша кетип, анын башын дубинка менен жарып салып жумуштан кеткен. Жетекчиси деле арыз жазган, “эч нерсе кыла албады” деп жолдошум мактанып калат.

“БАЛАМ БАШКА БАЛДАРЫҢ БАР ЭКЕН ДЕП ЫЙЛАДЫ”

– Ооруканадан чыккандан кийин Орусияда, Түркияда иштеп жүрдүм. Ал жакка барган күндө да балдарымдын элеси бассам-турсам ээрчип, уктасам түшүмө кирип эле туруп алды (каарманым көз жашын токтото албай турду). Улуу балам чоңоюп калган да, ал телефондон “атам сени башка балдары бар деди” деп ыйлайт. Баланын ыйы канчалык оор экенин эне гана билсе керек. Өлсөм да балдарымдын жанында эле болоюнчу деп кайра келдим.

Үйдө эшиктердин өзүндө кулпу болот го, жолдошум “бирөө артымдан аңдып жүрөт” деп ар бир эшикке кошумча дагы 2-3төн кулпу салат. Кээде туруп “сен мени жакшы карабайсың, апам айнектен келип кулагыма суу куюп кетти” дейт. Андай учурда күн-түн дебей качам. Бир жолу кызыма суук тийип ооруп калганынан “сен ооруттуң” деп бетке муштаганда мурдум 3 жеринен сынып кетиптир, дагы эс-учумду жоготкон абалда ооруканага түштүм.

“ТУРГАН ЖЕРИМДЕН ЗААРА КЫЛЫП КОЙГОНУМДУ БИЛБЕЙ КАЛАМ”

– Балдарым торолуп калды, өзүм үй алып кутулбасам болбойт деп апамдын жанына Алматыга кеттим. Бир ай өтүп балдарымды көрөйүн деп жалгыз баргандан коркуп сиңдимди, анын жигитин, дагы бир тууганыбызды алып барып үйгө кирбей туруп балдарды чакырып учурашып жаткам. Ошол убакта жолдошум келе калып мага жулунду, ортого түшө калган сиңдимди, анын жигитин уруп жерге жыкты. Мага келе жатканда машинага кептелип эле нес абалда калыптырмын. Тери чыптама кийип жүрдүм эле, колун шилтегилеп жаткан, башкалар келип ортого түшүп ажыратышты. Сиңдим “эже, сизди бир нерсе кылды” деп эле чыркырайт, же мен сезбейм. Анан басайын деп бутум шилтөөгө келбей жыгылып калдым. Бычак менен санга сайгылап салган экен, андан мурун курсак тушума сайып жаткан, тери чыптамадан өтпөй, бутума шилтептир.

Баарыбыз арыз жазганбыз, бирок бир жумадан кийин барсак арыз түшө элек дешти, анан кайра жазсак “үй-бүлөлүк маселени өзүңөр чечишип алгыла” дейт. Баарыбыз коркуп калганбыз, ажырашып, балдарды алып кеткен күндө да ал ата-энеме,бир туугандарыма, кайнене-кайнатама залал келтирет сөзсүз. Апам да ошондон коркуп жатат. Азыр бир нерседен корксом эле бүт денем калчылдап чыгат. Кээде турган жеримден кантип заара кылып койгонумду билбей калам.

“АЖЫРАШАРЫҢ МЕНЕН АЭРОПОРТКО КЕТЕЛИ, АТАМ КАРМАП КАЛБАСЫН...”

– Интернеттен башка запкыга кабылган келиндердин баянын окусам, менин жолдошумдукуна окшош экен белгилери, андай адамдар шизофрения менен оорушат экен. Кайнатама барып “балаңыз шизофрения менен ооруйт окшойт” десем, “билем” дейт. Шизофренияны врач дарылай албайт деп ооруканага алып барбайт окшойт. "Молдолорго алпарганда же жакшы болуп кетет же, тескерисинче, оорусу күчөп кетет экен. Күчөп кетсе анан эмне кылабыз? Андан көрө сен өз күнүңдү көр, балам” деди.

Азыр улуу балам 5-класста, ортончусу 3-класста окушат, кызым 4кө чыгып калды. Мени сабап жатканын көрүп улуу баламдын көңүлү калган да, азыр телефондон сүйлөшсөм “апа, ажырашсаң мен сени менен кетем. Бирок ажырашарың менен аэропортко кетели, атам кармап албасын” деп коркуп турат. Жолдошум азыр таксист болуп иштейт. Балдар мектепке, бала бакчага барышат, болду, башка эч ким менен сүйлөштүрбөйт. Мен Бишкекке келген сайын, алыстан болсо да караандарын көрсөм жок дегенде деп көчөдөн жашырынып акмалайм.

Учурда юридикалык, психологиялык жардамга муктажмын. Ал адам мага, жакындарыма зыян келтирбей тургандай, балдарымды чет өлкөгө алып кетүүнүн жолу бар бекен издеп келем.

Мунун баарын эмнеге айтып отурам, менин тагдырымды эч ким кайталабасын дейм. Биз, аялзаты, кордук көргөн убакта да эч ким бизди коргой албайт, “карга карганын көзүн чокубайт” экен. Андыктан турмуш курганда башканын сөзүнө кирбей, өзүңөр гана ойлонуп чечим чыгаргыла дейт элем.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(58)
11.09.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Уфф. Журок ооруткан окуя го
11.09.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Точно эле шизофреник экен.Мен сиздей аялдарга эээч түшүнбөйм да айбан кейпине түшүп уруп согуп атса да каңкайип жашай бербей ажырашып эле кетпейт белеңер башында.Ден соолуктан ажырап балдарга психологиялык травма берип ........ Сиз мүнөздөгөн адамдын койнунда жатыш эле кандай коркунучтуу ужас.
11.09.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Билбейм,ото эле апыртып жиберген эмеспи,балдарды ким карайт экен озу чет олкодо иштесе?
11.09.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
rejepova,эркеке адвокат болбогула алардын колунан бапры келет аялын өлтүрүп коюп деле камалбай жүргөндөр канча аял боло аялды түшүнбөсөңүз өзүңүздүн башыңызга келе электа билбейсиз
11.09.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
rejepova, сендей адамдар кантип жашап жүрүшөт таң калам
12.09.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tyty1990,тан калбайле кой
11.09.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Окуп алып ыйладым, аябай окунучтуу, балдарга да кыйын болуптур, Алла Таалам озу колдосун сизди
11.09.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ух ий жүгөгүм эзилип кетти элестетип алып бир кыпкызыл жинди менен жашап жүрүптүрда ушундайларды окуп алып турмушка чыккын деле келбейт эркектин баары бирдей ач кулак тынч кулак жалгыз башың жакшы токмок жеп ден соолугуңада доо кетпейт акыл эси бар адам эрги тийип өзүн кордотуп койбойт эркектер ХХХ ХХХ айбанда анчалык кылбайт сөз жок мындай адамды атып эле салыш керек агаларында да мээ жок карындашын коргоштун ордуна кайра күнөөлөгөн тийбей жатып кол көтөргөн адамга эмнеге тийе
Модератор admin_media түзөттү 2018-09-11 11:36:33
11.09.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тообо кылдым,ожырашпайсынбы анда, күйөө түгөнүп калдыбы
11.09.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушинтип былжыраап журуп, учту тороп коюптур. Озун сыйласа эчаак эле кетмек. Озун сыйлаган адам, бироону дагы сыйлаганды билет. Шизофрения менен ооруганын кайынжурту айтпай, кызгануу деп уйлонтуп койгондон кийин, козомолго алыш керек болчу, башка жашагыла деп болуп койбой. Журоктору тоо экен. Келин озун сыйлабагандыгы учун ушундай тагдырга туш болду деп ойлойм. Мен кыздарга айтаар кенешим:"озунорду сыйлагыла".
11.09.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Snejana, ощол айттып атпайбы. Бир тууган жалгыз инини. Апаны олтуром дептир. Ошолорду деп омуру кордук менен отуптурда.
11.09.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кризистик борборлорго кайрылыныз.
Ушундай адам да таксист болуп иштейби?!
Үй-бүлөсүнө эле эмес коомго да коркунучу бар экен.
Деги эле сүйлөшүп жүргөндө эле кол көтөрсө эмнеге тийдиниздер деймда.
11.09.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эх турмуш кыйын белен чечилбеген
Адам барбы жолдорунда эзилбеген

тооба эзилип эзилип ыйладым. Кудай көрсөтөтко таш боор эшшек эркектерге
11.09.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыз жигит убагынарда урган экен,ошондо эле турмуш курганда эмне болот ойлондунуз беле? Ушул кыргызда эл эмне дейт дегенден коркуп эле,кордук корушсо да жашап журо беришет!
Суперге кайрылганыныз жакшы болду,балким окугандар,бул ишти тушунгондор жардам берип,куйоонузго тиешелуу жаза берээр,сизге амандык. Больницага да корунушунуз керек,денсоолугунузга деле эчак залака тийгендир
11.09.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Үйлөнө элек кезинде уруптур, анан неге тийдиң
11.09.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Таксист болуп иштегени да коомго коркунучтуу экен
11.09.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
куураткан экен куйоосу, балдар да куурады ортодо, кандай болгон кундо да озунузду колго алып балдарды бербеш керек психически нездоровый адамга
11.09.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу куноолуу туздон туз!Ушунча урса чыдаган тобо кылдым жок дегенде балдарын ойлобойсунбу?Кичинесинен психасын бузбай!Тага журт жокпу куйоонду ээсине келтире турган.Мындай эркекти дарака байлап алып аябай уруш керек жанын кыйналганда кандай болорун билиш керек!Же анын псих больницага жаткырыш керек!
11.09.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнеге тийдин деп эле акылман боло чыгасынар да!Бул байкуш келин ушунчалык кордук зомбулук коромун деп ойлогон бекен!Бешенеге жазылыптыр эмне кылсын!Дагы деле кеч эмес ажырашып жакшы жашоо баштап жашасын!Балдарынын жакшылыктарын корсун!
13.09.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Musulmanka85g, Урат демек суйот.
11.09.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
тообо кылдым,Биринчиден озунор куноолусунор! Кыз-жигит деген суйушуп,назданышып турмуш куратго,силерди уйлоно элек эле уруп согуп жатса да биоип туруп баш кошконсунар.Экинчиден ошончо инвалид болуп калганча сабап жастса да кайра барып жашап жатканынарга тан калдым.Неге кайтып барасынар!? Ошол учун ар бир уйдо эркек киши чечкиндуу жана созуда,козуда курч бир создуу болуш керек!!! Былжырап оозунар ачылып аталанар чыгып журо берсенер кызынар жана карындашынар бар жеринде кор болот.
11.09.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кандай ушуга укук коргоо органдары карашпайт, акмактар акчасын алып алып ишти жаап салышат окшойт, укук коргоо органдарында текшерип керек болсо жоопко тартыш керек.
11.09.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыздар силердин мээнер жайындабы куйоого тие элек кызды ,суйлошкон кызын урган нормабы???.Урмак тугул суйлогондон сурдоп туруш керек го .Эмнеге тийдиниз аял кылбай уруп атса .Чын эле жинди Эме окшойт нервный .Ата -энениз Эмнеге Сизди коргоп албайт .Кандай азап мн чонойтту сизди анан ушу бир жиндиге кор болуп отосузбу?? .Уу берип эле олтуруп салыш керек мындай акмакты.Балдарын жакшы корот дейсиз .Каяктан ??балдарыныздын психикасы олгон уже . Биринчи урганда эле кетип калбайсызбы
11.09.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озуно андай мамилеге жол бербеш кк болчу .Сиз кетпей макул болуп журо берсениз ага да кудай берди да
11.09.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзүңдө экенда күнөө билип туруп тийипсиң. Анан ошо ишти карабай койгон милициялардын үстүнөн прокуратурага арыз жазыш керек эле
11.09.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
тообо ушундайда адам болот экенда кызык чет жака кантип балдарды таштап кеттиниз кантип качып кетти деймда мен ишенбедим жомокпу не
11.09.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш келинге ким жардам берет ушунча жылдан бери бербеген эми ким бермек эле.Бирок озу да кичине жудомушго дейм.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: