
Журналист, коомдук ишмер
Мыктыбек Арстанбек камактагы саясатчы
Өмүрбек Текебаев тууралуу билдирүү жасады. Ал саясий аренада
Текебаев жетишпей жатат, Кыргыз элинин саясий аң-сезимин калыптандырууда андай жетик саясатчылардын ролу чоң дейт.
“Мен Текебаевдин күйөрманы эмесмин. Бирок ал саясий аренада керек болуп жатат. Чыныгы саясий пикири бар, саясий идеологиялык саясатчылардын жоктугунан улам ууру, "кисабир", бандит, эптеп бийликке келип алып элдин акысынан жашаган, эгер бийликке өтпөй калса кайра жамандаган "балаболдор" пайда болууда. Жетик саясатчылардын саясатта дайым алпурушуп турганы коомдун аң-сезимин тарбиялоо менен өнүгүүнү да шарттайт”,- дейт
Мыктыбек Арстанбек.
Текебаевдин саясаттагы, Жогорку Кеңештеги ордун эч ким алмаштыра албай жатканын коомчулук көрүп турат. Муну депутаттар да моюнга алып жатышат. Кемчиликтерди, кыңыр иштерди элге жеткирип, бийликти чыйралтып турган андай оппозициячы бийликке дайыма керек. Ал эми кошомат кылып, мактоочулар ар дайым табылат. Азыркы бийлик
Текебаев боюнча мурунку бийликтин иш-аракетин колдой турганы башкы “ата мекенчинин” иши кайра каралбаганынан көрүнүп турат. Ал ооруканада 1,5 айлык дарылануудан өтүп, кайра түрмөгө которулду.