
Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Молдовадагы элчиси кызматына
Жусупбек Шариповдун талапкерлигин сунуштады. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети анын талапкерлигин колдоого алды. ТИМдин өкүлү
"Кыргыз өлкөсү менен Молдованын алакасы өнүгүп жатат, ошондуктан элчилик ачуу зарылдыгы жаралды" дейт.
Жусупбек Шарипов президент
Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы. Азыркы тапта Кыргыздын Украинадагы элчиси болуп иштейт. Эгер парламент колдоого алса кошумча Молдовада элчилик кызматты аркалайт. Анын резиденциясы мындан ары мурдагыдай эле Киев шаарында жайгашып, ал бир учурда эки өлкөдө элчи болуп иштей бермекчи. Коомчулукта
“өлкөдө үй-бүлөлүк башкарууга кайтуу коркунучтары бар” деп коңгуроо кагылып жаткан шартта президенттин агасына дагы бир өлкөгө элчилик кызматы кошулуп жатканы кызык.