Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫЙНООДОН КИЙИНКИ ӨМҮР. “7 ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮМ ТҮРМӨДӨ УУРДАЛДЫ...”

№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл


Кайсы бир кылмышка шектелип укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган адам сот бөгөт коюу чарасы боюнча чечим чыгаргыча убактылуу кармоочу жайга камалат. Кармалгандардын айрымдары милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолорго туш болгонун айтып келишет. Бул сапар “Көз карандылыкка каршы Борбор Азиялык альянс” уюму өткөргөн "Кыйноолордун жыйынтыгынын баасы" долбооруна катышкан адамдардын убактылуу кармоочу жайда кандай кыйноолорго туш болгону тууралуу окуяларга орун бермекчибиз. Каармандардын каалоосу менен аты-жөнүн, окуя кайсы шаарда болгонун жазган жокпуз.

“КАНДАЙ ЖОЛ МЕНЕН БОЛБОСУН, МОЮНУНА АЛДЫРГЫЛА ДЕДИ”

“Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип кармалып, күнөөсүз эле 7 жылдык өмүрүмдү темир тор артында өткөрдүм” деген 47 жаштагы Мавлюда айым төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Бул каргашалуу окуя 2010-жылдын июнь айында болгон. Күндүзгү саат 10дор чамасы болчу, мен жумуштарым менен коңшу өлкөгө барып келип, үйгө барайын деп автобекетте турганымда милиция кызматкерлери келип кармап кетишти. РИИБге алпарып, бир кабинетке киргизишти да, 10дой кызматкер тегеректеп алып ар кандай суроолорду бере башташты. Эч нерсени түшүнбөй калдым. Көрсө, мени менен чогуу иштеген кесиптештерим массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалышкан экен. Аларга кошуп мени да күнөөлүү кылып коюшту. Мен эч нерсе кылбаганымды кайталай бердим. Бир опер кызматкер “эгер моюнуңа албасаң, аял экениңе карабайм” деп коркута баштады. Кылбаган күнөөнү эмнеге моюнума алышым керек?

Сөздөн ишке өттү “эркектер”. Эшиктен кара дубинка көтөргөн бир адам келди да, аны менен колу-бутума 5-6 жолу чаап жиберди. Баары бир күнөөнү моюнума албай койдум. Ошондо алардын бири “Эмне карап турасыңар?! Кандай жол менен болбосун, моюнуна алдыргыла” деди. Ошентип кечки 9га чейин улам бири келип кезектешип сабай беришти. “көгөрчү жерлерине чаппагыла” деп бири-бирине үйрөтүп коюшат. Бир маалда “кислородун буугула” дешти да, башыма 2 целлофан баштыкты кабаттап кийгизип муунта башташты. Аба жетпей эсимди жоготкондо суу чачып жатышкан...

“ЧЫДАЙМ ДЕП ОЙЛОДУМ, БИРОК ЧЫДАБАДЫМ”

– Кечки саат 9дарда шаардык прокуратурага алып барышты. Бирок мага карата ал жактын кызматкерлеринин да мамилеси өзгөргөн жок, тескерисинче, эми шылдыңдоого өтүштү. Мен өмүрүмдө аялга карата ушундай ыплас сөздөр айтыларын уккан эмесмин. Менин ишимди жаш прокурор жигитке беришти. Ал “эгер моюнума алам деп жазып бербесең, сени атып салабыз да, качып кетүүгө аракет кылды деп ишти жаап коёбуз. Өзүңдөн көр” деди. Мен акырына чейин чыдайм деп ойлодум, бирок чыдабадым. Адамды адам ушунчалык кыйнай аларын ошондо көрдүм. “Балдарыңа “апаңар бузулган аял” деп айтабыз. Алар өмүр бою башын көтөрө албай жашашат” деп балдарыма да асылышты. Кыйнап ар кандай документтерге кол койдуруп алышты. Эмне документ деп караганга шайманым жок болчу, башкысы, жанымды коюшса болгону деп ойлодум. Анан убактылуу кармоочу жайдагы камерага алып келишти да, болгон күчү менен тепкилеп салышты. Денемде соо жер жок эле...

“АЗЫР БАЛДАРЫМ МЕНЕН БИРГЕБИЗ, БИРОК ОРТОДО ЖАРАКА БАР”

– Сотто менин үнүмдү уккан адам болгон жок. 20 жылга кесилдим. Жактоочуларым чуркап жүрүп, Жогорку соттон 9 жылым кыскартылып, 11 жыл жаза өтөмөй болдум. Кайсы күнөөм үчүн 11 жыл? Амнистияга кабылып, 7 жыл түрмөдө отуруп чыктым. Мени кармаган учурда улуу балам 18де, кызым 11де, кичүү уулум 6 жашта болчу. Мени түрмөдөн 25 жаштагы керилген жигит, 18 жаштагы сулуу кыз жана 13 жашка чыккан өспүрүм тосуп алды. Мен балдарымдын кантип чоңойгонун, кандай маселелерге туш болгонун, аларды кантип чечишкенин, кандай ийгиликтерди багынтышканын билбей калдым. Ооруганда жанында болуп маңдайынан сылаган жокмун, жыгылганда чуркап барып тургузган жокмун, ыйлаганда соороткон жокмун. Түрмөдө балдарымдын жанында өтө турган 7 жылдык өмүрүм уурдалды. Ден соолугум уурдалды. Келечекке болгон үмүтүм уурдалды... Психологиялык жактан калыбыма келемби, келбеймби, бир Кудай билет. Азыр балдарым менен биргебиз, бирок ортодо кандайдыр бир алыстык, жарака бардай сезилет.

“ТҮРМӨДӨН ЧЫККАНДАН КИЙИН БААРЫН КАЙРАДАН ҮЙРӨНҮШ КЕРЕК ЭКЕН”

– Түрмөдөн чыккандан кийин бардык нерсени кайрадан үйрөнүш керек экен, жадакалса адамдар менен мамиле түзгөндү да. Баары жаңы, баары чоочун... Өзүмө эч нерсе дебесе да, айланамдагылар колу менен көргөзүп, “сен чыккынчысың” деп жаткандай сезиле берет.

Өзүмдүн шаарымда тааныш адамдардын арасында жашай албай, башка шаарга көчүп кеттим. Жумуш издеп канча жерге бардым, бирок мага окшоп соттолгондор үчүн көп эшик жабык экен. Эптеп жумушка орношуп алсам, ден соолугума байланыштуу жумушумду жасай албай калып кожоюндар кетирип жиберишти. Азыр күнүнө 300 сом алган жумушта иштейм. Албетте, бул акча менен бирөөнү эмес, өзүмдү да бага албайм, бирок үйдө бекер отуруп балдарыма жүк болгум келбейт.

“АДИЛЕТТИК ИЗДЕБЕЙ ЭЛЕ, КАДИМКИ ЖАШООМДУ УЛАНТЫП КЕТКИМ КЕЛЕТ”

"Милиция кызматкерлери тарабынан сабалып оорукчан болуп калдым" деген 34 жаштагы Каниет да башынан өткөн окуясын айтып берди:

– Бир жылдан бери бизди сабаган милиция кызматкерлери менен соттошуп келебиз. Бирок жыйынтык жок. Кээде адилеттик издебей эле баарына кол шилтеп, кадимки жашоомду улантып кетким келет.

Бул окуя былтыр болгон. Агам экөөбүз саунада эс алып, бир аз ичимдик ичкен элек. Мас абалыбызда саунанын кызматкерлери менен уруша кеттик эле, алар милиция кызматкерлерин чакырышты. Милиция кызматкерлери келишти да, эч бир сөзгө келбей агам экөөбүздү сабап, колубузду байлап РИИБге алып кетишти. Убактылуу кармоочу жайдын камерасында каалашынча ур-тепкиге алышты. Денебизде тамтык жок, көпкөк эле. Эртеси эртең менен мени бутум сынган абалда коё берип, агамды дагы 5 суткага камап коюшту. Мени ошондой абалда 50 жаштагы апам алып кетти. Баласынын көпкөк болуп сабалганын көргөн эне үчүн оор болсо керек. Апама баарын түшүндүрүп бердим. Шаардык ооруканага барып бутума гипс салдырдык да кетип калдык, башка ооруган жерлеримди текшерткенге акча жок болчу.

“ЭКИ БӨЙРӨГҮМӨ ТЕҢ ДОО КЕТИП, КАБЫРГАМ, ЖОТО ЖИЛИК СЫНГАН ЭКЕН”

– 2 күндөн кийин өзүмдү жаман сезип, апам мени кайра ооруканага алып барды. Баш мээм чайкалып, эки бөйрөгүмө тең доо кетиптир, кабыргам, жото жилик сынган экен. Милиция кызматкерлеринин “белегинен” кийин 2 жарым ай төшөктөн турбай жаттым. Үй-бүлөм мени дарылатабыз деп карызга батты. Аялым 3 баламды карап үйдө эле, эң кичүүбүз 3 айлык болчу. Үйдө уруш-талаш көбөйдү, аялым күндө ыйлайт, “ажырашам” дейт. Биздин үй-бүлөнү апам сактап калды окшойт, акча таап келет, мени карайт. Аялым баламды апама таштап жумушка чыкты.

“БИРӨӨ МЕНЕН УРУШКАНЫМДЫН БААСЫ УШУНЧА КЫМБАТ БЕЛЕ?”

– Жакындарымдын кыйналганын көрүп мен өзүмдү күнөөлүү сезем. Бирок мас абалымда бирөө менен урушканымдын баасы ушунча кымбат беле? Аларды урбасам же мүлкүн талкалабасам? Мен күнөөмдү моюнума алам. Бирок кандай күнөө кетирсем да, аны мыйзам менен чечип, тиешелүү айып пул салса өзүм иштеп төлөмөкмүн го, чала жан кылып салгыча сабабай. Үй-бүлөмдү курулушта иштеп бакчумун, сабалгандан кийин 9 ай оор жумуш кыла алган жокмун. Азыр калыбыма келип, кайрадан курулушта иштеп жатам.

Прокуратурага милиция кызматкерлери бизди кыйнаганы боюнча арыз жазсак, ал кызматкерлер бизге кол салган деп кайра арыз жазып, кайра бизге кылмыш ишин козготуп коюшту. Бизди сабаганы боюнча бир дагы күбө же далил жок экен, баарын жаап коюшуптур.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
02.10.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ото окунучтуу..Сизди кыйнаган адамдар бул дуйнодо жазасын албаса да,тиги дуйнодо со зсуз алат деп ишенем.Балдарынан корот ошол жамандыкты.Негизи эле биздин куноо кылгандарыбыз, балдарыбызна тиет деп ойлойм.
02.10.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акчан жок болсо саунада балээ барбы?Ошол арака кеткен акчанды балдарына таттуу алып берип,апан менен жарындын жанында олтурбайсынбы.
Сенин ордунда болсом,куноону милиция кызматкерине эмес озумо коймокмун.Ичкеним учун,ичип алып кыссып кетип калбай уруш чыгарганым учун.
02.10.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх жашоо кандай гана катаалсын!акмактар канкорлор экенсинер,Кудайым колунарды шал кылсын,канчалаган соо адамдарды майып кылдынар!камера орнотуш керек деп ойлойм бут кабинеттерине,турмонун ар бурчуна орнотуш керек,прездентибиз ушул маселени да бир карап койгондо жакшы болмок,эмне жакшынакай адамдарды ура бергидей аларды тууп Алды беле?оздорун уруш керек жанын козуно корсотуш керек?канчалаган куноосуз адамдар жатат,куноолулор эркиндикте журот,бейкуноо адамдарды ойлогондор барбы ОЗУ?
Eli.91 түзөттү 2018-10-02 10:30:32
02.10.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ургандардын приказ бергендердин ХХХХ ХХХХХХХ оз озумо келе албай отурам,булардын жанын мынча кыйнады,жулунун тушуп суйролуп калгыр акмактар десе,ошончо элдин ошончо адамдын коз жашы силерди онолтбойт бир кун болбосо бир кун тартасын азабын ашыгы менен Кудай буйруса.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-02 12:25:06
02.10.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адамдан милиция, мент чыгат. Ал эми менттен эч качан адам чыкпайт деген ушу да. Булар бироонун тойунда отурса да издегени жамандык.
02.10.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне дешти да билбейм, адамдар ушунча мыкаачы, ташбоор болобу?
02.10.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушундай куру дооматтан Аллахым озу сактасын ач койсода тынч койсун Оомиин.
02.10.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар жазанарды алаарсынар
02.10.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Милициянын мыйзамсыз иштери ото коп. Далайына кубо болгонбуз. Эптеп эле ишти жабыш учун адам барбаган нерселерге барышат. Арасында жакшылары да жок эмес. Бирок....не дешти да билбейсин....
03.10.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманда милиция менен врачтардан Кудайым өзү сактасын. Адам кейпин кийген айбандар, бул дүйнөдө болбосо дагы, акыретте сөзсүз жазаңарды аласынар
03.10.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээ тообаа.Жаратканым озун сактай коор!!!Мен ойлойм,бул закон менен иштегендер,Аллахтын закондорун такыр билишпейт сыяктуу.Кудай бар деп коркосунго акыры,даже бир пайдасыз жандыкты олтуруп жатып деле,убалы тийбесин дейсинго.Анан куноосу жок экенин билип туруп,мойнуна аласын деп,чала жан кылып ургандарын.Кудайдан корксонор боло.
03.10.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ашыкча сдача алып алыпда кете бериштен корком.50 сом 5000 сом болуп бир жеримен чыгып кетпесин деп.Анан кантип бир куноосуз адамды кыйнап,каматып жиберип,тынч жашайсынар!!!!???
08.10.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи арманын айткан озбек улутунан экен бир чети боорун ооруйт бир жагынан алганда бул озбектер учун кемдик кылат тынч жаткан кыргыз элимин тынчын бузуп кыраандай кыргыздын жаш жигит кыздарын мыкаачылык менен олтурушкон ошол куну мен дагы озбектер тарабынан сол колуман ок жегемин озум тааныган озум менен чогуу эле жургон озбектер эртеси ок чыгарышкан чынында ал кунду эстесем озбек аттуу элди кырып салгым келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: