БИР БҮРКҮМ. САПАР ИСАКОВ ДАГЫ 2 АЙГА КАМАКТА КАЛДЫ...
№831 5-11-октябрь, 2018-жыл
Кыргыз өлкөсү 4 миллиард доллар тышкы карызы үчүн жыл сайын 13 МИЛЛИАРД СОМ туум төлөп жатканын Каржы министрлиги билдирди.
-
Бишкек шаардык мэриясы ушул жылдын аягына чейин газ менен жүргөн 60 ЧАКТЫ автобус сатып алууну пландап жатат.
-
Туруктуу элдик кеңеш президент жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн ноябрда ЭЛДИК КУРУЛТАЙ өткөргөнү жатат. Бул кеңешке Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев өңдүү саясатчылар мүчө.
-
2010-жылы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна ЭС АЛУУЧУ ЖАЙ куруларын Бишкек мэриясы кабарлады.
-
Депутат Алтынбек Сулайманов премьер-министрди облус башчы жана акимдик КЫЗМАТТЫ ЖОЮУГА, айыл өкмөттөр менен түз иштешүүгө чакырды.
-
Акыркы 4 жыл аралыгында Кыргыз өлкөсүндө 4141 БАЛА асырап алынган. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова билдирди.
-
Миграция кызматынын мурдагы башчысы АЛМАЗ АСАНБАЕВ «Сапар Исаковду колдогон пикирим үчүн мени кызматтан кетиришти» дейт.
-
Жарандык активист МАВЛЯН АСКАРБЕКОВ Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.
-
Расмий маалыматка ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 3 ЖООКЕР КАЗА ТАПСА, 2 жоокер жаракат алган. Ал эми 32 жоокер ур-токмокко кабылган.
-
Мектеп окуучулары 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин КҮЗГҮ КАНИКУЛГА чыгышарын жооптуу министрликтен билдиришти.
-
Биринчи Май райондук соту экс-премьер САПАР ИСАКОВДУ 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
- Эсептөө палатасы: «2016-жылы Транспорт министрлиги жол оңдоодо мыйзам бузууларга жол берип мамлекетке 351 МИЛЛИОН СОМ зыян келтирген».
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0