Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

"ТИМдин КОРРУПЦИЯЛЫК СЫРЛАРЫ". ЭМИ БУЛ ТУУРАЛУУ "ДЕЛО№..." ГЕЗИТИНЕ УЧУРДАГЫ КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНҮН ЭЛЧИСИ АЙТЫП БЕРДИ!

№831 5-11-октябрь, 2018-жыл


“Бардык жолдор Римге алып барат” деп айтышчу илгери. Бүгүнкү Кыргызстанда болсо бүт жолдор... Тышкы иштер министрлигине алып барат деген ой жаралат. Биздин гезит августтун аягынан бери жазып келе жаткан Кыргыз дипломатиясынын көшөгөсүнүн арты тууралуу теманын суушуна турмуш өзү жол бербей жатат. Өткөн аптада Сеул аэропортундагы мас чиновник менен болгон эсти оодарган жаңжал кыргызстандык таптакыр башка мекеме – Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тиешелүүдөй сезилген. Бирок бул “жол” да ТИМге алып барды! Кезектеги жаңжал социалдык өнүктүрүү министринин мас орун басары Зууракан Каденованын чуусун да басып өттү. Ошол маалда Бишкекте болгон Түштүк Кореядагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султан (Султанов) маалымат жыйын берип, Сеул аэропортундагы окуя тууралуу гана эмес, Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү коррупция тууралуу да айтып чыкты. Негизинен – Кылычбек Султан мурда жетектеген Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчилигиндеги иштер тууралуу. Муну менен дипломат ТИМдин дагы бир жагымсыз сырын ачты.

ТИМ тарабынан өч алуу көп күттүргөн жок. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кылычбек Султанды Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотуу тууралуу президентке сунуштама киргизди. ТИМ өзүнүн расмий билдирүүсүндө элчи Султанды дагы бир жолу “мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежесин, ошондой эле дипломатиялык этиканын элементардуу нормаларын бузду” деп айыптады. Аны менен бирге Кылычбек Султанга компроматтар бар экенин, аны “тийиштүү органдарга” бериши мүмкүн экенин кыйытты. Мындан бир ай мурун биздин гезит өзүнүн макалаларынын биринде Кыргызстандын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүндө кесипкөй эмес адамдар иштеп жатат деп Тышкы иштер министрлигин сындаган. ТИМ өзүнүн “төгүндөөсүндө”: "мурдагы гезит чыгаруучу Кылычбек Султан (саясий негизде кызматка дайындалган башкалар сыяктуу эле) өз ишин жетиштүү деңгээлде аткаруу жөндөмүнө жана сапатка ээ" экенин ишенимдүү түрдө билдирген.

ТИМ башчысы Абдылдаев кызматкерлери жөнүндө өзүнүн көз карашын ушинтип эле опоңой өзгөртө калат экен!

Биздин редакция Бишкектен Сеулга кайтып барган элчи Кылычбек Султан менен байланышты. Биз дипломатка кырдаалды түшүндүрүп берүүнү жана көпчүлүктө жаралган суроолорго жооп берүүнү сунуштадык. Кылычбек Султан макул болду. Маек учурунда элчи толгон токой ачылыштарды айтып берди.

МАС ЧИНОВНИКТИН ЖАҢЖАЛЫ: ЖАЛГАН АРТЫНАН ЖАЛГАН!

– Келиңиз, дароо эле ачыктоо киргизели: Сеул аэропортунда чиновник менен болгон окуя учурунда сиз кайда элеңиз?

– Ал учурда мен Кореяда эмес элем, Бишкекте болчумун. Окуя 22-сентябрда болду, а мен Бишкекке 19-сентябрда учуп баргам.

– Кандай максатта?

– Кадр маселелерин чечүү үчүн. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин консулдарынын бири иштен кеткени жаткан, анын ордун толтуруу керек эле. Дагы бир кызматкерибиз соттук процесске катышуу үчүн Бишкекте жүрөт: ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде иштеп жүргөн кезинде мыйзамсыз паспорт берген деп айыптап жатышат.

– Токтой турсаңыз, сиз элчиликтин Үчүнчү катчысы Акмарал Байчерикова тууралуу айтып жатасызбы?

– Ооба, сиздердин гезиттин өткөнкү санында ал тууралуу макала жазылган. Мен Байчерикованы эч нерсеге айыптай албайм жана ага эч каршылыгым жок, бирок... алты айдан бери ага чет өлкөгө чыгууга тыюу салынып, Бишкекте жүрөт. Ал иштебей жүрөт, ал эми анын Сеулдагы батири (элчилик ал үчүн айына 1000 доллардан төлөйт) бош турат. Мен Байчерикованы убактылуу болсо да чакыртып алып, ордуна башка адам берүүнү сунуштагам – анткени элчиликте жумуш көп. Эгер кызматкер тергөөдө жүрсө, ал эми анын ордуна эч ким келбесе, бул элчиликтин ишин артка тартат. Бирок ТИМ бул маселени чечкиси келбей жатат: соттун чечими чыга электе Байчерикованы чакыртып алууга укугу жок экен. Бизде сот иштери жылдап созулушу мүмкүн. Соттук процесс качан бүтөрүн алар кайдан билмек эле? Эмне үчүн бул орунду Байчерикова үчүн кармап туруш керек? ТИМ жөнөкөй маселени чече албайт же чечүүнү каалабайт! Дагы бир кызмат оруну министр Абдылдаевдин “капризинин” айынан бош турат. Корея тарап “Корея – Борбордук Азия” форумунда Кыргызстандын өкүлү үчүн бизге жумуш орун берүүгө даяр, 3 миң доллар айлыгы менен! Атүгүл анын жол кире жана Кореяда жашоо чыгымын төлөйт. Мен Экономика министрлигинен же Инвестицияларды коргоо жана алдыга жылдыруу агенттигинен бирөөнү жиберүүнү сурандым, анткени өкүлдүн иши Кыргызстанда Корея менен экономикалык долбоорлорду алдыга жылдырууга байланыштуу болот. Бирок бул өкүл ТИМден болот деп министр Абдылдаев эбак чечип, талапкерин тандап коюптур.

– 3 миң доллар – аз эмес маяна. Бул жумушта ТИМдин өкүлүнөн жыйынтык аз болот деп эсептейсизби?

– Мен жумуштун эффективдүүлүгү тууралуу ойлодум. Анткени бул форумда экономикалык долбоорлор каралат, ошондуктан тийиштүү мекемеден өкүл берүүнү сурадым. ТИМдин кызматкери менен инвестиция-экономика боюнча адис – бул таптакыр эки башка деңгээл. Мисалы, Өзбекстандын
ТИМи өз өлкөсүнөн Соода-өнөр жай палатасынан өкүл жиберди. Мени менен талапкерди эч ким талкуулаган жок. Ушундай маселелерди Бишкекте чечким келген. Премьер-министр, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү менен сүйлөшүү жүргүзсөм дегем.

– Анан ишке аштыбы?

– Жок. Тышкы саясат бөлүмү президенттин АКШга сапарынан бошогон жок. ТИМдин кадрлар бөлүмүнөн мага талапкер боюнча маселе чечилип калганын, министр Абдылдаев болсо АКШга учуп кеткенин айтышты. Премьер-министр менен да чечүүгө болбоду – ал ТИМдин ишине кийлигишип, президенттик аппарат менен атаандашып жаткандай көрүнгүсү келген жок окшойт.

– Анан чиновник Зууракан Каденова менен жаңжал чыкты... Сиз бул окуя тууралуу кантип билдиңиз?

– Мага Сеулдан биздин консул чалды. Аэропортто Кыргызстандын жараны менен маселе жаралганын, анын дипломатиялык паспорту бар экенин айтты. “Эйр Астана” авиакомпаниясы биздин дипломаттардан бул жаранды алып кетүүнү абдан суранды. Полициянын арыздарды каттоо журналында мындай мазмундагы маалымат жазылыптыр: Каденова катуу мас абалында болгон жана учакка жүргүнчүлөрдү отургузган учурда кусуп жиберген. Экипаждын командири жүргүнчүнү каттамдан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал учактан чыгуудан баш тарткандыктан авиакомпания жардам сурап полицияга кайрылган.

– Сиз кандай чара көрдүңүз?

– Консул чалган соң биринчи кезекте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен байланышууга аракет кылдым. Себеби Зууракан Каденова социалдык өнүктүрүү министринин орун басары эле. Орун алган окуя боюнча маалымат берип, кийинки кадамдарды тактайын дегем. Премьер менен байланышууга мүмкүн болгон жок – ал Нарында жүргөн экен. Андан кийин телефон аркылуу өзүбүздүн кызматкерлерге аэропортко барууга тапшырма берип, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова менен байланышуу жолдорун издей баштадым. Акыры аны менен байланыштым.

– Сиздин чалууңузга министр Исакунова кандай жооп кылды?

– Өзүнүн орун басары Каденованы Кореяга жөнөткүсү келбегенин, бирок ал эмгек өргүүсүнө чыгып алып, баары бир кетип калганын айтып баштады. Мен эреже боюнча Каденованын дипломатиялык паспорту кадрлар бөлүмүндө сакталышы керектигин – аны ал эмгек өргүүсү учурунда жанына алып жүрүүгө укугу жок экенин айттым. Кыскасы, Исакунова аябай кабатыр болуп жатты...

– Тынчсызданбагандачы... Аягында ал өзү дагы Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөгө сапарлары тууралуу жаңжалдын чок ортосунда калды. Баса, эмгек өргүүдөгү Зууракан Каденова Сеулда 20 күн бою эмне иш бүтүргөнүнөн кабарыңыз барбы? Ал (эгер ага ишенсек) эмне болгон миллион долларлык долбоорду ишке ашырмакчы болуп жатты эле?

– Кабарым жок. Долбоорлор боюнча бардык сүйлөшүүлөр жөнүндө, эрежеге ылайык, элчиликти кабардар кылышат. Бул сүйлөшүүлөр тууралуу эч кандай маалымат болгон эмес. Каденованы кабыл алган ошол түштүк кореялык уюмдан мага кабарлашкандай, эч кандай миллион долларлык долбоор тууралуу сүйлөшүү болгон эмес. Андай сүйлөшүүлөр таптакыр башка форматта жүргүзүлөт.

– Демек, бул дагы жалганбы?! А негизи эле министрдин орун басары Каденованын Сеулга келгени тууралуу Кыргызстандын элчилиги билгенби?

– Жок, бизге бул жөнүндө кабарлашкан эмес. Каденованын Кореяга келгени тууралуу биз аэропорттогу жаңжал чыкканда гана билдик.

– Эсиңиздеби, сиз социалдык түйүндөрдө кыргыз дипломаттары чиновниктер үчүн "нянька" болууга туура келип жатканын нааразычылык менен жазгансыз? Эмне, чиновниктер тез-тезден барышабы? Мындай иш менен көп алектенүүгө туура келеби?

– Конституциялык палатанын төрагасы менен болгон окуя мага жетиштүү болуп, чиновниктерге мындай өңүттө кам көрүүнү токтотком.

– Эмне болгон окуя?

– 2016-жылы мен Малайзияда элчи болуп турганда бизге Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркин Мамыровго көмөк көрсөтүү боюнча борбордон көрсөтмө келди. Кечки саат 10до Мамыровду (ал өзүнүн коштоп жүрүүчүлөрү менен Малайзия аркылуу учмак) тосуп алып аэропортко жакын жердеги мейманканага жайгаштыруу үчүн элчиликтин айдоочусу менен аэропортко жөнөдүк. Түнкү саат 1де алар Индонезиядан учуп келишти. Мамыров бизден Куала-Лумпурду, атактуу эгиз мунараларды көрсөтүүнү талап кыла баштады. Алып барууга туура келди. Аэропорттон шаарга чейин 1,5 сааттык жол. Куала-Лумпурга биз түнкү саат 3тө келдик. Мен үйгө кеттим, Мамыровдон айдоочуну коё берүүнү суранып: ал эртең иштеши керектигин, чала уйку болуп жол кырсыгына кабылышы мүмкүн экенин айттым. Эч ынабады! Айдоочу аны менен таң аткыча убара болуптур. Бул жерде, Кореяда, мен эми мындайга жол бердирбейм. Биздин дипломаттар буга абдан ыраазы. Каденова менен болгон аэропорттогу окуя – өзгөчө. Бул жерде “бала багуучу” болууга туура келди.

– Бишкектеги маалымат жыйында сиз Каденова менен болгон окуяны ачыкка чыгарбоону суранып (же буйрук кылып) президенттик аппараттан чалышканын айттыңыз. Президенттин пресс-катчысы муну төгүндөдү. Сизге конкреттүү түрдө ким чалды?

– Бул маалыматты мен президенттин жеке өзүнө гана жеткирүүнү каалайт элем.

– Баары бир тактайлы, бул президенттик аппараттын башчысы эмеспи?

– Жок, ал эмес.

СТУДЕНТТИ ДИПЛОМАТ КЫЛЫШТЫ...

– Эмне үчүн Каденованын ызы-чуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүүнү чечтиңиз?

– Дал келген окуя болуп калды. Ырас, бул жаңжал тууралуу маалыматты президенттен жаап-жашырууну каалап жатышса, демек мен буга чейин мамлекет башчысына жеткирүүгө аракет кылып жүргөн маалыматтарды да так ушундай эле жашырып жатышат деп ойлодум. Өлкө башчысына маалымат жеткирүүнүн акыркы жолу - жалпыга маалымдоо каражаттары гана калды.

– Сиз Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигиндеги коррупция жөнүндө маалыматты айтып жатасызбы?

- Ооба. Бул тууралуу мен ушул жылдын апрелинен бери президенттик аппаратка кайрылып келдим. Акыркы жолу августта жазгам.

– Сиз Малайзияга элчи болуп 2 жолу: 2014-жылы жана 2016-жылдын аягында дайындалдыңыз. Элчиликтеги коррупцияны Малайзиядагы биринчи сапарыңыз учурунда таап чыктыңыз беле?

– Кайсы бир бөлүгүн – биринчи сапарымда, дагы бир бөлүгүн – экинчисинде. Экинчи жолкусунда менин кызматым элчи эмес, Кыргызстандын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү болчумун.

– Конкреттүү түрдө эмне жөнүндө жазган элеңиз?

– Биринчиден, Куала-Лумпурдагы элчиликтин кызматкеринин Малайзия жаранынан акча талап кылганы тууралуу.

– Эмне үчүн талап кылган?

– Элчиликте риелтор болуу укугу үчүн.

– Элчиликке риелтордун эмне кереги бар?

– Мисалы, элчиликтин кызматкерлерине ижарага батир керек. Өз алдынча ыңгайлуу сунуштарды табуу кыйын. Риелтор менен кызматташууга туура келет.

– Элчиликтин кызматкери риелтордон ири сумма талап кылганбы?

– Алгач 1,5 миң доллар сурап, андан кийин 300 долларга токтолушуптур. Ал жаран ушул маселе боюнча мага биринчи сапарым учурунда эле кайрылган. Мен аныктаган дагы бир факт, кыргызстандык бир студент кандайдыр бир жолун таап, дипломатиялык паспорт алууга жетишкен...

– Студентпи?

– Ооба, студент. Ал 2014-жылы Малайзияга келип, Кыргызстандын элчилиги Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине кат жазган – бул студентке дипломатиялык виза жана дипломаттын картасын берүү үчүн өтүнүч келтирип. Мындай укук ал кызда жок болчу. Анын дипломат болуп дайындалганы жөнүндө ТИМде эч кандай буйрук болгон эмес. Ага алынып берилген документте көрсөтүлгөн кызмат (менимче, пресс-атташе болсо керек эле) элчиликтин штаттык курамында болгон да эмес.

– Демек, бул Кыргызстандан башталып Малайзиядан аяктаган мыйзам бузуулардын бүтүндөй бир чынжырыбы?

– Ошондой го. Эми Мерседестин тарыхы...

ЭЛЧИликке ТИЕШЕЛҮҮ НОМЕРЛҮҮ АВТОУНААДА КИМ ЖҮРГӨНҮ БЕЛГИСИЗ!..

– Бул окуя 2016-жылы апрелде, менин биринчи сапарым учурунда калкып чыкты,- деп сөзүн улантат элчи Кылычбек Султан.

– Полициядан биздин элчиликтин автоунаасы жолдо жүрүү эрежесин бузганы тууралуу айып төлөө баракчасы келет. Фотосүрөттө Кыргызстандын элчилигинин номуру менен Мерседес турат. Бирок биздин элчиликте андай унаа жок эле. Бул тууралуу биз Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине жаздык. Белгисиз бир шумпай биздин номурду жасап алып пайдаланып жүрөт деген божомолдор да болду. Бирок ал автоунаа Малайзиянын ТИМинде да биздин элчиликке таандык унаа катары катталыптыр! Бул абдан шектүү көрүндү. Аталган автоунаа абдан кымбат, баасы жергиликтүү валюта менен 100 миң доллардан жогору турган.

Биз бул тууралуу Кыргызстандын ТИМине маалымдасак, унааны тезирээк малайзиялык каттоодон чыгарууну талап кылышты. Бирок аны кантип кылабыз? Унааны каттоодон чыгаруу үчүн биз аны сатышыбыз керек. Аны сатуу үчүн ал унаа бизде болушу керек! Кийин малайзиялык риелтор акча талап кылды деген кызматкердин (ал кызматкер бул окуядан 1 жыл мурун которулуп кеткен) кагаздарынын арасынан бул Мерседеске тиешелүү каттарды таптык. Элчиликтин ал кызматкерге чейинки башка дипломаты элчиликтин атынан Малайзиянын ТИМине Ноталарды жазып, унаа элчилик үчүн сатып алынганын, ага дипломатиялык номур берүүнү сураныптыр. Малайзиянын бир жаранынын наамына жазылган, ал Кыргызстандын элчилигинин айдоочусу деген маалым катты да таптык. Андан кийин да бул автоунаа жол кырсыгына кабылганы жөнүндө бир нече билдирүүлөр (алардын айрымдары элчиликке мага чейин келген) табылды.

– Демек, сиздердин дипломатиялык номур тагылган Мерседесте кайсы бир малайзиялык жүргөнбү? А сиздердин кызматкер аны элчиликке каттатып койгонбу?

– Ооба.

– Бул алдамчылыктын маңызы эмнеде?

– Маңызы – ири акчаны үнөмдөө: дипломатиялык өкүлчүлүк үчүн сырттан киргизилген автоунаа бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Ал эми дипломатиялык номур унаанын ээсин ашыкча жагымсыз окуялардан куткарат. Аталган унаанын номуру унаада Кыргыз элчиси өзү же анын орун басары жүргөндөй таасир калтырат.

– Сиз алдамчылык боюнча Малайзия полициясына арыз менен кайрылган жоксузбу? Алдамчылыкка Малайзиянын жараны жана сиздердин мурдагы кызматкер аралашып жатпайбы.

– Ошентейин дегем. Бирок Кыргызстандын ТИМи уруксат берген жок. Жогоруда айткандай, унааны каттоодон чыгарууну Бишкектен буйрук кылышты. Андан кийин мен Малайзиядагы элчилик кызматымдан отставкага кеттим. 2016-жылдын аягында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун өтүнүчү менен убактылуу өкүл болуп Куала-Лумпурга кайтып бардым. Мен жокто ошол эле Малайзия жараны ал унааны элчиликтен сатып алды болуп каттоодон чыгарылып калыптыр. Мен ошол малайзиялыктан жок дегенде түшүнүк кат жаздырып алайын деп, бирок ага жете алган жокпуз. Анын үстүнө Малайзияда ал окуянын тегерегинде маселе көтөрүүгө биздин ТИМ тарабынан уруксат берилген эмес.

– А Кыргызстанда бул жагымсыз маалыматка эч ким кызыккан жокпу?

– Малайзияга УКМКнын кызматкерлери барды, Кыргыз элчилигинен кайсы бир документтерди алып кетишти. Кыргызстандын ТИМинен комиссия барды. Мен кимге гана кайрылган жокмун! Бул бүтүндөй эпопея болду. Бирок 2 жылда иликтөө ордунан жылган жок. Акырында Кыргызстандын президентине түздөн-түз маалымат жетмейинче иш ордунан жылбай турганын түшүндүм,- деп сөзүн жыйынтыктады Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан.

Маек "Дело№..." гезитинин 2018-жылдын 3-октябрында жарык көргөн 31(1161) санынан которулуп берилди.

Вадим Ночевкин
Которгон: Автандил Добулбеков



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
Соңку кабар
04.10.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына сага! Мамлекеттин репутациясын ушинтип тушурот да
Соңку кабар
05.10.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экс-президенттин кадр тандоодогу кемчилиги, же балким катачылыгы болду. Ал айланасына жалаң «хоп-майли» деп турган кошоматчыларды топтоду. Чыныгы кесипкөй адистерди эмес, өзүнүн мурдагы шоопурун, жансакчыларын, катчы кыздарын, күйөө балдарын жогорку кызматтарга алып келди. Аягында алардын былыктары чуурулуп чыга баштады. Ал мындай «камкордугу» менен Айбек Калиев сыяктуу жапжаш кадрлардын келечегине балта чапты
Соңку кабар
04.10.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол учун чет мамлекетте тентип журобуз да
Соңку кабар
04.10.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы маалымат карапйым мага окшогондорго да жетти
Соңку кабар
04.10.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайда барба Сооронбай Жээнбековдун саясий кызыкчылыгы устомдук кылып жатат. Ошого жараша анын кошоматчылары ар кимге иш козгоп, жумуштан алып, чыныгы уурулар Сокенин кошоматчыларына айланып эркин эле журушот. Туугандары жонундо айтсак бир роман болуп кетчудой. Ал бетте Сокенин диний фанат экенин билебиз. Кудайдан акыл сураба дейт. Сакалчандардын акылын баалаган Сокеге тан калам. Диний Фанатизм менен ыйманга жетесинер дегени окундурду.
pat12 түзөттү 2018-10-04 20:17:02
Соңку кабар
05.10.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pat12,Сооронбай Жээнбековдун саясий кызыкчылыгы эл болуп жатат. Бирок, 27 жылдан бери жеп көнгөн уурулар бут тосуп, сага окшоп экстремист дегенге чейин барып жатат. Бирок убактысы келет жакында, ошондо эл силерге окшогондорго такыр ишенбей калат
Соңку кабар
04.10.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда дегеле жол салып, копуро ондоп, мектеп салып, билим бергендерди ыймандуу дейбизби же мечитке барып сыйынып, сакал остуруп, паранджа оронуп, дамбал кийген, арабтардын салтын ыйык туткандарды ыймандуу дейбизби? Озунор ойлонуп коргуло.
pat12 түзөттү 2018-10-04 20:25:31
Соңку кабар
04.10.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Неге Кылычбек Султандан башкалар өзүнүн ойлорун айтаалбайт. Башка элчилер. Казакстан Россия АКШ ж.б. өлкөлөрдөгү элчилер. Же сен мага тийбе мен сага тийбеденби. Же хоп майли хоп майлиларданбы? Мамлекеттин чиновниктердин буйругу мыйзамга тууру келбеседа алар кошомат кылып аткарып беретда. Ошого алардан бир ооз СӨЗ чыкпайт.
Ал эми Кылычбек Султан президенттике койгондо ошону шайламакмын. Өмүрүнүз узун болсун ылайым. Ачык ачык айтып берипсиз сиздей адамдар көбөйсүн.
Соңку кабар
05.10.2018. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aszyma,себеби алар эртенкисинен коркушат,ошон учун жаза алышпайт,ТИМ де иштегендер бут чондун балдары же туугандары,жонокой карапайым адамдын баласын корбойсун ал жактан ТИМ ди реформа кылыш керек
Соңку кабар
12.11.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aszyma,Атамбаевдин адамы да.
Соңку кабар
05.10.2018. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат
09.10.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сиздин устунуздон каралашат.Бирок элге сиздей адамдар керек.Бул биздин уяты жок чондор эртенкисин эч ойлобойт.Сооронбай деле кыйратпайтго.Калп эле коррупция деп озунун кошоматчыларын чогултуп атат.Олкобуздо тынч хаос журуудо.Сырттан баары жакшы корунот.Чынында эл тентип журот, жумушсуздук кымбатчылык , алдап олтуруп зордуктоо куч алууда.Бул нерселерге эч кимдин чара коргусу келбейт.Эптеп бир законду ойлоп таап элден тушунуксуз налогтор жыйналууда.Эхх... Кайран эл кыйналды.Карангылык жолдо Кыр-н!
09.10.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайда барсан мамайдын гору дегендей экс президентин саркындылары толук тазаланбадыго дейм мамлекеттин кузгусу дипломатия аны кайдан тушунсун чала сабат чиновниктер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: