5-октябрь күнү Айдана Дека туулган күнү менен катар “Шекер экен” аттуу ырына тартылган клибинин бет ачарын өткөрдү. Туулган күндүн башталышында Аваз Акимов экөө мамилелерин ачыктап, ырчы кыз белекке алгачкы темир тулпарын алган эле.
Залга киргенде эле чачтары сары, кызыл, күлгүн түстөгү кыска юбкачан кыздарды көрүп, Түштүк Кореяга келип калдыкпы деген ой келди. Көрсө, ырчы Айдананын клибинин каармандары, курбулары, тааныш-билиштеринин көпчүлүгү к-рор музыкасын сүйүүчүлөр тура. Алгачкы сөзгө чыккан Айдана клип кыска мөөнөттө тартылып, туулган күнүнө бүтүрүшкөнүн айтып өттү.
Андан соң ырчы кыз бийчилери менен биргеликте "Шекер экен" аттуу жаңы ырын конокторго тартуулады.
Данияр Эрматов менен Алмаз Шаадаевге бул жаңылык майдай жакты көрүнөт, "аяшка, ачыкка чыгышыңар менен!" деп Айдананы кайра-кайра куттуктап жатышты. Клип көрсөтүлгөн соң "клиптеги жигиттен Айдананы кызганып Аваз тердеп да чыкты окшойт" деп ырчы мырзага да тийишип өтүштү.
Кечеге ырчылар Айнура Салахидинова, Алмаз Шаадаев, Данияр Эрматов, Дайыр Исмадияров, Гүлназ Чыныбек кызы, Толгонай Арзыкеева, Максат Садырбеков жана башкалар келип куттукташты.
Клиптин бет ачарына Айдананын ата-энеси да келип, каалоо-тилектерин айтып өтүштү.
Клиптин режиссёру Аязбала менен Айдана: “KG-pop дегенде дароо экөөбүздү билишсе дейбиз. Ал үчүн дагы изденип, корейлерди туурабастан кыргыз музыкасына KG-pop деген жаңы багыт киргизгибиз келет”,- дешет.
Айдана Дека үчүн майрам 4-октябрдан 5-октябрга караган түнү саат 12де эле башталып, жакындары БМВ үлгүсүндөгү унаа белек кылышты.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg
Жаштык, мастык кылды окшойт Аваз.
Антсе дагы жакшылап ойлоп корбоптур!