Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алмазбек Атамбаев, экс-президент: «БИШКЕК ЖЭБиндеги АВАРИЯ: УШАКТАР ЖАНА ЧЫНДЫК»

№832 12-18-октябрь, 2018-жыл


Өлкөнү мен жетектеп турган жылдары Кыргызстанда жасалган бардык жакшы иштердин тегерегинде жан алакет жүрүп жаткан карандай калп менен куру жалааны карап отуруп, аргасыздан Расул Гамзатовдун Москвадагы Адабият институтунда окуп жүргөн кездерин эскерген бир аңгемеси эсиме түшөт. Анда адабий институттун биринчи курсунун студенттери баары өзүлөрүн гениалдуу акындар жана прозаиктер деп эсептешчү экен. Бирок кийинчерээк турмуш көрсөткөндөй, алардын ичинен саналуусу гана чыныгы жазуучулар болуп чыгышкан. Калгандары тегиз кесибин өзгөртүп, адабий сынчы болуп кетишиптир. Иштегенден сындаган кыйла оңой болот эмеспи.

Эми макаланын негизги темасына келели. Кеп башында өлкөнүн энергетика тармагы кандай абалда болгонун дагы бир жолу кыскача эске сала кетким келет. Тармак абдан терең кризиске баткан эле. Жарыкты маал-маалы менен өчүрүп туруу кадыресе адатка айланган. Кышында болсо өлкөнүн бүтүндөй аймактары менен шаарларында электр жарыгы график боюнча өчүрүлүп калган. Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте деле кырдаал оор болчу. Жаңы курулуштарды куруу деген токтоп, турак үйлөрдөгү үч фазалуу электр энергиясын кыркып башташкан. Жадакалса, электр энергиясын көчө жарыгынан да үнөмдөй баштаган элек. Бир жолу Москвадан Бишкекке түнкү рейс менен учуп келдим. Орусиянын, Казакстандын жаркыраган шаарларынан кийин үңүрөйгөн, капкараңгы Бишкекти көргөндө жүрөгүм тилинип кеткендей болгону али да эсимде. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына дал ушу энергетикадагы оор абал кыймылдаткыч күч болуп берген.

Энергетика каатчылыгы ошол жылдары өлкөдөгү башкы көйгөйлөрдүн бири эле. Электр энергиясынын таңсыктыгы бизди кошуна республикаларга болуп көрбөгөндөй күнкор кылып, электр жарыгын берүү газ бергендей эле каалаган убакта коркутуп-үркүтүүнүн, тышкы саясатта, анын ичинде аймактык маселелерде да биздин өлкөдөн эптеп бирдеме өндүрүп алуунун куралына айланып бараткан.

Жетишпеген электр энергиясын сатып алыш үчүн өлкөдө акча жок эле. Андыктан кыргызстандыктардын үйүндө жарыктын болор-болбосу аба ырайына гана көз каранды болуп, элдин баары Токтогулду карап калган. Суу сактагычта суу көппү, демек, жарык болот, суу азбы – жарык өчөт деп калышкан. Бул кечээки эле жылдардагы абал, эгерде мен чечим кабыл албасам, бүгүн деле ошол абал бойдон тура бермек.

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК

Электр энергиясы менен газды жеткирүүдө өзгөчө талуу жерибиз биздин борбор шаарыбыз Бишкек эле. Бул саясий да чоң көйгөй болчу. Өзүңүз калыс болуңузчу, окурман, электр энергиясын каалаган убакта бууп салып, маселен, так Жаңы жыл күнү борбор шаарыңды жарыксыз калтыра турган кошунаң менен кантип тең ата сүйлөшө аласың? Ал кошуна, керек болсо, газды деле ушинтип бербей коёт, ошондо миллион калк жашаган шаар кайра эле караңгылык менен суукка чулганып калары турган кеп болчу. Анткени Бишкек жылуулук борбору газы жок толук кандуу иштей албайт.

Ошондуктан мен өлкөнүн борбор шаарын электр жарыгы менен камсыздоону кыска мөөнөт ичинде толук көз карандысыз кылып, ошондой эле газ менен камсыздоо маселесинде да кошуналардын кабак-кашына күнкорлуктан арылтуу милдетин койдум.

Газ маселесинде «Газпром» менен кызматташуу гана бизди кошуналардын өкүмзордугунан кутултарын мен ошол замат эле түшүнгөм.

Бирок муну депутаттар менен саясатчылардын арасынан түшүнгөндөр саналуу гана болду, ошондо мени үстөккө-босток аёосуз сынга алып, моокумдары канганча «тепкилешкени» эсимде.

Муну ыраматылык Ислам Каримов да дароо түшүнүп, окуянын андан ары мындай нукта өнүгүүсүнө жол бербеш үчүн болгон рычагдардын баары менен кыса баштады. Өлкөнүн түштүгүнө газды толугу менен бууп салып, карапайым элди да аяган жок. Муну айтып жатып, мен ошо кыйын, катаал күндөрдө саясаттагы кызыл кулактар менен жалаакорлорду ээрчибей, мени колдоого алышкан карапайым кыргызстандыктарга терең ыраазычылыгымды дагы бир жолу айтып өткүм келет.

«Газпром» деген «Газпром», Орусия деген Орусия эмеспи, эми бүгүн Кыргызстанга келип жаткан көгүлтүр отту эч ким бууп сала албайт. Газ менен камсыздоо системасынын эскилиги жеткени да биздин баш оорубуз эмес. Мунун баарын чирип кеткен газ түтүктөрүн гана алмаштыруу менен чектелбей, бүткүл өлкө боюнча жаңы газ тармактарын куруп жаткан дүйнөлүк гигант «Газпром» өзү эле жасап жатат. Бир нече жыл мурда таптакыр эле чечилгистей болуп, өтө курч турган газ менен камсыздоо көйгөйү толугу менен чечилди.

Калкты газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо көйгөйүн чечүү менен бирге биз электр энергиясын Токтогул каскадынан өлкөнүн түндүгүнө жеткирүү маселесин чечүүнү да колго алдык. Буга чейин электр энергиясын кошуналаш мамлекеттердин энергетикалык системалары аркылуу жеткирүүнүн жалпы көлөмү 4,5 миллиард кВт/саатты түзчү. Транзиттөө үчүн Кыргызстан жыл сайын Өзбекстанга 8 миллион АКШ долларын төлөп берип, жыл сайын Казакстанга 5,6-7,0 миллион АКШ долларына электр энергиясын жеткирип турчу. Ошол эле учурда акыркы жылдары Казакстан Республикасынын УНАсына (укук-нормативдик актылар) ылайык, транзиттик төлөмдүн акысын 30-33 миллион АКШ долларына чейин көтөрүү пландаштырылып жаткан, анткени Кыргызстандан айырмаланып, Казакстанда электр энергиясын транзиттөөнүн көз карандысыз эмес, өзүнүн ички системасы бар. Эгерде бул ишке ашканда Кыргызстан жылына 38,0-41,0 миллион АКШ долларын төлөп калмак. Анын үстүнө Токтогул ГЭСи – Фрунзе линиясынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, республиканын түндүгүндөгү электр энергиясынын таңсыктыгы 500 мВт/саатка чейин (жалпы керектөөнүн 40%ы) жеткен эле. Натыйжада бул маселелерди чечүү үчүн сиздер билгендей, эң кубаттуу «Датка» жана «Кемин» подстанциялары, ошондой эле «Датка-Кемин» электр өткөрүү линиясы курулду.

Бирок мага ошол кезде эле бул ири долбоорлорду ишке ашыруу деле Кыргызстанды энергия менен камсыздоо маселесин акыр аягына дейре чече албасы түшүнүктүү болгон. Электрдин транзити менен газ ташып келүүдөгү көз карандысыздыктан го арылмакпыз, бирок дагы эле баягыдай аба ырайына, башкача айтканда, суу аз болобу же көппү деп Токтогул суу сактагычындагы сууга көз каранды боло бермекпиз.

ЖЭБ: СҮЙЛӨШҮҮЛӨР

Бул маселени Бишкекте жаңы жылуулук борборун куруп же эскини масштабдуу реконструкциялоо менен гана чече алмакпыз. Ошондо гана жаңы алынган кубаттуулуктар борбор калаа менен өлкөнүн бүткүл түндүк аймагын электр энергиясы менен камсыздап турууга кепилдик бермек. Борбор шаарды болсо жылуулук менен да камсыздап турмак.

ЖЭБди реконструкциялоо иши тээ 1995-жылдан бери эле пландаштырылып келген болчу. Бул мамлекеттик программалардын баарына киргизилген, бирок аны каржылоо булагы табылбай келген эле. Жөнөкөй тил менен айтканда, реконструкциялоого акча таба алышкан эмес. Ошондуктан биздин эң биринчи милдетибиз ЖЭБди реконструкциялоого каражат булактарын табуу болду.

Адегенде биз, албетте, үстөк пайызы эң эле төмөн болгон эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бирок алар бизге дароо эле «электр энергиясына болгон тарифти кескин жогорулаткыла» деген негизги талапты коюшту. Апрель ыңкылабынын келип чыгышынын башкы себептеринин бири так ушу электр энергиясына тарифти жогорулатуу болбоду беле, андыктан жакынкы жылдарда тарифти көтөрүү туурасында кеп болушу да мүмкүн эмес эле. Ошондуктан эл аралык кредиттик уюмдар менен болгон варианттан баш тартууга туура келди.

Кредит алуунун эки гана мүмкүнчүлүгү калды: же Орусиядан, же Кытайдан алышыбыз керек эле. Ошол учурда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында орусиялыктар ЖЭБди реконструкциялоо иши боюнча өзүлөрүнүн сунуштарын беришти. Бул Новосибирск долбоорлоо институтунун долбоору эле, анда ЖЭБдин аймагында кубаттуулугу 130 (кошкондо 260 мВт) мегаВаттан турган жаңы эки блокту куруп берүү сунушталган. Алардын эсеби боюнча, бул бизге 518 миллион АКШ долларына түшмөк.

Ошондой эле кытайлык ТВЕА жана СМЕС компанияларынан эки сунуш келип түштү. ТВЕА 150 мегаВаттык (кошкондо 300 мВт) эки блок куруп берүүнү сунуштаса, СМЕС ушундай эле эки блокту 135 мВттан (кошкондо 270 мВт) куруп берели дешти. ТВЕА компаниясы реконструкцияны каржылоо Кытай өкмөтүнүн кепилдиги бериле турган «Эксим банк» аркылуу болорун ошол замат эле билдирди. Мындайча айтканда, бул каржы булагын да камтыган сунуш болду.

Натыйжада 2013-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинде «Электр станциялары» ААКсынын жана ЖЭБдин адистеринин катышуусу менен өткөн кеңешмеде эксперттердин алдында жогоруда көрсөтүлгөн үч сунуштун бирөөсүн тандоо иши турду:

ЭМНЕГЕ TBEA:

Орусиялык Интер РАО ЕЭСтин баасы алда канча өйдө эле, бирок көптөр бул жерде: эмнеге кытайлык эки компаниядан ТВЕА тандалып алынган деген суроону бериши мүмкүн.

Биринчиден, ТВЕА жалпы кубаттуулугу 300 мВт болгон эки блокту, СМЕС болсо – ошондой эле эки блокту жалпы кубаттуулугу 270 мВт менен куруп бермек. 30 мегаВатт деген айырма кандай болорун энергетиктер жакшы билишет. Мисалы, Ат-Башы ГЭСинин кубаттуулугу – 40 мВт. Мындайча айтканда, 1 мВт үчүн 1-2 миллион доллардын тегериндеги дүйнөлүк орточо нарк менен алганда, ЖЭБдеги кошумча 30 мегаВатт кубаттуулук 30-60 миллион АКШ долларына турмак. Кытайда ТВЕА бир нече ЖЭБ жана алтымыш өлкөдө башка энергетикалык объекттерди куруптур.

Экинчиден, СМЕС`тин сунушу башынан эле шектүү болчу. Иштин бир кызык чоо-жайын айта кетейин. Адегенде «Электр станциялары» ААКсына ТВЕА`дан керектүү бүт документтери бар билдирме кат келип түшкөн. Андан кийин СМЕС өзүнүн долбоорун жиберген эле. Бирок бул үтүр, катасына чейин сканерлеп, көчүрүлүп алынган ТВЕА`нын эле кагаздары болуп чыкты. Болгону сметадан айрым объектилердин наркын алып салышкандыктан, долбоордун жалпы наркы да азайып калган. Мисалы, суммасы 24 миллион доллар турган эки позицияны, маселен, түтүн чыгуучу морду алып салышкан. Жылуулук станциясын мору жок кантип курасың? «Электр станциялары» ААКсынын жетекчилеринин бири айткандай, мору жок меш болобу? Ошентип керектүү нерселерди чийип салып, СМЕС сметасын 30 миллион долларга азайтып койгон.

Бирок 2013-жылдын күзүндө биз тийиштүү түшүндүрмө бергиле деп Кытай тарапка кайрылганбыз. 2013-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кытайдын Кыргыздагы элчилигине караштуу соода-экономикалык кеңешчисинен жооп келген. Ушул жерден бул каттын эң акыркы бетинин көчүрмөсүн келтире кетейин:

Сиздердин көңүлүңүздөрдү бул документтеги төмөнкү саптарга бургум келет: «ТВЕА компаниясы КЭРдин өкмөтүнүн деңгээлинде аталган долбоордун бирден бир аткаруучусу болуп бекитилди» деп жазылган. Башкача айтканда, долбоордун аткаруучусу эчак эле «КЭРдин өкмөтүнүн деңгээлинде» тандалып алынган!

РЕКОНСТРУКЦИЯНЫН НАРКЫ

Эми реконструкциянын наркы жогорулатылган деген айыптоолорго токтололук. ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш иши дал ушу негизде куралган.

Кубаттуулугу 300 мегаВатт (мВт) келген жылуулук электр борборун реконструкциялоонун наркы орточо дүйнөлүк болгон. ТВЕА жылуулук электр борборун гана модернизациялабай, чынында мурдагы борбордун аймагында жаңы ЖЭБди курган. Төмөндөгү таблицада КМШ өлкөлөрүндө акыркы 10 жылда курулган ЖЭБдердин 1 мВттык баалары келтирилди:

Эскертүү: Жалпыга маалымдоо каражаттары ТВЕА`нын Дүйшөмбү-2 ЖЭБдеги ишинин биринчи этабынын гана наркын көрсөтүп, алданып жатат. Акчадан тышкары ЖЭБ кургандыгы үчүн ТВЕА компаниясына тажик тарабынан эки алтын кенин иштетүүгө уруксат берилген. Өзбекстандагы Фергана ЖЭБин реконструкциялоонун тизмеге кирбей калышынын себеби, алар кубаттуулукту көбөйтүү эмес, эски жабдууларды гана алмаштырууну максат кылышкан. Ошондуктан ал жерде 1 мВттын наркы 3,48 миллион долларды түзгөн. (Жалпы наркы – 83,6 миллион доллар, модернизациялоодон кийинки кошумча кубаттуулугу – 24 мВт).

Энергетикада баа 1 мВт электр энергиясынын наркы боюнча аныкталат. Борбор Азияда ЖЭБди реконструкциялоо боюнча 6 сунуштун базасында орточо нарк, жыйынтыктап айтканда, 1 мВТ кубаттуулук үчүн 2,03 млн. долларды түзөт. Кыргызстан ЖЭБди 1 мВт кубаттуулук үчүн 1,28 млн. долларга, башкача айтканда, аймактагы эң төмөнкү баа боюнча реконструкциялаган. Анан кантип Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди, Осмонбек Артыкбаевди, Айбек Калиевди жана Салайдин Авазовду ЖЭБди реконструкциялоонун наркын жогорулаткан деп айыптоого болот? Дагы бир жолу кайталайм: 1 мВт баасы боюнча Бишкек ЖЭБди реконструкциялоонун наркы Борбор Азиядагы эң төмөнкү нарк болгон.

Кошумча 300 мВт электр энергиясынан башка ЖЭБди реконструкциялоо ошондой эле 300 гкал жылуулук кубаттуулугун да алып келген. Кайсы өкмөт болбосун, долбоордун наркын орточо дүйнөлүк, орточо европалык жана аймактык бааларга таянуу менен аныктайт, Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү да ушуну жасаган:

Булак: International Energy Agency ; SETIS ; дүйнөлүк тармактан алынган маалыматтар.

Бишкек ЖЭБ реконструкциясынын наркы дүйнөлүк жана европалык деңгээлдерден ашпаганын жана региондо эң төмөнкү болгонун Эл аралык Энергетика агенттигинин (IEA), SETIS Европалык агенттигинин жана региондогу ЖЭБдер боюнча маалыматтар толук тастыктайт.

Балким, дал ушундан улам бийлик ЖЭБди реконструкциялоого эл аралык аудит жүргүзүүгө кызыкдар эмес чыгар. Анткени бийлик жергиликтүү адистерден керектүү кагаздарды жаздырып алат. Реконструкция мыйзамдардын, эрежелердин чегинде жүргүзүлгөн деп тыянак чыгарган эксперттер бул тыянак үчүн өздөрү камалгандан кийин бул өтө оңой болот.

Маалымат иретинде белгилей кетейин, биздин өкмөттүн жана энергетика тармагынын жетекчилери кийин баары бир ТВЕА компаниясын бааны ылдыйлатууга ынандырышкан. Алар адегенде бааны 5 миллион долларга, кийинчерээк дагы 5 миллион долларга ылдыйлатышкан. Андан соң компания өзүнө 20 миллион долларлык кошумча иштерге жана тейлөөгө милдеттенме алган. Башкача айтканда, жыйынтыгында компания бааны 30 миллион доллардан ашуунга кемиткен. Ошондой эле ТВЕА экология боюнча талаптарга жана ЖЭБди казак көмүрүнүн ордуна өзүбүздүн көмүрүбүздү колдонууга өткөрүү боюнча талаптарга макул болгон.

КЕЛИШИМДИН ФОРМАТЫ

Ири объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча эл аралык тажрыйба контракт эрежелерин EPC (EngineeringProcurementConstruction – долбоорлоо – сатып алуу – курулуу) келишимине топтойт. Бул келишимдин негизинде тандалып алынган куруучу өзү долбоор жасайт, өзү керектүү товарларды, кызматтарды, иштерди сатып алат жана эң негизгиси курулушка байланыштуу бүтүн жоопкерчиликти өз моюнуна алат. Бул формат бүт дүйнөдө кабыл алынган, анткени курулуштун наркы кымбаттап кетсе (жабдык, тетиктерге кымбат баа, инфляция, валюта курсу, курулуш же реконструкциянын долбоорун өзгөртүү), кандай себеп болсо да толук жоопкерчилик аткаруучунун моюнунда болот.

Албетте, ар кандай эле чоң курулуш же реконструкция жүрүп жаткан жерде подрядчиктердин же буйрутмачылардын ичинен кимдир бирөөлөр өзүнүн эле компаниясынан уурдап жана айрым иштердин, материалдардын же жабдуулардын наркын жанагы «белгилүү» аттиштери бар шаймандардын баасындай кылып жогорулатышы мүмкүн. Ошондуктан мен тийиштүү далилдер болгон учурда бул буюмдарды жогорулатылган баалар менен сатып алгандар да, аларды өткөрүп алгандар да мыйзамга ылайык катаал жазасын алууга тийиш деп эсептейм.

АВАРИЯНЫН СЕБЕПТЕРИ

2018-жылдын 26-январындагы болгон авария ЖЭБдин эски цехиндеги манометрлердин тоңуп калганынан башталган. Казандарга келип турган суунун деңгээлин көрсөтүп турган бул прибор бузулуп, туура маалымат көрсөтпөй калган. ЖЭБдин адистери туура маалымат алганда суунун казандарга келип туруусун алдын ала камсыз кылмак, бирок кышкы сууктан цехтеги датчиктердин проводкасы тоңуп калган. ЖЭБ директору Андрей Вопропаев «казандардын иштеши үчүн келип туруучу суунун жетишпей калганына негизги себеп адам фактору болгон», «керектүү жабдуулар убагында күйгүзүлгөн эмес» деп ачык эле айткан.

Авариялык кырдаал жаңыланган ЖЭБдин жаңы казан агрегаттары чен өлчөмдөрдү чегинде кармап калганынан улам гана кыйроого айланып кеткен жок. Бирок жадакалса бул жаңы казан агрегаттарды да авария болгондон кийин дароо эле күйгүзбөй, 30-январда гана араң күйгүзүшкөн! Шаардагы жарыкты өчүрбөй, алдын алып калган да так ушул жаңы агрегаттар болгон. Анткени ЖЭБ жылуулуктан тышкары электр энергиясын да иштеп чыгат эмеспи. Жаңы ЖЭБдин кубаттуулугу болбогондо Бишкектеги «Главная» жана «Ала-Арча» подстанциялары мынчалык жүктү көтөрө алышмак эмес.

Коомчулукту авария ЖЭБдин эски жагында эмес, реконструкцияланган бөлүгүндө болду деп баш айлантуу болду. Бирок катардан 60-жылдары орнотулган эски жабдуулар чыккан болчу.

ЖЭБди реконструкциялоо туурасындагы келишимден химцехтин «уурдалып» кеткени жөнүндөгү калптын чоо-жайы да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бишкек шаардык ЖЭБди ТВЕА компаниясы тарабынан модернизациялоонун долбоорунда «иштеп жаткан химиялык суу тазалоону пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эксперттик аныктоо» деген 2,7 пункт турган. Анда «негизги циклди камсыздап туруу үчүн жаңы химиялык даярдоону» куруу каралган. Бирок 2014-жылы ЖЭБдин мурдагы жетекчилиги өзү "жаңы химцехти куруунун зарылчылыгы жок" деп туруп алган. 2017-жылдын июлунда, кыйроо болордон жарым жыл мурда гана «Электр станциялары» ААКсынын өкүлдөрү ТВЕА`нын өкүлдөрү менен биргеликте химиялык суу тазалоо цехин куруу керектиги жөнүндө чечим кабыл алышкан. Мындайча айтканда, кадыресе шалаакылык жана иштин көзүн билбегендик ачык көрүнүп турат. Мунун кесепетинен улам химцех эми араң ТВЕА тарабынан курулуп бүткөрүлүүдө.

ЖЭБдеги кыйроонун себеби кенебестик жана шалаакылык болду. ЖЭБдин суукка тоңгон эски участокторунун сүрөттөрүн баарыбыз көрдүк, бул участоктор кышка карата даярдануу убагында ремонттон өткөрүлүүгө тийиш эле. Бирок тергөөнү ЖЭБди кышка даярдагандар, ЖЭБдин эски бөлүгүн сынган терезеси, тешилген чатыры менен калтыргандар кызыктырбайт. Жогоруда айтылган манометрлер менен жабдуунун импульстук линиялары болсо так мына ушундан улам тоңуп калган. Ошол эле убакта ЖЭБдин эски цехтерин ремонттоо үчүн 2016-жылы 472 миллион сом, ал эми 2017-жылы 408 миллион сом каражат бөлүнгөн!

КОРУТУНДУ СӨЗ

ЖЭБди реконструкциялоонун мөөнөттөрү бизге абдан маанилүү болчу. Эмнеге экенин түшүндүрө кетейин. Бишкек ЖЭБи жарым кылым мурда, 1961-жылы пайдаланууга берилген. 2008-жылдан 2012-жылга чейин эле ЖЭБди оңдоого кеткен чыгымдар 100 миллионго жакын АКШ долларын түзгөн. 60-жылдары орнотулган сегиз казан агрегаттардын беши иштен чыккан болчу. 2010-жылга карата эле ЖЭБдеги жабдуунун эскилиги 70-75%ды түзгөнүн эске сала кетейин. Иш жүзүндө ЖЭБдин бардык маанилүү түйүндөрү менен агрегаттары өз мөөнөтүн өтөп бүткөн болчу жана авария эртеби-кечпи баары бир болмок! Ири авария болсо кыйроого алып келмек. Ошондуктан мен президент катары ЖЭБди реконструкциялоо ишин создуктурбоону талап кылгам.

Ошол 2013-жылда президенттин аппараты, өлкөнүн өкмөтү жана ЖКнын депутаттары ыкчам иш-аракеттерди жүргүзбөгөндө, ЖЭБди реконструкциялоону баштоо, Кытайдын чиновниктери эскерткендей, жок эле дегенде, 2015-жылга дейре толук бир жылга кечикмек. Демек, ЖЭБдин негизги бөлүгү 2017-жылдын күзүндө эмес, быйылкы 2018-жылдын күзүнө араң бүтмөк.

ЖЭБдеги кейиштүү авария ушул жылдын январында болду! Ошондуктан реконструкцияны биз негизинен өткөн жылдын күзүнө чейин аягына чыгарбаганда, анда чоң кыйроо болмок! Болгондо да чыныгы техногендик катастрофа болмок!

Январдагы авариядан кийин ЖЭБдин 60-жылдары курулган эски бөлүгү жаңы ЖЭБден кошумча энергиялык кубаттуулукту албаганда мынчалык жүктү көтөрө алмак эмес. Бул иш жүзүндө тоңгон түтүктөр жарылып, шаардын бүткүл жылуулук системи толугу менен кыйрамак дегенди билдирет. Бишкектин жүздөгөн чакырымдык жылуулук жеткирип берүүчү магистралдары, жарандарыбыздын үйлөрүндөгү бардык жылуулук батареялары, шаардагы ысык жана муздак суунун түтүктөрү ар бир үйдө тоңуп, жарылып кетмек. Ошондо Бишкектин жолдорун бүт казып, магистралдык өткөрмө куурларды кайрадан жаткырып чыгууга аргасыз болмокпуз, буга миллиарддаган доллар керектелмек. Бишкектеги ар бир үйгө суу менен жылуулукту киргизгенге, ондогон чакырым жылуулук магистралдарын кайрадан жаткырып чыгууга, жолдорго кайрадан асфальт төшөөгө, ар бир үйгө жылуулук батареяларын орнотуп чыгууга аргасыз болмокпуз.

ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды, анткени ансыз Бишкек узак жылдарга жылуулугу, суусу, жолдору жок шаар бойдон калмак. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар болсо бүгүн камакта отурушат.

Ачуу чындык ушундай



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: