Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

90-ЖЫЛДАРДЫН ЖЫЛДЫЗЫ КУДАЙБЕРГЕН КУТУЕВ АЗЫР КАЙДА?

№832 12-18-октябрь, 2018-жыл


1995-жылдан тарта кыргыз эстрадасында Кудайберген Кутуев деген ысым жарк эткен. Ырчынын аткаруусундагы «Сүйүү балы», «Туулган күн», «Эсиңдеби?» деген чыгармалары көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алып, калың элдин назарын өзүнө бура алды. Аты дүң болуп турган учурда ырчы кырсыктап абакка эки жолу отуруп чыккан. Биринчисинде 2000-жылы Оштон бир адамды унаасы менен сүзүп, ал каза болуп калган. Соттун өкүмү менен ырчы 5 жыл жатак абагына кесилген. Экинчисинде зордуктоо боюнча сот жообуна тартылганын жакын тааныштары баяндашты. Сахнага жарашкан бой-келбети, ченебеген таланты менен күйөрман топтой алган ырчы абактан кургак учук илдетине кабылган экен. Биз буга чейин Кудайберген Кутуевдин дайынын билели, өзү менен сүйлөшөлү деп бир нече ирет аракет кылып издедик. Бирок дайынын таппадык. Акыркы жылдары сахналаштары менен да, жердештери менен да, ага-тууганы менен да кабарлашпай калыптыр. Атасы болочок ырчы мектеп босогосун аттаганда каза болсо, апасынан 8-классында айрылганын ырчы өзү бизге берген маектеринин биринде айтып берген.

Таланты менен элге таанылып, соңку жылдары дайынсыз болуп кеткен Кудайберген Кутуевдин тагдырына кызыгып, аны менен байланышы болгон адамдарга кайрылдык.

Ыман Досбаев, агайы, айылдашы: «17 ЖАШТАГЫ КЫЗ КУДАШТЫ СҮЙӨМ ДЕП ЫЙЛАП ЖАТЫП, ТУРМУШ КУРУШКАН»

– Мен Кудаштын (ред.: Кудайберген Кутуев) агайымын, айылдашымын. Аны бала чагынан бери билем, 5-классында класс жетекчи да болгом. Жылдыздуу, жакшы ырдаган, мүнөзү да жагымдуу бала эле. Чаткал районундагы Ак-Таш айылынын маңдайында жалгыз үй боло турган. Ошол үй Кудаштын атасыныкы болчу. Ал киши 2 аялы, балдары менен турчу. Кудаш ал кишинин токолунан төрөлгөн уул. Ал мектепти аяктагандан кийин борборго алып барып, филармониянын алдындагы студияга өтүшүнө да мен көмөктөшкөм. Жеке концертин бергенде да чоң салым коштум. Концерти ийгиликтүү өтүп, «Ош базарынын» жанынан үй сатып алып, ошол учурдун кымбат машинасын минген. Анда аябай катташчубуз. Ошол кезде артынан көп кыздар чуркаганын билем.

Бир жолу Кудаш «бир кыз сүйүп калыптыр, жолугуп сүйлөшүңүзчү. Азыр үйлөнгөнгө чамам жок» деди. Ал Ысык-Көлдүн Ак-Суусунан, мектепти алтын медаль менен бүтүп келген 17 жаштагы кыз экен. Алгач апасы менен жолугуп, Кудаш туурасында толук айтып бердим. «Ата-энесинин көзү өтүп кеткен, куда болуп келчү азыр эч ким жок» дедим. Апасы «ушуну кызыма да түшүндүрүңүзчү» деди. Кыз «сүйөм» деп ыйлап туруп алды. Ошентип, Кудаштын ага-туугандарынын бири, өкүл ата болом деген таанышы, мен болуп колдон келген майда-чүйдөбүздү көтөрүп кудага Көлгө бардык. Апасы мугалим, атасы милиция кызматкери экен. Үйлөнгөндөн кийин 2 айдай эле жашап, ажырашып кетишкенин уктум. Ошону менен менин да байланышым жок. Ушул жигитти кайрадан сахнага чыгарсам деген ой көп жыл жашады, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, көп жылдан бери байланыш жок.

Тотомидин Жолдошов, «Таалай элеси» тобунун ырчысы: «АКЫРКЫ ЖОЛУ ЖОЛУККАНДА КЫЗДУУ БОЛДУМ ДЕП СҮЙҮНЧҮЛӨГӨН»

– Кудайберген Кутуевди жердеши, кесиптеши катары жакшы тааныйм. 1997-жылдан бери чыгармачылыкта жакын болуп келдик. Мага ал ага катары акыл-насаатын көп айтты. Дайыма калыс, туура сүйлөчү. Ал чыгармачыл адамдардын арасында өзүнүн үнү менен айырмаланып турчу. Ага 1995-жылдан тарта чоң дөөлөт келген. Ал дөөлөттү көтөрө алгандар, көтөрө албагандар болот экен. Менимче, Кудайберген көтөрө албай кетти. Себеби ал жаман жолдо жүргөндөр менен көп байланышта болуп калды. Бир кезде кырсыктап адам сүзүп алып, кыз-келиндер менен да көбүрөөк жүрүп, ошондон тарта аны жаман сөздөр ээрчип калды. Ар бир чыгармачыл адамда кризис болот экен. Биринчи жолу кырсыктап камалып чыккандан кийин кайрадан сахнага кайтып, жакшы эле киришкен. Бирок көп өтпөй кайрадан кырсыктап абакка отуруп калды. Ошондон кийин чыгармачылыкка мурункудай кызыкпай, өзүн таштап койду. Жаман жактарга көбүрөөк аралашып да кетти. Тааныштары, достору аны карабай коюшту. Балким, ошондонбу өзүн таштап, ичкилик менен достошуп алды. 2013-жылы Бишкектеги мен ырдаган кафеге келип, «жеңең болот, Байтик айылынан» деп бир кыз менен тааныштырды. Андан кийин «кыздуу болдум» деп сүйүнчүлөп келип кетти. Ошондон кийин өзүн да, келинчегин да көрө алган жокмун. Аман болсун, бар болсун.

Орунбай Разаков, Улуттук фтизиатрия борборунун өпкө-хирургия бөлүмүнүн башчысы: «ӨПКӨСҮНҮН РЕНТГЕН КАГАЗЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ӨТӨ НАЧАР БОЛЧУ»

– Кудайберген мындан болжолдуу он жыл мурун Улуттук фтизиатрия борборунун урология бөлүмүндө дарыланган. Урологиядан көп дарыга туруктуу кургак учук бөлүмүнө которулган. Сыртта волейбол ойночубуз, ошондо таанышып жакын мамиледе болуп кеттик. Чорт кыялы бар болчу, жакпаган адамы менен урушуп кетчү. Өзү дарыланып жаткан бөлүмдөгү врачтар менен да урушуп, жөн дарыланбай жүрдү. Анан менин кабинетиме келип «аке, сиз менен жакшы сүйлөшөм» деп калчу.

Мындан 4-5 жыл мурун го, «үйлөндүм» деп кафеге чакырган. Ал келинчеги менен, мен келинчегим менен барып Кызыл-Аскердеги кафеде отурганбыз. Андан кийин көчөдөн жолугуп калып, өпкөсүнүн рентген кагазын көрсөттү. Өтө начар болчу. «Олуттуу оору менен ооруп жүрөсүң, ойнобо» дегем. Ошондо аябай капа болуп, көпкө ыйлап, араң сооротком. Ошондон кийин көргөн жокмун. Байланыш да таптакыр үзүлдү.

Атыркүл Токтогонова, улуттук фтизиатрия борборунун дарыгери: «МЕДАЙЫМДАРДЫ КАГЫП-СИЛКИП ЖИБЕРЧҮ»

– Кудайберген Кутуев, 2008-2009-жылдар болсо керек, бизде дарыланып калды. Мен анда ушул ооруканада көп дарыга туруктуу кургак учук бөлүмүнүн башчысы болчумун. Медайымдарды урушуп, кагып-силкип койчу. Алар мага арызданып келишчү. «Бул атагы чыгып калган киши, оору эмнени гана кылбайт. Ооруп калганына стресс болуп жатат, чыдагыла» деп медайымдарды кепке келтирчүмүн. Аныкы кургак учуктун ачык түрү болгондуктан күнүнө 20 даана дары иччү. Ошого да нерв болду окшойт. Ачык түрү болгону менен, биздин башка оорулууларга салыштырмалуу аныкы жеңил эле. Дарыланса айыгып кетмек. Мүнөзү оор болгондуктан аны менен палатага башка киши жаткырган эмесмин. Бир күнү палатаны сыртынан бекитип кетип калыптыр, раковинадан суу агып, алдындагы кафедраны каптаптыр. Андан кийин бир программанын негизинде Воронцовка айылындагы ден соолукту чыңдоочу борборго которгонбуз. Ошол жакта дарыланып жүрдү.

Айгерим Калтурсунова, жээни: «ТАЯКЕМ ТУУРАЛУУ ЭЧ ИЛИНЧЕК ТАППАЙ ЖАТАБЫЗ»

– Кудайберген апамдын бир тууган иниси, мага таяке болот. Мен 1972-жылы төрөлгөм, ал менден бир жашка улуу. Таята, таенебиздин көзү өтүп кеткенден кийин Кудайберген биздикинде жашады. Ал мектепти аяктаган соң борборго кеткен. Акыркы 5-6 жылда таякем менен байланышпай калдык. Сураштырып келебиз, бирок эч илинчек тапкан жокпуз. Атам өтүп кеткенден кийин улуу эжем Кудайбергенге Бишкектен жолугуп калса, эжемди моюнунан кучактап аябай ыйлаган экен. Ошондон кийин дайыны чыкпай калды. Апам каза болгондо келген жок. Сураштырсак, билгендер "мурун кафелерде ырдап калчу" дешти. 2000-жылдары болсо керек, түрмөгө түшүп калганда ошол жактан кургак учук оорусун жуктуруп алган. Түрмөгө 2 жолу отурду окшойт, "кыз зордуктаптыр" деп уккам. Бирок анын чын-бышыгын билбейм. Өзү интервью берип, «бул жалган жалаа, менин артымдан жүгүргөн кыздар көп. Эгер андай болсо мен ал кызга үйлөнүп алмакмын» дегенин өзүм сыналгыдан көргөм.

Жакын санаалаштары менен катташпай калса эле жаман ойлобойлу. Балким, биздин бул макалабыздан кийин ырчы өзү же аны билгендер үн катар деген ишенич менен макалабызды жыйынтыктайлы.


Ырчы биринчи концертинен түшкөн акчага ушул машинаны алып, ал унаасы менен киши сүзүп абакка отуруп чыккан.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
16.10.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакын санаалаш деп буларды ким айтат бир ооз жакшы соз айтышпаптыр. Тотомидин озунун башынан откондорду унутупкалган го.
16.10.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19, Болгонун жазатда, жакшыны жакшы
деп эле айтышатко, талантын ташкындатса дагы соонун ырлар жаралмак эхх, турмуш эмне кылбайт?
Аман болсун!!
16.10.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Байкуш жигит. Балким чет жака кетип жашоосу жакшы тарапка өзгөргөндүр. Эми анын жаман тарабын жар салып эмне. Жакшы жактарын айтсаңар болмок. Эр жигиттин башына нелер гана түшпөгөн
16.10.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ ырчынын "Эсиңдеби" деген ырын Гүлшат Жакшылыкованын аткарып жүрөт. Ошол ырды медиа порталга жүктөп кое аласыздарбы, сураныч.
16.10.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fedorov, саламатсызбы!Тилекке каршы, аталган ырчы биздин тизмеде жок, балким, келечекте кошулуп калат. Ошол себептен ырлары порталда толук эмес болушу мүмкүн. Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.

16.10.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
《Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт》. Жөө жүрүп калганда баардыгы карабай качкан экен да
16.10.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Блин жалко. Мен ойлойт элем айыл чарба иштери менен алек болуп айылда го деп. Тагдыры ото оор болуптур
16.10.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ииий аябай турмушу оор акывалга тушуптур да. Жакшы жакка озгоргон болсун дайыны чыгып калсын опкосу ооруса чатак да ооруп жургондур.
16.10.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кишини Чаткалда дайыны жок. Эгер бул жакта болсо дароо билмекпиз.
17.10.2018. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кут болсун сенин. Туулган кунун деп очпос чыгарманы ырдап бирок озу жашоодо дайынсыз жок болуп кеткени окундурду.

Жакын тууган урук- жоро-жолдош, жакын санаалаштары убагында кыйын кундорундо байланышпай койгон ондонот. Эми жашоолорунан туп тамыры менен дайынсыз жок болуптур. Балким озу учун ушул жолду тандагандыр...
17.10.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
оорусун угуп ыйлаган эжеми кучактап ыйлаптыр дегенин окуп жүрөгүм ооруп кетти байкуш атактуу адамды оору чөктүрүптүрда
17.10.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Экинчи жолу турмого отурганын мен подстава деп тушундум.Озунун эле айланасындагылар бут тосуп,баланы сындырды.Атактуулукту кото албаган экенда.
18.10.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бек Борбиевге атаандаш болуп, жылдызы жанып чыкты эле. Ичкилик жаман...
19.10.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман журсо эле болду
19.10.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам достор! Бул ырчыны 2008-жылы Бишкекте көргөм.Жибек-жолундагы бир тойканадан ырдап кеткен. Ж-абадттыктардын тоюнда. Бирок өтө арыктап,таяк болуп калган экен.Анда Байыш Момунов тамада болгон эле..Ошондо камалып,подстава болуп чыктым деп айткан экен....
26.10.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырдын жазмышы...
24.11.2018. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ Бишкеке деген ырын жуктоп берсенер сураныч.
10.08.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман болсун каерде болсо да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: