Кытайдан алынган кредитти өз убагында алып иштете албаганы үчүн Кыргыз өлкөсү Кытайдын "Эксимбанкына" 4,6 миллион доллар айып төлөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди. “Акча жок дейбиз, бирок тышкы карыз боюнча акчаны өздөштүрө албаганыбыз үчүн үстөк пайыздан тышкары комиссия да төлөп жатабыз. Мына, "Эксимбанкка" 4 миллион 622 миң доллар комиссия төлөдүк”,- деди Марипов. Мындан тышкары кредиттик макулдашуулар боюнча карыздык милдеттемелер өз убагында катталган эмес. “Убагында пайдаланылбаганы үчүн комиссия” деген аталыштагы төлөм бюджеттин эч бир бөлүгүндө, атүгүл тышкы карызды тейлөө үчүн бюджеттин чыгаша бөлүгүндө да каралган эмес. Бул 2017-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыздын каттоосунда 4 миллион 622 миң доллар – "Эксимбанктын" кредити боюнча “пайыздар” деп бурмаланып көрсөтүлгөн”,- деп айтылат Эсептөө палатасынын отчётунда. Марипов бул боюнча каржы министринин тийиштүү орун басары Мирлан Байгончоковдун жоопкерчилигин кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди.