Модель, бир топ клиптердин көркүн ачып жүргөн Эркеайым Абдуллаева турмуш жолуна аттанмакчы. Жакында Тай-Мурас аттуу жигит Эркеайымдын колун сурады. Бул тууралуу Эркеайымга байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Жигитим Тай-Мурас менен интернет аркылуу таанышып, көпкө чейин сүйлөшүп жүрүп, анан жолуктук. 6-октябрда Тай-Мурастын бир тууган эжесинин туулган күнүн белгилеп отурсак, күтүлбөгөн жерден 101 роза гүлүн тартуулап колумду сурады. Болочок кайын журтум 10-октябрда кыргыздын салты менен мага сөйкө салып кетишти. Кыз узатуу тоюбуз 30-октябрга, заманбап тоюбуз 9-ноябрга белгиленди.
Тай-Мурас Камчыбек Ташиевдин баласы. Беш бир туугандын экинчиси экен. Ишкерлик менен алектенет. Ал кишинин уулу экенин кийин билдим. Тай-Мурастын адамдык сапатын бааладым.
Бой жеткен кыз болсода кашын терип кулагына иймек тагынбаганы мн аябай суктандырат.
Жигити болсода аша чаап бугунку кунго чейин суротунда корсоткон эмес.
Алдыда тоюнанда репортаж кутобуз, сураныч!!!