Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Дамира, Бишкек шаарынын тургуну: “БӨЛӨМДҮН УУЛУ ЗОРДУКТАП, 15 ЖАШЫМДА ЭНЕ БОЛДУМ. БАЛАМДЫ БАШКАГА БЕРИП САЛЫШТЫ...”№833 19-25-октябрь, 2018-жыл
– Айтайын дегеним мен жашыра турган же өзүм жашына турган окуя эмес. Андыктан келечегим үчүн баарын ачыкка чыгарайын деп чечтим. Баткен облусунун Кадамжай районундагы айылдардын биринде чоңоюп-өстүм. Өз атам Ноокаттан болот, ал 6 жашымда өтүп кетип, өгөй атанын колунда калдым. 8-классты бүткөндөн кийин Орусияга кетүүмө туура келди. Анткени чоңойгон сайын өгөй атанын үйүндө анын балдары менен батышып жашоо кыйын болот экен. Апам да көп ооруйт эле, бөйрөгүнө эле 3 жолу операция жасалган. Апам “кызым, сен турмуш кандай оор экенин түшүнүшүң керек. Мен жок жашоого көнүшүң керек” деп, мени Орусияга жөнөттү. Москвада 1 жылча жүрдүм окшойт, акыркы күндөрү апам түшүмө кирип, өзүмдү жаман сезип эле туруп алдым. Аны менен бир ай мурун сүйлөшкөн элем. Ошол боюнча байланыша албай койдум. Анан чыдабай Кыргызстанга келдим. Үйгө келсем апамдын каза болгонуна 1 жума болуптур. Суук кабарды укканда нес болдум, мурдумдан кан кетти. “Эмнеге мага айткан жоксуңар?” деп ыйласам, “сени кыйналбасын, келгенде эле угузабыз деп ойлодук” деп коюшту. Ошентип апамдын муздак ордун сыйпалаган боюнча калдым. – Апамдын бир эжеси, 2 иниси бар. Инилери Орусиянын жарандыгын алып, ошол жакта жашашат. Мени таежем алып кетти. Таежемдин эки кызы, бир уулу бар. Ошол уулунун Адилет (каармандын аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) деген мени менен тең баласы, анан бир кызы бар. Адилеттин ата-энеси Москвага кетти да, бир үйдө таежем, 2 небереси, анан мен калдык. Таежем арак иччү, кээде жумалап үйгө келбей калар эле. Адилет мен ал үйгө баргандан баштап ары-бери өткөндө кармалап кетип мага тийише берчү. Ачуусу чукул эле, бир нерсе деп каяша айтсаң тура калып муунтуп же чаап жиберчү “жетимсиң, бар үйүңө кет” деп. Коркконумдан унчукпай жүрө берер элем. Бир жолу таежем дагы ичип үйгө келбей калды. Кыш, январь айы эле, жылуулугуна карап баарыбыз бир бөлмөдө жатчубуз. Адилет телефондон уят видеолорду көрүп отурган. Бир маалда эле келип мени баса калып, ой-боюма койбой зордуктап салды. Таежемди таене дейм, Адилетке “сени таенеме айтам” деп эле ыйлап калдым. Ал “сага ким ишенет, билгениңди кыла бер” деп койду. Айтам деген менен андай нерсени айта албайт экенсиң. Кимге айтам, эч ким ишенбейт да?! Ошентип убакыт өтө берди, Адилет андан кийин да мени бир нече жолу зордуктады. Акыры боюма бүтүп калыптыр. – Ошол маалда таежемдин турмушка чыккан эки кызы тең ажырашып үйгө келип калышты. Ошондо гана үйдө ынтымак орноду. Адилетти болсо атасы Москвага чакыртып алды. Адилетке этек кирим келбей жатканын, боюмда бар экенин айтсам “менден эмес, анткени мен бала жасаганга жашмын” деп моюнуна албай койду. Алдырып салайын десем, “биринчи баланы алдырып салса кийин төрөбөй калат” дегенди уккам. 15 жашта элем, курбуларымдын бири да билчү эмес, анткени ичимди бек таңып алат элем. Орозо кармаганымда ичимдеги бала тыбырчылай берчү. Ошондо “ии, тирүү жүрөт” деп койчумун. Өзүм толугураак кыз болгондуктан, айланамдагылар “толуп баратасың” дегени эле болбосо, эч ким байкаган жок. Октябрь айы келип, мектептен “алма терем” деп суранып алдым. Ошентип октябрдын экисинде уулдуу болдум. Таежемдикине келгенден баштап ал мага “жетим, менин төрүмдө жүрүп тууп койбо” деп айтар эле. Ошол сөзүнө периштелер дуба кылып койгонбу, билбейм, ушундай окуя болуп кетти. Ичим ооруп баштаганда “сен сокур ичеги болуп жатасыңбы, ооруканага алып барыш керекпи же төрөтканагабы?” деди. Мен ыйлап эле туруп бердим. Анан таежемдин кызы четке алып чыгып сураганда “Адилет зордуктап койгон, бала силердики” дедим. Ошентип төрөтканага барып, уул төрөдүм. – Милиция кызматкерлери келип, мени 1 жума төрөтканадан чыгарбай коюшту. “Ата-энеси жок, жашы жете элек кыз силердин үйдө жүрүп төрөп жатат” деп таежемдерди суракка алышты. Таежемдин кызы мага телефон чалып “менин макулдугум менен ушундай иш болду деп айт. Антпесең, Адилет да, апам да камалып кетет. Эгер алар камалса, өзүң дагы, балаң дагы тирүү калам деп ойлобо!” деди. Анын айтканын аткардым. Таежем төрөтканада “бала да, кыз да меники, экөөнү 18ге чыкканда үйлөнтүп коём, чөбүрөлүү болдум” деп жаткан. Мен “ии, балам аман-эсен чоңоёт экен” деп сүйүнүп калдым. Үйгө чыгып келгендин эртеси таежемдин кичүү кызы сабап, мага “баланы бакканга шартым жок, эмизе албайт экем. Өз ыктыярым менен бердим” деп тил кат жаздыртып алды. Туугандардын баары мага каршы чыгып, “сен биздин баланы жаманатты кылдың. Башкадан эле төрөдүң” дей башташты. “ДНК тест кылдыргыла” дедим айлам кеткенде. Менин үнүмдү уккан жан болгон жок, баламды алып, бирөөгө берип салышты. Ким экенин, кайда алып кеткенин да айтпай коюшту. Балам менен бир күн эле болдум, ошондон бери аны көрө элекмин. – Барып арызданайын десем корком. Кайда барбайын, телефон чалып “каякка жеттиң?” деп жетер-жеткиче кайтарып, көзөмөлдөп турушат. Ошентип күндөр өтүп кетти. Таежем “улуу кызым карызга батып калды, Орусияга барып иштеп жардам бер” деп мага паспорт алып берип, Москвага жөнөттү. Эжемдикине баргандан кийин 5 күн пол жууп иштедим да, алган 5 миң рублду дароо колуна санап бердим. Биз менен чогуу батирде баш-аягы 15 киши жашачу. Алардын көзүнчө эле эжем мени шылдыңдап, “жетим болуп туруп төрөп алды” деп, дагы башка жаман сөздөрдү айта берди. Ошол жерде бейтааныш адамдар эмнени түшүнмөк эле?! Бир күнү эжем жумушка кеткенде кийимдеримди жыйнап алып чыгып кеттим. Кыргызстандан Москвага чогуу келген байке-эжелердин номерлерин алган элем. Бирөөсүнө “байке, мен эжем менен урушуп кетип көчөдө калдым, жардам бере аласызбы?” деп чалдым. Ал менин жетим экенимди билет эле. Кайрылуумду четке какпай батир таап бергени үчүн ага рахмат. Ошол маалда футбол боюнча чемпиондукка даярдык болуп жаткан. Үч ай стадиондо иштедим, батиримдин акчасын жапканга жетерлик каражат тапчумун. Андан кийин жумуш табыш кыйынчылык жаратты. Паспортум болгону менен, көпчүлүк жерде “18ге чыга элексиң” деп жумушка албайт эле. Күнүмдүк майда-чүйдө жумуш чыкса иштеп калам. Бир эмес, эки жумалап ачка калган күндөрүм болду. – Баягы эжем менен дагы уруша кеттик. Ал “сени Кыргызстандан алып келиш үчүн 20 миң сом кетти, ошону төлө” дейт. “Ушуну кайсы бетиңиз менен айтып жатасыз? Менин тагдырымды талкаладыңар. Силердин балаңар мени зордуктады – бул бир. Баламды сатып жибердиңер – бул эки. Эми баарыңарды соттотом. Мен жөн калбайм, баламды издеп табам. Эми мен тарткан азапты силер тартышыңар керек” дедим. Эжем “Эгер колу-бутуң узарып калса, колуңдан келгенин кыл. Сенин бизге эч кандай жакындыгың жок. Сен бизге эч ким эмессиң. Сенин атаң да, апаң да башка. Кыйын болсоң ошолорду таап ал” деди. Көрсө, мен атам-энем деп жүргөн адамдар мени багып алышкан экен. Бир жолу апам “кызым, сени багып алганбыз” деп айтканда жаман болуп “апа, сиз тамашаладыңыз, ээ?” десем, “тамашаладым, албетте, менин эле кызымсың” деп койгон. Көрсө, мени аяган экен. Мени өз апам таштап кетип, азыр жашоом кандай болуп жатат? Балам да ошондой таштанды жашоо көрбөсө экен дейм, эртеңки жашоосуна кайгырам. – Орусияда жашаган таякемдикине барып, анын баласын карап туруп калдым. 7 ай жашадым. Анан алар өзүмдөн 18 жаш улуу адамга турмушка беребиз деп чыгышты. “Сен төрөгөн неме болсоң, башка ылайыктуу деле адам чыкпайт. Үй-жайы бар экен, ушуга турмушка чыга бер” дешти. “Өзүмдөн өзүм бузулуп кетип төрөгөн жокмун да. Менин укугум тебеленди. Сүйбөгөн адам менен кантип жашайм? Мени Кыргызстанга жөнөткүлө” дедим. Таякем колума 10 миң рубль берип, бул жактагы досуна жөнөттү, “ушул кызга каралашып тур” деп. Келгенден кийин төрөтканада жүргөндө менин ишимди алып барган тергөөчүгө чалдым. Ал таежемди, Адилетти чакыртып суракка алды. Алар сурактан чыккандан кийин мени издеп башташыптыр. Адилеттин карындашы менен сүйлөшүп турам кээде, ал мага чалып “айылдагылардын баары келгениңизди билет экен. Абайлаңыз, сизди издеп жатышыптыр. “Караларга” салып жок кылабыз” деп жатышат” деди. Аны тергөөчүгө айтсам, “азыр 1-2 иш бар. Аларды бүтүрсөм эле сенин ишиңди баштайм” деген. Ушинтип иштин чоюлуп келе жатканына 2 жылдын жүзү болду. Мендей зомбулукка кабылгандардын үнүн ким угат? Укугун ким коргойт? Баламды ким алып бере алат? Болгон максатым – баламды колума алуу. Баламдын кандай чоңойгонун да элестете албайм. Оюма өзүмдүн башыма келген оорчулуктар келе берет. Азыр бир байке “мага турмушка чык” деп жүрөт. Мурда үйлөнүп, балалуу боло албай ажырашкан экен. Ал “балаңды ал, кор кылбай багып алам. Ал баланын артынан дагы бала келсин” дейт. Бирок азыр турмушка чыгайын деген оюм жок, баламды өз колума алсам ыраазы элем. Эмнеге окуямды коомчулукка жарыялап жатам, анткени атымды тазалагым келет. Көчөдө басып жүрүп төрөбөгөнүмдү, мени күч колдонуп зордуктаганын далилдегим келет. Болочок жолдошумдун алдында жүзүм жарык болушун каалайм. Бардык эркектерге күнөө коюуга да болбойт, баарына кыз күнөөлүү деген ой да болбошун каалайм. Асыл Орозбекова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(31)
Missing-u
![]()
23.10.2018. 10:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+57
Тооба кылдым чогулуп жардам бериш керек экен,жетим деп ардеке кылышканго ыйлагым келип кетти
erkeleim
![]()
23.10.2018. 15:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Missing-u,туура. Анан тиги тергоочудон да сурабайсынарбы супер. Эмнеге 2жылдан бери иш козгобойт??? Жообун кутобуз кийинки санда
Aisle
![]()
23.10.2018. 10:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
байкуш аял заты...Бизде эмнегедир аял кишини аябай эле кордойбуз.Жетим болсо ата энеси жок болсо кудай барго баарын коруп билип турган...Арткы дуйнодогу жоопкерчиликтен коркушпайт бекен.Бирок жашоо кайтар дуйно дейт баары оз алчусун алат...Эч ким жоопкерчиликсиз калбайт.
nur0202
![]()
23.10.2018. 11:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Эх ыйлагым келип кетти.Неге унчукпай журдун баштан.
KOCMOC
![]()
23.10.2018. 11:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ыйлагам келип кетти((. Он гулунон бир гулу ачыла элек кыз. Башынан кандай гана сыноолор отуптур. Бактылуу болсон экен ылайым...
Tahmina.Musaeva
![]()
23.10.2018. 11:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Эххх, байкуш. Биздин коңшу айылда болгон окуя. 2-3жыл мурун уккан элем.
pat12
![]()
23.10.2018. 12:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошон учун кыздардын ан сезимин которуу зарыл. Бир жагынан ушул кыздын окуясы коптогон жаш кыздарга сабак болуш керек. Адамдар баарыбыз окшошпуз. Айтмакчы, бироонун жашоосунан сабак алыш керек. Ушундай жамандыкты коруп, жакшылыка уйронобуз.
Alia82
![]()
23.10.2018. 13:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Молодец кыз экен бирок, бир аз жардам берип колдоп койсо аркысын өзү эптеп кеткидей. Бактылуу болушуңа чын жүрөктөн тилектешмин, жакшыы жигитке турмушка чыгып бактылуу аял,эне бол сиңдим!
Aitun
![]()
23.10.2018. 13:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Колубуздан келген жардамды берели. Чогулуп коомдо которуло турган тема экен.
Pandora
![]()
23.10.2018. 13:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Журогум ооруп чыкты.Ичип кочодо жургон жан болсо бироонун эмес озунун баласына тарбия бере албагандан кийин,балдар уйуно эле откоруп берсе болбойт беле? Бешиктен бели чыга элек кыздын жашоосун талкалап,аз келгенине уруп-согуп,иштетип акчасын алып,кордоп.Жаш болсо да анча мынча нерсеге акылы жетет экен кызыды,ДНК дегенди мен 15 жашымда билбейт элем.Эми озуно бекем бол синдим сенин бул тагдырынды угуп оздорунчо боору ооруп ,жардам берген киши болуп сенден башка нерсе талап кылгандар толтура.
Pandora
![]()
23.10.2018. 13:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Неге мынча аял затын физикалык жактан алсыз кылып жаратып койду экен? Ар бир баланы оз ата-энеси менен кыйнасын кудайым.
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
![]()
23.10.2018. 13:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Көп жашаган эмес көптү көргөн билет дегендей. Жапжаш туруп ою менен акылы менен чоноюптур да. Байкуш. Энени баладан,баланы энеден ажыратпасын. Сурак берчү күн да бар
Hatali
![]()
23.10.2018. 14:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх кандай окунучтуу.Эне баланы эч км ажыратпасын
mirana9395
![]()
23.10.2018. 15:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Супер инфо ушу кызга жардам берсенер жакшы болмок.
ACMAH
![]()
23.10.2018. 16:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-34
Дамираны жакшы билбесем да ,бирок биз мн чогуу окуган болчу ,адашпасам 11-клда тороп койгучекти билген эмеспиз ,оа жетим деп эле ушунча кордолуптур ,бирок эстейм эжекелер,классташтар бааары кечип кеткен бул кыздан ,атыны атабагыла дешчу , берки бала да классташ эле башка клда окучу , бирок азр бирообузда байланышпайбыз ,себеби биздин атыбызды булгаган деп эххх бактылуу болсун
munira-tilen
![]()
23.10.2018. 19:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
ACMAH,ошо ежекелерин да оздорунун артын ойлогон да иштен айдалабыз деп дым дымм кылып
raiana53
![]()
24.10.2018. 04:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
ACMAH,ХХХХ ошон учун байланышпай журосунор акылынар болсо биринер ахывалын сурап койбойт беленер
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-24 11:09:40
meni_kut
![]()
25.10.2018. 09:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ACMAH,акылсыздар...Бироону сындасанар башынарга келет
muzaffer
![]()
23.10.2018. 17:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ошол тергоочу ким? данныйын бергилечи? териштирели бул иш эмнеге 2 жыл созулуп кеткенин? ким деген тергоочу карап атты эле?
tokitok
![]()
24.10.2018. 08:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым жардам берсин. Коммент окусан личкама жазып кой. Колдон келишинче жардам берейин.
Matahara1980
![]()
24.10.2018. 18:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кызга юридический жардам бериш керекго, адвокат жалдап, ушу кантип болсун жетим деп эле ушунча кордошкон, укугу тебеленип тепселип калыптыр вообще бул кыздын, балким бироо жарым чыгаар жардам берген,
Birimdik5555
![]()
25.10.2018. 00:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акылдуу кыз экен,багын ачылсын ылайым
ayana16
![]()
25.10.2018. 03:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журогум ооруп,уйкум качып,ыйлагым келип жатам.Байкуш кыз.
Baicho_0707
![]()
25.10.2018. 11:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарын таап сотко бериш керек,бактылуу бол карындашым! Баары жакшы болот.
Shaa-82
![]()
25.10.2018. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи орунда атандын жашаган жерине барып тууган уругунан кимден багып алганын тактап тапсан, анан баланды изде дейт элем. Байкуш кыз кичине болуп туруп акылы тетик экен.
Elaman_Arypov
![]()
25.10.2018. 22:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мага тийсен алам тамашасы жок
ETAAA_18
![]()
27.10.2018. 13:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Elaman_Arypov,Эркек экенсин. Молодец. Сендей жигиттер бар дуйно сакталып турат.
nuru95kg
![]()
27.10.2018. 00:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
муну кылгандар, коруп билип туруп, ошол милиция, анан ошол айылдагы билгендер жардам кылбагандар Алланын астында жооп бересинер
nurhan2702
![]()
27.10.2018. 13:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таежесинде экен куноонун баары .Жетимсин деп жерип журуп жаш кыздын багын талкалаптыр .Балдары да озуно окшоп тарбиясыздар экен.Синдисинин багып алган кызы болобу,родной кызыбы кандай болгон кундо да жакшы мамиле кылса олобу .Жетимдин башын сыласа Аллах мин эселеп сооп берет деген соз бар элибизде
maks.kgz
![]()
28.10.2018. 19:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларга алланын каардуу азабы болсун
originalkgz96
![]()
29.10.2018. 01:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол айылда жашаган адамдар жардам бергендин ордуна кайра басынтасынар. Уят
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|