Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алмазбек Атамбаев, экс-президент: «КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ КАРЫЗЫ: УШАКТАР ЖАНА ЧЫНДЫК»

№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл


Өкүнүчтүүсү, биз бүгүн айтылган маалыматтын чындыгы эмес, анын бүйүр кызыткан таасири маанилүү болуп калган заманда жашап жатабыз. Саясаттагы эпчилдер менен жалданма маалымат каражаттары эми карандай калптан опоңой эле чындык жасашууда.

Интернет-басылмаларга көз чаптырсаң, «Кыргызстанга дефолт жарыяласа болот», «Кыргызстан – сызга отурган мамлекет» деген сыяктуу үрөй учурган аталыштарды көрөсүң, анан да мунун баарында негизги күнөө Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө иштеген жетекчилерде жана албетте, Атамбаевде экени көрсөтүлөт. Айтор, бир кезде өлкө үчүн жан үрөп, күч-кайратын аябай иштеген адамдар заматта кылмышкерге айланышты, ал эми өлкөнү караңгылык менен сенектиктин сазынан сууруп чыккан долбоорлор «ашка жүк, башка жүк» аталышты.

Көптөр мага унчукпай эле коё турууну айтышууда. «Бир аз убакыт өтсүн, баары ордуна келет, калптын бети ачылат, чындык адамдарга жетет» дешет. Бирок дүйнөдөгү, аймактагы, өлкөдөгү кырдаалды иликтеп отуруп, маалыматтык жаңы технологиялардын күчү менен «фейк» (жасалма, жалган) жаңылыктар мурдагы жылдарга караганда элдин мээсин айландыруучу натыйжага алда канча батыраак жана ылдам жетишип жатканына барган сайын көбүрөөк ынана баштадым. Мындай оору Кыргызстандагы бизди гана тынчсыздандырып жаткан жок. «Фейк жанылыктардын» көйгөйү менен АКШ да, Европа өлкөлөрүндө да олуттуу алектенишүүдө.

ТЫШКЫ КАРЫЗ ЖАНА ИДП

Бүгүн саясаттагы кызыл кулактар Атамбаевдин тушунда тышкы карыз миллиард АКШ долларына көбөйүп, 3 миллиард 800 миллион АКШ долларына жетти деп кыйкырышууда. Бирок бул жерде алар, эгерде тышкы карыз доллар менен алганда 47,2%га, сом менен алганда 115,4%га өскөнү менен номиналдуу ички дүң продукция сом менен 132,5%га, доллар менен алганда 58,5%га өскөнүн таптакыр уккусу да, көргүсү да жок. (Автордун эскертмеси: тышкы карыз боюнча маалыматтарда 2018-жылдын февралында Орусия кечкен 240 млн. АКШ доллар карыз эске алынган. Анткени Орусияга болгон тышкы карыздын акыркы ушул бөлүгүн кечүү жөнүндөгү макулдашууга менин 2017-жылдагы Москвага жасаган сапарым учурунда кол коюлган).

Дүйнө жүзү боюнча бардык жерде бул же тигил өлкөнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо менен экономисттер тышкы карыздын номиналдуу көлөмүнө эмес, карыздын ИДПга болгон катышын карайт. Антпесе бул кадимки эле кызыл кулактыктан айырмасы жок болуп калмак. Анткени өлкөнүн ички дүң продукциясы эсепке алынбаган тышкы карыздын өлчөмү эч нерсени билдирбейт. Маселен, Казакстандын тышкы карызы 166,6 миллиард АКШ долларына барабар, бирок ИДПнын көлөмүн эске алганда, ал өлкө коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаратпайт.

Булак: Country Economy экономикалык агрегатору жана Каржы министрлигинин маалымат базасынан. 2017-жылдын суммасы Орусия тарабынан кечирилген 240 миллион долларды эске алуу менен түзүлдү. Бул келишим Алмазбек Атамбаев президент болуп турган мезгилде ишке ашкан.

Булак: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги. Карыздын 2017-жылдагы катышында ушул жылдын февралында Орусия кечкен 240 миллион доллар мамлекеттик карыз эсепке алынган, аталган карызды кечүү боюнча макулдашууга Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө жетишилген.

http://minfin.kg/ru/novosti/mamlekettik-karyz/gosudarstvennyy-dolg.html

Атамбаев өлкөнү 212 миллиард сом (4 млрд. АКШ доллары) ИДП жана ИДПнын 58%ын түзгөн тышкы карыз менен алып, аны 493 миллиард сом ИДП (7 млрд. 144 млн. АКШ доллары) жана ИДПнын 53,8%ын түзгөн тышкы карызы менен өткөрүп берип кетти. Башкача айтканда, биз карыздын жүгүн 4%га төмөндөттүк. Ошондой эле бул мезгил аралыгында Кыргызстан тышкы жардамдын эсебинен транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы ири долбоорлорду ишке ашырды.

Биздин өкмөткө «карызга жашайт» деп айып таккандардын эсине сала кетерим – Кыргызстан карызга Акаевдин учурунда гана жашаган, ошол кезде карыздын жүгү ИДПдан 100% жогору болчу. Акаевден айрымаланып, биз өлкөнүн өнөр жайынын ойронун чыгарган PESAK сыяктуу программаларга кредит алган жокпуз, австралиялык кочкорлорду сатып алганга да кредит алган эмеспиз.

Булак: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги. 2017-жылкы суммада мамлекеттик карыздын Орусия кечкен 240 миллион доллары эсепке алынган, аталган карызды кечүү боюнча макулдашууга Атамбаев президент болуп турган мөөнөттө жетишилген. http://www.stat.kg/ru/opendata/

Таблицага эскертүү: Таблицадагы тышкы карыз боюнча маалыматтар АКШ долларынан көрсөтүлгөн жылдын аягындагы курс боюнча сомго конвертацияланган. Мисалы, 2010-жылдын графасында 1 АКШ доллары үчүн 47 сомдогу курсту эсепке алуу менен, ал эми 2017-жылдагы тышкы карыздын суммасы 1 АКШ доллары үчүн 69 сомдогу курсту эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

ЭМНЕ ҮЧҮН КРЕДИТ АЛУУГА ТУУРА КЕЛДИ?

Кредиттер Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган негизги эки проблеманы чечүү үчүн керек болчу. Бул энергетикалык каатчылык жана жолдор эле.

Мен премьер жана президент болгонго чейин бул тармактардын кандай акыбалда болгонун кыскача эсиңиздерге сала кетким келет. Өлкө качан караба, айрыкча кыш маалында электр энергиясына абдан муктаж эле. Электр жарыгынын күн сайын мезгил-мезгили менен өчүрүлүп турушу кадыресе көрүнүш болуп калган. Турак жайларды да, ишканаларды да өчүрө беришчү. Электр энергиясы жетишпегендиктен Бишкекте жаңы курулуштарды куруу токтой баштаган. Бүткүл өлкө боюнча турак үйлөрдөгү үч фазалуу электрди кырка башташкан. Айылдарда киши каза болгондо тургундар, жок дегенде жерге берип алганча маркумдун үйүндө жарык болуп турсун дешип электрикке пара берип күйгүзүп калышпады беле. Сиздер бүгүн ошентип жашаганды каалайт белеңиздер?

Электр энергиясынын таңсыктыгы бизди кошуна республикаларга күнкор кылып, газ берүү болсо таптакыр эле коркутуп-үркүтүүнүн жана биздин өлкөдөн тышкы саясий өңүттө, анын ичинде аймактык маселелерде да эптеп дагы бирдемелерди өндүрүп алуунун куралына айланып калган эле.

Мындан тышкары, «Датка» жана «Кемин» көмөкчү чордондорунун жана «Датка-Кемин» электр линиясынын курулушуна чейин Кыргызстан Токтогул каскадында өзү өндүрүп чыгарган электр энергиясына да өзү ээлик кыла алчу эмес. Электр энергиясын коңшулаш мамлекеттердин энергетикалык системалары аркылуу алып өтүү 4,5 миллиардга жакын
кВт/саатты түзчү. Транзитке Кыргызстан жыл сайын Казакстанга жана Өзбекстанга 8 миллион АКШ долларын төлөп турчу жана жыл сайын Казакстанга 5,6-7 миллион АКШ долларынын суммасында электр энергиясын берип турчу.

Муну менен бирге Казакстан Республикасынын укуктук-нормативдик актыларына ылайык, транзиттик акыны 30-33 миллион АКШ долларына чейин көтөрүү пландаштырылган эле, анткени Кыргызстандан айырмаланып, Казакстан электр энергиясын ички транзиттей турган өзүнүн көз карандысыз системасына ээ эле. Натыйжада Кыргызстан жыл сайын 38-41 миллион АКШ долларын төлөп турмак да, бул 20 жыл ичинде 760-820 миллион АКШ долларына жетмек.

Өлкөнүн транспорттук, жол инфраструктурасы да энергетика тармагы сыяктуу эле кейиштүү абалда болчу. Жолдун жоктугунан кошуналаш райондордо, алтургай өлкөнүн түштүгүндөгү айылдарда жашаган адамдар бири-бирине кошуна өлкөлөрдүн аймагы аркылуу каттоого аргасыз болуп калышкан. Республиканын шаарлар аралык да, ички жолдору да толугу менен талкаланып бүткөн эле. Облустар менен райондордун борборлорун айтпай эле коёлу, жадакалса өлкөнүн борбор шаарындагы жолдордун деле абалы ушундай болчу.

Бүгүн Атамбаевдин башка долбоорлору сыяктуу эле «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун долбоорун да эмне деген ыпылас сөздөр менен аёосуз шыбап жатышат. Бирок 6 миллион калкы бар өлкөгө анын эки бөлүгүн бириктирген жалгыз кан жолдун болушу абдан опурталдуу экенин биз унутуп жатабыз. Биздин сейсмикалык жактан коркунучтуу эсептелген тоолуу аймагыбызда жайгашкан Төө-Ашууда, мисалы, жаратылыш кырсыгы жүз берчү болсо, өлкөнүн Түштүгү менен болгон байланыш бир нече жылдарга тыптыйпыл үзүлүп калышы мүмкүн. Кудай бетин салбасын, тоннелден өтүп бараткан бензин ташыган унаа жарылса, же террордук акты жасалса да ушундай эле кыйроого алып келиши ыктымал.

Ошол кездеги кырдаал да абдан оор эле. Мен Кыргызстандын бүткүл түштүк аймагына кантип газды бууп салышканын жана куралдуу чыр-чатак чыгарууга чагым жаратыш үчүн Кыргызстандын аймагына аскер күчтөрүн кантип киргизишкенин эске сала кетким келет. Ошол татаал кыйчалыш жагдайда Кыргызстан энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкка жетишүүгө тийиш деген бирден бир туура чечим кабыл алынган. Муну ишке ашырыш үчүн зарыл болгон финансы ресурстарын табуу керек эле. Ошол үчүн биз кредиттерди энергетика менен жолдорго гана алганбыз. Албетте, кредит албай эле алиге чейин жарыгы, жолу жок, экономиканы өнүктүрбөй, келечекти ойлобой отура берсек болмок. Өлкөнүн айрым жетекчилери эми ушундай ой жүгүртүп жатышкандай.

КРЕДИТТЕР ЭМНЕГЕ КЫТАЙДЫКЫ?

Электр энергиясын Токтогул ГЭСинен ташып жеткирүү жана ЖЭБди реконструкциялоо көйгөйү эгемендик алган алгачкы жылдардан тарта эле талкууга түшкөнүн баары эле биле бербеши мүмкүн. Маселенин баары каражатка келип такалчу. Мындайча айтканда, акча жок эле. Ошондуктан биздин биринчи милдет каржы булактарын табуу болду.

Албетте, биз адегенде эле үстөк пайызы эң эле төмөн эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бирок алар кредит алуу үчүн электр энергиясына болгон тарифти көтөргүлө деген негизги шартты коюшту. Апрель ыңкылабынан кийин жакынкы жылдарда электр энергиясына тарифти көтөрүү туурасында кеп да болушу мүмкүн эмес эле. Ошондуктан эл аралык кредиттик уюмдар менен сүйлөшүү вариантынан баш тартууга туура келди.

Өнүккөн байыркы батыш өлкөлөрүнүн деле бизге кредит берейин деген каалоосу жок эле. Ошол жылдары биздин келечегибизге ишенгендер дээрлик калбагандыктан, эч ким тобокелге салгысы келген жок. Боордош Орусиянын болсо мындай кредиттерди бергенге мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ошондуктан улуу кошунабыз Кытайга кайрылуудан башка аргабыз калган жок.

Кытай жаман, берген карызына жерлерибиз менен кендерибизди алып коёт деген бүгүнкү кызыл кулак имиштерди эске алып, Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилеге өзгөчө токтолгум келет. Факты деген өжөр нерсе! Мен өлкөнү жетектеп турган жылдар ичинде эле Кытай бизге 400 миллион АКШ долларына жакын гранттык жардам берди. Кытайдын грантынын аркасы менен Бишкектин жолдору кандай өзгөргөнүн көрүп турасыздар. Канчалаган нерселер курулду, жаңы жолдор, көпүрөлөр, эстакадалар салынууда. Мунун баары – Кытайдын белеги. Алтургай, келерки жылда да ушул гранттын эсебинен Бишкек жолдорду оңдоону улантат. Батыштын бардык байыркы өлкөлөрү жана эл аралык финансы институттары жардам бергенден баш тартканда, энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкка жетүү үчүн жардам берип, жеңилдетилген кредиттерди бизге улуу кошунабыз Кытай бөлүп берген.

Кытайдын кредиттери менен элдин жүрөгүн түшүрүп жаткандардын эсине салып коёюн: Кытай Мозамбик, Йемен, Зимбабве жана башка бир нече өлкөлөрдүн миллиондогон карыздарын жөн эле кечип койгон. Эгемендүүлүк жылдарынын аралыгында Кытай Кыргызстандын 16,4 миллион АКШ долларынын суммасындагы карызын кечип жана реструктуризациялаган. Бул башталышы гана болчу!

Бизде ошондой эле Кытай менен Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун үлгүсү боюнча фонд түзүү жөнүндө алдын ала макулдашуубуз да бар эле. Кытай бул фондко Орусиядан кем эмес каражаттарды бөлүп бермек. Эгерде улуу кошунабыз менен болгон мамилени бааласак.

ТЫШКЫ КАРЫЗ МАСЕЛЕСИН КАНДАЙ ЧЕЧҮҮ КЕРЕК?

Тышкы карыз өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирбеш үчүн эмне кылыш керек? Жооп айдан ачык: экономиканы өнүктүрүш керек. Бирок ал үчүн кадамды олуттуу ойлонуп, команданы чечкиндүү, бирок жаратмандык иш-аракеттерге багыттоо керек. Иш билги кадрларды колдоого алып, аларды коргоп, ишеним бериш керек. Мунун оңой-олтоң иш эмес экенин, буга чоң саясий эрк керек экенин өз тажрыйбамдан билем.

Бүгүнкү өлкө жетекчилерине экономиканы өнүктүрүүдөн тышкары достук алакадагы мамлекеттерден финансылык жана техникалык жардамды тартуу менен өлкөнүн карыздарын жоюу үстүндө иштегенге эч ким тоскоолдук кылбайт. Айрым цифраларды келтире кетейин:

Президенттин аппаратынын маалыматтары боюнча (2017-жылдын 1-майына карата) мен премьер жана президент болуп иштеген жылдары жалпы суммасы 2,9 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө төлөмсүз гранттык жардамдарды алуу боюнча келишимдер түзүлгөн, анын ичинде:

  • Мамлекеттик инвестициялардын программасы алкагында (МИП) – 1 миллиард 860 миллион АКШ доллары (анын ичинде 2017-2019 жж. – 160,8 млн. доллары);
  • ФРГнын гранттык жардамы– 112 миллион евро же 133,6 миллион АКШ доллары;
  • Эл аралык кызматташтык боюнча Корей агенттигинин гранттык жардамы – 26,4 миллион АКШ доллары;
  • КЭРдин гранттык жардамы – 316,3 миллион АКШ доллары;
  • Орусиянын гранттык жардамы – 589 миллион АКШ доллары.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун уставдык фондуна салган 500 миллион АКШ доллары туурасында да эске сала кетким келет, иш жүзүндө бул өлкө экономикасын өнүктүрүүгө акысыз бөлүнүп берилген каражаттар болду. Ошол эле мезгилде 2017-жылдын аягына чейин биздин бюджетке Орусиядан
50 миллиондон ашуун суммадагы гранттар, ошондой эле Кытай Эл Республикасынан Бишкектин жолдорун оңдоп түзөөгө дагы кошумча гранттык каражаттар келип түшкөн. Биз макулдашкан айрым гранттар дагы бир нече жылдар бою келип турмакчы.

Бул маалыматтардын баарын эсепке алганда, өлкөгө мен жетекчилик кылган жылдар ичинде Атамбаевдин командасы Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жана эл аралык финансы институттарынан жалпы суммасы 3,5 миллиард. доллардан ашуун гранттык (төлөмсүз) жардамдарды тарта алганын көрүп турабыз. Мунун басымдуу бөлүгү алынган.

Мындан тышкары мен президент болуп иштеген жылдары Кыргызстандын 554,4 миллион АКШ доллары суммасындагы тышкы карызын жоюу боюнча макулдашууларга жетишилген. Анын ичинде:

  • • Орусияга болгон карыз – 488,9 миллион АКШ доллары;
  • • Түркияга болгон карыз – 49,2 миллион АКШ доллары;
  • • ФРГга болгон карыз – 14,8 миллион АКШ доллары;
  • • Кытайдын "Эксимбанкына" карыз – 1,5 миллион АКШ доллары.

Бүгүнкү күнгө бул карыздардын баары жоюлган. Жогоруда аталгандарды эсепке алганда, өлкөгө мен жетекчилик кылган жылдар ичинде Кыргызстанга 3,5 миллиард АКШ доллары суммасындагы төлөмсүз жардамдар тартылганын жана 550 миллион АКШ доллары суммасындагы карыздарды жокко чыгарууга жетишилгенин көрүүгө болот. Жалпы жыйынтык – 4 миллиарддан ашуун АКШ доллары. Бул өлкөнүн 27 жыл ичинде чогулган бардык тышкы карызынан көптүк кылат.

КОРУТУНДУ

Мени айрым гезиттер ошол жылдары «тилемчи-президент» деп аташканы эсимде. Бирок энергетикалык кыйроого дуушар болгон, Бакиевдер тарабынан казынасы тонолгон, өзү жана уулу Максим тарабынан банктардан чыгарып кеткен каражаттардан кол жууган, этникалык чыр-чатактар басыла элек, этникалык чыр-чатактардан жабыркаган шаарлары, оппозициясы бийликти алат элем деп түз эле кашаадан секирген, жолдор тосулуп, облустук администрациялар басып алынган 2010-2013-жылдардагы Кыргызстандагы катары менен тизмектешкен үч жылдык оңбогондой кризисте өлкөгө инвестиция тартып келүү жөнүндө сөз кылууга да мүмкүн эмес эле. Өлкө өзүн өзү кыйраткан «араб жазынын» стандарттык сценарийи менен кетип бараткан. Атамбаев жана анын командасы ошол татаал жылдарда өлкөнү аман алып калыш үчүн, аны турукташтуруу үчүн, жок дегенде ошол оор жылдардан өлкө жан сакташы үчүн жетиштүү каражат тарта алабы деген маселеге көз каранды болуп турган.

Биздин аракетибиз текке кеткен жок! Мен жетектеген жылдары Кыргызстан энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкка жетишип, Дүйнөлүк банктын классификациясы боюнча кедей өлкөлөрдүн катарынан чыкты жана кредиттик В рейтингине ээ болду, башкаларга үлгү болорлук парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрдү. 2010-жылдагы эл аралык эксперттердин Кыргызстан «failedstate», «мамлекет болбой калды» деген божомолу эң сонун эсимде. Ошондогу президенттердин бири кошуна мамлекеттерге Кыргызстанды жөн эле үчкө бөлүп алууну сунуштаганын да эч качан унутпашыбыз керек. Бул кечээ гана, 8 эле жыл мурда болгон сөз!

Сөз соңунда Чолпон-Атадагы ат майданы жана Тарых музейи өңдүү объектилерди куруп, реконструкциялоо үчүн карызга белчебизден баттык деп жазып жаткан жалаакорлор менен калпычыларга кыскача жооп берип койгум келет. Бул объектилердин баары, анын ичинде 1916-жылдагы үркүндүн курмандыктарына арнап курулган мемориал, Ош шаарындагы көпүрө, күч түзүмүндө иштегендер үчүн турак – жайлар жана башка көптөгөн объектилер гранттардын эсебинен курулган жана муну оңой эле текшерип көрсө болот.

Анткени бюджетте каралган программалык гранттардан тышкары биз жыл сайын дагы кошумча олчойгон гранттарды алып келип жаттык. Албетте, мыйзам боюнча ал каражаттардын баары адегенде бюджетке чегерилип, андан кийин чыгашаларга багытталып турду. Андан кийин биз жылына эки жолу өкмөттө жана парламентте бюджеттин киреше бөлүгүн жана тийиштүү түрдө чыгаша бөлүгүн да көбөйтүүгө оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, кабыл алып турдук. Жогоруда айтылган объектилердин баары пландан тышкаркы гранттардын эсебинен реконструкциялаган жана курулган. Биздин валютага которгондо бул гранттар миллиарддаган сомду түзөт!

Мисалы, тарых музейинин реконструкциясы Түркия өкмөтүнүн ТИКА уюмунун каражатына башталып, Орусия берген гранттын эсебинен бүткөрүлгөн. Бул ушундайча болгон! Биз 3,5 миллиард АКШ доллары суммасындагы гранттардан тышкары башка булактардан да көптөгөн жардамдарды тарттык. Мына, мисалы, "Газпром" бүткүл өлкө боюнча ден соолукту чыңдоочу спорттук комплекстерди курууга миллиондогон долларларды жумшады, азыр да жумшап жатат. Бишкек шаарында куруп жаткан эң заманбап мектепти айтпай эле коёлу.

Кыргызстандын жаңы жетекчилигине биз 2011-2017-жылдарда иштегендей, жаңы инвестицияларды тартуу менен экономиканы өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөгө эч ким жолтоо болуп жаткан жери жок.Тышкы карызды азайтып, жойгонго жетишкиле! Гранттарды алып келгиле! Экономиканы өнүктүргүлө! Ошондо тышкы карыздар боюнча эч кандай маселе болбойт.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: