
Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына
Азамат Жаманкулов шайланды. Анын талапкерлигин парламентте 105 депутат колдоого алды.
Жаманкулов буга чейин аталган министрликке караштуу Туризм департаментин жетектеп келген.
“Премьер-министрдин сунушу күтүүсүз болду. Биз аскер сыяктуубуз, каякка жиберсе ошол жакка барып иштей беребиз”,- деди
Жаманкулов. Министрликти буга чейин жетектеп келген
Султан Жумагулов оорудан улам жакында каза тапкан. Ал министрликке КСДП фракциясынын квотасы менен барган.