БИР БҮРКҮМ. ИТТИ ӨЛТҮРГӨН АДАМ 3 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ...
№836 9-15-ноябрь, 2018-жыл
-

Москва шаарында 21 жаштагы Кыргыз жараны
ПОЕЗД СҮЗҮП кетип каза болду.
-
Бишкекте бирөөнүн ИТИН УУРДАП КЕТИП, өлтүрүп салган адам шарттуу түрдө 3 жылга соттолду.
-
ТУРДУНАЗИР БЕКБОЕВ президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
-
Алыскы жолго чыккан КЫШКА ДАЯРДЫГЫ ЖОК унаалар Чычкан, Сосновка жана Кара-Көл постторунан артка кайтарылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.
-
“Жалгыз үйү барлардын үйүн кепилдикке алып насыя берүүгө банктарга ТЫЮУ САЛУУ керек” дейт депутат Акылбек Жапаров.
-
Өкмөттүк аппараттын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы болуп АЛЫМБЕК ОРОЗБЕКОВ дайындалды.
-
Кыргыз жарандары Сербияга ВИЗАcыз БАРЫП, 90 күн жүрө алышат. Тийиштүү келишим 8-ноябрда күчүнө кирди.
-
Саламаттыкты сактоо министрлиги ЖУГУШТУУ ООРУЛАР күчөгөнүнөн улам ооруканаларда кошумча орундар түзүлүп жатканын билдирди.
-
Укук коргоочу Рита Карасартова ага эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары КЫЗМАТЫ СУНУШТАЛГАНЫН, бирок баш тартканын билдирди.
-
2019-жылы Бишкектин КӨЧӨЛӨРҮН ЖАРЫКТАНДЫРУУ системин автоматташтыруу пландалып жатканын “Бишкек свет” ишканасы билдирди.
-
Бишкекте 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата өлкөдө акыркы 25 жылда каза болгон ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ЭСКЕРҮҮ иш-чарасы өттү.
-
Бишкек шаардык автоунаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Насирбек Алмаматов ПАРА АЛЫП ЖАТКАНДА кармалганын УКМКдан кабарлашты.
-
Өзгөндө баңгизат менен кармалган МЕЧИТ КЫЗМАТКЕРИ үй камагына чыгарылды.
- Өлкөдө жылына 40 миңдей жаран пенсияга чыкса, 20 миңдей ПЕНСИОНЕР КАЗА БОЛОТ.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0