Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Самара Каримова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АР БИР КАДАМЫМ ЖОЛДОШУМДУН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ»

№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл


– Саламатсыңбы, Самара? Иштер жакшыбы? Жолдошуң Асан мырза 50 жашка толду. Юбилейин кандай өткөрүп алдыңар?

– Жакшы, өзүңөр кандайсыңар? Ооба, Аскемдин 50 жылдыгын өткөрдүк. Өзү чакан той менен эле белгилеп коёлу деген. Бирок мен болбой эле чоң ресторанды сүйлөшүп, уюштуруп салдым. 50 жаш деген белгилегенге татыктуу жаш деп түшүнөм. Коноктордун саны 600дөн ашты. Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусиядагы досторубуз да келишти. Аскемдин буга чейин жасаган иштерин, ийгиликтерин айтып, батасын берип кетишти. Жетишкендиктерин айтып адамдын көңүлүн көтөрүү ага стимул болот деп ойлойм. Той деген тополоң, колубуздан келишинче аракет кылдык. Жакшы бийлеген адамга Дубайга жолдомо дегенбиз. Аны ырчы Салима Балтаева утуп алды. Эжебиз сөөгү жок адамдай эле бийледи.

– Асан мырза элүүгө чыгып, баарын токтоолук менен чечип калган убагы. Сен жаштыгыңа салып чарт-чурт болуп баштаганда тыйып турса керек?

– Кандай иш болбосун ичимде дайыма эки ой бар. Бири акылым чечкен, экинчиси жүрөгүм чечкен. Акылымды уккан да, жүрөгүмдү уккан да убак болот. Бирок жаштыгыма салып тайраңдап жибербейм. Ага тарбиям жол бербейт. Турмушка чыга электе мени ата-энем тарбияласа, азыр жолдошумдун кеңешине таянам, ар бир кадамым жолдошумдун көзөмөлүндө.

– "Түгөйлөр бири-бирине окшош болушат" дешет, кошуласыңбы?

– Бир суткада 24 саат болсо, Аске менен 24 саат тең чогуу жүрөт экем. Анан окшошуп калбагандачы. Экөөбүздүн уюштуруучулук жөндөмүбүз окшош, адамгерчиликти 1-орунга коёбуз, анан да сыйчылбыз. Ичинде ит өлүп жатканы менен иши жок, эл көзүндө калп эле жакшы сүйлөгөн адамдар бар го, биз андай эмеспиз. Катташкан адамдарыбызга чын жүрөктөн мамиле кылабыз.

– Бул мүнөз башынан эле барбы же бири-бириңерден үйрөндүңөрбү?

– Мейман күтүү жагынан башынан эле окшошпуз. Бирок сыйлоо жагынан жолдошума жетчү эмесмин, аны жолдошумдан үйрөндүм. Өзгөчө өнөр адамдарын ушунчалык сыйлайт. Бирине комуз алып берсе, экинчисине тиш салып берип дегендей. Мен аны өнөр адамдарынын күйөрманы катары баалайм. Аларды аябай жакшы көрөт, концерттерин уюштуруп эле жүрө берет. Ошондон ырахат алат.

– Самара Каримованы келин катары ачып берсең.

– Апам “табагыңдан да, кабагың ачык болсун” деп көп айтчу. Апам өзү жаркылдап күлгөн, тарсылдаган, баарын бетке айткан аял. Мен да ошондоймун. Үйгө конок келсе дароо кожойкенин кабагын карашат. Кабагың ачык болсо анан коногуң чекеси тердегенче чай ичип кетет. Өзгөчө кайын журтума сый мамиле кылам. Аларга мамиле кылуу чоң искусство. Үйгө келишкенде көлдөлөңүмдү салып, чайымды сунам. Кайын журттан да жолдуумун. “Биздин келинибиз” деп сыймыктанып турушат.

– “Атам ооруп, дарыланып жатат” дедиң эле, ден соолугу жакшыбы?

– Атам акыркы убакта дайыма дары менен жашап калды. 2 ай сайын ооруканага жатат. 3 жолу инсульт алып, бир капталы иштебей калды. Азыр 70 жашта. Оорунун баары эле жөн жерден келбейт эмеспи. Атам кумурскага да зыяны жок, бардык нерсени көңүлүнө бат кабыл алган адам. Кенедей нерсеге деле жүрөгү ооруй берип, балким, ушул ооруга кабылдыбы деп да ойлоп калам. Анын үстүнө атамды жаш кезинде катуу сындырышкан экен. Элге тааныла баштаганда көрө албагандар катуу сабап, 3-кабаттан ыргытып жиберишиптир. Бирок Кудайдын кудурети менен атам тирүү калып, Оштон Лейлекке кетип калган экен.

Алыс жолго чыкканымда атам мага телефон чалып, “этият бол, ар кайсы жерден тамак жебе, күйөөңсүз эч жакка баспа” деп сарсанаа боло берет. Анын кабатырланышына жогорудагы окуя себеп болсо керек деп божомолдоп коём.

– “Ата-эненин кадырын балалуу болгондо билесиң” дешет...

– Балдарымды ушунча жакшы көрөм. Апамдан “мени дагы ушунча жакшы көргөнсүңөрбү?” деп сурай берем. Менин чыгармачылыгымда апамдын орду чоң. Кичинекей күчүктөрүмдү чиедей кезинен карап, “күйөө балам колдоп жатканда, кызыма мен дагы жардам берейин” деп жанымда жүрөт. Таята-таене, чоң ата-чоң эне баккан балдар башкача болот окшойт. Үйгө мейман келсе балдарым эки колдоп саламдашат, бут кийимдерин тизишет. Ата-энелерибизди ыраазы кылуу үчүн колдон келген аракетибизди кылабыз. Кайненем менен апамды жакында эле эс алып келгиле деп Түркияга жөнөттүк. Атам жолдон кыйналып калышы мүмкүн. Апамды Меккеге жөнөткүм келет. Балдарынын ийгилиги ата-эне үчүн чоң бакыт деп билем.

– Балдарыңдын кимиси сага жакын?

– Негизинен бала үйдө атадан тартынып турушу керек. Апам бизди атабыз менен коркутчу. Мен дагы “атаңдын жини келип жатыптыр, атаң урушат” деп турам. Какыс-кукусту мен кылам, анда-санда уруп коём. Көңүлүнө карай берсең бала деле башка чыгып алат. Кызым атасынын жаны. Жумуштан кирип келери менен башын, бутун укалап, алма аарчып берет. Уулдарым мага жакын.

– Күйөрмандарыңа кандай жаңылыгың бар?

– Ырчы болгон соң жаңы ырлар менен күйөрмандарымдын көңүлүн көтөрүшүм керек. 2019-жылга чоң пландарды койдум, аны мактанып айтпай турайын.

– Чыгармачыл адамдар эргүү издейт, кубалайт эмеспи. Эргүү келбей калган учур болобу?

– Мен ызы-чуу жерлерге, клубдарга барганды жактырбайм. Айылда өскөн кыз болгондуктан табиятты жакшы көрөм. Жашыл шиберден, шаркырап аккан суудан, бийик тоолордон энергия, идея алам. Бош убакта жолдошум экөөбүз дайыма тоого чыгып кетебиз. Ошондо “эмне кылабыз, кандай кылалы” деп келечек пландар туурасында ойлонобуз. Эргүүнү деле өзүбүз издешибиз керек, мен дайыма изденүү жолундамын.

– Биринчи жолу сериалга тартылдың, кандай сезимдер болду? Азыр өзүң бир сериясын да калтырбай көрүп жатасыңбы?

– Киного тартылып жүргөндө аллергия пайда болуп, ооруп калдым. Көздөрүм шишип, чоң бүдүрлөр чыгып, дарылансам да кетпей кыйналгам. Режиссёр "ошол абалың сценарийге туура келет" деп тартып салган. Сериалды өзүм, жакындарым, балдарым калтырбай көрүп жатабыз. Дайыма сын көз караш менен карайм. Отуруп алып ар бир серияны талдайбыз. Балдарым өзүнчө кайсы бир каарманга жиндери келип, кадимкидей жаман көрүп талкуу кылышат. Анан “бул кино, ал аяш апаң, тиги аяш атаң. Алар жашоодо жакшы адамдар” деп түшүндүрүп баштайм. Уулум Барсбекти да сериалга тарталы дегем, бирок ал “башканы ата дебейм, менин атамдын аты Асан” деп болбой койду.

– "Адамдын көңүлү – гүл" деп коюшат. Кээде адамдар телефондун артына отуруп алып ар кандай сөздөрдү жазышат. Хейтерлердин жазганына теригип, ар бирине жооп жазасыңбы?

– Чынында комментарий окуган адам эмесмин. Менин чөйрөмдөгүлөр да “комментарий жазганга убакыт жок” деп калышат. Негатив, жаман энергия адамдын жашоосун кыскартат. Ошондуктан ар бири менен урушуп-талашып жазышпайм. Алар жазган сайын менин күнөөм азаят. Эч нерсеге терикпейм, эмне үчүн мен алардын ою менен, алар каалагандай жашашым керек? Жашоодо менин өзүмдүн көз карашым бар, бирөөнүн сөзүнө кирип эч кимди жамандабайм, качан мен өзүм ошого ынанам, анан жыйынтык чыгарам.

– Маегиңе рахмат, чыгармачылык ийгилик каалайм!


"Атам 10 жылдан бери илдет менен күрөшүп келет. Апамдын эрктүүлүгүнөн, кайраттуулугунан атам өзүн жакшы сезип жүрөт".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(64)
27.11.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Уялбагандан озун уял деген ушул Самара. Кайра эле айланып келип чфга берет гезит бетине. Миилионго той берди элем дер чфкты эле откондо,Эми аскеме элуу жаш деп чыга калды. ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-27 15:12:28
27.11.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Nanei, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү! Билдирүүлөр түзөтүлдү жана өчүрүлдү!
27.11.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
силер да ушинтип чыккыла да
27.11.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Мынча мактангансың,Асан акеңдин сен мактаганчалык сапаты жакшы болсо,борбордон концерт койгону келген ырчыларга (мисалы Гүлнур.Сатылганова)эмнеге бут тосуп, жолтоо болосуңар.ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Адашпасам Акшоола сериясы жалаң гана сүйүү туралуу тартылган.Балдарыңа көрсөтүп, балдарың кинону талкуулап жаткан болсо ...Жаш балдарды чоңдордун жашоосуна аралаштырбай эле койсоң болмок экен. Мен жаш балдар га арналган мультфильмден башка нерсе көрсөтбөйм.Ар нерсенин өз убактысы болот.
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-27 15:16:54
27.11.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
madina.87, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү! Билдирүү түзөтүлдү!
27.11.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
24 саат Самараны ээрчип журсо жумушун ким аткарат экен ал да озунчо жетекчи эле го?
27.11.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Конечно козомолдойт да.Ар бир кадамын карандай эле акча болуп атса ха ха)
27.11.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ой ХХХХ ХХХ Самарабы
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-27 15:20:38
27.11.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Argen9899, коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган! Эскертүү!
27.11.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Жашда, бирөөнү ээрчип кетпесин деп 24 саат артынан жүрөт экен, а өзүнүн жетекчилик кызматын ким аткарат, сүйүп тийдим дегениңе кошулбаймын, эмнесине кызыгып тийдиң, албетте акчасынабы?
27.11.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Ushu kyzdy jaman koroalbaisynar ee, tutop kana ketesinergo chirkin
27.11.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Аллергия болуп козум ишип, бетиме будур чыгып дейби
Озу нарактан ошондой го бул
Азырааак макияж мн чыкканы учун билинип калганго бети,ошонуда аллергия деп алат боенбосо ХХХХ ХХХХ ,Асанга окшошуп калганы чын оа ))))
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-27 15:23:41
27.11.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Чайын ичип, тузун таткандар коро албай тилинердин уусун чачасынар го...ичинердеги сасык жыт тегерегинерди уулантат.Бул кыз уну, таланты, жакшы Уй булосу бар экен улгу алгыла. Киминер куйоонорду укмуш сыйлайсынарбы. Озунордой эки жуздуулорду коколотуп, улгу болчуларды тебелейсинер да...Самаранын коллегаларысынар го..ичинерди жаман тырмадынар...Кудай озу колдоп журсун Бул кызды!!!
27.11.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
istina,tuptuura sozunuzgo koshulam, Samaradai arbir kyrgyz kyzy tyn bolso kana, eki kundun birinde kuoosu urup salgan je olturup salgan je tashtap ketken tort besh balasy menen ushu syiaktuu kabarlar, Samara kuchtuu aial zaty primer algyla, akyl uirotkondun orduna, ushu akyl aityp syn takkandardyn ozdorundo bir gramm akyl jok bolush kerek
28.11.2018. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Matahara1980,Асаныңар 5 баласын таштап кетпедиби? бирөөнүн үй бүлөөсүн бузуп тийгенден үлгү алайлыбы?
27.11.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Оозу кыйшык болсо А[moderated]ин аялы суйлосун.Комментари окубайм дейт шыпылдап эле очуруп турат го.
fanatka19 түзөттү 2018-11-27 13:00:53
28.11.2018. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
fanatka19, мени черныйга киргизип койгон
28.11.2018. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Edenova66,мени да киргизген чёрныйга☺
27.11.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
силер да самара эжедей болуп чыккылада колунардан келсе ким кой деп жатат озунор боло албайсынар болгон адамды коро албайсынар кыргыздын коро албаганы чон кемчилигибиз биздин чондордон бироо тын чыкса да аны да коро албайбыз
27.11.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
arawan,Chygaiyn dese bir kyrgyz olup ketet min kyrgyz degen ushu da
27.11.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Мынча ичиңер ириң! Пессимист адамдар көп.ошол үчүн өнүгүү болбойт. Бирөөнүн жашоосу менен ишиңер не? Ырда Самара! Тоюнарга өлүп кетип, жалдырап чакырып алып, ырдатып авторитет кармап.. анан бул жакка жазгага жол болсун! Араңардагы коммент калтыргандардын экөөсүн сонун тааныйм. Уялгыла! Кургур дүнүйө эки жүздүүлөрдү не көтөрүп жүрөт........эх маңкуртка окшобой колдогонду билели..Самара азыркынын Таттыбүбүсү!!Рахмат Супер инфо! Силер гана талантты сыйлап, шоу эмне экенин эң таза билесиңер!!
27.11.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Ушу сага окшогондорчу жаман куйгузду
Азыркы замандын Таттыбубусу деп 300кызды
ырдатып койгон Садыбакасованы Курманжан датка деп. Алар ким булар ким кичине ойлонгулачы
27.11.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Fresh_hit,biroosu banga ketti okshoit na sovsem )))
27.11.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
nur0202, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. БАН!
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-27 15:31:10
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: