Юрист Нурбек Токтакунов президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында шайлоо алдында жана үгүт кампаниясында жумшалган акчалар делинген Excel файлды коомчулукка жарыялап, бул маалымат бир аптадан бери талкууга алынууда. Анда миңдеген долларга бааланган кызматтардын арасында шайлоо учурунда Жээнбековдун үгүт иштерине катышкан ырчылардын да аты аталып, гонорарлары көрсөтүлгөн.
Чуу жараткан файлдагы ырчылардын тизмесинин башына Бактияр Токторов “Биз” тобу менен, ошондой эле Нурлан Насип 18 миң доллар гонорар менен коюлуп, ал эми Сайкал Садыбакасова, Гүлжигит Сатыбеков, Гүлзада Рыскулова, Самара Каримова 15 миң доллар, Гүлнара Тойгонбаева, Съездбек Искеналиев, Ырыскелди Осмонкулов, Иса Өмүркуловдор 10 миң доллар деп белгиленгени таблицада көрсөтүлгөн.
Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бул маалыматты фейк деп атап, "андай маалыматтар комментарийленбейт" деген. Ал эми президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов "Таблицада көрсөтүлгөн иш-чаралар, даталар, адамдардын аттары, мен боюнча жазылган маалыматтар чындык" деди. Эл арасында талкууга түшкөн маалыматты тактоо максатында аталган ырчылардын айрымдарына кайрылып көрдүк. Көпчүлүгү "бул маалымат коммерциялык сыр, аны айта албайм" деп абалдан чыкса, атын атагысы келбеген ырчы жигит окуя кандай болгонун айтып берди. “Алгач бизге кайрылышканда баарыбызга бирдей болсун деп 10 миң доллар төлөп беришерин айтышкан. Кийин ар ким менен жеке сүйлөшүүлөр жүрүп, гонорарлар өзгөрдү. Мен, мисалы, 15 миң долларга үгүт иштерине чыккам”,- деп маалымат берди.
star@super.kg
Булар 1 айда ушунча алса ото эле "жирный" толоп бериптир. Ошончо акчаны каяктан алды бул?
Каяктан алмак эле,өлкөнүн бюджеттинен алган акча да.Атамбаев колдоп бюджеттеги акчаны чачып жатып президент кылбадыбы.