Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ№839 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
Бий аянтчада жүрдүң. Премьераңды майлап жүрүптүрсүңөр, көрсө. Мен ушу Кыргызстанда спектакль көрүлбөй эле калды деп ойлоп жүргөм. Жок. Көрсө, сен катышкан ар бир спектакль аншлаг менен өтүп жатыптыр. Сага арбалган мен жалгыз эмес экенмин. Миңдеген көрүүчүң, күйөрмандарың бар экен... Жылмайганда чыга калчу жүзүңдөгү уячалар! Жайнаган көздөрүң... Далай эле адамды арбаган тура. Жаштык, сулуулук анан алдагы сенин кичинекей башыңдагы куулук, адамды алдап-соолап, калп жылмайып жага билген сапатың аралашканда душманың да сүйчүдөй экен сени. Сүйкүмдүүлүгүң эле, куулугуң эле ийгилигиңдин сыры болсо эмне?! Сен ийгиликке жетчү башка жолдорду да таапсың... Болбосо сенден таланттуулар деле жүрбөйбү. Сени актриса катары теңине албаган атаандаштарың толтура го. Себеби ийгилигиңдин сырын баары билишет. Сырың кумарыңда, сырың сулуулугуңда. Өмүрүнүн кечин батырып бараткан картаң режиссёр кантсин анан? Сенин кумарыңа азгырылыптыр. Башкы ролдор сеники гана... Жетекчиң көрүптүр да, акылдан тайыптыр. Ыгы келген жерде да, ыгы келбеген жерде да “Жозефина” деп жар сала беришиптир. Анан кантишсин?! Сеникиндей жапайы кумарды алар эч кимден көрүшпөгөн чыгар. Сени колдон чыгарышкысы келген жок, алардын жашоосун кооздоп салдың, алар болсо дүйнөнү алдыңа төшөп бергенге даяр эле. А бирок алардын колунда дүйнө эмес, төбөсүнөн тамчы тамган эски театр гана бар болчу. Алар театрды кумары күч Жозефинанын алдына ташташыптыр “алгын баарын! Кумарыңды бер! Жашарт бизди” дешкен экен. А мен муну кийин билбедимби. Билдим да, ишенбей койдум. Ишенгим келчү эмес. Ооручумун. Кызганчумун... Бирок чындык ушул тура.
Ошол билбеген кезде сени тиктеп отурдум. Маңдайкы столдо эле отурасың, бийлеп бүттүң. Бир караганда кызга окшошуп кеткен жаш жигит айланчыктап жаныңдан чыкпайт. Сага ашык болгон байкуштардын бирөөсү экен. Ал мага атаандаш боло алмак эмес. Сени ишенимдүү тиктеп отурдум. VIP-зонадамын. Кимдин ким экенин көрсөткөн орундар бул. Сени дал ушул байлардын орунунан карап жатканымды байкап калдың, типтике карадың. Антип жырткыч өз аңын карайт. Көрсө, мен сени торго түшүрөм деп турганда, тескерисинче, сен мага тор жайып баштаптырсың. Кылгыра тиктедиң, кыйынсына тиктедиң... – Официант,- үнүмдү угары менен жете келген ак көйнөкчөн студент жигитке шыбырадым. “Жакшы шампаныңдан тиги актрисанын столуна алып барчы”. Шарап барды столуңа. “Рахмат” дегендей баш ийкедиң. Жаныңдагы жигиттин итатайы тутулду. Мен тарапты жиндене карап алды. Жапжашыл бойдок. Сага ашык бойдок болчу. Койкойгон моюнуңдан жыттамак болду ал. Ошол элес дале эсимде... Бул меники деген ишарат болчу. Аста барып моюнуңдан өпмөй болгондо башыңды тартып кетип жаныңа жуутпай койдуң. Мага жеңиш бердиң. Зоболомду көтөрүп салдың тиги жашыл бойдоктун алдында. Мындай карай калсам Айгерим кулагынан буу чыкчудай кызарып жинденип отурган экен. – Искусство адамдарын сыйлап койдум, таарынба, Айка! – Мен сизге тоскоол болуп жаткандаймын... Жооп ордуна күлүп койдум. Кетчи деген эле ишарат болчу. Айткандай эле мен дааратканага барып келгенче кийимин алып чыгып кетиптир. Артымдан барат, таарынычымды жазат деп ойлосо керек. Күзгүгө бир сыйра каранып, сен тууралуу кыялдана өңү-башымды түзөп жатканымды кайдан билсин ал?! ххх Тиктешип отуруп акыры ак бийге түшчү жай музыка чыкканда сени карай жөнөдүм. Баягы жашыл бойдогуң мен барганча колуңдан тарткылап жатыптыр... Көрүпсүң келатканымды. Күтүпсүң! Тигинин колун аста силкип, мага кол сундуң. – Сиз актриса турбайсызбы, ээ?- белиңден кучактап алып эле сурадым. – М? Сен эмне тааныбайсыңбы дегендей чочуп карадың. – Кечиресиз, мен чет жерде жүрөм. Кыргыз жылдыздарын көп тааный бербейм... Мага досторум айтышты. – Ооба, актрисамын,- сыймык менен айттың. Ыза да бар болчу үнүңдө. – Атыңыз ким? – Атымды досторуңуздан сураган жоксузбу? – Эмне эле? Башкача ысым, ээ? Эсмеральда деген сыяктуу беле? – Жозефина. – Оо, сонун ысым. Айтор, француздардын ысымы экен деп койдум эле... – А сиздикичи? – Мурат. Тиги жигит сиздин жигитпи же? – Коллега. – Колуңуздан кармап коё бербей жатканынан жигити го деп... – Жок, жөн гана коллега. Бүгүн спектаклибиздин премьерасы болчу. Чогуу отурабыз жөн гана. – Жозефина, башка бир тынч жерге барып отурсак кандай дейсиз? Мен билген жакшы италия рестораны бар эле Бишкекте... – Себеп? – Билесизби, мен өзү искусство адамдарын аябай сыйлайм. Өзүм бир аз маданиятсызыраак, корсмун. Жумуш ошентип коёт экен. Андыктан маданияттуу адамдар менен сүйлөшүп жүрөк жумшартып дегендей... Караңызчы сөзгө да жокмун. – А сиз эмне жумуш кыласыз? – Мындай бизнес эле. Соода-сатык, курулуш дегендей. Башка жакка баралыбы, кандай дейсиз? – Жок. Мен аларды таштап кете албайм. Башка күнү. – Анда телефонуңузду... – Кечиресиз,- жай музыка токтоору менен кучагымдан суурулуп кеттиң. “Эй, сен азыр эле мени кылгыра тиктеп, тиги жигитиңдин шаабайын суутуп жатпадың беле?! Кучагымда туйлаганга даяр элең го... Көздөрүң ошентип эле жатпайбы?! Эмнеге макул эмессиң?” деп ички үнүм кыйкырып жиберди. Түшүнбөй эле калдым.
Анан оюнду сен баштадың. Баягы кызга окшош жигитиңдин кучагына кулап, кыналышып эле калдың. Көздөрүңдө от. Улам бир карап коёсуң. А мен келесоо кишидей эле сени тиктеп отурам. Эй, 18деги кыздын кылыгы ушундай болобу? Кудай ай, сен жашабай жатып эркектин алсыздыгын билип алыпсың го. "Акчаңа чиренбе. Бул жерде мен ханышамын. Кимди тандайм өзүм билем. Кааласам мына бул ырбыйган таалайсызды тандап алам, кааласам башкасын... А сен кыйын болбо! Тандоо менде" дегендей эле кытмыр жылмайып жаттың. Эркекти атаандаштырып эле койсо. Каныбызда ушул жапайы сезим курч. Кимдин-ким экенин далилдегибиз келе берет. Сен мени жапайы кылып салбадыңбы. Уктап жаткан инстинктти ойготтуң. Дуулдап баарыңар сыртка чыкканда шашып мен да сыртка жөнөдүм. Калп эле билмексен, байкамаксан боло капкара жол тандабасымды “чыйп” эттире ачтым. Жарк дей түшкөн жол тандабаска көңүлүң кетти. Бир дедим ичимден. Ал кезде андай эч кимде жок болчу. Клубдун алдында үймөлөктөшүп турганыңарда, берирээкте туруп эле пульт менен унаамды от алдырдым. Фаралары көзгө жагымдуу жарык берип, өз алдынча дүр-р эте от алганда силерге окшогон студенттерге укмуш эле көрүндү. “Вау” деди силер менен жүргөн бир кыз. Эки дедим ичимден. Байкамаксан боло досторум менен сүйлөшүмүш болуп тамеки түтөтүп турам. Көз кыйыгыңды сала тиктеп жатканыңды сезип эле турам. Сыр алдырбайсың, чиркин! Достор менен коштоштум да, машинама отуруп күр-р эткире кетмекчи болуп жаткандай түр көргөздүм. Чочуп карадың. “Кеттиңби?” дегендей эле. Анан силер турган жердин тушуна токтой калып: “Жозефина, жүрүңүз сизди жеткирип коёюн” дедим. Шыңга боюңа апакай пальтоң сонун жарашып, сулуулугуң артып турган. Ачууң келгендей тиктедиң. Анан үн-сөзсүз гана басып келип арткы эшикти ачып түшүп келдиң. Үч дедим. – Эй, Жози, сен эмне жинди болдуңбу?- жанагы ырбыйган актёр жигит кыйкырды. Анын сөзүн уккан киши жок. БМВ алып учуп жөнөдү.
Мураттын торунан кутулган кыз болгон эмес. Өзүмдү шер ойлоп баратам. Кезектеги тутулчу балык болчусуң мага. Көзүң жакшы буюмду көргөндө чачырай түшөт тура. – Ресторангабы, Жози? Ошондо Жози дедим. – Жок, үйгө. – Койчу эми. – Үйгө айдаңыз. Болбосо токтотуңуз, түшүп калам. Жиндеп кеттим. Тормозду капшыра тептим эле, алдыңкы орундукка жабышып калдың. Камдап келе жаткан экенсиң, “рахмат” деп жүз сом таштап түшүп кеттиң. Э-эх, Жози, мынча шүмшүксүң! Мынча амалкөйсүң! 18 жашыңда ушинтип кадам санаган сени көрдүм. Намысыма тийдиң. Эч ким эмессиң дедиң. А мен чычалап кеттим. – Эй,- жаныңда машинаны катар айдап баратып сүйлөдүм. – Эмне? – Ха, эмне дечи? Отурчу сүйлөшөлү,- кайра отургузган жатам. Кете албай койдум. Сен кызык көрүндүң. Үн-сөзсүз гана баш чайкап, артта келе жаткан унааны тостуң. Түштүң да кетип калдың. “Ха, сендей кыздарды мен чекесинен тандап алам” өзүмдү-өзүм ушинтип алдадым. А бирок дилимде намыстандым, сага ким экенимди далилдегим келди. Сенин жайган торуңа өзүм түшүп, улам чырмалып оролуп бара жаттым.
Анан сен тууралуу сураштыра баштадым. Атактуу экенсиң. Гезит беттеринде сүрөтүң чыгып, жылдыз саналып калыпсың. Баракелде! Жапжаш туруп ийгиликке жеткен тура деп суктандым. Сени ушул актрисалык жолго жетелеп келген өзүңдүн чоң апаң экен. Ооба, баягы сен кийин бет карашпай калган чоң апаң. А мага сенин атактуу экендигиң ого бетер дем берип салды. Далайдын шилекейин агызган сулууну торума түшүрөм деп өрөпкүп алдым. Мына сага деп театрга бардым да, алдыңкы орундуктан карамакчы болдум сени.
Спектакль бүткөнчө сага суктанып бүтө албай койдум. Эликтикиндей түптүз буттарың бир капталы тилинген кызыл көйнөгүңдөн улам булайып чыга каларын аңдып отурдум. Көз карашыңчы, ийилген белиңчи... Көркөм болчусуң. Денеңдин ар бир кыймылы мени арбап жатты. Тамагым кургап калган, дем жетпей кеткен...
Мен сени “понт” менен алгам. Азыр байкадым ушуну. Vertu деген телефонду анда ким көтөрчү эле? Спектакль бүткөн соң сахна артына бардым да, гримёркаңа кирип баратканыңда “Жози, карма муну! Мен сага өзүм чалам” деп карматтым. Унчукпай телефонду алдың да, бир жооп кылбай кирип кеттиң. Эгер ошондо ушунча азап тартарымды билсем, ошол Vertu менен жанчып өлтүрмөкмүн сени! Жылан!.. (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Рейтинг:
![]() Башка сандарда:
Комментарийлер(22)
Aytur
![]()
04.12.2018. 09:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХХ деген киного
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-04 12:51:46
originalkgz96
![]()
04.12.2018. 09:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aytur,жардын
tular
![]()
04.12.2018. 10:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aytur, ХХХХ болуш керек, себеби аты Французча болуп жатпайбы...
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-04 12:51:59
gilrfkg
![]()
04.12.2018. 09:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzyk..
Paprikafm
![]()
04.12.2018. 10:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ииий
Jakjakynas
![]()
04.12.2018. 10:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ХХХХ турмушка чыга элегинде концертинде кымбат телефон бербеди беле куйоосу. Анан да азыр бет карашпай калган чон апасы ХХХХ эмеспи?
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-04 12:52:22
barakcha
![]()
04.12.2018. 20:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jakjakynas,дал озу
milana23
![]()
08.12.2018. 00:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakjakynas,ай ким ал? Аты жонун личкага жазып койгулачы, сураныч!
Albinoc.piratium
![]()
04.12.2018. 11:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаа суроттосо эле ХХХХ элестетип коюп эле отурам.
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-04 12:52:33
admin_portal
![]()
04.12.2018. 11:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Albinoc.piratium, novayariga, tular, Aytur, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
Asanovna1805
![]()
04.12.2018. 12:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына эмесе!!! Кызык окшойт)))
vikidiki
![]()
04.12.2018. 12:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аааа телефон де!
dobrajelatel
![]()
04.12.2018. 12:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай эле курч жазыптыр автор. Азаматсын!
Aibyikem
![]()
04.12.2018. 12:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Телефон берген жери дал келди, бир!
aniraz.zari
![]()
04.12.2018. 12:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул чындыгында эле ХХХХ болуш керек,Сахнага алып келген чон апасы ХХХХ окшойт азыр жуз корушпой жургондугу чын да. Чын эле 18 жаштарында популярдуу болуп жатпады беле.Ырчы десе баары билмек да ХХХХ деп ошол учун актриса деп озгортконго
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-04 12:53:06
saipi
![]()
04.12.2018. 13:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эсиңердеби Айдай деген чыгарманы, ошол дагы ХХХХ жашоосуна окшош эле. Муну дагы ошого окшоштуруп жазышкан го
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-04 13:23:10
ludimira
![]()
04.12.2018. 14:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Анжелика эле го
azusha2017
![]()
04.12.2018. 14:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
озу деле соо журбоптурго, аял кишинида ушунчалык жамандап жазабы, кундолуктун жазган адам ким болсонда кыскача соз менен айтканда ХХХХ экенсин
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-04 15:41:12
dobrajelatel
![]()
05.12.2018. 03:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул Жозинин айынан канча адам эскертуу алып банга тушпосо болду. Бизди да кууратасын Жози сериал аяктагынча.
Kaken08
![]()
05.12.2018. 04:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтып жатпаймынбы бул ХХХХ. Просто актриса кылып ондоп коюшкан окшойт. Кийин бет карашпай калган чон апан дейт. Аны да озгортуп коюшкан. Ал ким экенин билдинерда?
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-05 09:42:11
flower92
![]()
06.12.2018. 11:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ, бул чыныгы болгон окуябы же жон гана чыгармабы окурмандардын санын кобойтуш учун?
stervella415
![]()
07.12.2018. 06:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ,бет карашпай калган чон апасы ХХХХ...киносу деле бар го концертинде телефон берген...эл билбесин деп актриса деп атат...ырчынын жашоосу бул...актриса деп коюп точно эле ХХХХ жашоосу жазылыптырго... киносу деле барго
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-07 16:48:17
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|