Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЮЛДУЗДУН ЫРЫ ЭКИ УЛУТТУН ОРТОСУНА ЧОК САЛБАЙТ

№400 2-8-июль, 2010-ж.


Мезгил үнү

Өткөн саныбызда “Юлдуз Усманова өзбектерге кайрат, кыргыздарга наалат айтууда” деген аталыштагы макала жарык көргөн. Жаны ачыган кыргыздын башка басылмалары да ал макаланы көчүрүп басышты.

ТЕМАНЫ УЛАЙ
Бул маселени эмне эле козгоп жатышат?” деген суроо туулары бышык. Биздин макала жарык көргөндөн тартып, окурмандар чалып “жооп айтат элек. Буга кандай чара колдонобуз?” деп телефонубузду тындырышпады. Ар бир санды зарыгып күткөн кадырман окурмандарыбыздын суроолоруна биз жооп издедик.

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ
Эмнеси болсо да Маданият министрлигине бул боюнча маалымат жетет деп, министрликтин басма сөз кызматынан жооп алгым келди. Улам бир телефонго чалсам, “бул жакка чал, тигил жакка чал” деп отуруп 7-телефонду араң алдырып “басма сөз кызматыбы?” десем, “типография үчүн башкага чалыңыз” деп коё бербеспи.
Көрсө, басма сөз дегенди типография деп түшүнгөн бирөө алган окшойт. Маданият министрлигинде отургандар типография менен маалымат кызматынын айырмасын билишпейби деп бир бушайман болуп алдым. Ошентип, аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Сахиба Кадыровага байланышка чыктым. Ал:
Бул окуя боюнча Маданият министрлигинде атайын жыйын өткөрүлүп, эксперттик комиссия түзүлүп, маселе каралды. Тышкы иштер министрлигине атайын кат даярдалууда. Калган иш-аракеттер аларга байланыштуу болот. Эң негизгиси, эки элдин ынтымагына доо кетпесе деген тилек. Анткени Юлдуз Усманова аталган чыгармасын Түркия мамлекетинде жаздырган”,- дейт.

ЮЛДУЗКАН ӨЗҮ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Коомчулуктун арасында “бул ырды чын эле Юлдуз өзү жазганбы?” деген да суроолор жаралууда. Андыктан Azattyk.kg сайтынын маалыматына кайрылабыз. “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде Юлдуз Усманова:
"Бул ырды өзүм жаратканым чын. Эл арасындагы "бул акындын, тигил акындын ыры" деген сөздөр туура эмес. Күзүндө чыгарчу ырлар жыйнагыма кошом деген даярдык менен гана ырдагам.
Мен бул ырды топумду жаныма коюп, анын үстүнөн карап тургандай абалда жаздым. Кыргызстанда менин күйөрмандарым жок беле? Бар болчу. Мен эмнеге эки эл тил табышпады, ошого кейидим. Кыргыздар бул жаңжалды "чагымчыл күчтөр уюштурду" деп жатышат. Анда эмне үчүн күнөөсү жок карапайым элден өч алышат?! Кыргыздар кечирим сураш керек!"- дептир.
Демек, Юлдузкан "өзбегимдин дилин ооруттуң, ах, кыргыздарда жокпу ыйман?" деген оюнан кайта элек.

БИР КҮНҮ БАРМАК ТИШТЕП КАЛБАС БЕКЕН?..
Биздин эки улутту кырды бычак кылалы деген оюбуз жок. Кайра мындай ырларга маани берип, жүрөккө жакын албоого чакырабыз. Илгертен өрүштө малы, төшөктө башы тийишкен, тагдыры бир, таткан даамы бир кыргыз-өзбек күнөстүү Кыргызстанды мекендеп келген жана чагымчылардын тилине кирбей дале мекендей берет. Анткени кайрадан баса белгилеп өтөбүз, кыргыз – айкөл эл.
Ал эми Юлдуз Усманова окуянын чын-бышыгын билбей туруп чыгарган ыры үчүн бармагын тиштеп калбас бекен?..
Кыргызстанга көп эле жолу келип концерт берип, тузубузду таткан, гонорарын алган дегендей... Анан билип-билбей туруп аралашпай, чыгармачылыгы менен алек болгону эле дурус болмок.

Өзбек ырчысынын кыргыздарга наалат келтирген ырын уккан чыгармачыл топ кыжырдануу менен өз ойлорун билдиришти.

Тата Улан, рэпер:
– Негизи, Юлдуздун ырын уга элекмин. Бирок терикпейм. Кыргыз – улуу эл. Эмне деп айтса да айкөлдүгүнөн жазбайт. Ал эми өзбек ырчысы бетке айталбай, ичи күйүп ырдап жаткандыр. Эмне деп жазса да, мага чын жүрөктөн баары бир! Анткени кыргызыма эч ким тең келе албайт. Мен Юлдуздун деңгээлине түшүп, ага жооп жазып, андан төмөн болгум келбейт.

Динара Акулова, ырчы:
– Юлдуздун ырын уга элекмин. Бирок досторумдун айтуусунда, эң бир жаман саптар менен жазылыптыр. Юлдуздун элимди жамандаганга кандай акысы бар?! Өз өлкөсүнөн куугунтукталып жүрүп, кыргызга тил тийгизгенге анын эч бир акысы жок! Анын бул кылыгы “өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт” деген макалды эске салат. Кыргызстанга көп жолу келип даам сызып, концерт берип эле жүрбөдү беле. Мен ушул аялдын ушунчалык акылы төмөн экендигин билбептирмин. Ушундай ырчыны концертиме чакырып, байланышканыма абдан өкүндүм. Ушул ыры аркылуу Өзбекстан президентине жагынып, өлкөсүнө кайтайын дегени болсо керек. Бирок улут аралык чагым салып, кыргыз калкына наалат айтчу ал эмес.

Урмат Усенов, ырчы:
– Бул айым өз мамлекетинен, өзбек шоу-бизнесинен четтетилип, азыр Түркия өлкөсүндө баш калкалап жүргөнүн эл жакшы билет. Мурда анын чыгармачылыгын сыйлачумун. Бул ырынан кийин кыргыз жараны катары кайдыгер карай албадым. Жылдыз айым бул ыры аркылуу Өзбекстандын өлкө башчысына да шек келтирип жатат го деп ойлойм. Анткени оппозицияда жүрүп, анан да өзүнүн жүрүм-турумунан, кайчы пикиринен улам ушинтип башка өлкөдө баш паанек кылууда. Биз анын деңгээлине түшүп, маскара ыр чыгарбайбыз. Жөн гана жаамы журтка анын бул ою натуура экенин айтышыбыз абзел деп билем.

Ислам Сатаров, продюсер:
– Мен мурда Юлдуз Усманова менен иштешип жүргөндүктөн, анын кыргызга карата айтылган ыры башыма суу куйгандай эле болду. Күйөөсүнө чалсам, ал “бизге өзбектерди өлтүрүшүп жатат деген маалыматтар келген. Ошондон улам жазса керек, бирок мен буга аралаша албайм” деп кутулду. Менин оюмча, Юлдуз улут аралык, болгондо да башка өлкөнүн ички чыр-чатагына киришпей эле ырдап жүргөнү туура болмок. Муну менен ырчы өзүнүн репутациясына доо кетирди. Керек болсо Юлдуз ушул ыры үчүн улуу кыргыз элинен кечирим сурасын!

Алексей Сидоров, “Тумар” радиосунун директору:
– Жаман улут жок, жаман адамдар болот. Ар элде чагымчылар бар. Ачыгын айтсам, мен өзбек тилин билбейм. Андыктан кандай мааниде экенин биле албадым. Юлдузду билесиңер да, бир эмес, бир канча жолу өлкөсүнөн куугунтукталган. Биз өзбек тилиндеги бардык ырларды радиодон алып сала албайбыз. Бирок кескин түрдө кыскарттык. Анын ичинде Юлдуздун ырлары обого чыкпай, таптакыр алынып салынды.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

УЛУТЧУЛДУКТУ КАНДАЙ ТҮШҮНӨСҮЗ?

Абдыкерим,
54 жашта, журналист:
– Улутчулдук дегенди мен улуттун жакшы жактарын башка элге даңазалап көрсөтүү деп түшүнөм. Башкача айтканда, өз улутуна ак ниети менен кызмат кылуу. Бул – оң жагы. Ал эми терс жагы, өзүнүн улутун башка улуттан өйдө коюу. Мисалы, фашизм ушундай болгон.

Айгүл,
25 жашта, мугалим:
– Мен муну улуттун болочогун ойлоп, анын тилин, баа жеткис улуу тарыхын, кылымдардан келе жаткан үрп-адатын, каада-салтын урпактарга өткөрүү деп түшүнөм. Мен кыргызмын деген ар бир атуул мекенинин көз карандысыздыгына, бейпил турмушуна кайдыгер карабай, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуусу шарт.

Мурат,
48 жашта, адвокат:
– Адамдын улутчул болгону – чоң катачылык. Биз бул жарык дүйнөгө келгенче, ал жакта улутчулдук деген жок эле. О дүйнөгө кетсек, ал жерде да улутчул деген түшүнүк болбосо керек. Бизде улутчулдук сезим күчтүү экенин билген чоң саясатчылар кыргыз менен өзбекти уруштурушту.

Гүлзина,
23 жашта, котормочу:
– Улутчулдук бул – өзүнүн элин, эне тилин сүйүп, кадыр-баркын көтөрө билүү. Мисалы, Бишкектин айрым кыргыз жаштары орус тилинде сүйлөшөт. Аларда улутчулдук сезим жок деп түшүнөм. Бар болсо ал эне тилинде сүйлөп, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө, сакталып калуусуна өз салымын кошмок.

Бакай,
35 жашта, тамада:
– Мен улутчулмун. Ошондой эле ар бир адам улутчул болушу керек. Себеби мындай кыйын кырдаалда улутчул болбосо, канчалаган кылымдарды карыткан кыргыз эли жок болуп кетиши мүмкүн. Кыргыздын кандай сонун каада-салты бар. Муну биз улутчул болуп гана сактап кала алабыз.

Дамира,
45 жашта, салык кызматкери:
– Адам деген чеги менен улутчул болушу керек.Мен түрдүү улуттун өкүлдөрү менен кошуна болуп жашап келатам. Эми эмне, улутчул болуп алар менен урушушум керекпи? Пендедеги ашыкча улутчулдук сезим түштүктөгү окуяны пайда кылды окшойт. Андыктан бөлүнбөй, ынтымакта жашайлы.

Адыл,
21 жашта, студент:
– Улутчул деген сөздү патриот, мекенчил дегендин синоними деп түшүнөм. Ар бирибизде бул сезим болушу керек. Биз ушул күнгө чейин сакталган кыргыз деген атыбызды, салт-санаабызды бекем кармап, кийинки муунга өткөрүп берүүбүз керек.

Бактыгүл Сокушова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  21 
Комментарийлер(25)
05.07.2010. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ит уро берет
05.07.2010. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адыл туура айтат, мен кошулам.
05.07.2010. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардыгы тура десек болот, бирок Бакайдын айткандарында калет жок
05.07.2010. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алексей Сидоров - azamatsyyyyyyyyn!
06.07.2010. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulut4ul(natsist)menen meken4ildin(patriot)ayrimasi asman menen jerdei.misali men patriotmun,bashka uluttun baarin urmattap siylasam da,kyrgyzimdi birin4i orunga koiom.
a ulut4ul degen ozunun ulutunan bashka,baardik uluttu jaman korot.
06.07.2010. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meken4ilder:Meder Bishkek,Urmat Bariktabasov,Chingiz Aytmatov j.b.
ulut4uldar:Nemistterdin kobun4osu natsist bolushat.
06.07.2010. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И-йй ушул аялды (Юлдуз) жаман кором!

А биз озубуз баарибир улутчул (мекенчил) болушубуз керек деп ойлойм!!
06.07.2010. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданияттуу адам мындай ыр жаратмак эмес!!! Создун эн эле кыкасы, Юлдуз маданиятсыз адам экенин озу далилдеди!!! Ырчылыр ырчы жолунда жургону он, саясатка аралашпай!!!
07.07.2010. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юлдуз тупарез! с таким способом хочет завоевать себе престиж, на публику играет, Я прочитал строки, так некрасиво написала, в наш адрес. Эсли не верите зайдите сайты Узбекистана. Теперь попробуй только в наш Кыргызстан, с тебя все соки выжмут. я сам лично! Патриотка нашлась не доделанная...
07.07.2010. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аял биринчи жолу өз мекенинен айдалган себеби өто жаман, ыплас иштен айдалган, өзбектерден биринчи болуп порнофильмге тартылып, ошонун айынан айдалып кеткен деген кеп бар. Анан Америкада жүрүп, "Мен сени эч кимге бербеймин Өзбекстаным" деп ыр чыгара коюп кайра кайтып келген. Азыр да өз мекенинен куулуп жүрүп, эми кыргыздарды жамандаган ыр чыгара койсом кайра Өзбекстанга киргизет деген ойдо чыгарган болушу да мүмкүн...
07.07.2010. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча комментарий жазган менен Юлдузга баары бир эмеспи.Ырды окуган ар бир кыргыздын азыр башына кан тээп турган убагы биздин өкмөттөгүлөр дейбизби же атка минээр кыйындарыбыз дейбизби Юлдузга карата чара колдонушса болбойбу.Азыр унчукпай тим койсо бир аздан кийин канкор кыргыздар деп ырдап жүрбөсүн
07.07.2010. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
просто она наверно не понимает насколько сильно сейчас все КЫРГЫЗЫ ее ненавидят,я считаю зря она вообще спела эту песню,если вообще можно песней назвать!
07.07.2010. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайына кой Ж......
08.07.2010. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да Проститутка она!
09.07.2010. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юлдуздун өзүнө наалат!!!
09.07.2010. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы улутчулмун.Адыл менен Бакай туура айтат.
10.07.2010. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юлдуздун тилин ошотип башкара албаганы учун ар жерде качып журот да,ошонун созу да созбу!!!!!!
11.07.2010. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз Кыргыз улуу элмин деп билгин
Кылымдарга улуулугун жеткирдин
Кечиримдуу кек сактабас Кыргызды
Кемсинтууго акысы жок эч кимдин

Мээрим токкон урпагысын баатырдын
Мекендешин айколдукко чакыргын
Мээ чиритпе ырларына ойлонуп
Мекенине батпай жургон катындын

Арбирибиз Манасбыз
Арбирибиз Чынгызбыз
Аалам карап суктанат
Анткени биз Кыргызбыз

11.07.2010. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кейиш тартып умутсузго алдырба
Керемет бир жашоо турат алдында
Кыргызстанда жашаш керек башкалар
Кыргыздардын канатынын алдында

Кыргыз жашайт Кудай берген дин менен
Кыргыз жашайт Манастагы дил менен
Коон сатат тулпар минип журалбай
Коен журок кымыз баркын билбеген

Арбирибиз Манасбыз
Арбирибиз Чынгызбыз
Аалам карап суктанат
Анткени биз Кыргызбыз
11.07.2010. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каалабастан эркиндиктин бекемин
Каталашат "биз кыйынбыз" десе ким
Кара башын которордо коноктор
Караш керек кимдин уйу экенин

Жанын жеген туугандарым нечен коп
Жан талашат кыргызды баш кесер деп
Жалган айтып мусулмандык жолунда
Жай намазга жыгылганын бекер кеп

Кыргыз десе кытай коркуп ийилчу
Кыраандары кыргыздардай кийинчу
Кызыккандар окуп алсын тарыхты
Кыргыз эли Кыргыз тили биринчи
11.07.2010. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арбирибиз Манасбыз
Арбирибиз Чынгызбыз
Аалам карап суктанат
Анткени биз Кыргызбыз

Женишбек Жумакадыр
15.07.2010. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юлдузга позор
30.07.2010. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкеке келсе киргизбегиле!
01.08.2010. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юлдуз биринчи билип албайбы Озбектердин оздору биринчи ушул ызы-чууну баштаганын, ошончолук аларга боору оруса алып кетсин, озу менен кошо качкын кылып артынан ээрчитип алсын алы жетсе анткени алардын кылган иштеринен кийин биздин олкодао алар кереги жок адамдар.
16.03.2011. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юлдуздун ырларын уккум жок Оштой шаарымда озбектерге оорун жок бул кылгандары учун жазаларын алышат улуу кыргыз элимдин журогуно так калтырды шумшуктор Ошто жашап калгандарына дагыда болсо кун жок сарттарга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: