Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
«АТА, СЕНИ ЖЕК КӨРӨМ!»№840 7-13-декабрь, 2018-жыл
Апам каза болгондон кийин бешөөбүз беш жакка чачырадык. Бир туугандарымды алыскы туугандар алып кетип багышты. Мен апамдын курбу кызынын үйүндө чоңойдум. Материалдык жактан жетиштүү жашоо кечиргеним менен, жүрөгүмдү өйүгөн суроолор көп эле. Алар айласыздан көзүмдөн жаш чыгарышчу. Атамдын кылыгы үчүн тегерегимдеги адамдардан уялчумун. 18 жашымда турмушка чыктым. Мага Кудай баласаак күйөө берди. “Ал атама эч жери менен окшош болбосун” деген пунктту баса белгилеп тиленчү окшойм, экөө эки башка планетада жашагандай ар башка. Мен азыр да атамды дайым ойлоном. Адам жакшы көргөн адамына караганда жаман көргөнүн көбүрөөк ойлонот экен, жек көрүүгө себеп болгон жагдайлардын жообун издей берет экен. Мен да атамдын кылыктарынын жообун издеп таппай келем. Ал кишинин "сүрөтүн" бир мисал менен тартып берейин. Кыш... Өзүбүздүн үйүбүз жок болгондуктан айылдагы бирөөнүн эски времянкасында жашачубуз. Үйдүн ичиндеги шарттар тууралуу айтпай эле коёюнчу. Кыскасы, апам эч нерсени элге билдирбей жашачу. Кандай абалга туш болсок да, апам дайыма эл менен күлүп-жайнап сүйлөшөт эле. Ошол кыштын күнү да дайымкыдай үй суук болчу. Үшүп жатканбыз. Апам төрөтүнө жакын калганы үчүн иштебей үйдө отуруп калды. Ошол себептүү бул күнү да ачка калдык. Анткени атам иштечү эмес. Ал күндөгүдөй эле күндүз уйкусун кандырып алып, кечке маал достору менен жолукканга кетип калган. Бир маалда катуу шамал болуп, үйдүн чатырындагы бир шифер учуп кетип, үйгө кар аралаш жамгырдын суусу ага баштады. Ичин чендейтип алып апам тамдын башына чыгып, ал тешикти бир нерселер менен жаап бүтөдү. Өзү шүмүрөйүп суу болуп, титиреп үйгө кирип, от жакты. Кайра эшикке чыгып, биздин курсагыбызды тойгузайын деп кошунадан нан сурап келди. Курсагыбызга бир нерсе киргенине ыраазы болуп уктап калганыбызда атам адатынча мас болуп келип, эшикти күчүнүн болушунча каккылаганда баарыбыз ойгонуп кеттик. Үйгө кирип эле апама асылып сөгүп, балтайган муштумдары менен туш келди койгулап калды. Болгон шылтоосу – “Сен эмнеге мен келгенде шыр эшикти ачпайсың?” эле. Арык, итирейген, эртеден бери тыпырап чарчай түшкөн апам далдайган чоң, семиз кишиден корунмак тургай сөз айтууга да алы келбей турган. Түндө атамдын таш жарган коңуругунун арасынан апамдын үнүн араң басып ыйлап жатканын сездим. Ошондо гана апама мынча жүктү көтөрүп жүрүш канчалык оор болгонун түшүндүм, жүрөгүм ийне менен улам сайгылагандай ачышып ооруп чыкты. Бирок колумдан эмне келет? Эртеси биздин мектепке кийчү кийимдерибиз үчүн алынган насыяны төлөөнүн мөөнөтү келип калыптыр. Апам аны эстей коюп, ары-бери чуркап, ар кимден карыз акча сурап кичинекей чымчыктай чыйпылыктап жүрдү. Бул учурда атам эмне менен алек болду билесиңерби? Жөн гана телевизордон мультфильм көрүп, каткырып күлүп отурду. Жок, жаман ойлобоңуз. Ал саясат менен дүйнөлүк жаңылыктарды “чаккан”, мамлекеттик деңгээлдеги маселелер тууралуу талашууда эч кимге жеңилбеген, андай маселени чечүүнүн жолун президентке да үйрөтүп коё ала турган, акыл-эси жайында эле адам. Бирок өзүнүн кичинекей мамлекетиндеги кумурскадай маселени чечүүгө аралашып, башын оорутчу эмес. Байкуш апам 5 бала менен кайда бармак эле? “Аюу да болсо чалым бар” деп жашап жүрчү окшобойбу. Жоопкерчилик деген сөздү билбегенден кийин эмнеге үйлөнүп, бала жасайсыңар? Келечекке жүрөгү оорукчан, ар бурулушта күмөн санаган коркок муунду калтырыш үчүн жаралгансыңарбы? Бул эркектердин алсыз болуп баратканынын белгисиби же жөн гана менин тагдырымдын татаалдыгыбы? Башымда тегеренген талаш суроолордун себепчиси болгон адамды ааламдагы бар күч менен жаман көрөм. Өзүм үчүн эмес, эң көп апамдын тарткан азаптары үчүн, аны өлүмгө оңой карматып коюп, кам санабай жашап жатканың үчүн жаман көрөм! Ата, мен сени жек көрөм! Жашоодо сага берилген байлыкты барктай албай, өз жоопкерчилигиңден качкан байкуш болгонуң үчүн жек көрөм! Ажар "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(27)
saza20
![]()
11.12.2018. 10:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Бул чыгарманы окуп чыгып копко ойлондум. Эне деген озунчо эле сонун - аалам. Айрыкча кыз балага кычкылтек сымал керек. А мен атамы катуу жакшы кором. Арманым атам о дуйнодо! Апама коп капа болот элем. Ажырашпаса жашоосу бузулбайт беле деп. Бирок азыр аял кишини колдойм. Эркектер баары эки чатынын ортосу менен ойлонот. Бул чындык!
ashamkan
![]()
11.12.2018. 11:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эх ата бул сырткы тон деген соз туура экен дааа апам тируу болгондо атамдын жаман жагын билбейт элем
gulka_875558
![]()
11.12.2018. 11:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудай апабызга куч кубат берсин. Азыркы замандын эркектери аман эле болсын.
Kymyzkyz
![]()
11.12.2018. 11:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Атанын деле ападай камкорлору бар, дегеним менин атам апамдын жоктугун билдирбегенге бар күчүн жумшайт. Үйгө барсам да, көпкө барбай калсам таксиден болсо да жолдун алыстыгына карабай бир суткалык жол менен нан, конфетинен бери салып жиберет. Апам каза болгондон бери 8 жылдан ашты, балдарым үчүн жашайм деп үйлөнбөй койду. Ааламда жок атам менен сыймыктанам!
xnurgul_gul
![]()
12.12.2018. 01:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kymyzkyz,сиз экообуздун ташдырыбыз окшош экен Апакем каза болгондон бери 8 жыл болду уйлонбой журот менин балдарым учун майрам болсо мага майрам деп жашайт
naida81
![]()
11.12.2018. 12:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
менин да апам 49 жашында отуп кетти. Биздин тагдырлар окшош экен..., арман дуйно менен жашап келебиз, бугунку турмушту, ар бирибиздин уй було курганыбызды, жетишкендиктерибизди корбой кеткен апаларыбыз менен бейиште бир болууну Аллахым насип этсин
bars_wire
![]()
11.12.2018. 13:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Атабыз окшош экен.түнү эле ушул ойлор менен бир сыйра ыйлап алган элем.дагы ыйлап баштадым.АЛЛАХЫМ магада аябай жакшы жолдош насип кылган.
mirana9395
![]()
11.12.2018. 15:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен да атамы бирдей жек коруп,бирдей жакшы кором.Бирок мурункудай мамиле жок ,коркпойм мурун тике карап суйлой албай турчумун.а азырчы?азыр андай эмес сыйын жоготту.ага Бир гана нерсе себеп.бар болсун оорубасын.баарибир жакшы кором.
Altynbekova.01
![]()
11.12.2018. 19:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mirana9395,а мен жаман кором. Сыйы кеткен. Жек кором. Коргум да келбейт. Айла жок.
azaliya15
![]()
11.12.2018. 21:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апам аска зоом таянарым ишенгеним.Атамы деле бир кучактап жакшы корорумду айткым келет аттин козу тируу болгондо.7 баласын озу чонойткон апакем баатырым
kulpunai08
![]()
11.12.2018. 21:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мин жаман болсун мин жакшы болсун алар баары бир ата эне...
Aigesha1511
![]()
11.12.2018. 21:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
А мен жолдошумду жек кором.Кээ бир адамдар бар мээрим тогойун дейт бирок жакын адамы жок.А жолдошумчу меерим емес жакшы созу жок.Балдарым менен кетип калгым келет бирок ел емне дейт деген соз менен жашайм.Телефон менен жашаганына алты жылдан ашып баратат.озу жаныбызда жан дуйносу алыста.
aika0906
![]()
12.12.2018. 23:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aigesha1511, купуя кат деген жерге кирчи.
ayana16
![]()
13.12.2018. 02:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aigesha1511,менин жашоом менен окшош экен.10 жыл жашап бир жакшы соз укпадым,качан караба согунуп,уруп,жада калса колуму да сындырды.Эх аттин жашоо "эл эмне дейт","ата энемин жузун жерге каратпайын деп жашап журуп 3 балалуу болуп калыппыз.кудайга шугур бир жагвнан балдарыбыз бар.Бирок аял заты болгондон кийин жылуулукту энсейт экенсин.
Aiymkunumjyldyzym
![]()
11.12.2018. 23:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Oo Kudai,kommentariyler ele juroktu oorutat go.Menin apam 53 jawynda kaza boldu.bilgizbegenibiz mn biz dele atamdy kunooloduk.1 jarym jyldan kyiyn ele atam kaza boldu.Azyr ekoonun ten kolokosu kozdon uchup turgan kez.baldaryma taiejelerimdi taiene,taikelerimdi taiata dep aitkyla dep uirotup aittyryp koiup jurom aila jok.Allahym ekoono beiywten orun bersin dep ele tilenip jurom.
ruslan_92kg
![]()
12.12.2018. 00:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Комент жазгандардын баары айымдар экен. СССР убагында коммунизм деп эле окмоттун ишин кылып курсагын тойгузушуп эч нерседен камыркабай окмот нанын чайын берип журуп жалкоо кылып койгондой сезиле берет. Жаманбы жакшыбы ата. Сенин жарыка келишин балалуу болунун бакытын сезишине атан себеп
Sajakat14
![]()
13.12.2018. 06:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ruslan_92kg,эркек ата катары милдетин аткарбаса ал болгону уруктандырган адам болуп калат. Андайды жаныбарлар дагы жасай алышат!
Nanei
![]()
16.12.2018. 21:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ruslan_92kg,ой тобоо,союз жок болгонго 30жыл болоюн деп калды! Дагы деле союз куноолу боло береби,сендей эркектердин жалкколугуна
Perizhan
![]()
12.12.2018. 11:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектердин жоопкерчиликти сезбегени окундурот.
aqua-94mema
![]()
13.12.2018. 02:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлатасынарго тагдырым биринерге дагы окшош эмес экен бирок ыйладым .балким ушул нерселерден ушунчалык коркконуман ыйлагандырмын
bek_tash
![]()
13.12.2018. 13:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Канчалык жаман болсода баарыбир ата. "Атанын сөзү ок, эненин сөзү бок" ушул макалдан билсек болот атанын орду кандай экенин. Кандай учур болсода жаман сүйлөбой сабыр кылып батасын алып калыш керек. Атанын каргышы эң эле жаман нерсе болуш керек Аллах сактасын.
zinagull1996
![]()
13.12.2018. 20:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жашфм 22 де. 1балам бар уй булолуумун. Атасы жок жетим остум. Пешене экен. атасы жок балага турмушка чыктым. Менин атам 11айлыгымда коз жумган экен. Кантип кандай болуп отуп кеткенин апамдын журогуну оорутуп сурагым да келбейт. Ачыгы. Ошол жашым 22де. Ата деген созду оозума алган эмесмин. Мен. Мумкун атам болсо жашоом башкача болор беле. Билбейм. Ушунусуна да шугур.
Apuw
![]()
13.12.2018. 21:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата-Энелерибиз Аман болсунчу.Эч качан оорушпасын.Аминь
Skarlett-Skarlett
![]()
15.12.2018. 12:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз аялдары кор болду.Чырактай болгон кыздардын иштеп Россиялап жургонун коруп журогум ооруйт.Аялдарды айтпай эле койсом болот.Умай эненин тукуму кор болду..
kanu
![]()
15.12.2018. 23:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой автор сенин эле атан эмес менин кайнатам да ошондой адам омуру иштеген эмес,суйлогнго келгенде оохуу чоон суйлойт бироолорду кемчиликтерин аябай соз кылат озун билбей туруп. Эн жаман акылсыздыгы уруша кетишсе мен слерди туудургам деген созу учун мен ал адамды омурум откончо сыйлабайм. Омуру иштебенен адам аялынын тапканын жеп жаткан адам бул эркекпи. Эркек эмес адам деле эмес,кантип уялбай басып журушот тушунбойм кылган жумушу жок элдерди азапка салгандан башка.
AKCAHAT
![]()
17.12.2018. 15:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эметип жаратып койгону учун эле ата болуп калбайт. Ит деле мал деле туудурат. Биринчи ата деген созго татыктуу болуш керек. Бул сандырак эрежелерди деп канча баланын психологиясы бузулду тарбыясы бузулду.
Djia_Deolofeo
![]()
17.12.2018. 21:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин атам алтын адам, Аллахка мин шугур келтирем. Кичинебизден кундур тундур иштеп бизди бакты, элден кем кылбай конулубузго карап чонойтту, бирок омур жолдош дегенден багым болбоду...азыр атам апам экоо мага да кыздарыма да мээрим тогуп кучагынан орун беришкен... Бир кем дуйно окшойт...
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|